Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 28-декабрындагы 

N 51/4 токтомуна тиркеме 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо жөнүндө” НУСКОО 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрындагы N 67/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2014-жылдын 16-июлундагы № 32/6, 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/23, 2016-жылдын 27-апрелиндеги №19/6, 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13, 2017-жылдын 31-майындагы №21/11, 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА), 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА), 2022-жылдын 16-ноябрындагы №2022-П-12/70-1-(НПА) токтомдору менен бекитилген) 

1. Жалпы жоболор 

1. (1 пункт Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

2. Ислам банкынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын, ошондой эле "ислам терезесине" ээ банктын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттерин эсептөө өзгөчөлүктөрүн белгилөө, бул Нускоонун максаты болуп саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

3. Банктын капиталы пайдалуу жана туруктуу өсүштү камсыз кылат, кардардын банкка карата ишениминин гаранты болуп саналат жана ал банк ишине тиешелүү потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн пайдаланылат. 

4. Капитал, өтө эле тобокелдиктүү жагдайлардын жана банктын финансылык жактан кудуретсиздик (төлөөгө жөндөмсүздүк) кесепетинен коргогон каражат болуп саналат. Банк, төлөөгө жөндөмсүздүк абалына жетүү коркунучуна жеткирбестен, мүмкүн болгон чыгымдардын жана жоготуулардын ордун жабууга жөндөмдүү шайкеш капиталга ээ болууга тийиш. Капитал өлчөмү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылып жаткан, жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен коштолгон банк операцияларынын көлөмүнүн көбөйүүсүнө шайкеш болууга тийиш. 

2. Ислам банктарынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары 

5. Капиталдын минималдуу өлчөмү

а) Кыргыз Республикасында жаңы ачылган ислам банктары үчүн (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

б) өздүк (регулятивдик) капитал биринчи деңгээлдеги капитал болуп саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА), 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомдорунун редакциясында). 

 

6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдердин (мындан ары - активдердин) жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан кабыл алынган баланстан тышкаркы милдеттенмелердин (мындан ары - баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнүшүнө негизделген ислам банкынын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттери:  

а) суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) коэффициенти (К2.1) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

К2.1 = (ЧСК / ((ЧРА- ЧРАм) + П * Кор)) *100%, мында: 

ЧСК  

– 

таза Суммардык капитал, ал биринчи деңгээлдеги капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасы катары аныкталат.  

ЧРА 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкары милдеттенмелердин суммасы. 

ЧРАм 

– 

потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн, чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы. 

П 

– 

коммерциялык банктар үчүн - 8,33 (100%:12%), системалуу мааниге ээ банктар үчүн - 7,14 (100%:14%) чегинде белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын шайкештик коэффициентине каршы келген сан); 

Кор 

– 

операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капитал өлчөмү. Базалык индикативдик ыкманы пайдалануу менен операциялык тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн камга коюлган капиталды эсептөө Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктеринин ордун жабуу үчүн зарыл болгон капитал деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. 

б) биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К2.2 = (КПУ / (ЧРА- ЧРАм)) *100%, мында: 

КПУ 

– 

биринчи деңгээлдеги капитал ушул нускоонун 15-пунктуна ылайык аныкталат

в) Биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) коэффициенти (К2.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К2.3 = (БКПУ / (ЧРА- ЧРАм)) *100%, мында: 

БКПУ 

– 

Биринчи деңгээлдеги базалык капитал 

Улуттук банк тобокелдиктерди баалоого жана системалуу мааниге ээ банктардын негизинде капиталдын шайкештик коэффициенттеринин минималдуу өлчөмүн жогорулатууга укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА), 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомдорунун редакциясында). 

7. «Ислам терезесине ээ» банктын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоого (мындан ары Коммерциялык банктар үчүн нускоо) ылайык эсептелинет. Мында капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициентин эсептөөдө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер ушул Нускоого ылайык тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

8. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициентин эсептөөдө, анын айрым бөлүктөрү ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен эсептөөгө кошулат. Мисалы, Экинчи деңгээлдеги капиталды эсептөөдө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуучу жалпы камдар кошулууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

9. Левераж (К2.4) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К2.4 = (КПУ / (СА+ЗО) *100%, мында: 

СА 

– 

материалдык эмес активдерди жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайын камдарды минуска чыгаруу менен банктын суммардык активдери; 

ЗО 

– 

ушул Нускоодо аныкталган кредиттик конверсиянын факторлорун эске алуу менен ал боюнча банк алдын ала билдирүүсүз кайсы болбосун учурда шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ, аларга карата мындай баланстан тышкаркы милдеттенмелердин жалпы суммасынын 10% өлчөмүндө кредиттик конверсия фактору колдонулушу мүмкүн болгон ошол милдеттенмелерди кошпогондо, баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

Мында, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдардын суммасы баланстан тышкаркы милдеттенмелерден (кредиттик конверсия факторлору колдонулгандан кийин) өлчөнгөн баланстан тышкаркы милдеттенмелер суммасынын чегинде алынып салынат.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА), 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомдорунун редакциясында). 

9.1. Банктын финансылык туруктуулугун жана анын ишинин туруктуулугун сактоо максатында дивиденддерди төлөө үчүн «банктын капиталынын кошумча запасын» («капиталдын буфери» индексин) колдоо талабы белгиленген. «Капиталдын буфери» индекси потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн атайын камдарды минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн, чектелген мудараба келишими боюнча тартылган каражаттардын эсебинен каржылануучу баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасына карата таза суммардык капиталынын катышы катары аныкталат. Банктардын «капитал буферинин» индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА), 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомдорунун редакциясында). 

9-2. Эгерде төлөө пландаштырылган, эсептен чыгарылган дивиденддер суммасын эске алуу менен эсептелген «капитал буфери» индекси Улуттук банк тарабынан белгиленгенден төмөн маанини түзсө, банк дивиденддерди төлөө жөнүндө чечимди кабыл алууга укугу жок.  

