Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

2008-жылдын 2-октябрындагы 

N 556 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы N 738, 2015-жылдын 27-октябрындагы № 735 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

I. Жалпы жоболор 

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын (мындан ары МБК) Кыргыз Республикасынын аймагында чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартибин аныктайт. 

2. МБК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эмитенттелүүчү (мындан ары - Эмитент) карыздык милдеттенмелери болуп саналат. 

 

II. Бул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар 

3. Ушул Жобонун максаты жана аны түшүнүү үчүн төмөнкүдөй терминдер менен аныктамалар колдонулат: 

Аукцион - МБК тооругунун түрү, мында табыштамаларды канааттандыруу атаандаштык негизинде жүргүзүлөт; 

Мамлекеттик казына вексели (мындан ары - МКВ) - кыска мөөнөттүү, процентсиз (дисконттук) МБК; 

Мамлекеттик казына облигациясы (мындан ары - МКО) - узак мөөнөттүү МБК, проценттик кирешеси (купону) бар; 

Депозитарий - баалуу кагаздардын эсебин, сакталышын, МБКга менчик укугунун өтүшүн жана тастыкталышын каттоону, баалуу кагаздар ээлеринин реестрин жүргүзүүнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасындагы юридикалык жак; 

МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу - МБКны атаандаштыксыз сатуу; 

Атаандаш сатуу - көрсөтүлгөн (айтылган) баа боюнча алынган МБКны баасы менен санын көрсөтүп сатуу; 

Купон - МБКга кошуп эсептелүүчү проценттик киреше; 

Атаандашсыз сатуу - аукциондо келип чыккан орточо өлчөмдөгү баа боюнча МБКны сатуу; 

Эсептешүүлөр боюнча оператор - МБК менен бүтүмдөр боюнча акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасындагы юридикалык жак; 

Тоорукту уюштуруучу - МБКны жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу боюнча операцияларды жүргүзүүчү Кыргыз Республикасындагы юридикалык жак; 

Кайра сатып алуу - жүгүртүүдө турган МБКны Эмитент тарабынан сатып алуу боюнча операция; 

Кайра сатуу - жүгүртүүдө турган МБКны ээси тарабынан сатуу боюнча операция; 

Чыгаруунун параметри - МБКны чыгаруу жөнүндө маалымат: номери, күнү, чыгаруу көлөмү, тындыруу күнү жана МБКны мүнөздөгөн башка маалымат; 

МБКны тындыруу - МБКны кармоочунун эсебине тындырылуучу чыгарылыштын номиналдык наркын чегерүү

Купон боюнча төлөмдү тындыруу - МБКны кармоочунун эсебине купон боюнча төлөмдү чегерүү

Эмитенттин ыйгарым укуктуу адамы - Эмитенттин атынан чыгуучу жана расмий кат, ишеним кат же билдирүү менен бекитилген тийиштүү ыйгарым укукка ээ болгон адам; 

Эмитент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги. 

 

III. МБКны чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн жана тындыруунун жалпы шарттары 

4. МБКны чыгаруунун максаты Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин учурдагы тартыштыгын каржылоо жана төлөм мөөнөтү келип жеткен мамлекеттик карызды кайра каржылоо болуп саналат. 

5. МБКнын ар бир чыгарылышынын көлөмү тийиштүү жылга "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген чектик көлөмүнүн негизинде Эмитент тарабынан аныкталат. 

6. МБК мамлекеттик казына вексели (мындан ары - МКВ) жана мамлекеттик казына облигациясы (мындан ары - МКО) катары көрсөтүлүшү мүмкүн. 

7. МКВ 1 айдан 12 айга чейинки жүгүртүү мөөнөтүнө ээ, алардын жүгүртүү мөөнөтү күндөргө карата дайыма 7ге эселүү, мисалы, 28 күндөн баштап 1 айлык жана 364 күндөн 12 айлык болушу керек. 1 МКВнын номиналдык наркы 100 сомго барабар. 

МКВны чыгаруу документтик эмес түрдө жүргүзүлөт. 

8. МКО 1 жылдан ашык жүгүртүү мөөнөтүнө ээ. Бир МКОнун номиналдык наркын жана ар бир чыгарылыштын көрсөткүчүн МКОну чыгарган учурда Эмитент аныктайт. МКОну чыгаруу документтик жана документтик эмес түрлөрүндө жүргүзүлөт. Эмитент Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жана чет өлкөлүк валютада МКО чыгарууну ишке ашырууга укуктуу. 

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Эмитенттин, Тоорукту уюштуруучунун, Эсептешүүлөр боюнча оператордун жана Депозитарийдин ортосундагы мамилелер тиешелүү келишимдер менен жөнгө салынат. 

10. МБКны жайгаштыруу, жүгүртүү, эсептешүүлөрдү жүргүзүү, эсебин уюштуруу эрежеси Эмитент, Эсептешүүлөр боюнча оператор жана Депозитарий менен макулдашылган Тоорукту уюштуруучунун укуктук документтери менен аныкталат. 

11. Эмитент тарабынан Тоорукту уюштуруучунун, Депозитарийдин жана Эсептешүүлөр боюнча оператордун кызматын тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

12. МБКнын ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, МБК менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасашы мүмкүн. 

13. МБК менен операцияларга салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. 

