Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын  

«28» мартындагы № 10\17  

токтому менен бекитилген  

 

Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын экинчилик рынокто  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы  

аркылуу сатуу эрежелери  

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 30-августундагы №2017-П-09/39-7-(ДКП), 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык)  

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын экинчилик рыногунда баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары - АТС) аркылуу жүргүзүү тартибин аныктайт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан АТСтин иши аркылуу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарынын экинчилик рыногунун жигердүүлүгүн, эффективдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана ликвиддүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши тууралуу жободо белгиленген (мындан ары АТСтин иши тууралуу жобо) шарттар жана эрежелер ушул Эрежелерге таркатылат.  

1. Ушул Эрежелер экинчилик рынокто АТС аркылуу баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү келишүүдө Тоорук катышуучуларынын аракеттенүү тартибин жана принциптерин Тоорук катышуучуларын ак ниеттүү атаандаштык жана алардын тең укуктуулугун камсыз кылуу принциптерине жараша жөнгө салат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

1. Кыргыз Республикасынын ушул Эрежелердин 15-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктары АТСте өткөрүлгөн тооруктардын катышуучуларынан болуп саналышат. Улуттук Банк Башкармасынын чечими боюнча экинчилик рыноктогу АТС аркылуу тооруктарга башка финансылык институттарга да жол берилет. 

1. Тоорук катышуучусу АТС аркылуу баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн өз атынан өзүнүн эсебинен жана кардарлардын тапшыруусу боюнча өз эсебинен жүргүзө алат: 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ баалуу кагаздарды аутрайт шарттарында сатып алуу-сатуу; 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ баалуу кагаздарды репо шарттарында сатып алуу -сатуу. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

1. Тоорук катышуучуларына макулдашуу менен АТС аркылуу түзүлгөн бүтүм ал боюнча кат жүзүндөгү келишимге милдеттүү кол коюуну талап кылбайт, ал эми бүтүм боюнча милдеттенмелердин аткарылышы ушул Эрежелердин нормаларына ылайык жүргүзүлөт. Тоорук катышуучулары бүтүм боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн толук шарттарын жөнгө салган өзүнчө эки тараптуу келишимдерди түзө алат.  

1. АТС аркылуу бүтүмдөрдү келишүүдө тоорук катышуучусу ушул Эрежелердин нормаларына таянуусу зарыл.  

 

1. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР 

Ушул Эрежелердин төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн башка дагы максаттары үчүн АТСтин иши тууралуу жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат:  

1. Бүтүм келишилген күн АТСте бүтүмдөргө келишилген, тоорук күнү

1. Эсептешүүлөр аткарылган күн акча каражаттарын тиешелүү түрдө эсептен алып салуу/чегерүү аркылуу баалуу кагаздарды иш жүзүндө сатып алуу/сатуу жана аларга менчик укугу өткөн, тоорук күнү

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

1. Баалуу кагаздарды аутрайт шарттарында сатып алуу-сатуу бүтүмү (сатып алуу-сатуу бүтүмү) бул, баалуу кагаздарды сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда макулдашууга келишүү, мында бир тарап сатууга, экинчиси белгиленген баада жана белгиленген шарттарда баалуу кагаздарды сатып алууга макулдугун берет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

1. Баалуу кагаздарды репо шарттарында сатып алуу-сатуу бүтүмү (репо бүтүмү) баалуу кагаздарды келечекте белгиленген күнү (репо бүтүмү бүткөрүлгөн күн) жана мурдатан белгиленген баада кайрадан сатып алуу милдеттенмеси менен аларды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүү

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

1. Репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтү репо келишимдери бүткөрүлгөн күндү кошо алганда, репо бүтүмдөрү аткарылган күндөн кийинки күндөн берки календардык күндөрдө эсептелген убакыт аралыгы. 

 

1. ТООРУКТАРГА КАТЫШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ 

14. Тоорук катышуучуларынын баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу боюнча өз ара мамилелери тиешелүү эки тараптуу келишим менен жөнгө салынат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

15. АТСте баалуу кагаздардын тооруктарына катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн коммерциялык банк Улуттук банкка тиешелүү кат жөнөтүп жана төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ Улуттук банк тарабынан улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы болууга тийиш жана баалуу кагаздарды чыгарууга, сатып алууга, сатууга, тейлөөгө, ошондой эле депозитарий кызмат көрсөтүүсүн сунуштоого чектөөлөр болбошу зарыл; 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы №2017-П-09/39-7-(ДКП) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

