Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы № 10/13  

токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык  

своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө  

ЖОБО 

 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 30-августундагы № 2017-П-09/39-7-(ДКП), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жободо (мындан ары Жобо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары менен (мындан ары Катышуучу) валюталык своп-операцияларды Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары АТС) аркылуу ишке ашыруу тартиби аныкталган. 

2. Улуттук банк валюталык своп-операцияларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) менен бекитилген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таасир этет. 

4. Улуттук банк валюталык своп-операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырат: 

- тике; 

- кайтарым. 

5. Улуттук банк валюталык своп-операцияларын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча аукциондук аркылуу жана аукциондон тышкары ишке ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

6. Валюталык своп-операциялары, банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу (тике своп) же банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктү алып салуу (кайтарым своп) максатында ишке ашырылат. 

7. Ушул Жобонун 16-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктар валюталык своп-операцияларынын Катышуучулары болуп саналышат. 

8. Катышуучунун Улуттук банк менен валюталык своп-операциялары боюнча өз ара мамилеси ушул Жобо жана ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө эки тараптуу Келишимге ылайык (мындан ары Келишим) жөнгө салынат. 

2. Аныктамалар жана атоолор 

Ушул Жобонун максаттары үчүн, төмөнкүдө көрсөтүлгөн аныктамалар жана атоолордон бөлөк, АТСтин иши жөнүндө жобо менен бекитилген аныктамалар жана атоолор колдонулат: 

9. Валюталык своп-операция негизги суммаларды жана чегерилген пайыздарды алдын ала макулдашылган мөөнөттө кайрадан алмашуу милдеттенмеси менен чет өлкө валютасын улуттук валютанын эквивалентүү суммасына алмашуу боюнча операция. 

10. Алмашуу валютасы валюталык своп-операция боюнча актив катары колдонулган чет өлкө валютасы. 

11. Валюталык своп-операцияларды ишке ашыруу күнү валюталык своп-операцияларынын билдирмелери иштелип чыккан жана кабыл алынган жана алардын натыйжалары кулактандырылган, валюталык своп-операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн. 

12. Валюталык своп-операциялардын аткарылган күнү валюталык своп-операцияларынын шарттарына ылайык, Катышуучулардын жана Улуттук банктын тиешелүү эсептерине акча каражаттары чегерилген (түшкөн), валюталык своп-операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн. 

13. Валюталык своп-операциялардын аяктоо күнү валюталык своп-операцияларынын шарттарына ылайык, Катышуучулардын жана Улуттук банктын тиешелүү эсептерине акча каражаттарынын жана чегерилген пайыздардын суммасы чегерилген, валюталык своп-операцияларынын параметрлеринде Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн. 

14. Кайтарым своп бул Улуттук банктын Катышуучуга чет өлкө валютасын негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кайра алмашуу милдеттенмеси менен улуттук валютанын ордуна сатуу операциясы. 

15. Тике своп бул Улуттук банктын Катышуучудан чет өлкө валютасын негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кайра алмашуу милдеттенмеси менен улуттук валютанын ордуна сатып алуу операциясы. 

3. Валюталык своп-операцияларын жүргүзүүнүн жалпы шарттары 

16. Валюталык своп-операцияларына катышууга мүмкүндүк алыш үчүн, Катышуучу Улуттук банкка кат түрүндө кайрылуу жиберип, төмөнкү талаптарга жооп бериш керек: 

- Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы жана туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашырууга уруксаты болууга тийиш; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы  

№ 2017-П-09/39-7-(ДКП) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсеби болсо; 

- Чет өлкө валютасында корреспонденттик эсеби болсо; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн Келишими болсо; 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында каралган процесстерди (Убактылуу администрация, банкты жоюу) жана/же жол-жоболорду башынан кечирип турбаса. 