Дивиденддер төлөнгөндөн кийин «капитал буфери» индекси Улуттук банк тарабынан белгиленгенден төмөн эмес маанини түзүүгө тийиш.  

Төлөө пландаштырылган, эсептен чыгарылган дивиденддер суммасын эске алуу менен эсептелген «капитал буфери» индексинин мааниси сакталган учурда, банк өз уставдык капиталын бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйткөн учурларды эске албаганда, Улуттук банктан төлөө үчүн уруксат алууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

9-3. (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготкон деп таанылган). 

 

3. Капитал түзүмү 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА)токтомунун редакциясында). 

 

10. Капиталдын негизин банктын толук төлөнгөн уставдык капиталы түзөт. Банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, уставдык капитал бул, бардык өлкөлөрдө банк системасы үчүн жалпы болгон капиталдын маанилүү элементи; ал банктар тарабынан жарыялануучу отчеттордо даана көрүнөт жана капиталдын шайкештигине рыноктук баа берүүгө негизденген база болуп саналат; ал банктын пайда алуусу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү көрсөткүчүн аныктоо үчүн чечүүчү мааниге ээ. 

11. Капиталдын курамына банктын акционерлери тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер жок болгон уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар) гана кирет. Акционерлер бул каражаттарды акцияларды үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу аркылуу гана алышы мүмкүн. 

12. Банк, өздүк акцияларды күрөөгө кабыл алууга укугу жок. 

13. Банктык көзөмөл максаттарында банктын иш процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү капиталды түзүүчүлөрдүн айырмалоочу белгиси болуп саналат. Ушул себептен капитал жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүүдө капитал курамына айрым «капиталдык эмес» бухгалтердик эсептер камтылат (мисалы, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы кам же субординацияланган облигациялар жана башка карыздык милдеттенмелер). 

14. Банктык капитал, капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициенттерин эсептөө максатында биринчи деңгээлдеги капиталга жана экинчи деңгээлдеги капиталга бөлүнөт. 

15. Биринчи деңгээлдеги капитал банктын күндөлүк ишинде чыгымдардын ордун жабууну камсыздоо үчүн зарыл.  

Биринчи деңгээлдеги капитал төмөнкү элементтерден турат: 

- биринчи деңгээлдеги базалык капиталдан; 

- биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдан. 

16. Биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын түзүмү төмөнкү элементтерден турат: 

1) жөнөкөй акциялар  мыйзамдарда белгиленген шарттарды канаатандырган, банк тарабынан чыгарылган жана толугу менен төлөнгөн жөнөкөй акциялар; 

2) артыкчылыктуу кумулятивдик эмес акциялар  мыйзамдарда белгиленген шарттарды канаатандырган жана банктан дивиденддердин бөлүштүрүлүшүн талап кылбаган банк тарабынан чыгарылган жана банктын толугу менен төлөнгөн артыкчылыктуу акциялары. 

Дивиденддерди бөлүштүрүү милдеттүү болуп саналган жагдайлар/шарттар келип чыккан учурда мына ушундай артыкчылыктуу акциялар жана ошол акциялар боюнча номиналдан үстөк салынган капитал биринчи деңгээлдеги кошумча капиталда же экинчи деңгээлдеги капиталда эске алынууга тийиш; 

3) номиналдан үстөк салынган капитал  биринчи деңгээлдеги базалык капиталда камтылган жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын сатуу баасы менен алардын эмиссия жыйынтыгы боюнча номиналдык наркы ортосундагы айырма.  

Номиналдан үстөк салынган капитал банк акцияларын эмиссиялоодо аларды жайгаштырууга, каттоого жана бланктарды басып чыгаруу үчүн типографиялык чыгашаларга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө пайдаланылышы мүмкүн. 

Номиналдан үстөк салынган капитал акционерлерге дивиденд түрүндө бөлүштүрүлбөйт жана ал банкта калат. 

Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча номиналдан үстөк салынган капитал уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талапты сактоо максатында гана уставдык капиталды көбөйтүүдө колдонулушу мүмкүн; 

4) банктын келечектеги керектөөсү үчүн кам  келечекте жана/же күтүүсүз жагдайларга каралган, салык төлөөдөн кийин пайданын эсебинен түзүлгөн кам; 

5) өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы (чыгымы)  жарыяланган дивиденддер эсептен чыгарылып, башка капиталдык эсептерге бөлүштүрүлүп, салык төлөнгөндөн кийин калган таза пайданын калдыгы (чыгым). 

17. Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдын түзүмүнө төмөнкү элементтер кирет: 

1) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал  бул, жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк салынган каражаттар. Бул каражаттарды салуу зарылчылыгы Улуттук банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын (биринчи деңгээлдеги капиталдын) минималдуу өлчөмү жана/же экономикалык ченемдер боюнча белгиленген талаптарын банк аткарбай койгон учурда жана/же аларды аткарбай коюу тобокелдигинин орун алышы, анын ичинде Улуттук банктын талаптарынын аткарылбай калышы жана/же уставдык капиталды Улуттук банк белгиленген мөөнөттө көбөйтүү зарылчылыгы шартында келип чыгат. Бул каражаттар банк жеке адамдар жана юридикалык жактар менен кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайда), мөөнөтү белгиленбеген шарттарда, ошондой эле банк банкроттук абалда калган учурда ошол каражаттар боюнча талаптар банктын акционерлеринин талаптарындай эле кезектүүлүктө канааттандырылып берилиши шартында сатылып алынышы эсебинен каражат салуу тууралуу келишим түзгөн шартта гана чегерилет. Кошумча капитал өлчөмү, банктын ушул талаптар жана ченемдер боюнча минималдуу маанини аткаруусу үчүн жетиштүү болууга тийиш. Кийинчерээк, жеке адамдар жана юридикалык жактар кошумча салган каражаттар жөнөкөй жана/же артыкчылыктуу акцияларга өзгөртүлүүгө, алардын ээлери сунушталган ошол каражат суммасына чыгарылган акцияларды талашсыз сатып алуу укугуна ээ болууга тийиш; 

2) биринчи деңгээлдеги кошумча капитал критерийлерине ылайык келген, бирок биринчи деңгээлдеги базалык капитал үчүн алгылыксыз болгон артыкчылыктуу акциялар. Бул статьяда артыкчылыктуу акциялар алардын номиналдык наркынан үстөк салынган суммаларды эске алуу менен көрсөтүлөт; 

3) капиталдын башка инструменттери капиталдын сыяктуу эле, карыздык милдеттенмелер белгилерине ээ инструменттер. Аларга мөөнөтсүз субординацияланган карыз кирет. 

Субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздалбаган, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш болбогон, банк жоюлуп кеткен шартта ал боюнча талаптар кредиторлордун жана аманатчылардын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин акыркы болуп орду жабылуучу милдеттенмелерди түшүнүүгө болот. 

Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдын банк тарабынан эмитирленген инструменттери аларга карата белгиленген критерийлерге жооп берүүгө тийиш. 

18. Биринчи деңгээлдеги кошумча капитал элементтери боюнча төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш: 

1) чыгарылган жана төлөнгөн болушу зарыл; 

2) субординацияланган болууга тийиш, башкача айтканда ушул инструменттер боюнча талаптар аманатчылардын, негизги кредиторлордун жана банктын субординацияланган карызы боюнча бардык дооматтар канааттандырылгандан кийин акыркы болуп канааттандырылууга тийиш; 

3) инструмент банктын/банктын байланыштуу жактарынын милдеттенмелери боюнча камсыздалбашы же кепилдик берилбеши керек, ошондой эле талаптарды биринчи кезекте канааттандырууга банкты укуктук же экономикалык мамилелерде милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптарда/шарттарда камтыбашы зарыл; 

4) мөөнөтсүз, б.а. ордун жабуу мөөнөтүнө ээ болбоого тийиш; 

5) эмитент тарабынан анын демилгеси боюнча кеминде 5 (беш) жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана сатылып алынышы же төлөнүшү мүмкүн. Мында: 

а) банк инструментти чыгарууда анын кайра сатылып алынышын күтүү менен кандайдыр бир аракеттерди көрбөөгө тийиш; 

б) төмөнкү учурларда гана сатып алууга/төлөөгө жол берилет: 

- көрсөтүлгөн ошол инструментти алмаштыруу банк капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда ишке ашырылган болсо, инструментти ошондой эле же болбосо андан алда канча сапаттуу башка инструментке алмаштырууга; 

- Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптарын бузууга жол берилбесе; 

- Улуттук банктын алдын ала макулдугун алуу; 

6) негизги сумманы кандайдыр бир төлөө (мисалы, сатып алуу же төлөп берүү ыкмасында) Улуттук банктын алдын ала макулдугу менен ишке ашырылууга тийиш. Банктар бул учурда Улуттук банк тарабынан макулдук берилет деп болжолдоого же үмүт артып күтүүгө тийиш эмес; 

7) дивиденддерди/кирешелерди төлөөнү тандоо укугу: 

а) банк кандай болбосун жагдайда дивиденддерди/төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу укугуна ээ болууга тийиш; 

б) дивиденддерди жана төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу чечиминин кабыл алынышы банктын милдеттенмелерди аткара албай калышы же төлөөгө жөндөмсүздүгү катары каралбоого тийиш; 

в) аткаруу мөөнөтүнүн келип жетишине жараша башка милдеттенмелерди төлөнбөгөн дивиденддер эсебинен аткаруу мүмкүнчүлүгү

г) дивиденддерди/төлөмдөрдү төлөөнү жокко чыгаруу, банкка карата чектөөлөрдүн белгиленишине алып келбөөгө тийиш. Ошондой эле, жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө боюнча чектөөлөр белгилениши мүмкүн; 

8) инструмент мыйзамдарга ылайык, эгерде мындай ашып кетүү төлөөгө жөндөмсүздүк белгиси болуп саналса, активдерден ашкан бөлүгүндөгү милдеттенмелерге киргизилбейт

9) банктын биринчи деңгээлдеги базалык капиталынын коэффициенти 5,125% чейин төмөндөсө, анда банк ошол инструменттерди жөнөкөй акцияларга конвертациялоого же алар боюнча чыгымды бөлүштүрүү аркылуу ошол инструменттерди эсептен алып салуу укугуна ээ болууга тийиш. 

Эсептен алып салуу төмөнкүдөй натыйжаларга алып келиши мүмкүн: 

а) банкты жоюуда мындай инструменттер боюнча талаптарды кыскартуу; 

б) инструментти сатып алууда төлөнүүчү сумманы азайтуу; 

в) кирешелер/дивиденддер боюнча төлөө суммасынын бир бөлүгүн же аларды толугу менен кыскартуу; 

10) банк да, банк ага контролдук кылган же олуттуу негизде таасир эткен байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт жана инструментти сатып алууга (анын ичинде каржылоо түрүндө акча каражатын бөлүү, алдын ала төлөө жана/же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө катышууга укугу жок. 

19. Экинчи деңгээлдеги капитал банк жоюлууга дуушар болгон жагдайда чыгымдын ордун жабууну камсыз кылуу үчүн зарыл. 

Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмү төмөнкүчө аныкталат: 

1) өтүп жаткан жылдын пайдасы  өтүп жаткан жылы алынган, салыкты төлөгөндөн киийн калган пайда; 

2) жалпы камдар: 

а) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы камдар; 

б) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден тышкары, башка активдерден потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга жалпы камдар. 

