КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2013-жылдын 19-октябры N 195 

Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө 

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179, 2015-жылдын 8-апрелиндеги N 74, 2015-жылдын 30-апрелиндеги N 91, 2015-жылдын 21-майындагы N 109, 2015-жылдын 28-майындагы N 122, 2016-жылдын 28-июнундагы N 91, 2017-жылдын 4-майындагы N 75, 2017-жылдын 10-майындагы N 79, 2017-жылдын 23-майындагы N 84, 2017-жылдын 2-августундагы N 167, 2018-жылдын 14-мартындагы N 29, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51, 2019-жылдын 18-июлундагы N 89, 2019-жылдын 31-декабрындагы N 150, 2020-жылдын 23-мартындагы N 29, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51, 2021-жылдын 18-июнундагы N 72, 2021-жылдын 27-октябрындагы N 124, 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 143, 2022-жылдын 21-январындагы N 11, 2022-жылдын 6-июнундагы N 42, 2022-жылдын 30-июнундагы N 51, 2022-жылдын 5-августундагы N 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

1-глава 

Жалпы жоболор 

1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары 

Иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.

2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү 

1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн, анын ичинде чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча (мындан ары - иш) лицензиялоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан аткаруу бийлик органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзам лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмегин белгилейт.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды жана уруксаттарды берүү менен байланыштуу жарандык-укуктук мамилелерге;

2) мамлекеттик каттоо тутумуна;

3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна;

4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ылайыктуулукту баалоо жаатына.

4. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ага карама-каршы келбеген бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

Лицензияларды берүү, токтотуп туруу, токтотуу (кайра чакырып алуу/жокко чыгаруу) тартибин кошуп алганда, банктардын, каржы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүктөрү, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө, төлөм, микрокаржылык иш жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө, виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка жактардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, өткөрүп берүү тартибин, ошондой эле лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алып коюу шарттарын кошуп алганда, жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.

Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялоо, радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруу тартиби, анын ичинде лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, ажыратуу тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо, лицензиялык жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын электр байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат. 

Оюн-зоок ишин лицензиялоонун тартиби, анын ичинде лицензияны берүү, токто туруу, токтотуу (кайра чакыртып алуу/жоюу), кайра жол-жоболоо тартиби, ошондой эле лицензиялоо шарттары, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү жумушка уруксаттарды жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга уруксаттарды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун, колдонулушун токтотуунун өзгөчөлүктөрү жана тартиби, ошондой эле уруксатты алуунун, төлөмдөрдү алууга контролду жүзөгө ашыруунун шарттары Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Жарандык авиация чөйрөсүндө уруксаттарды берүү, таануу, узартуу, колдонулушун токтотуп туруу жана жокко чыгаруу тартиби жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдары менен жөнгө салынат.

5. Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу-мамлекеттери тарабынан ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып кетүүгө, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179, 2015-жылдын 30-апрелиндеги N 91, 2016-жылдын 28-июнундагы N 91, 2017-жылдын 4-майындагы N 75, 2018-жылдын 14-мартындагы N 29, 2019-жылдын 18-июлундагы N 89, 2022-жылдын 21-январындагы N 11, 2022-жылдын 30-июнундагы N 51, 2022-жылдын 5-августундагы N 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

3-берене. Лицензиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 

Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана лицензиялоо чөйрөсүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан турат.

4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

арыз ээси - ушул Мыйзамга ылайык лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн лицензиялоочу органга кайрылган жеке же юридикалык жак;

лицензиялоо - лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп коюу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу менен байланышкан процесс;

лицензия - ушул Мыйзамга ылайык аларга карата мамлекеттик лицензиялоо киргизилген ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу документ;

лицензия берүүчү - ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган;

лицензия алуучу - лицензия жана (же) уруксат алган жеке же юридикалык жак;

лицензиялык контроль - иштин лицензиялануучу түрүнүн чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын лицензиялык талаптардын сакталышын текшерүү боюнча иши;

чектелген мамлекеттик ресурстар - мамлекетке таандык болгон ресурстар, анын ичинде айкын мүнөздөмөлөргө ээ, сан жагынан өлчөнүшү жана акчалай бааланышы мүмкүн болгон, чектелген же ордуна келбей турган жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери, радиожыштык спектри;

уруксат - иш процессинде айрым аракеттерди жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу, мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген кандай болбосун башка юридикалык жак) тарабынан берилүүчү документ;

лицензиялардын жана уруксаттардын реестри - кагаз жүзүндө жана электрондук форматта лицензиялоо жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрү боюнча лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтар базасы;

тобокелдик - адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке зыян келтирүүчү, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирүүчү жагымсыз окуянын келип чыгуу ыктымалдыгы;

(Абзац КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

электрондук лицензия жана (же) уруксат - кагаз жүзүндөгү лицензияга жана (же) уруксатка мааниси бирдей, маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жол-жоболоштурулуучу жана берилүүчү электрондук документ формасындагы лицензия жана (же) уруксат.

лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри - электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн бөлүгү болуп саналган лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган маалыматтар базасы.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

5-берене. Лицензиялоонун принциптери 

1. Лицензиялоону киргизүүнүн принциптери:

1) лицензиялоону киргизүүнүн далилдүүлүгү;

2) лицензия же уруксат берилүүчү бирдиктүү ажырагыс процесске кирген аракеттин айрым түрлөрүнө же операцияларга лицензияларды же уруксаттарды берүүгө тыюу салуу.

