Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 13-мартындагы
№ 2019-П-07/10-2-(ДКП) токтому
Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу
(Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 18-декабрындагы № 2019-П-07/64-3-(ДКП),
2020-жылдын 30-мартындагы № 2020-П-07/18-2-(ДКП),
2021-жылдын 27-январындагы № 2021-П-07/4-5-(ДКП),
2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП),
2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2023-П-07/58-1-(ДКП),
2025-жылдын 8-октябрындагы № 2025-П-07/50-7-(ДКП)
токтомдорунун редакциясында)
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Банктар үчүн милдеттүү камдарды эсептөө базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин:
1) улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча – улуттук валютадагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,00 пайызы деңгээлинде;
2) армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча – армян драмы, белорусь рубли, казак тенгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,00 пайызы деңгээлинде;
3) ушул пункттун 2 пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча – ошол чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 15,00 пайызы деңгээлинде;
4) жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча милдеттенмелери боюнча, – ошол милдеттемелерди эсептөө базасында камтылган сумманын нөль пайызы деңгээлинде.
(Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2023-П-07/58-1-(ДКП) токтомунун редакциясында)
2. Милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн багытталган камдык активдердин төмөнкү курамы бекитилсин:
1) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттары;
2) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдери;
3) банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары.
(Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-январындагы № 2021-П-07/4-5-(ДКП) токтомунун редакциясында)
2-1. Милдеттүү камдык талаптарды сактоо үчүн камдык активдердин курамына камтылган активдердин төмөнкү өлчөмдөрү белгиленсин:
1) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттары үчүн – ушул пунктчада көрсөтүлгөн каражаттардын жалпы көлөмүнөн 100,00 пайыз деңгээлинде;
2) банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдери үчүн – ушул пунктчада көрсөтүлгөн активдердин жалпы көлөмүнөн 100,00 пайыз деңгээлинде;
3) банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктары үчүн – ушул пунктчада көрсөтүлгөн каражаттардын жалпы суммасынан 30,00 пайыз деңгээлинде.
(Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-январындагы № 2021-П-07/4-5-(ДКП), 2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП) токтомдорунун редакциясында)
2-2. Банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин сом түрүндөгү эквиваленти, отчетторду даярдоого чейинки мурунку күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан АКШ долларынын сомго карата белгиленген расмий кросс-курсу аркылуу эсептелген, баалуу Лондон металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан аныкталган акыркы фиксинг боюнча эсептелинсин.
(Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП) токтомунун редакциясында)
3. Тиешелүү мезгил аралыгына белгиленген милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли 70,00 пайызы өлчөмүндө белгиленсин.
(Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-мартындагы № 2020-П-07/18-2-(ДКП) токтомунун редакциясында)
3-1. Банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын, банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги алтын түрүндөгү активдеринин эсебинен милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли күндөлүк негизде аткарылсын.
(Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 9-июнундагы № 2021-П-07/31-1-(ДКП) токтомунун редакциясында)
4. Банктардын милдеттүү камдарды аткаруу үчүн компенсациялоо чени нөл пайыз деңгээлинде белгиленсин.
5. Милдеттүү камдык талаптар аткарбагандыгы үчүн банктарга Улуттук банктын базалык мезгил ичиндеги эсептик ченинин орточо үч эселенген өлчөмүндөайыптык төлөм белгиленсин.
6. Милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн банкка Улуттук банктын тиешелүү күнгө карата эсептик ченинин үч эселенген өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленсин.
7. Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн колдонулган милдеттенмелердин тизмеги (кошо тиркелет) бекитилсин.
8. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/2 «Милдеттүү резервдик (камдык) талаптарды сактагандыгы үчүн банктарга компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн кайра кароо тууралуу»;
- 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/3 «Милдеттүү резервдерди эсептөө үчүн колдонулган милдеттемелердин тизмегин бекиттүү тууралуу»;
- 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 «Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө»;
- 2014-жылдын 8-декабрындагы № 54/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 «Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»;
- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 «Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө»;
- 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07-45-4-(ДКП) «Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык толөм өлчөмү тууралуу».
9. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
10. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте бул токтом менен банктарды тааныштырсын.
11. Токтом 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
12. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнөжүктөлсүн.