Экинчи деңгээлдеги капиталда камтылууга тийиш болгон ушул камдар, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер наркынан максимум 1,25 пайыз чегинде чектелет; 

3) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар  сатууга боло турган баалуу кагаздарды кайра баалоонун натыйжасы боюнча бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым); 

4) консолидациялоо учурунда чет өлкө валютасын кайрадан эсептөө боюнча кам  банктын чет өлкө туунду финансылык мекемесинин отчетторунун көрсөткүчтөрүн эсептеп чыгууда валюта курсунун өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан реализацияланбаган кирешелер (чыгымдар); 

5) пайданы теңдештирүүгө кам бул, инвестициялык эсептердин ээлеринин инвестициялары боюнча кирешелүүлүктүн белгилүү бир деңгээлин колдоо максатында мударибдин үлүшүн бөлүштүрүүгө чейин дүң пайдадан бөлүнгөн суммалардын эсебинен ислам банкынын директорлор кеңешинин чечими боюнча түзүлгөн кам. Пайданы теңдештирүүгө камды эсептөө боюнча шарттар алдын ала аныкталып, инвестициялык эсеп ээси менен кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык колдонулууга тийиш; 

6) инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам (болгон болсо) инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдиктерин басаңдатуу максатында, мударибдин пайдасынын үлүшү бөлүштүрүлгөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнгөн сумма. Бул камды пайдалануу тартиби ислам банкынын директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш; 

7) капитал инструменттеринин жана банктын директорлор кеңешинин өтүнүч катынын негизинде Улуттук банктын уруксаты менен экинчи деңгээлдеги капитал курамына киргизилиши мүмкүн болгон карыздык инструменттер бөлүгү

8) экинчи деңгээлдеги капиталда камтылган (биринчи деңгээлдеги капитал курамына камтылбаган) акциялардын сатуу баасы менен эмиссия жыйынтыгы боюнча алардын номиналдык наркы ортосундагы айырма. 

Экинчи деңгээлдеги капитал түзүмүндө камтылган инструменттер төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш: 

1) чыгарылган жана төлөнгөн болушу зарыл; 

2) субординацияланган болууга тийиш, башкача айтканда ушул инструменттер боюнча талаптар аманатчылардын, негизги кредиторлордун жана банктын субординацияланган карызы боюнча бардык кине коюулар канааттандырылгандан кийин акыркы болуп канааттандырылууга тийиш; 

3) инструмент банктын/банктын байланыштуу жактарынын милдеттенмелери боюнча камсыздоо же алардын гарантиясынан болууга тийиш эмес, ошондой эле укуктук же экономикалык мамилелерде талаптарды биринчи кезекте канааттандырууга банкты милдеттендириши мүмкүн болгон кандайдыр бир талаптарда/шарттарда камтылбоосу зарыл; 

4) төлөө мөөнөтү

а) минималдуу төлөө мөөнөтү кеминде 5 (беш) жылды түзүүгө тийиш; 

б) капитал инструменттерин амортизациялоо төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки калган 5 (беш) жыл ичинде бирдей ченемде чегерүү ыкмасында жүргүзүлөт; 

в) сатып алууга кандайдыр бир өбөлгөлөрдү караштырууга тийиш эмес; 

5) 5 (беш) жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин жана Улуттук банктын алдын ала колдоосуна ээ болгон соң гана эмитент тарабынан сатылып алынышы же төлөнүшү мүмкүн. Мында: 

а) банк инструментти чыгарууда анын кайра сатылып алынышын болжолдоо менен кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө тийиш эмес; 

б) төмөнкү учурларда гана сатып алууга/ төлөөгө жол берилет: 

- көрсөтүлгөн ошол инструментти алмаштыруу банк капиталы үчүн ишенимдүү болгон шарттарда ишке ашырылган болсо, инструментти ошондой эле же болбосо андан алда канча сапаттуу башка инструментке алмаштырууга; 

- Улуттук банктын капитал боюнча минималдуу талаптарын бузууга жол берилбесе; 

- Улуттук банктын алдын ала уруксатын алуу; 

6) инвестор/кредитор банкроттук жана жоюлган учурларды эске албаганда, келечекте пландаштырылган төлөмдөрдү (инструменттин кирешесин же негизги суммасын) мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга кандайдыр-бир укукка ээ эмес; 

7) банк да, банк ага контролдук кылган же олуттуу негизде таасир эткен байланыштуу жак да инструментти сатып ала албайт жана инструментти сатып алууга (анын ичинде каржылоо түрүндө акча каражатын бөлүү, алдын ала төлөө жана/же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө катышууга укугу жок. 

19.1. Таза суммардык капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештигин), биринчи деңгээлдеги капиталдын, биринчи деңгээлдеги базалык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин жана “левераж” коэффициентин эсептөөгө чейин биринчи деңгээлдеги базалык капиталдан төмөнкү элементтер эсептен алынып салынат: 

1) өтүп жаткан жылдын чыгымы; 

2) кардарлардын санын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн арттырууга багытталган техникалык жана программалык продукттар (мисалы, биометрикалык идентификациялоо үчүн, смарт контракттар ж.б.) менен байланыштуу активдерди эске албаганда, материалдык эмес активдер, алар төмөнкү талаптарга ылайык келет: 

- чечим жаңыча болууга же учурдагы сунуштардан кыйла айырмаланып турууга же болбосо учурдагы технологияларды жаңыча пайдалануу сунушталууга тийиш, алар рынокту изилдөөлөр жана технологиянын негизги мүнөздөмөлөрүн салыштыруу менен тастыкталат; 

- чечим кардарларга анык тике же кыйыр пайда алууну сунуштоого (мисалы, жогору коопсуздукту камсыздаган техникалык тапшырма, тейлөө сапаты, натыйжалуу, продукциянын сапаты, кыйла төмөн баалар, жогоруда айтылгандардын айкалышы) жана зарыл учурларда банктын сандык баа берүүлөргө салыштырма талдап-иликтөөсү менен бекемделүүгө тийиш. 