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими менен, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында каралган процесстерге жана/же жол-жоболорго кабылган Катышуучуларга, валюталык своп-операцияларына катышууга уруксат берилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 30-августундагы № 2017-П-09/39-7-(ДКП) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

17. Валюталык своп-операцияларына катышуу үчүн негиз болуп, кол коюлган Келишим жана валюталык своп-операциясына катышууга тиешелүү негизде таризделген жана АТС аркылуу берилген билдирме саналат. 

18. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети төмөнкүдөй шарттарды аныктайт: 

Валюталык своп-операцияларынын түрлөрүн: 

- тике же кайтарым; 

Параметрлерин: 

- валюталык своп-операцияларынын мөөнөттөрү

- валюталык своп-операциялары боюнча акча каражаттарынын жалпы көлөмү

- алмашуу валютасы; 

- тике валюталык своп-операциялары учурунда улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык чен; 

- кайтарым валюталык своп-операциялары учурунда улуттук валюта боюнча максималдуу пайыздык чен; 

- тике/кайтарым валюталык своп-операциялары шартында улуттук валюта боюнча катталган пайыздык чен; 

- тике/кайтарым валюталык своп-операциялары шартында чет өлкө валютасы боюнча пайыздык чен. 

Кошумча шарттар: 

- мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү, мөөнөтү жана алардын саны; 

- мөөнөтүнөн мурда аяктоо мүмкүнчүлүгү

- мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо мүмкүнчүлүгү жана саны. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

19. Улуттук банк тарабынан жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларды жүзөгө ашыруу шарттары АТС каражаттары жана/же өз интернет-сайтында маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

20. Ишке ашырылган валюталык своп-операцияларынын натыйжалары АТСке маалым болуп, ошондой эле Улуттук банктын веб-сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк тарабынан кулактандырылат. 

21. Билдирмелер Улуттук банк тарабынан жарыяланган валюталык своп-операцияларынын шарттарын канааттандырууга тийиш. 

22. Улуттук банк тарабынан жарыяланган валюталык своп-операциялардын шарттарына ылайык келбеген билдирмелер, АТСте четке кагылат. 

23. АТСке билдирмелерди кабыл алуу башталган учур менен аякгаган убакыт ортосунда Катышуучу билдирмеге өзгөртүү киргизип же аны кайтарып алууга укуктуу. 

24. Валюталык своп-операциялары боюнча билдирмелерди АТСке кабыл алуу убактысы аяктаган учурда, Катышуучулар билдирмелерди бере алышпайт/өзгөртө алышпайт. Билдирмелер кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет. 

25. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат. 

26. Валюталык своп-операциялары боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күндөрдө туюндурулган убакыт аралыгы катары аныкталып, улуттук/чет өлкө валюталарындагы акча каражаттарын эсептен алып салынган/чегерилгенден кийинки күндөн тартып, улуттук/чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кайтара чегерген/эсептен алып салган күнгө чейин эсептелинет. 

27. Эгерде, аткаруу/аяктоо күнү Кыргыз Республикасында жана банк-корреспонденттер жайгашкан өлкөдө жумуш эмес күнгө туура келип калса, анда валюталык своп-операциялары кийинки жумуш күнүндө ишке ашырылат. Мында, валюталык своп-операциясынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы жана чегерилген пайыздар кайрадан эсептелинбейт. 

28. Акча каражаттарын алгачкы жана кайрадан алмашуу үчүн валюталык своп-операцияларын жүргүзүүдө, валюталык своп-операцияларына келишилген күнү колдонулуп жаткан, Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска барабар болгон алмашуу курсу колдонулат. 

29. Улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салуу Катышуучулардын корреспонденттик эсептери жана Улуттук банктын тиешелүү эсеби боюнча АТС аркылуу ишке ашырылат. 

30. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тиешелүү эсептерге чегерүү жана эсептен алып салуу, Катышуучулар жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылат. 

31. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоого жана алардын мөөнөтүн узартууга жол берилет. 

Мөөнөтүнөн мурда аяктоодо АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайрадан эсептеп чыгат. 