§ Депозитарийде «депо» эсебинин болушу; 

§ Улуттук банкка Тоорук катышуучуларынын милдеттенмесин ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеге ылайык сунуштоо; 

§ Улуттук банкка АТСте бүтүмдөргө келишүүгө ыйгарым укук чегерилген Дилерлерге ишеним катты ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеге ылайык сунуштоо; 

§ АТСке кошуу үчүн зарыл болгон, техникалык талаптарга ылайык келүү

§ Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган процесстерге жана жол-жоболорго (Убактылуу администрация, банкты жоюу) тиешесинин жок болушу.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 токтомдун редакциясына ылайык) 

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө токтому боюнча баалуу кагаздар операцияларына Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган процесстерге жана жол-жоболорго тиешеси бар Катышуучулар катышуусу мүмкүн.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3, 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

16. Тоорук катышуучусунун милдеттенмеси жана Дилерлерге карата ишеним кат Тоорук катышуучусунун аткаруу органынын биринчи кол коюуга укугу бар жетекчиси кол кое алат.  

17. Дилерлерге ишеним кат Тоорук катышуучусу тарабынан ар бир жаңы календардык жылдын башталышына карата берилет жана ошол жылдык акырына чейин күчүндө болот. Дилерлердин курамы өзгөргөн шартта, Тоорук катышуучусу дилерге жаңы ишеним кат берүүгө тийиш.  

 

1. БҮТҮМДӨРГӨ КЕЛИШҮҮНҮН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ 

18. Баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү жана репо бүтүмдөрү боюнча тоорук сессияларынын регламенти, АТСтин иши тууралуу жобого ылайык белгиленет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

19. Баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү жана репо бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби, АТСтин иши тууралуу жобого ылайык белгиленет . 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

20. АТСте бүтүмдөргө келишүү үчүн жеткиликтүү болгон баалуу кагаздар, Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

21. Тоорук катышуучусу төмөнкү тоорук механизмдерин колдонуу менен АТСте бүтүмдөргө келишие алат:  

Ш сүйлөшүү модулу; 

Ш жашыруун тоорук модулу. 

22. Сүйлөшүү модулу бул тоорук механизми сатуучу менен сатып алуучунун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бүтүмдөргө келишүүнү камсыз кылат. Сүйлөшүү модулунда төмөнкү түрдөгү билдирмелерди берүүгө болот:  

§ «Сүйлөшүүлөр» - бүтүмдөрдүн шарттарын талкуулоону болжолдойт жана бүтүмдөрдүн эки Тоорук катышуучу тарабынан тең бекитилишин талап кылат. Билдирмени алгачкылардан болуп демилгелеген Катышуучу аны жыйынтыктап бекитет жана бүтүм келишилген болуп саналат; 

§ «Бүтүм» - билдирмени демлгелөөчүнүн көрсөтүлгөн шарттарда бүтүмгө келишүү ниетин чагылдырат жана анын шарттарын андан ары талкуулоону болжолдойт. Билдирмени демилгелөөчү тарабынан бүтүмдүн бекитилиши талап кылынбайт. Бул билдирмени канааттандырууга ниеттенген Тоорук катышуучусу менен «бүтүмгө келишүү» командасын тандоо менен бүтүмдү ишке ашырат. 

23. Жашыруун тоорук модулу бул соода механизми бүтүмдөрдүн жашыруун тоорук режиминде келишилишин камсыз кылат жана АТС «арзан сатып алуу, кымбат сатуу» принциби боюнча келип түшкөн билдирмелер автоматтык түрдө корутунду чыгарат. Билдирмелер дайыма жашыруун болот жана аны берген Тоорук катышуучусу тууралуу маалыматтарды камтыбайт. Эки Тоорук катышуучулары тарабынан тең бүтүмдүн бекитилиши талап кылынбайт.  

24. Баалуу кагаздадын бүтүм келишилген күнгө карата баасы АТС аркылуу автоматтык түрдө ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеге ылайык формула боюнча кайра эсептелинет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

25. Сүйлөшүү модулунда Тоорук катышуучулары бүтүм боюнча аткаруу күнүн тандап ала алышат. АТС аткаруу күнүн өтүп жаткан тоорук күнүнөн көбүрөөк же барабар тандоого мүмкүнчүлүк берет.  

26. Жашыруун тоорук модулунда Тоорук, бардык эсептешүүлөр өтүп жаткан тоорук күнүндө жүргүзүлөт.  

27. Тоорук катышуучусу АТСке берилген билдирмени ал боюнча бүтүм келишиле элек учурда гана өзгөртө жана/же жокко чыгара алат.  

 

5. БААЛУУ КАГАЗДАРДЫ САТЫП АЛУУ-САТУУ БҮТҮМДӨРҮНӨ КЕЛИШҮҮ ТАРТИБИ 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

28. АТСте баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишимдерине келишүү үчүн Тоорук катышуучусу билдирмени Сүйлөшүү модулу жана Жашыруун тоорук модулу аркылуу бере алат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

29. АТСте баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу келишимдерине келишүү үчүн Тоорук катышуучусуна төмөнкү маалыматтар зарыл болот: 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ баалуу кагаздар эмиссиясынын номери; 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ баалуу кагаздар субэсебинин түрү

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ билдирменин багыты (сатууга же сатып алууга); 

§ кирешелүүлүгү (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт жана баалуу кагаздардын баасын көрсөтүүдө автоматтык түрдө кайра саналат); 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ баалуу кагаздардын баасы (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт жана баалуу кагаздарын баасын көрсөтүүдө автоматтык түрдө кайра саналат); 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ номиналдык наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ айкын наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ эсептешүүлөр аткарылган күн. 

 

6. РЕПО БҮТҮМДӨРҮНӨ КЕЛИШҮҮ ТАРТИБИ 

30. АТСте репо бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусу билдирмени Сүйлөшүү модулу аркылуу гана бере алат. 

31. Репо бүтүмүнүн предмети болуп саналган баалуу кагаздарына менчик укугу өткөрүлүп берилет: 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ репо бүтүмүнүн баштапкы бөлүгү аткарылган шартта баштапкы сатуучудан баштапкы сатып алуучуга; 

§ репо бүтүмүнүн жыйынтыктоочу бөлүгү аткарылган шартта баштапкы сатуучудан баштапкы сатып алуучуга. 

32. Репо шарттарында сатылып алынган баалуу кагаздар, Тооруктун башка катышуучусуна да репо шарттарында сатылышы мүмкүн. Мында, жаңы репо бүтүмүн аяктаган күн мурдагы келишилген репо бүтүмдөрү аяктаган күндөн эрте болууга тийиш. Бул учурда, баалуу кагаздарын сатуучу сатып алуучуга бул баалуу кагаздар боюнча орун алган милдеттенмелер тууралуу кат жүзүндө билдирүүсү зарыл.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

33. Репо бүтүмдөрүнүн предмети болуп саналган баалуу кагаздар боюнча репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтү ичинде купондук төлөмдөр жүзөгө ашырылган болсо, анда аталган купондук төлөмдөр алар жүзөгө ашырылган күнгө карата баалуу кагаздарга ээлик кылуучуга жүргүзүлөт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

33. АТСте репо бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусуна төмөнкүлөр зарыл болот: 

§ баалуу кагаздар эмиссиясынын номери; 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ баалуу кагаздар субэсебинин түрү

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ билдирменин багыты (сатууга же сатып алууга); 

§ репо бүтүмдөрүнүн пайыздык чени (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт); 

§ репо бүтүмүнүн мөөнөтү (календардык күндөрдө көрсөтүлөт); 

§ баалуу кагаздардын саны; 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ баалуу кагаздардын баасы (үтүрдөн кийинки эки белгиден кийин так көрсөтүлөт жана автоматтык түрдө кайра саналат); 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ номиналдык наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ айкын наркы (автоматтык түрдө кайра саналат); 

§ эсептешүүлөр аткарылган күн; 

§ эсептешүүлөр бүткөрүлгөн күн (автоматтык түрдө кайра саналат). 

35. Репо бүтүмү бүткөрүлгөн күн, репо бүтүмү аткарылган күндөн азыраак же барабар боло албайт. 

36. АТС келишилген репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтүнө жараша, автоматтык түрдө пайыздарды эсептөөнү жүргүзөт. 

37. Репо бүтүмдөрү аяктаган күнү АТС, баалуу кагаздарын жана улуттук валютадагы акча каражаттарын төлөмгө каршы берүүлөрдүн негизинде автоматтык түрдө кайтарым которууну жүргүзөт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

38. Тоорук катышуучусу АТС репо бүтүмдөрүн автоматтык түрдө аяктоону ишке ашырган мезгил келип жеткенге чейин буга чейин келишилген репо бүтүмдөрүнүн төмөнкү шарттарын өзгөртө алат жана Тоорук катышуучуларынын эки тарабы тең бүтүмдү өзгөртүү шарттарын бекитүүнү талап кылат: 

§ мөөнөтүнөн мурда бүткөрүүнү

§ мөөнөтүн узартууну. 

39. Репо бүтүмдөрү мөөнөтүнөн мурда аяктаган учурда, АТС мөөнөтүнөн мурда аяктагандыгын эске алуу менен автоматтык түрдө пайыздарды кайра саноону жүргүзөт.  

40. Репо бүтүмдөрүнүн мөөнөтү узартылган шартта АТС мөөнөтү узартылгандыгын эске алуу менен, автоматтык түрдө пайыздарды кайра саноону жүргүзөт. 

41. Тоорук катышуучусу репо бүтүмү боюнча баалуу кагаздарды, алардын ошол репо бүтүмүндөгү бүтүндөй саны боюнча гана алмаштыра алат. Баалуу кагаздарды алмаштыруу операциясы Тоорук катышуучуларынын эки тарабынын тең тастыктоосун талап кылат. Мында, репо бүтүмдөрүнүн жыйынтыктоочу бөлүгүндөгү акча каражаттарынын суммасы өзгөрүлбөйт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

42. Аткаруу күнүүткөрүлгөн күн жумуш күнү эмес болуп жарыяланган учурларда, репо бүтүмдөрүн аткаруу кийинки күнү жүзөгө ашырылат. Мында, репо бүтүмдөрүнүн жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасын кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.  

 

7. БҮТҮМГӨ КЕЛИШҮҮ ПРИНЦИПТЕРИ 

43. Тоорук катышуучусу сунушталган билдирмелердин негизинде гана бүтүмдү түзөт. 

44. Тоорук катышуучусуна төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тыюу салынат: 

§ бааны манипуляциялоо максатында, сүйлөшүп алууга; 

§ рынокто алардын аракеттерин өзгөртүү максатында, башка Тоорук катышуучуларына тике же кыйыр түрдө кысым көрсөтүүгө

§ рыноктогу жагдайга кысым көрсөтүү максатында, башка Тоорук катышуучуларынын ортосунда жалган маалыматтарды таркатууга; 

§ Тоорук катышуучулардын дарегине нормага жатпаган, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонууга, бүтүм боюнча комментарийлерди берүүгө.  

45. Тоорук катышуучусу дилерлердин/ошол Тоорук катышуучусунун дилерлерди текшерүүчүсүнүн ортосунда түзүлгөн бүтүмдөрдүн тууралыгына жана купуялуулугуна толук кандуу жооп берет.  

46. Тоорук катышуучу тарабынан ушул Эрежелердин 44-пункту бузулган шартта, АТС администратору ага эскертүүчү билдирүүсүн жөнөтөт.  

47. Тоорук катышуучусунун ушул Эрежелердин 44-пунктунун талаптарын бир нече ирет бузууга жол берүүсү, тоорукка катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга негиз болуп саналат.  

48. Эгерде, Тоорук катышуучусу сунушталган билдирме боюнча бүтүмдү атайын эле түзбөй коюу менен АТСте бүтүмдөрдү түзүү процессине жолтоо болсо, анда кайсы болбосун башка Тоорук катышуучусу ал тууралуу билдирүү менен АТСте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу АТСтин администраторуна кайрылууга укугу бар. АТС администратору сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу тоорукту өткөрүүгө жолтоо кылып жаткан Катышуучуга бүтүмгө келишүү же билдирмесин алып салуу зарыл экендиги тууралуу эскертүүчү билдирүү жөнөтөт. Бул Тоорук катышуучусунун эскертүүчү билдирүүнүн талаптарын аткарбай коюусу, АТСтеги тоорукка анын катышуусун токтотуп коюу үчүн негиз болуп саналат. 

 

8. УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

49. Тоорук катышуучусунун жана Улуттук банктын укуктары жана милдеттери ушул Эрежелерге жана АТСтин иши тууралуу жобого ылайык аныкталат. 

50. Тоорук катышуучусу милдеттенмеге кол коюу менен бүтүмгө келишүүнүн ушул Эрежелерде берилген шарттарына макул экендигин билдирет жана келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартпоого милдеттенет. 

51. Тоорук катышуучусу, тиешелүү валюталоо күнүндө АТСтин төлөмгө каршы автоматтык берүүлөрдү жүзөгө ашыруусу үчүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде улуттук валютада тиешелүү суммада акча каражаттарынын жана «депо» эсебинде тиешелүү сандагы тиешелүү баалуу кагаздарын болушун камсыз кылуу боюнча зарыл аракеттерди өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттенет. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

52. Тоорук катышуучусу бир Катышуучу тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калгандыгы тууралуу билдирүү менен АТСтин Администраторуна кайрылууга укугу бар. Милдеттенмелердин аткарылбагандыгы тууралуу факт тастыкталган шартта, АТСтин Администратору өз милдеттерин аткарбаган Тоорук катышуучусуна АТСтеги тооруктарга катышуусун милдеттенмелерин толук аткарып бүтмөйүнчө токтотуп коюуга укуктуу.  

53. Төмөнкүлөр Тоорук катышуучусунун бүтүм боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган катары саналат: 

§ эсептешүүлөр жүргүзүлгөн тиешелүү күнгө карата Тоорук катышуучусунун «депо» эсебинде тиешелүү сандагы тиешелүү баалуу кагаздарын жоктугу; 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

§ эсептешүүлөр жүргүзүлгөн тиешелүү күнгө карата Тоорук катышуучусунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде улуттук валютада тиешелүү суммада акча каражаттарынын жеткиликтүү суммасынын жок болушу. 

 

9. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР  

54. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын экинчилик рыногунда АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүү тартиби ушул Эрежелерге жана АТСтин иши тууралуу Жобого ылайык жөнгө салынат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

55. Ушул Эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын экинчилик рыногунда АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан киргизилет. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

баалуу кагаздарын экинчилик 

рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Автоматташтырылган тоорук 

системасы аркылуу сатуу эрежелерине карата 1-тиркеме 

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\17  

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкасында басылып чыгарылат) 

 

 

 

Тоорук катышуучусунун милдетенмеси 

20__жылдын «___» ______________   

Ушул аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) ______________ негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын экинчилик рыногуна Улуттук банктын автоматтыштырылган тоорук системасы аркылуу катышууга ниетин тастыктайт жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын «___»________ №______токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын экинчилик рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу сатуу эрежелеринин» жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын «___»________ №______токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши тууралуу» жобонун талаптарын толук сактоого жана аткарууга милдеттенет.  

  (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

 

М.О  

Аты-жөнү, кызматы Колтамгасы  

  

 

Кыргыз Республикасынын  

баалуу кагаздарын экинчилик 

рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Автоматташтырылган тоорук 

системасы аркылуу сатуу эрежелерине карата 2-тиркеме 

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\17  

  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

 

Дилерлерге берилген ишеним кат 

  20__жылдын «___» ______________   

  

Бул ишеним кат аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) ___________негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын экинчилик рыногунда бүтүмдөрдү Улуттук банктын автоматтыштырылган тоорук системасы аркылуу жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга ыйгарым укук чегерет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

 

№  

Аты-жөнү  

АТСтеги ролу (дилер/дилерди текшерүүчүсү

Кызматы  

Колтамгасынын үлгүсү 

Жумуш боюнча электрондук почтасынын дареги 

Жумуш телефонунун номери 

1.  

2.  

3.  

…  

  

 

  

 

  

 

  

Бул ишеним кат кайра ишеним көрсөтүү укугусуз берилди жана 200_ жылдын 31-декабрына чейин же дилерлердин курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, аракети токтотулган учурга чейин күчүндө болот.  

  

М.О  

Аты-жөнү, кызматы Колтамгасы 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

баалуу кагаздарын экинчилик 

рынокто Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Автоматташтырылган тоорук 

системасы аркылуу сатуу эрежелерине карата 3-тиркеме 

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\17  

 

 (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык) 

 

 

АТСтин дисконттук баалуу кагаздарын баасын автоматтык түрдөө эсептөө формуласы: 

    

                          P  =  

Р   - баалуу кагаздардын баасы 

N баалуу кагаздардын номиналдык наркы 

r   - баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 

t   - бүтүм келишилген күнгө карата баалуу кагаздарды төлөөгө чейин калган мөөнөт 

Base эсептөө үчүн база. АТСте автоматтык түрдө - 360 күн 

АТСтин купондук баалуу кагаздарын баасын автоматтык түрдө эсептөө формуласы: 

Р   -  баалуу кагаздардын баасы 

N - баалуу кагаздардын номиналдык наркы 

- баалуу кагаздардын жылдык купондук чени 

- кирешелүүлүк 

жыл ичинде купондук төлөөлөрдүн саны 

Tv бүтүм келишилген күн 

n төлөөгө чейинки мезгилдердин (төлөөлөрдүн) саны 

Cn кийинки купонду төлөө күнү 

Base эсептөө үчүн база. АТСте автоматтык түрдө - 360 күн 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 25-октябрындагы №2017-П-09/45-9-(НПА) токтомдун редакциясына ылайык)