Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 

2002-жылдын 23-июлу N 123 

 

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ 

 

Аккредитивдер жөнүндө 

 

1-статья. Ушул Мыйзам жөнгө сала турган предметтер 

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында Эл аралык Соода паласы (Uniform Customs And Practice For Dokumentary credits, UCP, ICC publication No 500.) тарабынан даярдалган "Документардык аккредитивдер үчүн бир түргө келтирилген эрежелердин жана адаттардын" колдонулушун белгилейт. 

 

2-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр 

 

1. Аккредитив - бул келишим боюнча кардардын контрагентинин пайдасына анын тапшыруусу боюнча берилүүчү банктын шарттуу акчалай милдеттенмеси болуп саналат, ал боюнча аккредитив ачкан банк (эмитент-банк) берүүчүгө төлөмдөрдү жүргүзөт же аккредитивде каралган документтерди тапшырган жана аккредитивдин башка шарттары аткарылган учурда андай төлөмдөрдү жүргүзүүгө башка банкка ыйгарым укук берет. 

Макулдашылган учурларда аткаруучу банк тарабынан алуучуга төлөп берүү башка банк (ырастоочу банк) тарабынан гарантияланышы мүмкүн. Аткаруучу банк алуучуга ("алуучу" деп көрсөтүлгөн жакка) аккредитивге ылайык төлөмдөрдү жүргүзүүдө эмитент-банк аткаруучу банкка тиешелүү төлөмдөрдү (аткаруучу банкка сый акыны кошуп) жүргүзүү милдетин алат. Эгерде аткаруучу банк өз милдеттенмелерине ылайык төлөмдөрдү жүргүзбөсө, ырастоочу банк аткаруучу банкка талап кылынган жана ойдогудай жол-жоболоштурулган документтер берилген шартта алуучуга ("алуучу" деп көрсөтүлгөн жакка) төлөмдөрдү жүргүзүү милдеттенмесин алат. 

2. Эл аралык соода палатасынын эрежелери - (мындан ары ЭСП эрежелери) 1993-жылдагы же андан кийинки жылдардагы редакциясында Эл аралык соода палатасы тарабынан даярдалган "Документардык аккредитивдер үчүн бир түргө келтирилген эрежелер жана адаттар", ошондой эле ЭСП эрежелеринин жоболорун өзгөртүүчү ар кандай башка документтер, ал кийинчерээк Эл аралык соода палатасы (же анын укук мурастоочусу) тарабынан басылып чыгышы мүмкүн. 

 

3-статья. Колдонулуучу укук 

 

1. Аккредитив боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, ушул Мыйзам, анын негизинде жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. 

2. Аккредитивдин шартында аккредитив боюнча колдонула турган укукка шилтеме жок болгон учурда, ЭСП эрежелеринин жоболору пайдаланылат. ЭСП эрежелеринин орус тилине карата котормосуна байланыштуу пикир келишпестиктер келип чыкканда, түп нуска болуп саналган англис тилиндеги версия колдонулат. 

3. ЭСП эрежелеринин жоболору толугу менен же жарым-жартылай төмөнкү учурларда колдонулбайт: 

а) эгерде аккредитив ЭСП эрежелеринин жоболоруна толугу менен, ошондой эле анын айрым жоболоруна ылайык келбегенде; 

б) эгерде аккредитивдин шарты ЭСП эрежелеринин жоболоруна кандайдыр бир жагынан карама-каршы келсе. 

4. Кыргыз Республикасынын резидент-банкы тарабынан ачылган аккредитив, эгерде Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1198-статьясына ылайык аккредитивдин өзүндө ал башка мыйзамдар менен жөнгө салына тургандыгы айтылбаса, формасы жана мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын резидент-банкы кардардын тапшыруусу боюнча аккредитив ачкан учурда, аккредитив боюнча колдонула турган укуктарга карабастан, аткаруучу банк же аккредитивдик операцияларды жүргүзүүгө катышкан банк же алуучу (же алуучу тарабынан дайындалган жак), эгерде аккредитивдин аныктыгы, аны аткаруунун шарты же ар кандай башка маселелер боюнча кандайдыр бир талаш-тартыштар келип чыкса, орун алган соттук коргоо каражаттарына кошумча түрдө Кыргыз Республикасынын сот органдарына кайрылууга укуктуу. 

 

4-статья. Аккредитивдин формасы жана шарты 

 

1. Бардык аккредитивдерде "аккредитив" деген сөз камтылууга тийиш. Аккредитив ачылган учурда: 

- кыргыз жана орус тилдеринде "аккредитив" деген сөз колдонулууга тийиш; 

- англис тилинде "letter of credit" же "documentary credit" деген сөздөр колдонулууга тийиш; 

- башка чет тилдеринде мыйзамдар менен аныкталган тийиштүү терминология колдонулууга тийиш. 

Бир эле мезгилде аккредитив англис жана башка тилдерде ачылган учурда, англис тилиндеги аккредитив артыкчылыктуу күчкө ээ болот. 

2. Аккредитивдин кайсы тарабы болбосун (төлөөчү, эмитент-банк, аткаруучу банк, алуучу жана алуучу дайындаган кайсы жак болбосун) өз ара макулдашуу боюнча аккредитивдин шарттарын аныктап алышы мүмкүн. Тараптар аккредитивдин шарттарын толук аныктабаган учурда ЭСП эрежелеринде каралган шарттар колдонулат. 

3. Аккредитивди ачуу учурунда Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ченемдик актылары жана ЭСП эрежелери менен аныкталган аккредитивдин формасы жана шарты боюнча минималдуу талаптар сакталууга тийиш. 

 

5-статья. Аккредитив боюнча тараптардын милдеттенмелери 

 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аккредитивдерди берүү тийиштүү тараптардын ортосундагы укуктарды жана милдеттенмелерди түзөт, алар Кыргыз Республикасында сот тартибинде аткарылышы мүмкүн. 

Эмитент-банк аккредитив ачкандыгы үчүн гана аккредитив боюнча жоопкерчилик тартат, ырастоочу банк төлөмдү ырастап бергендиги үчүн гана аккредитив боюнча жоопкерчилик тартат. Бул банктардын жоопкерчиликтери аткаруучу банктын же аккредитивди алуучунун кандайдыр бир кабыл алуу же ырастоо формасын талап кылбайт. 

2. Бардык катышуучу банктар аккредитивге ылайык алуучу тапшырган документтер аккредитивде көрсөтүлгөн документтер болгон шартта төлөөнү жүзөгө ашырууга милдеттенме алышат, мындайда аккредитивдин бир да тарабы кандай гана тышкы факторлор болбосун, ага шилтеме жасап, (алуучунун товар берүү же конкреттүү сапаттын талабына жооп берген товарларды берүү милдеттенмесин кошуп алганда) төлөп берүүдөн баш тартууга укуксуз жана тараптардын бирөө да Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 782-788-статьяларына же ЭСП эрежелерине ылайык же аккредитивде көрсөтүлгөндөн тышкары аккредитив боюнча өз милдеттенмелеринен баш тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт. 

Мындай милдеттенмелер бузулганда, тараптар келишимге же мыйзамдарга ылайык милдеттенмелерден келип чыккан тийиштүү укуктарга ээ болот. 

 

6-статья. 

 

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев 

 

2002-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку 

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 

тарабынан кабыл алынган 

 

2002-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку 

Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны 

тарабынан жактырылган