14. Эмитент кийинки айга МБКны чыгаруунун пландалган көлөмү жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же эмитенттин расмий web-сайтында же тоорукту уюштуруучунун расмий web-сайтында ошол айдын 30унан кеч эмес мезгилде жарыялоону камсыз кылат. 

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы N 738 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

IV. МБКны чыгаруу 

15. МБКны чыгаруу Эмитент аныктаган мезгил боюнча жүргүзүлөт. Чыгаруу көрсөткүчтөрүн Эмитент аныктайт. Ар бир чыгарылыш тийиштүү документтер менен таризделет, алардын курамы менен түрү Эмитенттин буйругу менен аныкталат, Эмитенттин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан бекитилет жана кол коюлат. 

16. МБКны чыгаруу күнү Кыргыз Республикасында дем алыш же майрам күнгө туура келип калган учурда чыгарылыш кийинки жумушчу күнүндө жүргүзүлөт, мында МБКны тындыруу күнү да ошого ылайык жылдырылат. 

 

V. МБКны жайгаштыруу 

17. Биринчи рынокто МБКны жайгаштыруу аукционду өткөрүү аркылуу Тоорукту уюштуруучу тарабынан ишке ашырылат. 

18. Өткөрүлгөн аукциондо МБКнын жарыяланган чыгарылышы толук жайгаштырылбаса, Эмитент кийинки аукциондо жарыяланган чыгарылыштын көлөмүнүн жайгаштырылбай калган бөлүгүн кайталап сунуш кылууга укуктуу. 

19. Аукцион мезгилдүү жүргүзүлөт, ал Эмитент тарабынан аныкталат. Эгерде аукционду өткөрүү күнү дем алыш күнгө туура келсе, аукцион андан кийинки жумушчу күндө өткөрүлөт. Ошол жумушчу күн аукциондо кабыл алынган табыштамалар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү күнүнө дал келип калган учурда аукцион дем алыш күнүнө чейин жүргүзүлүүгө тийиш. 

20. Аукциондун жыйынтыгы Эмитент тарабынан бекитилет. Эмитент аукциондун жыйынтыгын төмөнкүдөй чекте бекитет: 

табыштамаларды максималдуу канааттандыруу МБКнын чыгарылышынын 25% жогорулашы менен чектелет; 

- табыштамаларды минималдуу канааттандыруу төмөнкүдөй чектерде камсыздалат: 

эгерде берилген табыштамалардын суммасы тең же жарыяланган эмиссиянын көлөмүнөн ашык болсо - табыштамаларды минималдуу канааттандыруу жарыяланган эмиссиянын 25%ын түзөт; 

эгерде берилген табыштамалардын суммасы жарыяланган эмиссиядан аз болсо - канааттандырылган табыштамалардын минималдуу көлөмү берилген табыштамалардын чегинде белгиленет. 

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Эмитент МКБны жайгаштыруудан баш тартууга төмөнкүдөй жагдайларда укуктуу (бир дагы табыштаманы канааттандырбайт): 

- аукционго үчтөн кем катышуучу келген учурда; 

- кабыл алынган табыштамалардын орточо өлчөнгөн кирешеси мурдагы аукциондо түзүлгөн орточо өлчөнгөн кирешеден 15% жогоруласа. 

22. Эмитент жарыяланган чыгарылыш көлөмүнөн ашыкча кошумча жайгаштырууну (аукциондон тышкары) жүргүзүшү мүмкүн. 

23. МБКны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууну жүргүзүүнүн тартиби Эмитент, Эсептешүүлөр боюнча оператор жана Депозитарий менен макулдашылган Тоорукту уюштуруучунун ченемдик документтери менен аныкталат. 

24. Эмитент МБКны жайгаштыруунун башка түрлөрүн да колдонуу укугуна ээ. 

 

VI. МБКны жүгүртүү 

25. МБКны жүгүртүү чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана аларды тындыруу күнүнөн бир күн мурда бүтөт. 

26. Эмитент МБКны кайра сатып алууну жана тийиштүү түрдө жүгүртүүдө турган МБКны Эмитент жарыялаган баалар жана көлөмдөр боюнча кайра сатууну сунуш кылышы мүмкүн. 

27. Эмитент тарабынан МБКны кайра сатып алуу эрежеси Эмитент, Эсептешүүлөр боюнча оператор жана Депозитарий менен макулдашылган Тоорукту уюштуруучунун укуктук документтери менен аныкталат. 

28. Экинчи рынокто МБК менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө аларды жумушчу күндөрүндө жүгүртүү маалында гана жол берилет. 

 

VII. МБКны тындыруу 

29. МБКны тындыруу жана купон боюнча төлөм жүргүзүү шарты Эмитент тарабынан МБКны чыгаруу учурунда аныкталат. 

30. Эгерде МБКны тындыруу жана/же купон боюнча төлөм жүргүзүү күнү жумушчу эмес күнгө туура келсе, тындыруу кийинки жумушчу күнү жүргүзүлөт, мында проценттердин суммасын кайра эсептөө жүргүзүлбөйт. 

31. МБКны тындыруунун жана купон боюнча төлөм жүргүзүүнүн эрежеси Эмитент, Эсептешүүлөр боюнча оператор жана Депозитарий менен макулдашылган Тоорукту уюштуруучунун ченемдик документтери менен аныкталат.