Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009 жылдын 14-октябрындагы 

№ 41/4 токтомуна карата 

тиркеме 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө” 

НУСКОО 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/7, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА), 2022-жылдын 6-апрелиндеги (токтом 2023 жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) чет өлкө валютасындагы операцияларды жүзөгө ашыруу жана баалуу металлдар менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алышкан ислам банктарынын жана «ислам терезесине» ээ банктардын (мындан ары банктар) ачык позициясын эсептөө тартибин аныктоо, ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позицияларынын (мындан ары ачык позиция) лимиттеринин сакталышын контролдоо ушул Нускоонун максаты болуп саналат. Улуттук банктын максаттарын ишке ашыруу жана милдеттерин аткаруу үчүн, Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул Нускоодо белгиленген ачык позиция лимиттеринин маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

1.3. Валюта тобокелдигин жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди контролдоонун ички саясаттарын жана жол-жоболорун иштеп чыгууда, банк, ушул нускоонун талаптарына, Шариат стандарттарына жана Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу уюму (ААOIFI) тарабынан бекитилген, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук стандарттарына таянууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

1.4. Ушул Нускоонун максаттарында төмөнкү аныктамалар колдонулат:  

Валюта тобокелдиги банк ошол валюта боюнча ачык валюта позициясына ээ болуп турган шартта, валюта курсу алгылыксыз өзгөргөн учурда, банктын чет өлкө валютасында туюндурулган талаптарынын (активдеринин)/милдеттенмелеринин наркы өзгөрүүсүнүн натыйжасында анын чыгымга учурап калуу тобокелдиги. Валюта операцияларын жүзөгө ашыруу учурунда валюталык позиция пайда болот жана ал банктын валюта тобокелдигине дуушарлануу даражасынын көрсөткүчү болуп саналат. 

Валюта операциялары бул чет өлкө валютасын сатып алууга/сатууга (конвертациялоо), алмаштырууга байланыштуу бүтүмдөр, ошондой эле алардын натыйжасында чет өлкө валютасында туюндурулган талаптардын (активдердин) же болбосо милдеттенмелердин көлөмү өзгөргөн башка операциялар. 

Таза позиция нумизматикалык (коллекциялык) монеталарды кошпогондо, банктын өзүнчө чет өлкө валютасында жана ар бир баалуу металл түрү боюнча (алтын, күмүш) өзүнчө баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптары (активдери) менен милдеттенмелеринин ортосундагы айырма. 

Ачык позиция бул, банктын чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө талаптарынын (активдеринин) жана банктын ошол эле чет өлкө валютасында/баалуу металлдын ошол эле түрүндө милдеттенмелеринин дал келбей калышы, ал эми барабар болгон учурда, позиция жабык болуп саналат. 

Ар бир чет өлкө валютасы жана ар бир баалуу металлдын түрү боюнча ачык позиция өзүнчө эсептелет.  

Банктын ачык позициясы (банктын тиешелүү валютадагы/тиешелүү баалуу металл түрүндөгү талаптары (активдери) анын ошол эле валютадагы/баалуу металлдын ошол эле түрүндө милдеттенмелеринен ашкан болсо) узун же (милдеттенмелер талаптардан (активдерден) ашкан учурда) кыска болушу мүмкүн. Узун позициясы «+» белгиси, ал эми кыска позициясы «-» белгиси менен чагылдырылат. 

Суммардык позиция бул, ушул Нускоонун 2.5-пунктунда аныкталган «short hand» ыкмасын пайдалануу менен эсептелген, банктын бардык чет өлкө валюталары же баалуу металл түрлөрү боюнча бардык таза позицияларынын суммасы.  

Ачык позиция лимиттери бул, банктын таза суммардык капиталына карата ачык позицияларынын пайыздык катышында туюндурулган, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөр (ар бир чет өлкө валютасы/баалуу металлдын ар бир түрү боюнча жана суммардык). Ачык позиция лимиттери үтүрдөн кийин эки ондук белгиге чейин тегеректөө аркылуу пайыздарда эсептелинет.  

Банктын таза суммардык капиталы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эсептелинет.  

Ушул Нускоонун максаттарында ачык позициялардын лимиттерин эсептөөдө ар бир айдын бирине карата банктын таза суммардык капиталынын мааниси пайдаланылат. 