Мөөнөтүн узартууда АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо баштапкы валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда аяктоо жана жаңы валюталык своп-операциясына келишүү аркылуу, төмөнкү шарттарда ишке ашырылышы мүмкүн: 

- көлөмү баштапкы валюталык своп-операциясынын көлөмү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп жыйынтыкталган валюталык своп-операциясынын көлөмү ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш; 

- эгерде бир своп-операциясы алкагында кайталап мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо кайра ишке ашырылса, анын көлөмү мурунку мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталганда келишилген жаңы валюталык своп-операциясынын көлөмү жана жаңы мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталып жаткан валюталык своп-операциясынын көлөмүнүн айырмасына барабар болууга тийиш; 

- мөөнөтү мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталып жаткан күндөн тартып баштапкы валюталык своп-операциясы аякталган күнгө чейинки мөөнөткө барабар болууга тийиш; 

- алмашуу курсу баштапкы валюталык своп-операциясын жүзөгө ашырууда колдонулган алмашуу курсуна барабар болуусу зарыл; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер баштапкы валюталык своп-операциясында колдонулган пайыздык чендерге барабар болууга тийиш; 

Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоодо пайыздардын чегерилиши ушул Жобонун 26-пунктуна ылайык ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

32. Аукцион аркылуу ишке ашырылган валюталык своп-операциялар, аукционго экиге жетпеген катышуучу катышкан шартта, Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

33. Валюталык своп-операцияларын өткөрүү регламенти АТСтин иши жөнүндө жобо менен аныкталат. 

34. Валюталык своп-операцияларын эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби ушул Жобого жана АТСтин иши жөнүндө жобого ылайык белгиленет. 

4. Валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби 

35. Аукциондук негиздеги тике валюталык своп-операция: 

- Катышуучу валюталык своп-операциянын ар бир мөөнөттүүлүгү боюнча  

5 (бештен) ашпаган билдирме бере алат. 5 (бештен) көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт. 

- Билдирмелер лотторго бөлүнбөйт жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмгө барабар болууга тийиш. 

- Билдирмелердеги акча каражаттардын жалпы көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

- Валюталык своп-операцияга Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык ченден жогорку пайыздык чендер же ага барабар чендер менен билдирмелерге жол берилет. 

- Тике валюталык своп-операция учурунда, биринчи кезекте, эң жогорку пайыздык чендерди (Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча минималдуу пайыздык чендер жогору) сунуштаган Катышуучулардын билдирмелери канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу улуттук валютадагы эң чоң пайыздык ченди сунуштагандар боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын минималдуу пайыздык ченине чейин кемүү тартибинде жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

36. Аукциондук негиздеги кайтарым валюталык своп-операция: 

- Катышуучу валюталык своп-операциянын ар бир мөөнөттүүлүгү боюнча  

5 (бештен) ашпаган билдирме бере алат. 5 (бештен) көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт. 

- Билдирме лотторго бөлүнбөйт жана Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмгө барабар болууга тийиш. 

- Билдирмелердеги акча каражаттардын жалпы көлөмү Улуттук банк тарабынан жарыяланган көлөмдөн ашпоого тийиш. 

- Валюталык своп-операцияга Улуттук банк жарыялаган улуттук валюта боюнча максималдуу пайыздык ченден төмөн же ага барабар пайыздык чендер менен билдирмелерге жол берилет. 

- Кайтарым валюталык своп-операция учурунда биринчи кезекте, эң аз пайыздык чендерди (Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченден төмөн) сунуштаган Катышуучулардын билдирмелери канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу эң аз пайыздык ченди сунуштагандар боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын максималдуу пайыздык ченине чейин өсүү тартибинде жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

37. Катышуучулардын билдирмелеринде улуттук валютада сунушталган пайыздык чендер дал келип калган шартта, билдирмелер алардын салыштырма салмагына пропорционалдуу негизде канааттандырылат. 

38. Катышуучу АТСтеги жумуш ордунда айкын убакыт ыргагында валюталык своп-операциялары боюнча билдирмелеринин статусуна тиешелүү маалыматтарды ала алат. 

39. АТС валюталык своп-операциялары боюнча төлөмдөрдү жүргүзүп жана эсептерди аныктайт. 

39-1. Аукциондон тышкары тике жана кайтарым валюталык своп-операциялары Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/16 токтому менен бекитилген Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерине ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда келишилген бүтүм аркылуу ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

5. Катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери 

40. Катышуунун жана Улуттук банктын укуктары менен милдеттери ушул Жобого жана АТСтин иши жөнүндө жобого ылайык аныкталат. 

41. Катышуучу ушул Жободо көрсөтүлгөн валюталык своп-операцияларын жүргүзүүнүн шарттарына макул жана келишилген своп-операциялары бонча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартпоого милдеттенет. 

42. Катышуучу валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмесин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы учурунда: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операцияны ишке ашырган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операциясын аяктаган күнү, мөөнөтүнөн мурда аяктаган күнү же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу. 

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнүндө Улуттук валютадагы акча каражаттарынын жетиштүү суммасынын жоктугу; 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясын аяктаган күнү, мөөнөтүнөн мурда аяктаган күнү же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

43. Улуттук банк валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмелерин төмөнкү учурларда аткарбаган болуп саналат: 

Тике валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине тике валюталык своп-операциясын аяктаган күнү, мөөнөтүнөн мурда аяктаган күнү же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

Кайтарым валюталык своп-операциясы шартында: 

- чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун корреспонденттик эсебине кайтарым валюталык своп-операциясын аткаруу күнү чет өлкө валютасында толук эмес жана/же учурунан кечиктирип чегерүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

44. Эгерде Катышуучу валюталык своп-операциясын аткаруу/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп-операцияларынын баштапкы/ аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерүү аркылуу Улуттук банкка төлөп берет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

45. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын валюталык своп-операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшүшүнө жараша, бир жолку айыптык төлөмдү алып салууну жүзөгө ашырат. 

46. Эгерде, Улуттук банк валюталык своп-операциясын аткаруу/аяктоо/мөөнөтүнөн мурда аяктоо/мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо күнү өз милдеттенмелерин аткара албай калса, ал валюталык своп-операцияларынын баштапкы/аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен чегерүү аркылуу төлөп берет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

6. Корутунду жоболор 

47. Улуттук банк тарабынан валюталык своп-операцияларды ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, Келишим жана АТСтин иши жөнүндө жобо аркылуу жөнгө салынат. 

48. Валюталык своп-операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан  

валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби 

жөнүндө 2013-жылдын 28-мартындагы  

№ 10\13 Жобого 1-тиркеме 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катышуучунун 

______________________________ 

ортосундагы (коммерциялык банктын аталышы) валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө 

КЕЛИШИМ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 30-августундагы № 2017-П-09/39-7-(ДКП), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

Бишкек шаары 20__-жылдын «___» _____ № 

  

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын атынан ___________ негизинде иш алып баруучу бир тараптан жана ______________-_ негизинде иш алып барган мындан ары «Катышуучу» деп аталуучу __________ атынан ____________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар, Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын _____ № ____ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобо» (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын ___ № ___ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун негизинде (мындан ары Жобо), төмөнкүлөр тууралуу валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул Келишимди (мындан ары Келишим) түзүштү

1. Келишим предмети 

1.1. Улуттук банк менен Катышуучунун ортосунда валюталык своп-операцияларды жүргүзүү учурунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо ушул Келишимдин предмети болуп саналат. 

1.2. Ушул Келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Жободо көрсөтүлгөн аныктамаларга жана атоолорго окшош. 

1.3. Валюталык своп-операциялар боюнча эсептешүүлөр Улуттук банктагы Катышуучунун улуттук валютасындагы корреспонденттик эсеби боюнча жана АТСтеги ар бир чет өлкө валютанын түрүнө карата ачылган Катышуучунун катталган корреспонденттик эсеби боюнча, Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча жүзөгө ашырылат. 