Техникалык тестирлөөнүн натыйжалары бар болгон учурда, алар Улуттук банкка жеткиликтүү болууга тийиш. Альтернатива катары көз карандысыз үчүнчү тараптан аталган чечимдин техникалык ишенимдүүлүгүнүн тастыктамасы берилиши мүмкүн.  

Аталган техникалык жана программалык продукттар банк тарабынан баланстык наркы боюнча эске алынууга тийиш; 

3) шарика/мушарака өнөктөштүгү келишимдери боюнча жүзөгө ашырылган инвестицияларды (акциялар же капиталда үлүштүк катышуу түрүндө) эске албаганда, башка консолидацияланбаган банктарга жана финансы-кредит уюмдарына, ошондой эле финансылык эмес уюмдарга инвестициялар. Эгерде банк ушул уюмдарга Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды же Экинчи деңгээлдеги капиталды инвестициялаган болсо, бул инвестициялар тиешелүү капиталдан алынып салынууга тийиш; 

4) убакыт боюнча айырмаларга байланыштуу мөөнөтү жылдырылган салыктык активдерди эске албаганда, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын (ФОЭС) 12 негизинде эсептелинген, келечекте алынуучу кирешеден көз каранды болгон, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган бардык салыктык активдер. Мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык активдер, эгерде ФОЭС 12 шарттары аткарылса, мөөнөтү кийинкиге жылдырылган салыктык милдеттенмелер менен бирге эсепке алынышы мүмкүн; 

5) өздүк акцияларга тике же кыйыр инвестициялар. Банк акцияларды сатып алгандан кийин аларды сатып өткөрүү үчүн акцияларды сатуу жөнүндө алдын ала келишим түзсө жана өздүк акцияларды сатып алуу чечими кабыл алынган күнгө чейинки 5 (беш) жыл ичинде банктын иши чыгым тартуусуз жүзөгө ашырылган шартта, банк өздүк акцияларын аларды кийинчерээк кыйла жогору баада сатуу үчүн гана сатып алуу укугуна ээ. Банк бул акцияларды алар сатылып бүткүчө эсептен чыгарып турат. 

Биринчи деңгээлдеги кошумча капиталды эсептөөдө банктар бирдей ыкманы пайдалануу менен инвестицияларды өзүнүн биринчи деңгээлдеги өздүк кошумча капитал эсебине чыгарууга жана өзүнүн экинчи деңгээлдеги капиталын эсептөөдө инвестицияларды алардын өздүк экинчи деңгээлдеги капиталына чыгарууга тийиш. 

Банктын капиталдык позициясынын жасалма көбөйүшүнө алып келген капиталдык өз ара кайчылаш ээлик кылуу толук көлөмдө алынып салынууга тийиш. Банктар башка банктардын, башка финансы жана камсыздандыруу уюмдарынын капиталына мындай инвестициялар үчүн «алып салууга тиешелүү ыкманы» колдонууга тийиш. Бул алып салуу эгерде ал банктын өзү тарабынан чыгарылган болсо, ал үчүн капитал ушундай эле квалификацияланган капиталдын ошол эле компонентине колдонулууга тийиш дегенди түшүндүрөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

19.2. Биринчи деңгээлдеги капиталдын жана таза суммардык капиталдын отчеттук мезгилден кийинки айдын бирине карата абал боюнча мааниси капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын жана Улуттук банк тарабынан белгиленген башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды эсептөө үчүн колдонулат. Мааниси отчеттук мезгил ичинде күндөлүк же ар жумалык негизде аныкталган экономикалык ченемдерди эсептөөдө отчеттук айдын бирине карата абал боюнча банктын таза суммардык капиталынын суммардык мааниси жана юридикалык жактар жана жеке адамдар белгиленген тартипте, отчет түзүү күнүнө карата салган шартта кошумча капитал колдонулат. 

4. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдерди тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү 

20. Бул Нускоонун алкагында капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештигин) баалоо кредиттик тобокелдикке карата жүргүзүлөт, б.а. активдердин ар кандай түрлөрүнө тиешелүү жана кардарга активдин толук же жарым-жартылай кайтарылышын камсыз кыла албаган тобокелдик, ошондой эле ушул Нускоонун 6-пунктунун «а» пунктчасына ылайык суммардык капиталдын шайкештиги коэффициентин эсептөө жагында операциялык тобокелдик.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13, 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомдорунун редакциясында). 

21. Активдер, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн тигил же бул келишимдерге, анын ичинде операциялардын ар кандай баскычында келип чыгышы мүмкүн болгон кредиттик тобокелдиктин ар кандай деңгээлине ээ. Алсак, ислам банкынын кассасындагы нак акча ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо операциялары боюнча жайгаштырылган активдерге салыштырганда, активдердин тобокелдиксиз түрүнөн же негизги каражаттарга инвестициялар болуп саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА)токтомунун редакциясында). 

22. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша ушул нускоонун 24-пунктуна ылайык жети категорияга бөлүнөт. Мында, баланстык активдер ага ылайык тигил же бул категорияга чегерилген, кредиттик тобокелдиктин негизги критерийлеринен болуп төмөнкүлөр саналат: контрагенттин түрү, трансферттик тобокелдик көз карашынан өнөктөштүн өлкөлүк тиешелүүлүгү, активди камсыздоо, гарантиялар жана активдин колдонуу мөөнөтүнүн узактыгы. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13 токтомунун редакциясында). 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

23.  (23 пункт Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/13 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

24. Баланстык активдер кредиттик тобокелдик деңгээлине, ошондой эле айрым өнөктөштөрдүн/контрагенттин түрүнө жараша төмөнкү категорияларга бөлүнөт: 

1-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 0%):  

а) Кыргыз Республикасынын, ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин, ошондой эле «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» и «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин же банкноттору жана монеталары;  

Эскертүү: ОЭСР Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. ОЭСРге мүчө-мамлекеттердин тизмеги www.oecd.org расмий сайтында жайгаштырылган; 

б) Улуттук банкка карата талаптар;  

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата талаптар (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган ислам баалуу кагаздар жана баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА)токтомунун редакциясында). 

г) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына карата талаптар;  

д) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрүнө карата талаптар (ислам баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

е) Кыргыз Республикасынын валютасында туюндурулган жана өзүнчө эсепте турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү).  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА)токтомунун редакциясында). 

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык. 

ж) ОЭСРге жана ЕАЭСке мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин, ошондой эле «Standard & Poors» рейтингдик агентиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтингине же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ мамлекеттердин валютасында туюндурулган жана өзүнчө эсепте турган, камсыздоосу бар активдер (же алардын бөлүгү). 

з) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

2-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 10%):  

а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү);  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

б) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган утурумдук рыноктук нарк боюнча ислам баалуу кагаздар менен камсыз кылынган активдер (же алардын бөлүгү).  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13 токтомунун редакциясында). 

3-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 20%);  

а) Кыргыз Республикасынын банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

б) Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюму (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) тарабынан бекитилген, Шариат стандарттары тарабынан тыюу салынбаган алтын жана сертификатталган стандарттык куймалардагы башка баалуу металлдар;  

в) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) Кыргыз Республикасынын банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана ушул уюмдардын гарантияларына негизделген бардык активдер;  

д) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар жана ошол уюмдардын гарантияларына негизделген бардык активдер;  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13 токтомунун редакциясында). 

4-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 50%):  

а) Мындай активдердин төлөө мөөнөтү 30 (отуз) күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же реструктуризацияланса, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги  

5-категорияда көрсөтүлөт; 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

б) Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (AAOIFI) шариат стандарттарында тыюу салынбаган Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда, алтын жана сертификатталган өлчөнгөн куймалардагы башка баалуу металлдар; 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

в) коммерциялык банк тарабынан мамлекеттик программа боюнча, анын ичинде банктын өздүк каражаттарынын эсебинен айыл чарбасын жана экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоого байланыштуу мамлекеттик программалар, ошондой эле республиканын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө багытталган башка мамлекеттик программалар боюнча сунушталган каржылоо. 

Эгерде мындай активдердин төлөө мөөнөтү 90 күндөн ашык өткөрүлүп жиберилсе жана/же кайрадан реструктуризацияланса, анда алар кредиттик тобокелдиктин 100% деңгээлиндеги 5-категорияда көрсөтүлөт. 

Эскертүү: мамлекеттик программаларга толугу менен же анын бөлүгү республикалык бюджеттен каржылоого алынган же республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен субсидиялоо аркылуу жүзөгө ашырылган, анын ичинде мамлекет тарабынан түзүлгөн уюмдар менен кызматташтыкта ишке ашырылуучу каржылоо; эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык мамлекеттер аралык (өкмөттөр аралык) долбоорлорду жүзөгө ашыруунун алкагында программалар кирет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

5-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли - 100%):  

а) 1-категорияга кирбеген банкноттор жана монеталар;  

б) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (ошол мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар); 

в) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акча активдери;  

г) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болбогон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналышкан же болбосо отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналган мамлекеттердин банктарына жана финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;  

д) «Standard & Poors» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» төмөн болгон узак мөөнөттүү эгемендүү кредиттик рейтинги же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» жана «Moodys Investors Service» рейтингдик агенттигинин бири тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги рейтингге ээ же ОЭСРге мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана финансы-кредит уюмдарына карата талаптар; 

е) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер: 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

- мудараба, кемүүчү мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер. Мында, ушул келишимдер боюнча камсыздоо катары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө сатып өткөрүүгө тийиш болгон күрөө (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) колдонулат. Сатып өткөрүү учурунда күрөө наркы каржылоонун негизги суммаларын жана күрөөнү сатып өткөрүүгө байланыштуу мүмкүн болуучу чыгымдарды банкка төлөө үчүн жетиштүү болуусу зарыл.  

Күрөө наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу мүлктү баалоо стандарттарына ылайык, көз карандысыз баалоочунун корутундусу менен тастыкталууга тийиш. Күрөөлүк мүлккө жыл сайын көз карандысыз баа берүү, ушул категорияга активдерди чегерүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат. Камсыздоонун наркы төмөндөп, сапаты начарлаган жагдайлар күрөөнү сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон учурда мудараба, кемүүчү мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер 400% тобокелдик деңгээли менен 6-категорияда көрсөтүлөт. Банктын мудараба, кемүүчү мушарака келишимдери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тажрыйбаларына жараша Улуттук банк, мындай операцияларды жүзөгө ашырууда, анын ичинде күрөөлүк камсыздоого карата кошумча талаптарды жана чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.   

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган, башка категорияларга кирбеген башка активдер; 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

ж) банктын негизги каражаттары жана башка менчиги;  

3) ушул Нускоонун 19.1-пунктунун төртүнчү абзацында каралган алып салууларды минуска чыгаруу менен инвестициялар жана финансылык катышуу; 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

и) мурдагы категорияларга кирбеген жана башка активдер.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги №17/13 токтомунун редакциясында). 

6-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 150%): 

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасындагы активдерди эске албаганда, ошондой эле 4-категорияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чет өлкө валютасында жайгаштырылган активдер.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

7-категория (кредиттик тобокелдик деңгээли 400%): 

- 1-6-категорияларда көрсөтүлгөн активдерди эске албаганда, мудараба, кемүүчү мушарака келишимдери боюнча жайгаштырылган активдер. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Баалуу кагаздарга салымдар сый акыны (дисконтту) жана реализацияланбаган пайданы (чыгымдарды) минуска чыгаруу менен өлчөнөт. 