Бүтүмгө келишүү күнү - бул, бүтүмдүн негизги шарттары боюнча (валюталардын түрлөрү, алмашуу курсу, каражаттардын суммасы, валюталоо күнү, баалуу металлдын түрү, салмагы ж.б.) тараптардын макулдашууга келишкен күнү.  

Валюталоо күнү бул, бүтүмдүн катышуучуларынын эсебине каражаттар которулган күн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

II. Ачык позицияларды эсептөө тартиби 

 

2.1. Банк ар бир операциялык күндүн аягында төмөнкү көрсөткүчтөрдү эсептөөгө тийиш.  

- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позицияларды;  

- суммардык валюта позициянын; 

- баалуу металлдардын ар бир түрү боюнча таза позицияларды; 

- баалуу металл түрүндөгү суммардык позицияны. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

2.2. Таза позициялар ар бир чет өлкө валютасы жана баалуу металл түрү боюнча төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары өзүнчө эсептелинет:  

- банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө таза спот-позиция. Бул өлчөм валюталоо күнү менен 2 күнгө чейинки бүткөрүлбөгөн «спот» контракттарды кошо алганда, баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары эсептелинет. Эсептөө активдердин жана милдеттенмелердин таза баланстык наркы боюнча жүргүзүлөт;  

- ошол эле валютада/баалуу металлдын ошол эле түрүндө камсыз кылынган гарантияларды, аккредитивдерди жана ошол сыяктуу финансылык инструменттерди эске албаганда, банк тарабынан чыгарылган же тастыкталган чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө номинацияланган кайтарылып алынгыс гарантиялар, аккредитивдер жана ошол сыяктуу финансылык инструменттер. Ушул нускоонун максаттарында финансылык инструменттер дегенден улам, банктын векселдик тапшырмаларын (аваль), жол чектерин жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган башка милдеттенмелерин түшүнүү зарыл. Финансылык инструменттерге кредиттик линиялар кирбейт. 

Мында, көрсөтүлгөн гарантиялар, аккредитивдер жана ошол сыяктуу финансылык инструменттер бенефициар (пайда алуучу) милдеттенме боюнча акчалай сумманы төлөө талабын койгон же банк көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча төлөө талабынын коюлушу ыктымалдуулугу документ түрүндө тастыкталган маалыматтарды алган учурдан тартып, таза позицияны эсептөөгө кошулат. Мисалы, бенефициардын принципал өз милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы (аткарууну кечиктирип жаткандыгы) жөнүндөгү каты, таза позицияны эсептөөгө гарантияларды кошуу үчүн негиз болуп саналат;  

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/тартылган жана өзүндө валюта тобокелдигин жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди алып жүргөн чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү башка баланстык жана баланстан тышкаркы активдер/милдеттенмелер. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

2.3. Валюта операциялары жана баалуу металлдар менен операциялар, мудараба жана шарика/мушарака контракттарында негизделген операцияларды эске албаганда, бүтүмдөргө келишүү күнү таза позицияны эсептөөдө кошулат (анын ичинде бүтүмгө келишкен күн болуп саналбаган, келечектеги валюталоо күнүн камтыган операциялар). 

Мудараба жана шарика/мушарака келишимдерине негизделген чет өлкө валютасындагы бүтүмдөр, банк тарабынан чет өлкө валютасындагы суммалар алынган/берилген күнү таза позицияны эсептөөгө кошулат. Ушул бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган пайда же чыгым, алар айкын келип чыккан учурда таза позицияны эсептөөгө кошулат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

2.4. Ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюталык позицияларды эсептөөдө валюталык позициялардын көлөмү Улуттук банктын отчеттук күнгө карата колдонулган расмий курсу боюнча сом эквавалентине которулат. 

Баалуу металлдар түрүндө таза позицияларды эсептөөдө

- сандык маанидеги нак эмес формада баалуу металлдар Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан белгиленген кечки фиксинг боюнча Улуттук банк тарабынан отчеттук күнгө карата белгиленген сомдун АКШ долларына карата расмий курсунун кросс-курсу аркылуу эсептелген эсепке алуу күнүнө чейинки күн ичинде эсептелет; 

- физикалык формадагы баалуу металлдар сандык мааниде чагылдырылат жана банктын эсепке алуу саясатына ылайык аныкталган баа көрсөтүлөт.  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА), 2022-жылдын 6-апрелиндеги №2022-П-12/20-1-(НПА) токтомдорунун редакциясында). 