2. Валюталык своп-операцияларын жүргүзүүнүн жалпы шарттары 

2.1. Валюталык своп-операцияларын ишке ашыруу үчүн Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн, операциялар ишке ашырылган күнгө карата белгиленген талаптарды аткарууга тийиш. 

2.2. Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн, валюталык своп-операцияларын ишке ашыруучу шарттары, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын интернет-сайтында жана/же АТСте маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу кулактандырылат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

2.3. Ишке ашырылган валюталык своп-операцияларынын натыйжалары Улуттук банк тарабынан Улуттук банктын интернет-сайтында статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жана/же АТСте жарыяланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

2.4. Кол коюлган Келишимдин жана тиешелүү негизде таризделген, АТС аркылуу берилген операцияга катышууга билдирменин болушу, валюталык своп-операцияга катышуу үчүн негиз болуп саналат. 

2.5. Катышуучунун билдирмеси Улуттук банк тарабынан жарыяланган валюталык своп-операцияларынын шарттарын канааттандырууга тийиш. 

2.6. Берилген билдирме Улуттук банк жарыялаган шарттарга Катышуучунун макулдугун түшүндүрөт. 

2.7. Улуттук банк жарыялаган шарттарга жооп бербеген билдирмелер АТСте четке кагылат. 

2.8. Катышуучу АТСке билдирмелерди кабыл алуу башталган жана аяктаган мезгил аралыгында билдирмеге өзгөртүү киргизүүгө же аны кайтарып алууга укуктуу. 

2.9. АТСте валюталык своп-операциялар боюнча билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, Катышуучулар башка билдирмелерди бере алышпайт/аларды өзгөртө алышпайт. Билдирмелер кайтарылып алынгыс катары эсептелинет. 

2.10. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат. 

2.11. Улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салуу Катышуучулардын корреспонденттик эсептери жана Улуттук банктын тиешелүү эсеби боюнча АТС аркылуу ишке ашырылат. 

2.12. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тиешелүү эсептерге чегерүү жана эсептен алып салуу, Катышуучулар жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылат. 

2.13. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого, мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоого жана мөөнөтүн узартууга жол берилет. 

2.13.1. Мөөнөтүнөн мурда аяктоодо АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайрадан эсептеп чыгат. 

2.13.2. Мөөнөтүн узартууда АТС аны эске алуу менен пайыздарды дароо кайра эсептеп чыгат. 

2.13.3. Валюталык своп-операцияларын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоо баштапкы валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда аяктоо жана жаңы валюталык своп-операциясына келишүү аркылуу, төмөнкү шарттарда ишке ашырылат: 

- көлөмү баштапкы валюталык своп-операциясынын көлөмү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталган валюталык своп-операциясынын көлөмү ортосунда келип чыккан айырмага барабар болууга тийиш;  

- мөөнөтү мөөнөтүнөн мурда бөлүп аякталган күндөн тартып баштапкы валюталык своп-операциясы аяктаган мөөнөткө барабар болуусу зарыл; 

- алмашуу курсу баштапкы валюталык своп-операциясын ишке ашырууга келишилген учурда колдонулган алмашуу курсуна барабар болууга тийиш; 

- улуттук жана чет өлкө валютасындагы пайыздык чендер баштапкы валюталык своп-операциясында колдонулган пайыздык чендерге барабар болууга тийиш; 

2.13.4. Валюталык своп-операциясын мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоодо пайыздардын чегерилиши Жобонун 26- пунктуна ылайык ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

2.14. Чет өлкө валютасындагы эсептешүүлөр Катышуучу тарабынан анын АТСте катталган чет өлкө валютасындагы бирдиктүү корреспонденттик эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2.15. Эгерде, валюталык своп-операциясын аткаруу күнү Кыргыз Республикасында жана банк-корреспонденттер жайгашкан өлкөдө жумуш эмес күнгө туура келип калса, анда валюталык своп-операциялары кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, валюталык своп-операцияларын аяктоо күнү которулбайт жана валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт. 