26. Активдер боюнча кирешелер, активдердин өздөрү өлчөнгөндөй эле тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнөт. 

5. Баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү 

27. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер да белгилүү бир шарттар орун алышы учурунда (20-пунктту карагыла) кредиттик тобокелдикке дуушар болушу ыктымал. Мисалы, банктын кардардын атынан гарантияларды берүүсү белгилүү бир жагдайлардын келип чыгышы шартында активдерди кадимкидей эле жайгаштырууга трансформацияланышы мүмкүн. 

28. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча тобокелдик өлчөмү, баланстан тышкаркы милдеттенмелердин номиналдык наркын кредиттик конверсия факторунун тиешелүү пайыздык өлчөмүнө көбөйтүү аркылуу аныкталат. Алынган маани баланстан тышкаркы милдеттенмелердин баланстык эквиваленти болуп саналат жана андан ары ушул Нускоонун 4-бөлүгүнө ылайык, кредиттик тобокелдиктин деңгээлине жараша өлчөнөт. 

29. Бул Нускоодо баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсиянын факторлорунун төмөнкү пайыздык өлчөмдөрү аныкталган: 

Кредиттик конверсия фактору 10%: 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелер, алар боюнча банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

Кредиттик конверсия фактору - 20%: 

Мурабаха келишиминин негизинде, камсыздандырылган товарлар/жүктөр түрүндөгү күрөөнү камсыздоо катары колдонулган импорт жана экспортту каржылоо учурунда банк тарабынан берилген же тастыкталган аккредитив. 

Кредиттик конверсия фактору - 50%: 

а) айкын келишим менен байланышкан баланстан тышкаркы милдеттенмелер (мисалы, подрядчик курулуш долбоорлорунда өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, буйрутма берген адамга чыгым тартууларынын ордун толтуруп берүүгө жана башка ушул сыяктуу милдеттенмелерди гарантиялаган аккредитив); 

б) соода операцияларына байланыштуу болгон кыска мөөнөттүү өзүнөн өзү жоюла турган милдеттенмелер (мисалы, товарлардын жүктөлүп жөнөтүлүшү менен камсыз кылынган документардык аккредитив). 

Кредиттик конверсия фактору - 100%: 

а) активди сунуштоо боюнча милдеттенмелер; 

б) кредитти алмаштыруучулар (мисалы, жалпы гарантиялар, камдык аккредитивдер, акцептөө боюнча гарантиялар), б.а. эгерде, банктын анын атына гарантия же аккредитив берилген кардары келишим же ушундай негиз боюнча үчүнчү тарапка аванс катары берилген каражаттарды төлөй албаса, үчүнчү тарапка каражаттарды төлөө боюнча банктын юридикалык милдеттенмелерин түшүндүргөн документтер (аталышына көз карандысыз); 

в) кийинчерээк сатып алуу менен сатуу жөнүндө келишим жана контрагенттин активдерди белгилүү бир учурларда кайтарып алууга укугу менен активдерди сатуу; 

г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер; 

д) жогоруда белгиленген категорияга кирбеген баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

30. Банк, валюта курстарына байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелерге баа берүүсү зарыл, анткени мындай милдеттенмелердин толук номиналдык наркына эмес, болгону өнөктөштөр келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган шартта, акча каражаттар агымынын ордуна колдонулуучу (алгылыктуу нарктагы келишим боюнча) потенциалдуу наркына гана кредиттик тобокелдик келип чыгат. Баланстык эквиваленттердин өлчөмү тигил же бул финансылык инструменттердин негизи болуп саналган келишим мөөнөтүнө жана валюта курстарына жараша болот. 

Валюта курстарына байланыштуу бардык келишимдер үчүн банктар, алардын учурдагы рыноктук наркы кандай болоруна карабастан, потенциалдуу тобокелдик келишимдердин ар бир түрү боюнча эсептелине турган ыкманы колдоно алышат. Баланстык эквиваленттин өлчөмүн эсептөө үчүн ар бир инструменттин базалык (номиналдык) наркын мүнөзүнө жана анын аракеттенүү мөөнөтүнө жараша белгиленген конверсиондук коэффициенттердин бирине (кредиттик конверсия фактору) көбөйтүү зарыл. 

30.1. Алтын менен бүтүмдөргө салыштырып караганда кредиттик конверсиянын факторлору валюта курстары менен байланыштуу контрактыларга карата колдонулуучу факторлорго окшош. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

31. Бул Нускоодо валюта курстарына байланыштуу баланстан тышкаркы милдеттенмелер үчүн кредиттик конверсия факторлорунун төмөнкүдөй пайыздык өлчөмдөрү аныкталат: 

Келишимдердин аракеттенүү мөөнөтү 

Кредиттик конверсия фактору 

1 жылга жетпеген 

2% 

1 жылдан 2 жылга чейин 

5% 

Ар бир кийинки жылга 

+3% 

6. «Ислам терезесине» ээ банктын активдерине жана баланстан тышкары милдеттенмелерине тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

32. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталынын жетиштүүлүк (шайкештик) коэффициентин эсептөөдө, ушул Нускоодо аныкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган банктын баланстык активдерине жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерине тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү ыкмасы колдонулат. 

33. "Ислам терезесине" ээ банк тарабынан банк ишинин жана каржылоонун калыптанып салтка айланган принциптери боюнча жайгаштырылган/кабыл алынган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер Коммерциялык банктар үчүн нускоого ылайык, тобокелдик деңгээлине жараша өлчөнөт. 