2. Лицензиялоонун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындуулугу;

2) менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензия жана (же) уруксат берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;

3) ушул Мыйзамда аныкталган иштин түрлөрүн гана лицензиялоо;

4) лицензия берүүчүлөргө ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоого тийиш болгон ишке байланыштуу кошумча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө тыюу салуу;

5) эгер башкасы далилденбесе жана документтер менен негизделбесе, лицензия берүүчүнүн ак ниеттүүлүгүн таануу;

6) рынокто монополизмдин күчөшүн же лицензиялоодо ишкердик иштин эркиндигин чектөөнү болтурбоо;

7) эл аралык келишимдерге ылайык келген шарттарда башка мамлекеттерден алынган же бир тараптуу тартипте таанылган Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган лицензияларды жана (же) уруксаттарды таануу;

8) ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларды албаганда, кабыл алынган техникалык регламенттин жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген иштин түрүн лицензиялоо техникалык регламент күчүнө кирген учурдан тартып жокко чыгарылат;

9) лицензиялануучу иштин белгилүү бир түрүнүн жарандык жоопкерчилигинин милдеттүү камсыздандыруусун киргизүүдө лицензияны жокко чыгаруу;

10) ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык лицензиялоонун натыйжалуулугун мезгилдүү (ар бир беш жылда) баалоо;

11) лицензиялык контролду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашыруу. Лицензия берүүчүлөргө лицензиялык контролдоону (мониторингди) лицензия алуучунун каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырууга тыюу салуу;

12) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (жеңил таксилерден тышкары) жана эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча иштерди албаганда, лицензия алуучу менен эмгек келишиминин негизинде иштеген жеке жактар үчүн өз алдынча лицензия алууга талаптардын жол берилбестиги.

6-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктоонун критерийлери 

1. Лицензиялоо төмөнкү учурларда киргизилет:

1) эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде ишти мамлекеттик жөнгө салуунун башка ыкмалары, бул ишти жүзөгө ашырууда адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүү тобокелдигин төмөндөтпөй тургандыгы далилденсе;

2) чектелген мамлекеттик ресурстарды сарамжал башкаруу үчүн.

2. Лицензиялык жөнгө салууну киргизүү зарылчылыгынын негизделиши ушул беренеде аныкталган критерийлер менен түздөн-түз байланышта болууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

7-берене. Лицензиялоону киргизүүнүн тартиби 

1. Иштин айрым түрлөрүнө лицензиялоону киргизүү, же алып салуу ушул Мыйзамда каралган лицензиялоо киргизилген иштин түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен гана мүмкүн.

2. Иштин айрым түрлөрү үчүн лицензиялоону киргизүү ушул Мыйзамдын 5 жана 6-беренелеринде каралган принциптердин жана критерийлердин негизинде гана мүмкүн.

3. Эл аралык милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу иштин түрлөрүн албаганда, иштин белгилүү бир түрлөрүнө лицензиялоону киргизүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуу таасири Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык милдеттүү талданууга жатат.

8-берене. Жалпы лицензиялык талаптар 

1. Лицензиялык талаптардын баяндалышы алардын мазмунунун бир түрдүү түшүнүүсүн камсыз кылышы керек. Талаптарды түшүнүүдөгү бардык күмөндөр лицензия алуучунун пайдасына чечмеленет.

2. Лицензиялык талаптарга экспорттук контролдоо боюнча талаптардан тышкары, иштин тийиштүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жөнүндө жалпы талаптар бүтүндөй киргизилбейт.

3. Иштин лицензиялануучу түрлөрү боюнча лицензиялык талаптардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2015-жылдын 21-майындагы N 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

9-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын типтери 

Лицензиялар жана уруксаттар төмөнкү белгилер боюнча айырмаланат:

1) колдонуу убактысы боюнча:

а) мөөнөтсүз - колдонуу мөөнөтү чектөөсүз берилүүчү;

б) убактылуу - белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу жана тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу лицензияларына карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 33-35-пункттарында каралган лицензияларга жана 17-беренесинин 2, 12-14, 26, 27-1, 29 жана 31-пункттарында каралган уруксаттарга карата, ошондой эле атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата гана берилет.

2) колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча:

а) колдонулушу Кыргыз Республикасынын бардык аймагына, ошондой эле эл аралык келишимдердин негизинде республиканын чегинен тышкары жайылтылат;

б) колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагы менен чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана, атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензияларга карата, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 12, 35 жана 36-пункттарында каралган лицензияларга карата киргизилген.

3) ээликтен ажыратуу боюнча:

а) ээликтен ажыратылбагандар:

б) ээликтен ажыратылгандар (чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу лицензияларына гана карата киргизилет).

4) формасы боюнча:

а) кагаз жүзүндө жол-жоболоштурулган лицензия;

б) электрондук лицензия - электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулган лицензия.

5) иштин көлөмү жана укуктардын жыйындысы боюнча (товарларды экспорттоодо жана импорттоодо):

а) башкы лицензиялар;

б) бир жолку лицензиялар;

в) өзгөчө лицензиялар.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179, 2015-жылдын 21-майындагы N 109, 2017-жылдын 4-майындагы N 75, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

10-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу 

1. Ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды башка жакка берүүгө тыюу салынат.

2. Ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жүзөгө ашырылышы үчүн лицензиясы жана (же) уруксаты бар иш Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу башка мамлекеттердин аймактарына жайылтылат, ал эми башка өлкөлөрдүн аймагында берилген лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын аймагына жайылтылат.

Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасы бир тараптуу тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонууну таанышы мүмкүн. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал лицензия алуучунун арызы боюнча узартылышы мүмкүн.

11-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын мазмуну 

1. Лицензияда жана (же) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) лицензиялоочу органдын аталышы;

2) юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде бар болгон учурда) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруучулук-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;

3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазманын каттоо номери;

4) иштин лицензиялануучу түрү;

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү (эгер белгиленген болсо);

6) ишти жүзөгө ашыруу аймагы (эгерде аймак чектелген болсо);

7) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;

8) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.

2. Лицензия жана (же) уруксат лицензия берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен формада, кагаз жүзүндө жана электрондук форматта жол-жоболоштурулат.

3. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартуу жөнүндө, лицензияны жана (же) уруксатты кайрадан жол-жоболоштуруу, токтотуп коюу, кайра жаңыртуу же колдонууну токтотуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн актылары жана башка документтер арыз ээсинин же лицензия алуучунун лицензиялык ишин түзөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте лицензия берүүчү тарабынан сакталууга тийиш.

12-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри 

1. Лицензиялардын жана уруксаттардын автоматташтырылган (электрондук) бирдиктүү реестри (мындан ары - реестр) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын бар экендигин жана алардын укуктук статусун ырастоочу жалгыз булак болуп саналат.

2. Лицензиялар жана уруксаттар реестрге киргизилет. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Реестр төмөнкүлөрдү камтыйт:

- куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан берилген лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында берилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген бардык лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды;

- маалыматтык бөлүктү.

4. Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин;

2) юридикалык жактын толук жана (эгерде бар болсо) кыскартылган аталышын, анын ичинде фирмалык аталышын жана уюштуруу-укуктук формасын, юридикалык дарегин;

3) жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын жашаган жерин, анын ким экендигин тастыктоочу документтин маалыматтарын, жеке ишкерлер үчүн - жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номерин;

4) иштин лицензиялануучу түрүн;

5) ишти жүзөгө ашыруу аймагы жөнүндө маалыматтарды (эгерде аймактык жактан чектелген болсо);

6) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүн;

7) лицензия жана (же) уруксат берилген датаны жана каттоо номерин;

8) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизин жана мөөнөтүн;

9) лицензияны жана (же) уруксатты токтотуунун негизин жана датасын.

5. Маалыматтык бөлүк төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү лицензиялардын жана уруксаттардын тизмегин;

2) лицензияны жана уруксатты алуу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тизмегин жана ченемдик укуктук актыларга шилтемелерди;

3) лицензияларды жана уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;

4) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыз ээлерине карата талаптарды;

5) лицензияларды жана уруксаттарды алууга арыздарды берүү жана кароо жол-жоболорунун сыпаттамасын;

6) лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу үчүн негиздерди;

7) лицензиялоочу органдардын чечимдерин даттануу жол-жоболорунун сыпаттамасын;

8) лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү, даттанууларды кароону жүзөгө ашыруучу органдардын, анын ичинде региондук бөлүмдөрдүн аталышын, жайгашкан жерин жана иштөө режимин;

9) мамлекеттик алымды төлөө өлчөмүн жана тартибин;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.

Маалыматтык бөлүктү түзгөн маалыматтардын аныктыгы лицензиялоону жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан камсыз кылынат.

6. Эгерде "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача белгиленбесе, лицензиялардын жана уруксаттардын реестринде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-берене. Лицензиялоо жөнүндө маалыматтардын ачыктыгы 

Лицензия берүүчүлөрдүн расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүк үчүн төмөнкүлөр жайгаштырылат:

1) лицензиялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тексттери;

2) лицензияларды жана уруксаттарды берүү, кайра жол-жоболоштуруу, токтотуу жөнүндө арыздардын формалары;

3) лицензия алуу арызына тиркеле турган документтердин тизмеси жөнүндө, арыздарды кароо мөөнөттөрү, арыздарды кароону аткаруучулар (фамилиясы, аты, атасынын аты, иш телефону, электрондук дареги), лицензиялоочу органдын иш убактысы жана анын аймактык бөлүмдөрү тууралуу жетишээрлик маалыматтар;

4) лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери.

14-берене. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү лицензиялоонун субъекттери 

1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:

1) лицензия берүүчү;

2) лицензия алуучу (менчигинин түрүнө карабастан жеке же юридикалык жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак).

2. Лицензиялар жана (же) уруксаттар лицензия берүүчүнүн борбордук органдары же аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилиши мүмкүн.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

2-глава 

Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү 

15-берене. Лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрү 

Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш:

1) электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү албаганда);

2) жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын кандай болбосун булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү албаганда);

3) өсүмдүктүн чийки затынан биоэтанолду өндүрүштүк көлөмдө өндүрүүнү жана аны сатууну албаганда, мунайды жана жаратылыш газын кайра иштетүү;

4) жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу;

5) этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү;

6) алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу);

7) жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык иш (жеке медициналык мекемелерде же болбосо жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген медицина кызматкерлеринин ишин албаганда);

8) фармацевттик иш;

9) ветеринардык дары-дармек каражаттарын өндүрүү (даярдоо) жана сатуу;

10) патогендиктин II тобундагы микроорганизмдер менен иштөө;