2.16. Эгерде, валюталык своп-операциясын аяктоо күнү Кыргыз Республикасында жана банк-корреспонденттер жайгашкан өлкөдө жумуш эмес күнү деп жарыяланса, анда валюталык своп-операциялары кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, валюталык своп-операциясынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт. 

2.17. Эгерде, валюталык эсептердин реквизиттери өзгөртүлгөн болсо, Катышуучу жана Улуттук банк валюталык своп-операциялар боюнча акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөнгө чейинки 2 (эки) жумуш күн мурда, каражаттарды тескөөгө ыйгарым укук чегерилген кызмат адамынын кол тамгасы менен бири-бирине тез арада кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү

3. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

3.1. Тараптар валюталык своп-операцияларын Жобого жана ушул Келишимге ылайык жүргүзүүгө укуктуу. 

3.2. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде баяндалган валюталык своп-операцияларын жүргүзүү шарттарына макул жана бири-биринин алдындагы өз милдеттенмелерин тааныйт. 

3.3. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде белгиленген валюталык своп-операцияларын жүргүзүү шарттарын так сактоого милдеттенет жана валюталык своп-операциялар боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартышпайт. 

3.4. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттенет: 

3.4.1. Ушул келишим шарттарын так сактап, билдирмелерди берүүдө бардык зарыл аракеттерди өз учурунда көрүп, келишилген валюталык своп-операциялары боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн корреспонденттик эсебинде акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын болушун камсыз кылууга милдеттүү

Тике валюталык своп-операция шартында: 

3.4.2. Тике валюталык своп-операциялары аткарылган күнү чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын билдирмеде белгиленгендей, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү

3.4.3. Тике валюталык своп-операциялары аяктаган күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсепте валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн тиешелүү суммадагы акча каражаттарына ээ болууга. 

- Тике валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда аяктаган же бөлүп аяктаган күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде валюталык своп-операциянын мөөнөтүнөн мурда аяктоочу же бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн тиешелүү суммадагы акча каражаттарына ээ болуусу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

3.4.4. Эгерде, тике валюталык своп-операциянын баштапкы бөлүгүнүн милдеттерин Улуттук Банк аткарып, Катышуучу аткарылбай калса, Улуттук банктын валюталык своп-операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү валюталык своп-операциянын улуттук валютадагы негизги сумманы жана тике валюталык своп-операциянын баштапкы бөлүгүнүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салууга укуктуу. Бир жолку айып Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептелип алып салынат. Бул учурда валюталык своп-операция ишке ашырылбаган катары эсептелет. 

3.4.5. Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук берилет: 

- эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, биринчи кезекте негизги суммасын, андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын алып салуу;  

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде тике валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен тике валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир айыптык төлөмдү жана чегерилген пайыздардын суммасын акцептсиз (талашсыз) негизде эсептеп алып салуу.  

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм чегерүүгө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

Кайтарым валюталык своп-операция шартында: 

3.4.6. Кайтарым валюталык своп-операциялары аткарылган күнү валюталык своп-операцияларын аткаруу үчүн, билдирменин шарттарына ылайык, корреспонденттик эсепте улуттук валютадагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасына ээ болууга; 

3.4.7. Кайтарым валюталык своп-операциялары аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын билдирменин шарттарына ылайык, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүгө

- Кайтарым валюталык своп-операциялары мөөнөтүнөн мурда аяктаган же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын мөөнөтүнөн мурда аяктоочу же мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын билдирменин шарттарына ылайык, Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүүгө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

3.4.8. Улуттук банктын валюталык своп-операцияларынын жүргүзүлүшүнө жооптуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук берилет: 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы улуттук валютадагы акча каражаты жок болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз тартипте эсептен алып салат. Валюталык своп-операция ишке ашырылбаган катары саналат жана Улуттук банк кайтарым валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегербей коюуга укуктуу; 

- эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшүшүнө жараша, бир жолку айыптык төлөм чегерүүнү жүргүзөт. 