2.5. Суммардык позиция «short hand» ыкмасын колдонуу менен эсептелинет, башкача айтканда, ар бир валюта/баалуу металлдын ар бир түрү боюнча бардык узун таза позицияларды жана кыска таза позицияларды өз-өзүнчө суммасын чыгаруу аркылуу эсептелинет. Андан кийин алынган өлчөмдөр (абсолюттук өлчөмдө) өз ара салыштырылып, эки өлчөмдүн ичинен көбүрөөгү суммардык позициянын лимитин эсептөөдө пайдаланылат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

III. Ачык позициянын лимиттери 

 

3.1. Улуттук банк валюта тобокелдигин басаңдатуу максатында ачык валюта позицияларынын төмөнкүдөй лимиттерин белгилейт: 

3.1.1. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча банктын ар бир чет өлкө валютасындагы ачык узун/кыска валюталык позициялары жогору болбоого тийиш: 

а) Евразия экономикалык биримдигине жана ОЭСРге мүчө болуп саналган мамлекеттердин жана "Standard & Poor's" рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "А" деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингине ээ же "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Fitch Ratings", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)" жана "Moody's Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган рейтингге ээ мамлекеттердин валюталары үчүн, ошондой эле ЭВФ менен "Келишим статьяларынын" 8 статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валютасы үчүн - банктын таза суммардык капиталынан 15%; 

Эскертүү: ОЭСР - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтына жайгаштырылган. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

б) бардык калган өлкөлөрдүн валюталары үчүн банктын таза суммардык капиталынан 0% (жабык позиция). 

3.1.2. Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча, ушул нускоонун 3.1.1. пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн валюталары боюнча суммардык валюталык позициянын өлчөмү, банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш. 

3.1.3. Баалуу металлдар менен жүргүзүлгөн сатуу-сатып алуу операцияларын жөнгө салуу максатында, Улуттук банк банктар үчүн баалуу металл түрүндөгү суммардык ачык позиция лимитин белгилейт: 

а) операциялык күндүн акырына карата баалуу металлдын ар бир түрү боюнча ачык узун/кыска позициялардын өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 15 пайызынан ашпоого тийиш;  

б) операциялык күндүн акырына карата баалуу металлдар түрүндө суммардык позициянын чогуу алгандагы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

3.2. Ачык позициялардын белгиленген лимиттери, ар бир операциялык күндүн акырына карата милдеттүү түрдө сакталууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

3.3. Ачык позициялардын белгиленген лимиттеринен артып калуулар банк тарабынан кийинки операциялык күнгө которулбайт. Лимиттер өтүп жаткан операциялык күндүн акырына чейин Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

3.4. Ачык позициялардын өлчөмү операциялык күн ичинде валюта тобокелдигинин жана баалуу металлдар менен операциялар боюнча тобокелдиктердин жол берилген деңгээлине жеке баа берүүгө жараша, банк тарабынан өз алдынча контролдонот. Мында банк Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдикти тескөө боюнча ички саясатына ылайык, тобокелдиктердин өлчөмүн күн ичинде кармап турууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

3.5. Ачык позициялардын лимиттеринин чектүү мааниси, банк тарабынан операцияларды жүргүзүү жагында ишенимсиз жана алгылыксыз тажрыйбалар колдонулган шартта же болбосо банктык мыйзамдардын талаптарын бузууга жол бериши учурунда, Көзөмөл боюнча комитеттин чечимине ылайык, төмөндөтүлүшү мүмкүн. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

3.6. Эгерде банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс же нөлгө барабар болсо, анда банк ар бир валюта/ металлдын ар бир түрү боюнча таза позицияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге (жабык позиция) келтирүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

3.7. Банкта жооптуу сактоодо жана күрөө катары турган баалуу металлдар банктын милдеттенмелери болуп саналбайт жана баалуу металлдар түрүндөгү ачык позицияны эсептөөгө кошулбайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

IV. Банктын отчеттору жана аларды берүү тартиби 

 

4.1. Банк күн сайын саат 09.00гө чейин ушул нускоонун 1- жана 2-, 3- жана 4-тиркемесине ылайык, акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча, ачык позициялар жөнүндө отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