11) электр байланышы жаатындагы иш (ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо); 

12) почта байланышы жаатындагы иш;

13) маалыматтарды берүү жаатындагы иш (буга ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтары кирбейт);

13-1) Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыштын түзүлмөлөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлмөлөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттөө жаатындагы иш;

14) (КР 2017-жылдын 4-майындагы N 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

15) шаар куруу, турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулуштардын (I, II, III категориядагы объекттердин) долбоордук-изилдөө иштери;

16) жеке турак үйлөрдү (I, II, III категориядагы объекттерди) куруудан тышкары курулуш-куроо иштери;

17) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (жеңил таксилерди албаганда);

18) автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулар;

19) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

20) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

21) суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу;

22) ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык банктык операцияларды жүргүзүү;

23) кредиттик союздардын иши;

24) микрокаржылык компаниялардын иши;

25) күрөөканалардын иши;

26) чет өлкөлүк накталай валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;

26-1) кредиттик бюронун иши;

26-2) турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши;

27) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

28) бул процессингдик, клирингдик борбордун төлөм тутумунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча каржылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүү жана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;

29) (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги N 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

30) кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча иш;

30-1) оюн-зоок иши;

31) радиоактивдүү материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын, ошондой эле уулуу жана радиоактивдүү заттардын өндүрүш калдыктарын ташуу (анын ичинде трансчекаралык), сактоо, пайдалануу, көмүү;

32) аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу (курал-жарак, аскердик техника, аскердик-техникалык мүлк, документтер, интеллектуалдык иштин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик багыттагы продукцияларга кирген аскердик-техника жаатындагы маалыматтар) жана аскердик багыттагы кызмат көрсөтүүлөр (курал-жарактарды, аскердик техниканы оңдоо, модернизациялоо, утилизациялоо, ошондой эле аларды ташуу, берүү жана сактоо боюнча иштер);

33) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды өндүрүү, колдонуу, жок кылуу;

34) жарылуучу заттарды жана буюмдарды (анын ичинде пиротехникалык) сатуу;

35) куралдарды жана ок-дарыларды жасап чыгаруу, оңдоо, сатуу;

36) баңги заттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгаруу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, берүү, сатуу, сатып алуу, пайдалануу, соода жүргүзүү жана бөлүштүрүү;

37) адвокаттык иш;

38) жеке нотариалдык иш;

39) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтомо менен камсыздандыруу;

40) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу өзүн ыктыярдуу камсыздандыруу;

41) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу;

42) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу;

43) камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;

44) кайра камсыздандыруучу уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга кирүүчүлөр;

45) мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун иши;

46) баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруу;

47) баалуу кагаздар рыногундагы брокердик иш;

48) баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү;

49) баалуу кагаздардын рыногундагы депозитардык иш;

50) баалуу кагаздар рыногундагы дилердик иш;

51) инвестициялык фонддун иши;

52) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу;

53) (КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 143 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

54) банкроттук процессинин жол-жоболорун жүзөгө ашыруучу администраторлордун иши;

55) өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, куроо, жөндөө жана оңдоо; жыгач конструкцияларды жана күйө турган театралдык экспозициялык жабдууларды оттон коргоо;

56) билим берүү иши (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан башка);

57) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү куралдардын жана аскер техникасынын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импорту, экспорту;

58) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү, Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукциясынын улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын импорту, экспорту, реэкспорту;

59) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

60) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

61) бир тараптуу тартипте убактылуу лицензиялоо киргизилген товарлардын импорту, экспорту;

62) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн иши.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179, 2015-жылдын 8-апрелиндеги N 74, 2015-жылдын 28-майындагы N 122, 2016-жылдын 28-июнундагы N 91, 2017-жылдын 4-майындагы N 75, 2017-жылдын 10-майындагы N 79, 2017-жылдын 23-майындагы N 84, 2017-жылдын 2-августундагы N 167, 2019-жылдын 18-июлундагы N 89, 2021-жылдын 18-июнундагы N 72, 2021-жылдын 27-октябрындагы N 124, 2021-жылдын 29-ноябрындагы N 143, 2022-жылдын 21-январындагы N 11, 2022-жылдын 6-июнундагы N 42, 2022-жылдын 30-июнундагы N 51, 2022-жылдын 5-августундагы N 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

16-берене. Лицензцияланууга тийиш болгон чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча иштин түрлөрү 

Иштин төмөнкү түрлөрү лицензияланууга тийиш.

1) радиожыштык спектрин пайдалануу (өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана (же) юридикалык жактарды кошпогондо); 

2) токой фондуна караштуу жерлерде дарактын сөңгөктөрүн алып салуу (жыгач кыюу билети, жыгачты аз-аздан кое берүү ордери);

3) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коммерциялык максаттарда алып салуу (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып салууга уруксат алуу жана токой билети);

4) уулуу материалдардын жана заттардын, анын ичинде радиоактивдүү заттардын калдыктарын утилизациялоо, сактоо, көмүү, жок кылуу;

5) жер казынасын пайдалануу укугуна байланыштуу иш (геологиялык-издөө иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугу, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жер казынасын пайдалануу укугу, пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштеп чыгуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугу, жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну, геологиялык картага түшүрүүнү жана региондук геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөрдү, пайдалуу кендерди иштеп чыгууга байланышпаган жер астындагы курулмаларды курууну жана эксплуатациялоону, коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, полеонтологиялык коллекцияларды жыйноону, декоративдик максаттар үчүн таш материалын жыйноону жана кооздук таштары жана курулуш материалдары катарында пайдаланууну, ошондой эле жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштеп чыгуу менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугун кошуп алганда);

6) жарылып кете турган кооптуу аралашманы (баллондорду кысылган жана суюк абалга айландырылган газдар менен толтуруу станциялары) пайда кылууга жарамдуу заттарды алуу, пайдалануу, кайра иштетүү, түзүү, сактоо, жок кылуу;

7) таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу.