эгерде, Катышуучу валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн жүзөгө ашырууда, өз милдеттенмесин аткара албай калган учурда, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн тиешелүү суммасынан, Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдүн жана пайыздык чегерүүлөр суммасын талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат; 

- эгерде, кайтарым валюталык своп-операциянын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүнүн милдеттерин Улуттук банк аткарып, Катышуучу аткаралбай калса, улуттук валютадагы негизги сумманы, чегерилген пайыздар суммасын жана кайтарым валюталык своп-операциянын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгү боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү талашсыз (акцептсиз) тартипте эсептен алып салат. Негизги сумманын жана бир жолку айыптык төлөмдүн өлчөмү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банк тарабынан ошол күнгө карата белгиленген расмий курс боюнча эсептелет; 

- эгерде, валюталык своп-операциянын негизги суммасы, эсептелген пайыздары менен бир жолку айыптык төлөмүн чегерүүгө мүмкүн болбосо, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттары түшүшүнө жараша, биринчи кезекте негизги суммасын эсептелген пайыздары менен кошо андан кийин бир жолку айыптык төлөмүнүн суммасын чегерүү жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

3.5. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттенет: 

3.5.1. Ушул Келишим шарттарын так сактап жана келишилген валюталык своп-операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн тиешелүү акча каражаттарынын суммасын камсыз кылууга милдеттүү

Тике валюталык своп-операция шартында: 

3.5.2. Тике валюталык своп-операциялары аяктаган күнү валюталык своп-операцияларынын аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

3.5.3. Көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк валюталык своп-операцияларынын баштапкы/аяктоочу/мөөнөтүнөн мурда аяктоочу/ мөөнөтүнөн мурда бөлүп аяктоочу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

Кайтарым валюталык своп-операция шартында: 

3.5.4. Кайтарым валюталык своп-операциялары аткарылган күнү валюталык своп-операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Катышуучунун чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебине чегерүү

3.5.5. Эгерде, көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк валюталык своп-операцияларынын баштапкы/жыйынтыктоочу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жалку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берет. 

3.6. Айыптык төлөмдү чегерүү жана эсептен алып салуу АТС аркылуу ишке ашырылат. 

4. Тараптардын жоопкерчиликтери 

4.1. Тараптар ушул Келишимге жана Жобого ылайык, валюталык своп-операциялары боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

4.2. Валюталык своп-операциялар боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, бир Тарап экинчи Тарапка валюталык своп-операцияларынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөйт. 

4.3. Катышуучулар АТСке улуттук валютадагы акча каражаттарын алардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептери боюнча чегерүү жана эсептен алып салууга укук берет. 

4.4. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тиешелүү эсептерге чегерүү жана эсептен алып салуу, Катышуучулар жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча ишке ашырылат. 

4.5. Улуттук банк Катышуучу тарабынан ушул Келишим жана Жобонун талаптарын бузууга жол берүүнүн кесепетинен ага келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

4.6. Улуттук банк жана Катышуучу ушул Келишим жана Жобонун талаптарына ылайык, валюталык своп-операцияларынын ишке ашырылышына байланыштуу, алардын жоопкерчиликтүү адамдары жана кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин тууралыгы, өз учурунда ишке ашырылгандыгы жана купуялуулугунун сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

4.7. Улуттук банк АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан шартта, валюталык своп-операцияларын токтотууга/алып салууга укуктуу. Эгерде, техникалык үзгүлтүк кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ болсо, Улуттук банк валюталык своп-операцияларын жүргүзүү убакыт аралыгын өзгөртүүгө жана жыйынтыгын жарыялоого укуктуу. 

