«Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында финансы-кредиттик уюмдардын кредиттери/каржылоосу боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык ченди эсептөө методикасы
1. Бул Методика «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин талабын аткаруу максатында, финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары – ФКУ) кредиттери/каржылоосу боюнча пайыздык чендердин/үстөк баалырдын жол берилген чектүү деңгээлин белгилөө үчүн кредиттер/каржылоо боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендерди эсептөө тартибин аныктайт.
2. Орточо салмактанып алынган пайыздык чендерди/үстөк бааларды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары – Улуттук банк) лицензия алышкан, иши ал тарабынан жөнгө салынган ФКУлар тарабынан (коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар) чейректин акырына карата абал боюнча улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттердин калдыгы боюнча айкын пайыздык чендерге тиешелүү отчеттук маалыматтар колдонулат.
3. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, пайыздык чендердин/үстөк баалардын чектүү жол берилген деңгээлинин өлчөмү, тиешелүү мезгил үчүн Улуттук банк тарабынан аныкталган, ФКУлардын орточо салмактанып алынган пайыздык чендерине 12 базистик пунктту (пайызды) кошуу аркылуу эсептелинет.
4. ФКУлардын кредиттери/каржылоосу боюнча пайыздык чендердин/үстөк баалардын чектүү жол берилген деңгээлин белгилөө үчүн орточо салмактанып алынган пайыздык чен жарым жылдык негизде эсептелинип, Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарым жылдык башталганга чейин бир ай мурда жарыяланат. Биринчи жарым жылдыкка орточо салмактанып алынган пайыздык чендер өткөн жылдын III-чейрегинин акырына карата алынган маалыматтар боюнча эсептелинип, 30-ноябрдан кечиктирилбестен жарыяланып, 1-январдан 30-июнга чейинки мезгил аралыгында колдонулат. Экинчи жарым жылдыкка орточо салмактанып алынган пайыздык чен өтүп жаткан жылдын I-чейрегинин акырына карата алынган маалыматтар боюнча эсептелинип, 31-майдан кечиктирилбестен жарыяланып, 1-июлдан 31-декабрга чейинки мезгил аралыгында колдонулат.
5. ФКУлардын кредиттери/каржылоосу боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен/үстөк баа отчеттук чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттердин/каржылоонун калдыгы боюнча ФКУлардын орточо салмактанып алынган пайыздык чендеринин көбөйтүндү суммасынын ФКУлардын отчеттук чейрекке карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин калдыгынын суммасына карата катышынын ФКУлардын улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин калдыгынын жалпы көлөмүнө карата катышы катары эсептелинет.
6. ФКУлардын кредиттери/каржылоосу боюнча пайыздык чендердин/үстөк баалардын чектөө жол берилген деңгээлин белгилөө үчүн орточо салмактанып алынган пайыздык чен төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
C = (Ck*Vk+Cm*Vm+Cu*Vu) / (Vk+Vm+Vu), мында
Ck – коммерциялык банктардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттер/каржылоо боюнча айкын орточо салмактанып алынган пайыздык чени;
Cm – микрофинансылык уюмдардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттер/каржылоо боюнча айкын орточо салмактанып алынган пайыздык чени
Cu – кредиттик союздардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредиттер/каржылоо боюнча айкын орточо салмактанып алынган пайыздык чени;
Vk – коммерциялык банктардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин көлөмү;
Vm – микрофинансылык уюмдардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин көлөмү;
Vu – кредиттик союздардын тиешелүү чейректин акырына карата улуттук жана чет өлкө валюталарындагы кредит портфелинин көлөмү.