(КР 2015-жылдын 21-майындагы N 109, 2017-жылдын 4-майындагы N 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

17-берене. Иш процессинде аракеттердин түрлөрүнө карата уруксаттардын тизмеги 

Уруксаттарды алууну талап кылган колдонуунун түрлөрү:

1) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 

2) жардыруу иштерин жүргүзүү укугу;

3) тоо жумуштарын жүргүзүү;

4) аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн руданын жана тоо-тектердин үлгүлөрүн, концентраттарды, өндүрүш калдыктарын жана лабораториялык үлгүлөрдү Кыргыз Республикасына ташып келүү жана анын чегинен ташып чыгаруу;

5) жылмаланган алтынды жана алтын камтыган аралашманы caтып алуу;

6) өсүмдүктөрдөн жасалуучу карантин коюлган товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү;

7) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 

8) Кыргыз Республикасынын аймагында жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жалпы квотанын негизинде берилүүчү жумушка уруксат;

9) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу;

10) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал-жарактын жана аскердик техниканын транзити;

11) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду ташып келүү, ташып чыгаруу, транзиттөө;

12) жарандык жана кызматтык куралдарды жана аларга ок-дарыларды сатып алуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, коллекциялоо, көргөзмөгө коюу;

13) таасири күчтүү уулуу заттарды сатып алуу жана сатуу;

14) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген атайын каражаттарды сатып алуу, сатуу, сактоо, ташуу, алып жүрүү, ташып келүү, ташып чыгаруу;

15) балыктарды илимий максаттар үчүн контролдук кармоону жүргүзүү;

16) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 

17) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); 

18) айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыруу;

19) булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө агызып чыгаруу;

20) булгоонун стационардык булактары менен булгоочу заттарды атмосферага чыгаруу;

21) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

22) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

23) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

24) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

25) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

26) кооптуу жүктөрдү ташуу; радиоактивдүү материалдарды жана заттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү, ташып чыгуу жана ташуу;

27) өнөр жай багытындагы жарылуучу материалдарды сактоо укугу;

27-1) пиротехникалык буюмдарды сактоо укугу;

28) Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды ташып келүү;

29) жарылуучу материалдарды сатып алуу укугу;

30) (КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

31) радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштыктарды ыйгаруу;

32) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролундагы жүктөрдү (товарларды) Кыргыз Республикасына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгаруу;

33) мамлекеттик ветеринардык көзөмөл контролундагы жүктөргө (товарларга) карата транзиттик өлкөлөргө уруксат суратуу жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзити;

34) контролдонуучу продукцияга идентификация жүргүзүү укугу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү контролдонуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилген товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити, ошондой эле товарларды республиканын ичинде өткөрүп берүү;

35) Маалыматтарды жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу, сатып алуу, сактоо, ташуу;

36) (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту). 

37) аналогдук берүүдө жана (же) санариптик берүү пакетинде колдонуудагы технологияларга карабастан теле-, радиоканалын жайгаштыруу;

38) мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүү;

39) аба кемелерин жер үстүндө тейлөө;

40) атайын учууну аткаруу;

41) борттук радиостанцияларды колдонуу.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179, 2015-жылдын 21-майындагы N 109, 2017-жылдын 4-майындагы N 75, 2017-жылдын 10-майындагы N 79, 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 51, 2021-жылдын 18-июнундагы N 72, 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

3-глава 

Лицензиялоо жүргүзүүнүн тартиби 

18-берене. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн зарыл документтер 

1. Лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн арыз ээси тийиштүү лицензия берүүчүгө төмөнкүлөрдү көрсөтөт же маалыматтык технологиялар аркылуу жөнөтөт:

1) белгиленген формадагы арызды;

2) жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн;

3) юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;

4) арызды кароо жана лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастаган документтин көчүрмөсүн;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо каралган документтердин көчүрмөлөрүн.

1-1. Лицензия берүүчү компетенттүү мамлекеттик органдардан лицензияларды жана уруксаттарды берүү үчүн зарыл болгон документтерди ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу сурайт. Мындай учурда арыз ээсинен документтерди кагаз жүзүндө берүү талап кылынбайт.

2. Арыз ээси лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн маалыматтык технологиялар аркылуу кайрылган учурда, арыз ээси лицензия берүүчүнүн сайтында же Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде белгиленген тартипте Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында белгиленген формадагы арызды толтурат. Бул учурда, арыз ээси арызды жана электрондук форматта берилген документтердин тизмегин кабыл алуу датасын көрсөтүү менен документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастоону алат.

3. Арыз ээси лицензия берүүчүгө электрондук лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө бул тууралуу арызда көрсөтүү менен кайрыла алат.

4. Лицензия берүүчү тарабынан ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди аларга каршы келбеген бөлүгүндө көрсөтүүнү арыз ээсинен талап кылууга тыюу салынат.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

19-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө мамлекеттик алым 

1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык бир жолку мамлекеттик алым алынат. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык мамлекеттик алым алынат.