Төрага Т. Абдыгулов
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 13-мартындагы
№ 2019-П-07/10-2-(ДКП)
токтомуна карата тиркеме
Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн банктардын милдеттенмелеринин тизмеги*
(Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 18-декабрындагы № 2019-П-07/64-3-(ДКП),
2025-жылдын 8-октябрындагы № 2025-П-07/50-7-(ДКП)
токтомдорунун редакциясында)
|
№ |
Милдеттенмелердин түрү |
Көрсөткүч коду |
Көрсөткүчтүн аталышы |
|
1 |
Эсептешүү эсептери |
211021 |
Банк-резидент эместердин корреспонденттик эсептери (лоро) |
|
212021 |
Башка финансы-кредит уюмдарынын эсептешүү эсептери |
||
|
212031 |
Башка финансылык уюмдардын эсептешүү эсептери |
||
|
212041 |
Коммерциялык уюмдардын эсептешүү эсептери |
||
|
212051 |
Коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептери |
||
|
212061 |
Жеке ишкерлердин эсептешүү эсептери |
||
|
212071 |
Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсептери |
||
|
212081 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсептери |
||
|
212111 |
Жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка өкмөттүк уюмдардын эсептешүү эсептери |
||
|
212121 |
Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин эсептешүү эсептери |
||
|
212131 |
Башка финансылык уюмдар-резидент эместердин эсептешүү эсептери |
||
|
212141 |
Коммерциялык уюм-резидент эместердин эсептешүү эсептери |
||
|
212151 |
Коммерциялык эмес уюм-резидент эместердин эсептешүү эсептери |
||
|
212161 |
Жеке ишкерлер-резидент эместердин эсептешүү эсептери |
||
|
2 |
Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер |
213021 |
Башка финансы-кредит уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
|
213031 |
Башка финансылык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213041 |
Коммерциялык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213051 |
Коммерциялык эмес уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213061 |
Жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213071 |
Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213081 |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213091 |
Банк-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213101 |
Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213111 |
Башка финансылык уюмдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213121 |
Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213131 |
Коммерциялык эмес уюмдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213141 |
Жеке ишкерлер-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
213151 |
Жеке адамдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери |
||
|
3 |
Мөөнөттүү депозиттер |
214021 |
Башка финансы-кредит уюмдарынын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
|
215021 |
Башка финансы-кредит уюмдарынын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216021 |
Башка финансы-кредит уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214031 |
Башка финансылык уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215031 |
Башка финансылык уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216031 |
Башка финансылык уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214041 |
Коммерциялык уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215041 |
Коммерциялык уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216041 |
Коммерциялык уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214051 |
Коммерциялык эмес уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215051 |
Коммерциялык эмес уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216051 |
Коммерциялык эмес уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214061 |
Жеке ишкерлердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215061 |
Жеке ишкерлердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216061 |
Жеке ишкерлердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214071 |
Жеке адамдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215071 |
Жеке адамдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216071 |
Жеке адамдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214091 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215081 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216091 |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214101 |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215091 |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216101 |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214121 |
Жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка өкмөттүк уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215111 |
Жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка өкмөттүк уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216121 |
Жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка өкмөттүк уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214131 |
Банк-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215131 |
Банк-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216131 |
Банк-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214141 |
Башка финансы-кредит уюмдары-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215141 |
Башка финансы-кредит уюмдардын төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216141 |
Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214151 |
Башка финансылык уюмдары-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215151 |
Башка финансылык уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216151 |
Башка финансылык уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214161 |
Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215161 |
Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216161 |
Коммерциялык уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214171 |
Коммерциялык эмес уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215171 |
Коммерциялык эмес уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216171 |
Коммерциялык эмес уюмдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214181 |
Жеке ишкерлер-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215181 |
Жеке ишкерлер-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216181 |
Жеке ишкерлер-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
214191 |
Жеке адамдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
215191 |
Жеке адамдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 1ден 3 жылга чейин мөөнөттүү депозиттери |
||
|
216191 |
Жеке адамдар-резидент эместердин төлөөгө чейинки мөөнөтү 3 жылдан жогору мөөнөттүү депозиттери |
||
|
4 |
Төлөнүүчү металл эсептер |
217021 |
Башка финансы-кредит уюмдарынын төлөнүүчү металл эсептери |
|
217031 |
Башка финансылык уюмдардын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217041 |
Коммерциялык уюмдардын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217051 |
Коммерциялык эмес уюмдардын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217061 |
Жеке ишкерлердин төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217071 |
Жеке адамдардын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217081 |
Резидент эмес банктардын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217091 |
Резидент эмес башка финансы-кредит уюмдарынын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217101 |
Резидент эмес башка финансылык уюмдарынын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217111 |
Резидент эмес коммерциялык уюмдардын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217121 |
Резидент эмес коммерциялык эмес уюмдардын төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217131 |
Резидент эмес жеке ишкерлердин төлөнүүчү металл эсептери |
||
|
217141 |
Резидент эмес жеке адамдардын төлөнүүчү металл эсептери |
*Эсептөө базасына кирүүчү милдеттенмелердин тизмегинде резидент банктардын депозиттери эске алынбайт.