5. Форс-мажор 

5.1. Эгерде, ушул келишим боюнча милдеттенмелер күтүүсүз жагдайлардан улам, мисалы: табигый жана техногендик кырсыктардан, бөөдө кырсыктардан, аскердик жаңжалдардан, элдик толкундоолордон, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан жана ушул милдеттенмелердин аткарылышына бөгөт койгон башка жагдайлардан улам, толук же жарым жартылай аткарылбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушат. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого жана алдын алууга болбогон мүнөзгө ээ болуу менен, ушул келишим түзүлгөндөн кийин тараптардын эркинен көз карандысыз келип чыгууга тийиш. 

5.2. Тараптар болжолдоого болбогон жагдайлар келип чыккан шартта, 2 (эки) жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Анда түптөлгөн жагдайдын мүнөзү, ошондой эле алардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга таасирине мүмкүн болушунча баа берүү жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү камтылууга тийиш. 

5.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, ушул Келишим боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, ошол жагдайларга шайкеш убакытка жылдырылышы мүмкүн. 

5.4. Эгерде, форс-мажордук жагдай жана анын кесепеттери 7 (жети) календардык күндөн көбүрөөк убакытка узарып кетсе, тараптар ушул келишимди аткаруунун жана тиешелүү макулдашууга жетишүүнүн алгылыктуу ыкмаларын аныктоо максатында, кыска мөөнөт ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

5.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы тараптардын ошол жагдайлар келип чыккан учурга карата ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан валюталык своп-операциялар боюнча милдеттенмелерден бошотпойт. 

5.6. Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттердин бузулушу, Катышуучуда зарыл акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт. 

5.7. Өзгөчө таасири этүүчү жагдайлардын орун алгандыгы тууралуу билдирбөө же өз учурунда билдирбей коюу, мындай жагдайларга таянуу укугун жоготууга алып келет. 

6. Талаш маселелерди чечүү 

6.1. Ушул Келишимдин Талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында, тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

6.2. Эгерде, сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишилбесе, Тараптар ортосундагы талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

7. Жана башка шарттар 

7.1. Ушул Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө ишке ашырылып, эки Тарап тең кол койгон шартта анык болуп саналат. 

7.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөрүнө өтөт. 

7.4. Келишим, Тараптардын ар бири үчүн мамлекеттик жана расмий тилде, бирдей юридикалык күчкө ээ 2 (эки) түп нускада түзүлгөн, Келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка 2 (эки) нускасы Катышуучуга берилет. 

 

8. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана токтотуу тартиби 

8.1. Келишим эки Тарап тең ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишимдин шарттары ал күчүнө кирген учурдан тартып, валюталык своп-операцияларына гана таркатылат. 

8.2. Улуттук банк менен келишилген бардык валюталык своп-операциялары ушул келишим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн учурда колдонулуп жаткан шарттарда ишке ашырылат. 

8.3. Келишим 1 (бир) календардык жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки 7 (жети) календардык күн мурда аны токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет. 

8.4. Тараптар бул келишимди 7 (жети) календардык күн мурда, бирок валюталык своп-операциялары боюнча эсептешүүлөр аяктаганга чейин экинчи тарапка алдын ала маалымдоо менен бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

8.5. Улуттук банк Катышуучуга алдын ала маалымдоосуз эле төмөнкү учурларда бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу: 

- Катышуучу ушул Келишимдин жана/же Жобонун шарттарын бузууга жол берсе; 

- Катышуучуга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор колдонулган болсо; банкка Улуттук банк тарабынан дайындалган Убактылуу администрация киргизилсе; 

- Катышуучунун улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарылып алынса; 

- Катышуучунун сот тарабынан банкрот деп таанылышы; 

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Катышуучунун иши токтотулса; 

- ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда. 

9. Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери 

  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

__________________________ 

(почта индекси, дареги) 

__________________________  

(кызматы)  

__________________________  

(Аты-жөнү)  

__________________________  

(кол тамгасы)  

Катышуучунун аталышы 

 

__________________________ 

(почта индекси, дареги) 

__________________________  

(кызматы)  

__________________________  

(Аты-жөнү)  

__________________________  

(кол тамгасы)