2. Арыз ээлеринен жана лицензия алуучулардан ушул Мыйзамда каралбаган башка мамлекеттик алымдарды алууга тыюу салынат.

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

20-берене. Арыздарды кароонун жана лицензия жана (же) уруксат берүүнүн мөөнөттөрү 

1. Лицензия берүүчү Кыргыз Республикасына чектеш өлкөлөр менен эл аралык макулдашууну талап кылуучу радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензия берүүчү учурларды албаганда, бардык зарыл документтер менен арызды берген күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Лицензия жана (же) уруксат берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүүчүнүн тийиштүү актысы менен жол-жоболоштурулат.

3. Лицензиялоочу орган лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.

Лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу кабар арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).

4. Берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар жөнүндө маалыматтар лицензия берүүчү тарабынан лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү жөнүндө тийиштүү чечимдин негизинде реестрге киргизилүүгө тийиш. Лицензия жана (же) уруксат ал жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып расмий берилген болуп эсептелет. Лицензия берүүчү лицензия берген күнү лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө маалыматты реестрге киргизет.

5. Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 36-пункту жана 17-беренесинин 11-пункту менен каралган лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, эгерде лицензия берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия жана (же) уруксат берилди деп эсептелинет. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө милдеттүү.

6. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууну же лицензиянын жана (же) уруксаттын өзүн албаган учурда, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде лицензия берүүчүгө өзү билдирген иштин түрүн жүзөгө ашырууну баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы N 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

21-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуу 

1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) субъекттердин бул категориясы үчүн иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашырууга мыйзамда каралган тыюу салуу болсо;

2) арыз ээсине иштин ушул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;

3) арыз ээси тарабынан так эмес же толук эмес маалымат берилсе;

4) эгерде арыз ээси берген документтер ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

5) лицензияны жана (же) уруксатты кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнбөшү.

2. Лицензия берүүчү баш тартуунун толук негиздерин баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартуу берүү укугуна ээ.

3. Ушул берененин биринчи бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жокко чыгарылган учурда, арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөтү кайрадан кароого арыз берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.

Арыз берүүчүнүн мурда каралган документтери боюнча баш тартууга жол берилбейт.

4. Ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.

5. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартылган учурда лицензия берүүчү лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө лицензия жана (же) уруксат алуучуга кабарлоого милдеттүү.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

22-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартууга жана негизсиз баш тартуунун айынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууга даттануу 

1. Арыз ээси лицензия берүүчүнүн лицензия жана (же) уруксат берүүдөн баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

2. Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуудан жана лицензия алуучунун укуктарын бузуудан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

23-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу 

1. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) юридикалык жакты кайра уюштуруу;

2) юридикалык жактын аталышынын өзгөрүүсү;

3) жеке жактын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүүсү;

4) лицензиянын ээликтен ажыратылышы;

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтүнүн узартылышы;

6) юридикалык жакты кайра түзүмдөштүрүү.

2. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгондо лицензия алуучу арыз менен кайрылууга милдеттүү.

3. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтерди тиркөө, кайра жол-жоболоштуруунун негиздерин жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз лицензия берүүчүгө лицензия алуучу тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып он беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен берилет.

4. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу лицензия берүүчү тарабынан тийиштүү арыз кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштурууда лицензия берүүчү реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

5. Эгерде лицензия убактылуу болсо кайра жол-жоболоштурулган лицензиянын мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпашы керек.

(КР 2019-жылдын 31-декабрындагы N 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

24-берене. Лицензия жана (же) уруксат берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү 

1. Лицензия алуучу ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган лицензияны жана (же) уруксатты кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналбаган, лицензияны жана (же) уруксатты берүү жөнүндө арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын бардык өзгөрүүлөрү тууралуу лицензия берүүчүгө кабарлоого милдеттүү.

2. Кабарлоо өзгөрүүлөр пайда болгондон кийин көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен (текшерүү үчүн алардын түп нускаларын берүү менен) бирге он жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө берилет.

3. Лицензия берүүчү кабарлоо келип түшкөн датадан тартып үч жумушчу күндүн ичинде реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

25-берене. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу 

1. Убактылуу лицензияны колдонуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

2. Убактылуу лицензияларды узартуунун негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо, ал эми атайын жөнгө салуу режимдеринин алкагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензияларга карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

3. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуудан баш тартылганда лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

(КР 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

26-берене. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүү 

1. Лицензияны жана (же) уруксатты жоготкондо, бузуп алганда лицензия алуучу лицензия берүүчүгө жөнөтүлүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Лицензияны жана (же) уруксатты бузуп алган учурда арызга лицензиянын жана (же) уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет.

2. Лицензиянын жана (же) уруксаттын жоголгон, бузулган бланкалары лицензия алуучу тарабынан арыз берилген күндөн тартып жараксыз деп эсептелет.

3. Лицензия берүүчү арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жогорку оң жагындагы бурчунда "Дубликат" деген жазуусу бар лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берет.

4. Лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөн баш тартуусу тууралуу лицензия берүүчүнүн чечимине лицензия алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

27-берене. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу 

1. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу лицензияларды өз ара таануу тартибинде, эл аралык макулдашуулардын негизинде лицензияларды автоматтуу түрдө таануу тартибинде, ошондой эле бир тараптуу тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан иштин айрым түрлөрүнө берилген лицензиялар лицензиялоонун кошумча жол-жоболорун жүргүзүүсүз жана улуттук лицензия берүүсүз (банк чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды албаганда) лицензия берүүчү тарабынан бул тууралуу маалыматтарды реестрге киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жарактуу деп таанылат.

3. Чет мамлекетте берилген лицензиялар бул лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү лицензиялардын тизмегине кирген шартта бир тараптуу тартипте таанылат.

Чет мамлекеттердин лицензия берүүчүлөрү тарабынан берилген, лицензиялык талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга окшош же жогору болгон лицензиялар гана Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегине киргизилет. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегинде лицензиялардын жана бул лицензияларды берген мамлекеттердин аталыштары камтылууга тийиш.

Чет мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны бир тараптуу таануу ушул беренеде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Лицензияны таануу жол-жобосу берилген лицензиялардын жана документтердин аныктыгын текшерүү жана лицензияны таануу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүү жол-жобосуна негизделет.

5. Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонууну Кыргыз Республикасынын аймагында таануу жөнүндө маалыматтардын реестрине киргизүү үчүн лицензия алуучу төмөнкү документтерди берүү менен лицензияны таануу жөнүндө арыз менен тийиштүү лицензия берүүчүгө кайрылат:

1) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан берилген лицензиянын түп нускасын жана көчүрмөсүн;

2) субъекттин ишинин мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди (келип чыккан өлкөдөгү мамлекеттик каттоо).

Көрсөтүлгөн документтер мамлекеттик жана расмий тилдеги котормосу менен чет өлкөлүк расмий документтерди консулдук легалдаштыруу талаптарына ылайык күбөлөндүрүлүүгө тийиш же апостиль коюлушу керек.

6. Лицензия берүүчү берилген документтерди текшерүүнү беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун таануу жөнүндө маалыматты реестрге киpгизет.

7. Эгерде чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелген учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган лицензияны колдонуу чет мамлекет тарабынан берилген лицензияны колдонуу мөөнөтүнө жараша чектелүүгө жатат.

8. Анын лицензиясы белгиленген тартипте таанылган лицензия алуучу тарабынан жөнгө салынууга жаткан иштин тийиштүү түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптар бузулган учурда, лицензия берүүчү ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлгөн лицензияны Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун өз чечими менен токтото турушу же болбосо алар боюнча лицензия алуучу лицензиянын колдонулушун токтото турган себептер белгиленбеген учурда лицензия берүүчүнүн кайрылуусунун негизинде сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн.

9. Лицензия алуучу таанылган лицензияны колдонулушун токтотуп коюу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-глава 

Лицензиялык контроль 

28-берене. Лицензиялык контроль 

1. Лицензиялык контроль тийиштүү лицензия берүүчү тарабынан лицензия алуучунун ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо белгиленген лицензиялык талаптарды сактоосун текшерүү максатында жүргүзүлөт. Лицензиялык контроль жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Лицензиялык контроль лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.

3. Лицензиялык текшерүүлөр төмөнкүлөргө бөлүнөт:

1) лицензияга чейинки текшерүүлөр - лицензиялануучу иштин билдирилген түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон адистердин, жайлардын, транспорттун, жабдуулардын жана документтердин бар экендиги жагынан арыз ээси лицензия алганга чейин лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү иликтөө;

2) лицензиядан кийинки текшерүүлөр - пландуу текшерүүлөр, лицензия алуучунун лицензиялык талаптарды сактоосу боюнча лицензияларды колдонуу мезгилинде лицензия берүүчү тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөр;

3) пландан тышкары текшерүүлөр - лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардан арыздар келип түшкөндө жана (же) лицензияланууга тийиш иштин түрлөрү боюнча лицензия албастан жеке жана (же) юридикалык жак иш жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар келип түшкөндө лицензия берүүчүлөр жүргүзүүчү иликтөөлөр жана текшерүүлөр. Мурдагы лицензиялык контролдун жыйынтыктары боюнча лицензиялык талаптарды бузууларды аныктоо жана жоюу жагынан пландан тышкаркы лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу.

4. Лицензия алуучуну пландуу лицензиялык текшерүү белгиленген тартипте иштелип чыккан жана лицензиялоочу органдын буйругу менен бекитилүүчү пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдагы планына ылайык жүргүзүлөт.

Лицензиялык контролдоо формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү лицензиялык текшерүү баракчасын лицензия берүүчү милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.

5. Арыз ээсинин лицензиялык талаптарга шайкештигин иликтөө, ошондой эле лицензия алуучу лицензиялык талаптарды аткарышын текшерүү, лицензия алуучу мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюшун текшерүү, лицензия алуучунун өзүнө карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арызы боюнча текшерүү, ошондой эле лицензия алуучу лицензиялык талаптардын бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастоочу документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызы боюнча текшерүү лицензиялык текшерүүнүн предмети болуп саналат.

6. Лицензия алуучуну пландан тышкаркы текшерүү төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:

1) лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жоюу жөнүндө лицензиялоочу органдын мурда берген тиешелүү актыны лицензия алуучу аткара турган мөөнөттүн аякташы;

2) лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтарды ырастаган документтерди жана материалдарды тиркөө менен лицензия алуучу лицензиялык талаптарды бузгандыгы жөнүндө жарандардан, анын ичинде жеке ишкерлерден, юридикалык жактардан кайрылуулардын, арыздардын, мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан маалыматтардын лицензиялоочу органга түшүүсү;

3) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык лицензияны колдонуу токтотулуп турган мөөнөттүн аякташы;

4) лицензия алуучунун лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын мөөнөтүнөн мурда жоюу фактысын белгилөө максатында лицензиялоочу орган тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмөнүн болушу.