7. "Ислам терезесине" ээ банктын капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаруусу жөнүндө отчетту толтуруу жана сунуштоо тартиби 

34. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк тарабынан жүзөгө ашырылган операцияларды эске алуу менен капиталдын шайкештик стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчеттор Коммерциялык банктар үчүн нускоо талаптарына ылайык ушул Нускоодо белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен түзүлөт. 

35. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчетту түзүүдө төмөнкүлөр эске алынууга тийиш: 

- "ислам терезесине" ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган баланстык активдери Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15.А-15.В бөлүктөрүндө чагылдырылууга тийиш; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер (кыска мөөнөттүү өзүнөн өзү жоюлуучу баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда) Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун 15.Г бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. 

36. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылышы жөнүндө маалыматтар жана аларды эсептөөлөр, "ислам терезесине" ээ банк тарабынан Коммерциялык банктар үчүн нускоонун талаптарына ылайык жана Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында сунушталат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

8. Дивиденддер 

37. Дивиденддер - бул, банк тарабынан алынган жана акционерлер ортосунда мыйзамдарга ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгү

38. Банк Башкармасы (аткаруу органы) аудитордук корутундунун негизинде, банктын Директорлор кеңешинин жана акционерлердин жалпы жыйынынын кароосуна жана тиешелүү баа берүүсү үчүн эң аз дегенде төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: 

а) капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) жана анын өзгөрүү тенденциялары; 

б) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин аткарылышы; 

в) банктын кирешелеринин номиналдык жана реалдуу деңгээли (инфляциянын деңгээлин эске алуу менен) жана алардын өзгөрүү тенденциялары; 

г) банктын өнүгүү келечеги; 

д) экономикалык шарттардын жана инфляциянын деңгээлинин таасирлери. 

39. Акциялар боюнча дивиденддер финансы жылынын жыйынтыгы боюнча чегерилет жана төлөнөт. 

Финансылык жыл катары 1-январдан 31-декабрды кошо алгандагы мезгил саналат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

40. Банк акционерлерге дивиденддерди төлөө үчүн Улуттук банктан уруксат алууга милдеттүү. Улуттук банктан дивиденд төлөөгө уруксат алуу үчүн документтер банк акционерлеринин жалпы жыйыны өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Документтерге банктын дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча пландары жана экономикалык ченемдерди, ошондой эле пландаштырылган дивиденддер суммасын төлөөнү эске алуу менен эсептелген «капитал буфери» индексин сактоо боюнча эсептер тиркелүүгө тийиш. 

Банктын туруктуулугуна, ошондой эле кредиторлордун жана аманатчылардын таламдарына коркунуч келтирилиши мүмкүн болгон учурда, Улуттук банк дивиденддерди төлөөгө тыюу салышы же болбосо чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн: 

а) дивиденддерди төлөө Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушун шарттаса; 

б) банк капиталынын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттеринин маанилери Улуттук банк тарабынан ошол банк үчүн белгиленген минималдуу чектен төмөн болсо; 

в) дивиденддер төлөнгөндөн кийин «капитал буфери» индекси Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу мааниден төмөн болсо; 

г) Улуттук банктын талаптарына ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө

д) банк буга чейинки жылдар үчүн жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымга ээ болсо; 

е) бул банктын финансылык абалынын начарлашына алып келсе; 

ж) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Банк, эгерде чечим кабыл алуу жана дивиденддерди төлөө учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөгө жөндөмсүздүк белгилерине ээ болсо же аталган белгилер дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болсо, акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечимди кабыл алууга укугу жок.  

Банк, эгерде артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алынбаса, жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддерди төлөө (жарыялоо) жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2019-жылдын 10-апрелиндеги №2019-П-12/19-3-(НПА), 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-2-(НПА) токтомдорунун редакциясында). 

 

9. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарын аткаруу жөнүндө отчетторду толтуруу тартиби 

41. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттарынын аткарылышы жөнүндө отчет, Улуттук банктан лицензия алышкан ислам банктарында жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына ылайык банктын бухгалтердик балансынын негизинде түзүлөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

42. Отчеттун статьялары ириленген жана деталдаштырылган статьяларга бөлүнөт (мисалы, ириленген 20-статья деталдаштырылган эки 20.1 жана 20.2 бөлүккө бөлүнөт). Деталдаштырылган статьяларда алардын кредиттик тобокелдиктердин тигил же бул категориясына тиешелүүлүгүнө жараша баланстык активдердин (баланстан тышкаркы милдеттенмелердин) маанилери көрсөтүлөт. Ириленген статьяларда көрсөтүлгөн маанилер, деталдаштырылган статьялардын маанилеринин суммасы болуп саналат. 

43. Отчеттун көпчүлүк статьяларынын аталышы Улуттук банктан лицензия алышкан ислам банктарында жана финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планындагы айрым эсептердин жана эсептер тобунун аталыштарына төп келет. Ошондой болсо да, айрым статьяларды толтуруу өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Алсак, ар бир статьянын "Баалуу кагаздар портфели" (130-230-статьялар) бөлүгүндө классификацияланышына көз карандысыз, баалуу кагаздардын тиешелүү түрүнүн суммардык баланстык наркы чагылдырылат. Мисалы, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар" деп аталган 130-статьяда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же Улуттук банкы тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылган, төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар, соодалык баалуу кагаздар жана сатууга жарактуу баалуу кагаздар сыяктуу классификацияланган баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт. 

Нускоонун "Каржылоо" деп аталган бөлүгүнүн ар бир статьясында (240-370-статьялар) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоонун тиешелүү түрү боюнча карыздардын суммасы дисконтту эсептен алып салуу менен көрсөтүлөт. 

 44. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештик) стандарттарын аткаруу жана аларды эсептөө жөнүндө маалымат банктар тарабынан ай сайын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамында берилет. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) токтомунун редакциясында).