4.2. Банк бардык филиалдары, туунду банктар жана алмашуу пункттары боюнча маалыматтарды эске алуу менен, ачык позициялар боюнча төмөнкү отчетторду берүүгө тийиш: 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча ачык валюта позициялары жөнүндө абал боюнча күндөлүк отчет (1-тиркеме); 

- абал боюнча ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу жыйынтыкталган күндөлүк отчет (2-тиркеме); 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялар жөнүндө абал боюнча күндөлүк отчет (3-тиркеме); 

- абал боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялары тууралуу жыйынтыкталган күндөлүк отчет (4-тиркеме). 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

4.3. Ислам банкы ачык валюта позициясы боюнча отчеттун 1-тиркемеге ылайык берүүгө тийиш. 

4.4. "Ислам терезесине" ээ банк, бүтүндөй банк боюнча ачык валюта позицияларына тиешелүү отчету, ушул нускоого карата 2-тиркеме ылайык берүүгө тийиш. 

 

V. Банктар тарабынан ачык позициянын белгиленген лимиттерин бузууга жол берилгендиги үчүн таасир этүү чаралары 

 

5.1. Банк тарабынан ачык позициянын белгиленген лимиттерин бузууга жол берилген учурда, Улуттук банк бузууга жол берилген суммадан 5% өлчөмүндө, бирок банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү ченеминен 10% ашпаган чекте айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чараларын колдонот. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

5.2. Банк белгиленген лимиттерди системалуу түрдө бузууга жол берсе (30 календардык күн ичинде эки жолудан көбүрөөк), Улуттук банк банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган лицензияны кайтарып алууга чейинки башка таасир этүү чараларын колдонушу мүмкүн.  

Эскертүү: Белгиленген лимиттерден 0-0,05% чегинде ашуу, айыптык төлөмдүн колдонулушуна алып келбейт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

5.3. Банктын кандай болбосун жол менен отчеттордо реалдуу позицияларды чагылдыруудан качуусу, Улуттук банк тарабынан: 

- Улуттук банкты жаңылыштыкка алып келүүгө аракеттенүү

- алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба; 

- реалдуу өлчөмүн бурмалоо максатында, таза позицияны жаап жашыруу, б.а. алардын келип чыгышын жана жүргүзүлүшүн так идентификациялоого мүмкүн болбогон жана/же бул операциялар банктын финансылык отчетуна жана анын экономикалык ченемдерине таасирин тийгизген шектүү операцияларды ишке ашыруу катары каралат; 

- банк тарабынан туура эмес финансылык жана регулятивдик отчеттун берилиши. Мындай операциялар ачык позиция лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

5.4. Ушул нускоонун кайсыл болбосун жобосун бузууга жол берүү учурунда, банк жетекчилери ошол кемчиликтер жөнүндө Улуттук банкка дароо маалымдоого жана эки күн ичинде жол берилген кемчиликтердин себептерин жана аны чектетүү боюнча банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын тизмегин кошо тиркөө менен кат жүзүндөгү түшүндүрмөнү берүүгө тийиш. 

5.5. Эгерде форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышынан улам, ачык позиция лимиттерин бузууга жол берилген болсо, эрежедегидей эле, айыптык төлөмдү өндүрүү түрүндө таасир этүү чаралары банкка карата колдонулбайт.  

Форс-мажордук жагдайларга: бөөдө кырсыктар (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), согуштук жаңжалдар, террористтик актылар, элдик толкундоолор жана баш аламандыктар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин банк тарабынан аткарылышына кедергисин тийгизген же алардын аткарылышына чек коюп, тыюу салган кандайдыр бир ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

5.6. Банкта убактылуу администрация режими аракеттенип турган учурда Көзөмөл боюнча комитет ачык позициялардын белгиленген лимиттерин сактабагандыгы үчүн банктан айыптык төлөмдү өндүрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароого укуктуу. Албетте мында, мына ушул экономикалык ченемдин бузулушуна алып келген бардык жагдайлар да эске алынат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

5.7. Эгерде банкта убактылуу администрация режими аракеттенип турган учурда ачык позициялардын лимиттерин бузууга жол берүү, убактылуу администрация киргизилгенге чейинки банк ишинин натыйжасынан болсо, Көзөмөл боюнча комитет аны төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен банктан айыптык төлөмдү өндүрүү маселесин кароого укуктуу. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11, 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

 

VI. Чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча ички контролдукту уюштуруу 

 

6.1. Банк чет өлкө валютасы менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн валюта тобокелдигин тескөө боюнча ички саясатты иштеп чыгып, шайкеш ички контролдукту уюштурууга тийиш. 

6.2. Чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн ар бир операция боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана аларда кеминде төмөнкү маселелер камтылууга тийиш: 

- bаск жана front офистеринин функцияларын так чектеп бөлүштүрүү

- банктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин, бир кызматкер кандайдыр бир процессти толук көлөмүндө аткарып жана/же контролдой алгандай, б.а. бүтүмгө келишүү демилгесинен алардын бухгалтердик китептерде чагылдырылышына чейинки милдетти аткара алгандай бөлүштүрүү

- банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялардын көлөмүнүн банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан санкцияланышынын так системасын колдонууга киргизүү

- банк тарабынан ар бир чет өлкө валютасы жана бүтүндөй валюталар боюнча ачык валюта позицияларынын ички лимиттеринин белгилениши; 

- жүргүзүлүп жаткан операцияларда камтылган тобокелдик деңгээлине жана алардын мүнөзүнө, ошондой эле контрагенттердин категорияларына жараша, алардын ишенимдүүлүгү боюнча жеткиликтүү маалыматтардын алынышын белгилөө

- валюта операцияларына текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ички аудитке карата талаптарды белгилөөң аз дегенде, аудиторлордун көз карандысыздыгы жана алардын тиешелүү билим деңгээлге ээ экендиги); 

- валюта операцияларынын эсебин жүргүзүү жана отчет даярдоо боюнча банк жана анын филиалдары үчүн талаптарды белгилөө (алардын формасы, сунуштоо мезгил аралыгы, жоопкерчиликтери). 

6.3. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички контролдоо «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жободо белгиленген ченемдерге ылайык уюштурулат. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

  

1-тиркеме 

  

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча ачык валюта позициялары жөнүндө 20__-жылдын "__" __________ карата абал боюнча 

КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

_______ жылдын карата абал боюнча ТСК: ______ миң сом 

 

Валюта түрү 

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар 

Баланс 

Баланстан тышкары 

Сатуу 

Сатып алуу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык ачык валюта позициясы: 

  

  

  

  

  

Аты-жөнү: _____________________ Кызмат орду _________________ Күнү __________. 

  

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

 

 

2-тиркеме 

  

 

20__-жылдын "__" __________ карата абал боюнча ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу жыйынтыкталган КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

_______ жылдын карата абал боюнча ТСК: ______ миң сом 

 

Валюта түрү 

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар 

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%) 

Баланс 

Баланстан тышкары 

Сатуу 

Сатып алуу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык ачык валюта позициясы: 

  

  

  

  

  

Аты-жөнү: ___________________ Кызмат орду _________________ Күнү ___________. 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы №21/11 токтомунун редакциясында). 

 

3-тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялар жөнүндө 20__-ж. ______ карата абал боюнча КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

_____-жылдын 1- _____ карата абал боюнча таза суммардык капитал: _______________ миң сом 

 

Баалуу металл түрү  

Эсептик курс 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %) 

Лимиттин нормадан четтөөсү (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар  

  

  

  

баланс 

баланстан тышкары 

  

  

сатуу 

сатып алуу  

Алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

Күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар: 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында). 

 

4-тиркеме 

20__-ж. ______ карата абал боюнча баалуу металлдар түрүндөгү ачык позициялары тууралуу жыйынтыкталган КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

_____-жылдын 1- _____ карата абал боюнча таза суммардык капитал: _______________ миң сом 

 

Баалуу металл түрү  

Эсептик курс 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде: 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялардын өлчөмү (таза суммардык капиталга карата %) 

Лимиттин нормадан четтөөсү (%) 

Бүткөрүлбөгөн спот-бүтүмдөр боюнча калдыктар  

  

  

  

баланс 

баланстан тышкары 

  

  

сатуу 

сатып алуу  

Алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

Күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

Суммардык баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар: 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы №2020-П-12/39-2-(НПА) токтомунун редакциясында).