7. Лицензиялоочу орган ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензия алуучуга алдын ала кабарлоо жибербестен пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.

8. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензия берүүчү лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат:

1) эскертүү;

2) айып;

3) лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу;

4) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү.

9. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.

10. Лицензиялык талаптарды экинчи жолу бузгандыгы үчүн лицензия берүүчү айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.

11. Айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

29-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу 

1. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну төмөнкүдөй учурда токтотуп турат:

1) лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде үч жолу бузулганда;

2) лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды лицензия алуучу бузгандыгы белгиленген мөөнөттө жоюлбаганда;

3) лицензия алуучу маалыматтары анык эмес документтерди бергендигинин фактылары аныкталганда;

4) лицензия алуучу адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнү болтурбоочу лицензиялык талаптарды бузганда.

Лицензиялык талаптардын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган учурларда лицензияларды жана (же) уруксаттарды колдонуу бузуунун себептери жоюлганга чейин токтотулуп турат.

Лицензия алуучу ушул бөлүктүн 1-4-пункттарында каралган бузууларды токсон календардык күндүн ичинде жоюуга милдеттүү.

2. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды ал жойгондугу жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

3. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгилге узартылбайт.

4. Эгерде лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, лицензия жана (же) уруксат ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган тартипте жокко чыгарылат.

5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

30-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо 

1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар жоюлган шартта лицензия жана (же) уруксатты колдонуу токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же болбосо лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда, лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулган белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин лицензия берүүчү тарабынан кайра жаңыланат.

2. Табылган лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда лицензия алуучу бул жөнүндө лицензия берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.

3. Лицензия берүүчү табылган бузуулардын жоюлушуна лицензиялык текшерүүнү лицензия алуучунун бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө же болбосо беш жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзөт жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча лицензия алуучуга лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоо, же болбосо тийиштүү негиздеме менен аны кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө жиберет жана тийиштүү маалыматтарды реестрге киргизет.

4. Лицензияны же (жана) уруксатты колдонуу бул тууралуу маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып кайра жаңыланган болуп эсептелет.

5. Лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө лицензия берүүчүнүн чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

5-глава 

Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу 

31-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу 

1. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) лицензия алуучу лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө арызы менен кайрылганда;

2) лицензия алуучунун иши токтотулганда;

3) юридикалык жак жоюлганда;

4) жеке жак белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылганда же ал каза болгондо;

5) лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

6) иштин айрым түрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен алып салынганда;

7) аларды жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жүргүзгөндө;

8) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.

2. Лицензиялоочу органдын лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечими лицензия алуучуга ал кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет.

3. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу лицензиялоочу орган лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып, же болбосо лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

32-берене. Лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу 

Лицензия берүүчү лицензияны колдонууну токтотуп койгон себептер жоюлбаган учурда лицензия берүүчүнүн арызын кароонун негизинде соттун чечими менен лицензия жана (же) уруксат жокко чыгарылат.

6-глава 

Корутунду жана өтмө жоболор 

33-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5-берененин 2-бөлүгүнүн 11-пункту 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

(КР 2022-жылдын 21-январындагы N 11 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 3-мартындагы N 12 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 3, 126-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-февралындагы N 13 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 3, 74-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 24-апрелиндеги N 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 8, 249-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-июлундагы N 87 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 12, 496-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 12-сентябрындагы N 121 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 3, 83-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясын чечмелөө тууралу" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 3-декабрындагы N 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 3, 100-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын 7-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 4, 171-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 18-январындагы N 13 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 11, 687-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-июнундагы N 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., N 6, 183-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы N 36 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 4, 189-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы N 41 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 4, 192-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 10-мартындагы N 59 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 5, 225-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы N 95 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 9, 355-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы N 165 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 11, 506-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 24-декабрындагы N 239 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 3, 134-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы N 129 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 1, 8-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы N 21 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 1, 23-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги N 45 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 4, 348-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги N 62 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 4, 344-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-апрелиндеги N 73 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 4, 355-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы N 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 569-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 12-июнундагы N 118 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 582-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы N 126 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 6/2, 590-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-октябрындагы N 232 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 8, 924-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 241 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 9, 1014-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы N 258 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 768-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы N 270 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 9, 857-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-октябрындагы N 161 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., N 9, 1261-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы N 242 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 11, 1682-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 6-октябрындагы N 169 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 9, 2861-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамынын 19-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 9, 2862-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-октябрындагы N 171 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 9, 2863-ст.);

- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы N 182 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., N 10, 2981-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы N 156 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин Too" газетасы, 2013-жылдын 2-августу, N 65).

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

3) ушул Мыйзамдан келип чыккан каржылык, уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.

4. Ушул Мыйзамды Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү менен ушул Мыйзамда каралбаган иштин түрлөрүн, аракеттерди, операцияларды лицензиялык жөнгө салуу жокко чыгарылат.

5. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиялар өзүнүн юридикалык күчүн сактайт.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Атамбаев 

  

  

  

2013-жылдын 3-октябрында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган