Көңүл буруңуздар! 

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет 

(Ушул Мыйзам “Эркин Тоо” газетанын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 санында расмий жарыяланган) 


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2016-жылдын 16-декабры № 207 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө 


1-берене. 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонууга киргизилсин.

2-берене. 

1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору бул Мыйзам күчүнө киргизилгенден кийин келип чыккан банктык укук мамилелерине жайылтылат.

2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан банктык укук мамилелери боюнча Мыйзам ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.

3-берене. 

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдары менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануунун жол-жоболору "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине айландырылат, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратор статусун алат.

3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюунун (банкрот кылуунун) жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Сот жана жоюучу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жетекчиликке алат.

4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамдын 84-беренесинин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Иштеп жаткан банктар (банктардын филиалдарын - резидент эместерди кошуп алганда) үчүн минималдуу уставдык капиталды түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин:

2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом;

2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом;

2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн. сом.

Ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарына ылайык 600 млн. сомго чейинки минималдуу уставдык капиталды түзгөнгө чейин коммерциялык банктардын акционерлерине (катышуучуларына) дивиденддерди төлөп берүүгө жол берилбейт.

Жаңыдан түзүлүүчү банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет.

4-берене. 

Улуттук банктын уставдык капиталын 2 (эки) миллиард сомго чейин көбөйтүү Улуттук банктын милдеттүү резервдеринин эсебинен жүзөгө ашырылсын.

5-берене. 

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.; 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 35-статьянын 3-пунктунда "мыйзам тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 38-статьяда "көрсөтүүчүнүн банктык аманат китепчеси," деген сөздөр алып салынсын;

3) 49-статьяда:

а) биринчи бөлүктө "жана проценттерин" деген сөздөр ", проценттерин же болбосо башка төлөмүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи бөлүктө "талап кылуучу же өздүк болушу мүмкүн" деген сөздөр "өздүк болуп саналат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 99-статьянын 1-пунктунун төртүнчү абзацында экинчи сүйлөм алып салынсын;

5) 726-статьяда:

а) берененин аталышында "проценттер" деген сөздөн кийин "же болбосо башка төлөмдөр" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-пунктта:

биринчи сүйлөм "процент" деген сөздөн кийин "же болбосо башка төлөм" деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи сүйлөм алып салынсын;

в) 2-пунктта:

"эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн элүү эсе ашпаган суммага" деген сөздөр алып салынсын;

"процентсиз" деген сөздөн мурда "карыздын суммасы төлөнбөстөн" деген сөздөр менен толукталсын;

г) үчүнчү бөлүк "процент" деген сөздөн кийин "же башка төлөм" деген сөздөр менен толукталсын;

д) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 727-статьянын 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында "процентке берилген" деген сөздөр "процентти кошо алганда төлөм үчүн берилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 34-главадагы § 2 төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"§ 2. Кредит

734-статья. Кредиттик келишим

Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) карыз алуучуга акча каражаттарын (кредитти) кредиттик келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карыз алуучу өзү алган акчалай сумманы кайтарып берүүгө жана ал боюнча проценттерди төлөөгө милдеттенет.

735-статья. Кредиттик келишимдин формасы

Кредиттик келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу жүзүндөгү форманы колдонбоо кредиттик келишимдин жараксыз болушуна алып келет. Мындай кредиттик келишим арзыбас деп саналат.

736-статья. Кредит берүү күнүн аныктоо

Кредиттин суммасы карыз алуучунун эсебине, анын көрсөтмөсү боюнча башка эсепке түшкөн же болбосо карыз алуучуга накталай акча каражаттары берилген күн кредит берилген күн болуп саналат.

736-1-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу

1. Карыз алуучуга берилген сумма мөөнөтүндө кайра төлөнбөй тургандыгын айкын күбөлөөчү жагдайлар болгондо, кредит берүүчү карыз алуучуга келишимде каралган кредитти толугу менен берүүдөн же анын айрым бөлүгүн берүүдөн баш тартууга укуктуу.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмесин бузган учурда, кредит берүүчү кредиттик келишим боюнча карыз алуучуга андан ары кредит берүүдөн баш тартууга, ошондой эле ушул Кодекстин 736-2-статьясынын 3-пунктунда каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

3. Карыз алуучу кредиттик келишим түзүлгөндөн кийинки жана акчалай каражаттарды алганга чейинки мезгил ичинде кредитти алуудан же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашыруудан акысыз негизде баш тартууга укуктуу.

736-2-статья. Кредитти максаттуу пайдалануу

1. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча алган каражатты өз ыктыярына жараша пайдаланат.

2. Эгерде кредиттик келишим карыз алуучу алган каражатты белгилүү бир максатта пайдалануу шарты менен түзүлсө (максаттуу кредит), карыз алуучу кредиттин суммасынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүн кредит берүүчүгө камсыз кылууга милдеттүү.

3. Эгерде карыз алуучу кредиттин суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбаса, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттүүлүктөр бузулганда, кредит берүүчү, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

736-3-статья. Кредитти пайдалангандык үчүн проценттер жана төлөм

1. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзгөнгө чейин проценттердин өлчөмү жана, эгерде кредитти пайдалангандык үчүн төлөмдү (комиссиялык сыйакыны) төлөө милдеттүүлүгү кредиттик келишимде каралса, бул төлөмдүн өлчөмү тууралуу маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышуусуна мүмкүндүктү камсыз кылууга милдеттүү. Проценттер жана комиссиялык сыйакы тууралуу маалымат ачык, жеткиликтүү болууга тийиш жана ыктымалдуу карыз алуучуларга банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши керек.

2. Кредит берүүчү кредиттик келишимди түзүү учурунда ар бир конкреттүү карыз алуучу менен проценттердин, эгерде кредиттик келишимде комиссиялык сыйакы төлөө милдеттүүлүгү каралса, комиссиялык сыйакынын өлчөмдөрүн, аларды чегерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана төлөөнүн мөөнөтүн өз алдынча аныктайт.

Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди жана кредиттин негизги суммасын төлөөнүн тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат.

Кредитти пайдалангандык үчүн проценттерди кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт.

Проценттерди, эгерде кредиттик келишимде кредитти пайдалангандык үчүн төлөм каралса, бул төлөмдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн карыз алуучунун жоопкерчилиги кредиттик келишимде каралышы мүмкүн.

736-4-статья. Карыз алуучунун кредиттин суммасын кайтарып берүү боюнча милдети

1. Карыз алуучу өзү алган кредиттин суммасын кредит берүүчүгө кредиттик келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте кайтарып берүүгө милдеттүү.

2. Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан, отуз календардык күн мурда алдын ала билдирген шартта, кредитти кайсы убакта болбосун мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.

3. Эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредиттин суммасы кредит берүүчүгө өткөрүлүп берилген же тиешелүү акча каражаттары кредит берүүчүнүн банктык эсебине түшкөн учурда кайра кайтарылган деп эсептелет.

736-5-статья. Карыз алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу

1. Карыз алуучунун кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы күрөө, кепилдөө, кепилдиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар аркылуу камсыз кылынышы мүмкүн.

Улуттук банк банктардын кредиттери боюнча камсыз кылууга карата минималдуу талаптарды белгилейт.

2. Карыз алуучу өзүнүн кредиттик келишимде каралган, кредиттин суммасын кайтарууну камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаганда, ошондой эле кредит берүүчү жооптуу болбогон жагдайлардан улам камсыз кылуу жоготулганда же анын шарттары начарлаганда, эгерде кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредит берүүчү карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.";

8) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 34-1-глава менен толукталсын:

"34-1-глава. Финансылоонун исламдык принциптерине ылайык финансылоо

§ 1. Мудараба келишими

738-1-статья. Жалпы шарттар

1. Мудараба келишими боюнча бир тарап (инвестор) экинчи тарапка (мударибге - акча каражатты алуучу жеке же юридикалык жакка) акча каражаттарын тараптар белгилеген максаттарда андан ары инвестициялоо үчүн же мударибдин ыктыяры боюнча мудараба келишиминин шарттарына ылайык тараптардын ортосунда пропорциялуу негизде бөлүштүрүлүүчү пайданы алуу максатында берет.

2. Мудараба келишими акча каражаттарын тартуу (салымдарды тартуу) максатында да, мудараба келишими боюнча тартылган акча каражаттарын жайгаштыруу максатында да колдонулат.

3. Мудараба келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

4. Тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү бар банк мудараба келишиминин тарабы болушу мүмкүн. Мында ал үчүн милдеттүү шарттар жана талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралышы мүмкүн.

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишимине карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

738-2-статья. Мудараба келишиминин түрлөрү 

1. Мудараба келишими төмөнкүдөй түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:

1) чектелген (атайын) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялоосу үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында, инвестициялоонун ар бир активи/объекти үчүн мударибдин жана инвестордун ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт;

2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб өзүнө инвестор берген каражаттарды өз ыктыяры боюнча пайдаланууга укуктуу;

3) ачык мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор өзү берген акча каражаттарын мударибден мөөнөтүнөн мурда (алгачкы талап кылуусу боюнча) алууга укуктуу. Мындай учурда банк (эгерде ал мудариб катары чыгып жатса) акыркы толук мезгил (ай, жыл) үчүн пайданы инвесторго төлөп берет.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишиминин башка түрлөрү каралышы мүмкүн.

738-3-статья. Акча каражаттарын пайдалануудагы чектөөлөр

Мудараба келишими боюнча акча каражаттары Шарият стандарттарына ылайык келген иш-аракет түрлөрүнө гана инвестицияланышы мүмкүн.

Чектелген (атайын) мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына акча каражаттарын максаттуу эмес пайдаланууга, акча каражаттарын үчүнчү жактарга кайсы формада болбосун тике же кыйыр жайгаштырууга тыюу салууну киргизүүгө тийиш.

738-4-статья. Мудараба келишими боюнча инвестордун укуктары жана милдеттери

1. Мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына ылайык аракет жүргүзүүгө, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө акча каражаттарын мударибге берүүгө, өзү берген акча каражаттарынын пайдаланылышын жана мудараба келишиминин башка шарттарынын сакталышын контролдоого, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө пайданы алууга укуктуу.

2. Мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же болбосо талаптагыдай эмес аткарылган учурда инвестор мудараба келишими боюнча берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, анын ичинде мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөөнү мударибден талап кылууга укуктуу. Мудараба келишиминде инвестордун башка укуктары да каралышы мүмкүн.

Инвестор келишимди аткаруу боюнча мударибдин учурдук иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок.

738-5-статья. Мудараба келишими боюнча мударибдин укуктары жана милдеттери

1. Мудараба келишими боюнча мудариб бардык отчетторду жана инвестор үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды инвесторго берет, Шариат стандарттарынын зарыл талаптарын жана мудараба келишиминин шарттарын сактоо максатында, ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатын толук контролдоого жана инвестордон алынган, ошондой эле келишимди аткаруу процессинде алына турган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүүгө милдеттүү болот.

2. Мудариб инвестордон алынган акча каражаттарын мудараба келишиминде каралган максаттарга гана пайдаланууга укуктуу.

3. Мудариб инвестордон алган капиталды мудараба келишимине ылайык пайда алуу максатында башкарууга жана сый акы алууга укуктуу.

738-6-статья. Мудараба келишими боюнча милдеттенмелерди камсыздоо ыгы

Инвестор мудариб алган акча каражаттарын камсыз кылууну анын күрөө, кепилдөө, кепилдиктер жана башка түрлөрү таризинде берүүнү, ошондой эле мударибдин укук ченемсиз иш-аракетинен улам учураган чыгашаларын, мудараба келишиминин шарттарына мударибдин кайдыгер мамиле жасоосунун же аларды бузушунун натыйжасында келген чыгашаларын күрөөнүн эсебинен жабууну мударибден талап кылууга укуктуу.

738-7-статья. Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү 

1. Мудараба келишиминин алкагында алынуучу пайда мудараба келишиминде каралган тартипте, алынган пайдадагы үлүштүк проценттик катышка жараша бөлүштүрүлөт.

2. Мудараба келишимин аткаруунун жүрүшүндө чыгаша чыккан учурда, инвестор мударибге берген акча каражаттарынын суммасынын өлчөмүндө чыгаша тартат, ал эми мудариб мындай учурда өзүнүн эмгеги үчүн сыйакы албайт. Чыгашаларды бөлүштүрүүнүн бул эрежеси чыгаша мударибдин күнөөсү боюнча келип чыкпаган учурда колдонулат.

3. Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укук ченемсиз аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында чыгаша келип чыккан учурда инвестордун чыгашасы мударибдин эсебинен төлөнөт. Мында инвестор мудараба келишими боюнча берген акча каражаттарын мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен, ал жетишсиз болсо - мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу.

738-8-статья. Мудараба келишимин бузууга тыюу салуу

Эгерде мудариб мудараба келишимин аткарууга киришкен болсо жана ишкердик иш-аракетинин жүрүшүндө каражаттарды пайдаланып жатса, ошондой эле келишимдин мөөнөтү бүтө элек болсо, мудараба келишимин бир тараптуу тартипте бузууга мүмкүн эмес.

§ 2. Мурабаха келишими

738-9-статья. Мурабаха келишиминин жалпы шарттары

1. Мурабаха келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардын табыштамасы боюнча алынган товарды бөлүп төлөө шарты менен кардарга сатууга милдеттенет.

2. Мурабаха келишиминин предметин кардарга мурабаха келишими боюнча сатууда банк мурабаха келишиминин предметине карата менчик укугуна ээ болууга тийиш.

3. Мурабаха келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мурабаха келишимине карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

738-10-статья. Менчик укугунун өтүшү 

1. Эгерде мурабаха келишиминин шарттарында башкача белгиленбесе, мурабаха келишиминин предметине карата менчик укугу кардар мурабаха келишиминин предметинин баасын толук төлөгөндөн кийин ага өтөт.

2. Сатуу-сатып алуу келишимин банк өз алдынча да, агент аркылуу да түзүшү мүмкүн. Банк агент катары кардарды дайындашы мүмкүн, кардар банктын атынан жана банктын эсебинен иш жүргүзөт. Агентти дайындоодо банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү сактоого тийиш.

738-11-статья. Мурабаха келишими боюнча түзүлүүчү бүтүмдөр

1. Мурабаха келишиминин предметин мурабаха келишими боюнча сатып алуу жагындагы бардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төмөнкүдөй жагдайларда бүтүм түзүүгө укуксуз:

1) баалуу металлдар (алтын, күмүш ж.б.) жана чет өлкөлүк валюта менен байланышкан, мөөнөтү жылдырылган милдеттенмелер боюнча;

2) активдерди камсыз кылуу болуп дебитордук карыз эсептелген жүгүртмө капитал боюнча;

3) бүтүмдү кайра финансылоодо.

3. Эгерде кардар төлөмдү мурабаха келишиминде белгиленген мөөнөттөн кечиктирсе, банк мурабаха келишиминин предметин сатууга укуктуу.

Мурабаха келишиминин предметин саткан учурда банк кардардан алган төлөмдөрдү кардарга төлөп берет.

4. Эгерде мурабаха келишиминин предмети күрөө менен камсыз кылынса, банк карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү кардардын макулдугу менен сатууга укуктуу.

5. Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишимине катышууга же тараптардын биринин шарика/мушарака келишиминдеги башка тараптын катышуусун (үлүшүн) мубараха бүтүмүнүн жардамы менен накталай акчага же мөөнөтү кийинкиге жылдырылган милдеттенмелердин эсебинен сатып алуу милдеттенмеси камтылган бүтүмгө катышууга тыюу салынат.

738-12-статья. Мурабаха келишимин камсыз кылуу

1. Мурабаха келишими боюнча милдеттенмелерди кардардын талаптагыдай аткаруусун камсыз кылуу максатында банк кардардан акча каражаттарын күрөөгө коюу же камсыз кылуунун башка түрү жөнүндө келишим түзүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде мурабаха келишиминде башкача каралбаса, күрөө катары берилген акчалай сумманы банктын инвестициялашы мүмкүн эмес.

Күрөө катары берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык, мурабаха келишиминин предметин төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн.

2. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмесин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайра берүүгө милдеттүү.

3. Банк мурабаха келишиминин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголушуна байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес.

738-13-статья. Мурабаха келишиминин предмети боюнча жоопкерчилик

1. Эгерде мыйзамда же мурабаха келишиминин предметин банктын атынан сатып алуу тууралуу келишимде башкача белгиленбесе, товар кардардын менчигине өткөндөн кийин мурабаха келишиминин предметиндеги кандайдыр бир мүчүлүштүктөр үчүн банк жоопкерчилик тартпайт.

2. Мурабаха келишиминин колдонулушу күчүнө киргенден кийин кардар мурабаха келишиминин предметин сатып алуудан баш тарткан учурда, банктын мурабаха келишиминин предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товардын наркы менен жабылбай калган чыгымдарын төлөө, анын ичинде кардар койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөө милдетин кардарга жүктөө менен, банк мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатууга укуктуу.

738-14-статья. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы

1. Мурабаха келишиминин предметин кардарга сатуунун баасы предметти сатып алган баанын жана мурабаха келишиминин тараптары макулдашкан банктын үстөк баасынын суммасы катары аныкталат.

2. Банктын үстөк баасына, мурабаха келишиминин предметин ташууга кеткен чыгымдарды, үчүнчү жакка мыйзамдуу төлөмдөрдү, ошондой эле милдеттүү мамлекеттик төлөмдөрдү кошуп алганда бул предметти сатып алууга банк жумшаган сарптоолор киргизилет. Мурабаха келишиминин предмети камсыздандырылган учурда камсыздандыруу боюнча чыгымдар да банктын үстөк баасына киргизилет.

Банктын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө байланышкан чыгымдар жана мурабаха келишиминин предметин сатып өткөрүүгө байланышкан чыгымдар банктын үстөк баасына киргизилбейт.

3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрлөрдө белгилениши мүмкүн:

1) туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүчү сумма;

2) мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.

4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасынын келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчтөргө көз каранды болушун шарт кылуу менен, мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын күмөндүү таризде аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуу баасын жана үстөк бааны кардарга мурдатан белгилүү көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттык факторлорго көз каранды болушу мүмкүн эмес.

738-15-статья. Эсептешүү тартиби

1. Мурабаха келишиминин предмети үчүн банктын төлөмдөрү кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде дайыма төлөнүүчү төгүмдөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин кардардын төлөө мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги же төлөөнүн мөөнөтү узартылгандыгы үчүн андан кошумча төлөмдү талап кылууга банктын укугу жок.

2. Банк мурабаха келишими боюнча төлөнүүгө тийиш төлөмдөрдүн эсебине аванс төгүүнү кардардан талап кылууга укуктуу.

3. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган мурабаха келишиминин предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда ага үстөк төлөмдү төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн. Үстөк төлөмдүн өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби мурабаха келишиминде аныкталат.

Үстөк катары алынган сумма банктын кирешеси катары эсепке алынышы мүмкүн эмес жана аны банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарына багыттайт.

4. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алган товар үчүн кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирсе, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирген шартта, банк кардардан мурабаха келишиминин предмети үчүн төлөмдү мөөнөтүнөн мурда толук төлөөнү талап кылууга укуктуу.

5. Эгерде кардар кезектеги төлөмдү жүргүзбөсө, ошондой эле, эгерде кардар мурабаха келишиминин предмети үчүн толук төлөмдү мөөнөтүнөн мурда төлөбөсө, банк төмөнкүлөргө укуктуу болот:

1) эгерде мурабаха келишиминин предметин бир аздап төлөөнүн эсебинен кардардан акча каражаттары алынган болсо, кардарга бул каражаттарды төлөп берүү менен товарды үчүнчү жактарга сатууга;

2) мурабаха келишиминин предметине төлөм толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кардардын товарга карата менчик укугун тариздебей турууга.

§ 3. Шарика (өнөктөштүк жөнүндө) келишими

738-16-статья. Шарика (өнөктөштүк жөнүндө) келишиминин жалпы жоболору

1. Шарика келишими - эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим, ал аркылуу ар бир өнөктөш тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш-аракет жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгашаларды ар бир өнөктөш бул компаниянын жалпы капиталындагы өз салымына ылайык тартат.

2. Шарика келишиминин катышуучулары (өнөктөштөр) өздөрүнүн алдына койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн өз активдерин бириктирүүгө жана юридикалык жакты түзүү менен да, түзбөстөн да иш-аракет жүргүзүүгө укуктуу. Юридикалык жак түзүлгөн учурда мындай уюм оператордук функцияларга жана процесстерди башкаруу функцияларына ээ болушу мүмкүн. Өнөктөштөр оператордук функцияларды жана процесстерди башкаруу функцияларын өнөктөштөрдүн бирине жүктөөгө укуктуу. Мындай учурда юридикалык жак түзүлбөйт.

738-17-статья. Шарика келишимин түзүүгө карата талаптар

1. Шарика келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде шарика келишиминин негизинде юридикалык жак түзүлсө, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.

2. Эгерде өнөктөштүк иш-аракетти жүргүзүү максатында тараптар берген финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынса, банк өнөктөш болууга укуктуу. Эгерде шарика келишиминде юридикалык жакты түзүү каралса, анын иш-аракетин жүргүзүүдө Шариат эрежелери жана принциптери сакталышы керек.

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк шарика келишиминин тарабы болуп саналса, ал үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

738-18-статья. Капиталды түзүү 

1. Өнөктөштөр жалпы капиталга өз салымдарын салууну шарика келишиминин шарттарына ылайык жүзөгө ашырат.

2. Өнөктөштөр жалпы капиталга салым катары акча каражаттарын да, башка материалдык жана материалдык эмес активдерди да салууга укуктуу. Оператордук функцияларды жана процесстерди башкаруу боюнча функцияларды аткарууга байланышкан сарптоолор жана эмгектер да салым катары эсепке алынышы мүмкүн.

3. Эгерде жалпы капиталга материалдык активдер (товарлар) салынса, мындай активдердин наркы көз каранды эмес эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш.

4. Капиталга төгүм түрүндө салынган башка активдерден ажырагыс болуп калган учурларды кошпогондо, карыздык милдеттенмелерди (дебитордук карыздарды) капиталга төгүм катары салууга жол берилбейт. Мында таза активдердин наркы көз каранды эмес аудиторлор тарабынан ырасталууга тийиш.

5. Шарика келишиминин алкагында юридикалык жакты түзгөндө ар бир өнөктөштүн шарика келишиминин алкагында жана компаниянын кызыкчылыгында иш жүргүзүүгө, ошондой эле Шариат эрежелерин жана принциптерин кынтыксыз сактоого милдеттенмеси каралууга тийиш.

738-19-статья. Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү 

1. Шарика келишиминде алынган пайданы ар бир өнөктөштүн өнөктөштүк капиталга кошкон салымына жараша пропорциялуу түрдө тараптардын ортосунда үлүш түрүндө бөлүштүрүүнүн тартиби каралууга тийиш. Пайда белгилүү бир акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. Ар бир өнөктөш капиталга салган үлүшүнө жараша чыгаша тартат.

2. Пайда компаниянын иш-аракетинен күтүлүүчү пайданы эсепке албастан, иш жүзүндөгү натыйжаларга жараша бөлүштүрүлүүгө тийиш.

3. Тараптар шарика келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү түрүндө өз салымын кошкон же өз кызматтарын кандайдыр бир башка формада көрсөткөн, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында кызматтарды көрсөткөн өнөктөшкө белгиленген сыйакыларды карашы мүмкүн. Мында шарика келишиминин тараптары мындай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өз үлүшүнө ылайык ага тиешелүү боло турган пайданын бөлүгүнө караганда көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн.

4. Пайдадагы үлүш катары бир жолку сумманы пайдадан алууга же шарика келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан процент алууга жол берилбейт.

5. Өнөктөштөр каражаттардын бөлүгүн кайсы болбосун тарапка аванс катары бөлүштүрүүгө укуктуу, аванс биротоло эсептешкенде эсепке алынууга тийиш. Эгерде берилген аванстын өлчөмү пайданын тиешелүү үлүшүнөн жогору болсо, мындай сумманы алган тарап айырманы төлөп берүүгө милдеттүү.

6. Эгерде шарика келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге) берүү үчүн сатып алынган активдер саналса же келишимдин предмети кызмат көрсөтүүлөр болсо, мындай бүтүмдөрдөн алынган сумма ар жыл сайын өнөктөштөрдүн ортосунда аванс катары бөлүштүрүлөт жана шарика келишиминин мөөнөтүнүн акырында жөнгө салынууга жана орду толтурулууга жатат.

7. Тараптар алынган пайданы толук бойдон же анын бөлүгүн бөлүштүрбөөгө жана мындай сумманы төлөөгө жарамдуулук резервине же капиталдын жоготууларын жабуу үчүн резервге (инвестициялык тобокелдин резервине) багыттоого, ошондой эле кайрымдуулук көрсөтүүлөр катары жумшоого укуктуу.

8. Пайданы бөлүштүрүү принцибин бузууга алып келүүчү шарттарды шарика келишимине киргизүүгө тыюу салынат.

9. Өнөктөштүктүн мөөнөтү аяктаганда же ал жоюлганда компаниянын бар болгон бүткүл активдерин сатуудан түшкөн пайда шарика келишиминин негизинде, алардын рыноктук наркы боюнча биротоло бөлүштүрүлүшү мүмкүн.

738-20-статья. Өнөктөштүктөгү үлүштү өзгөртүү 

1. Өнөктөштөр шарика келишиминде пайданы бөлүштүрүү датасына карата аны бөлүштүрүүдөгү өнөктөштөрдүн үлүшүн өзгөртүүнүн мүмкүндүгүн кароого же пайданы бөлүштүрүү күнүндө өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн башка өнөктөштүн пайдасына өткөрүп берүү укугун кароого укуктуу.

2. Банк башка өнөктөштөрдүн чыгашаларын ыктыярдуу түрдө өзүнө алууга укугу жок. Бирок, башка өнөктөштөрдүн чыгаша келип чыккан учурда ал үчүн жоопкерчиликти эч кандай алдын ала шарттарсыз ыктыярдуу түрдө өзүнө алуу укугу шарика келишиминде каралышы мүмкүн.

3. Пайданын туруктуулугуна же туруктуу эместигине карабастан, өнөктөштөр аны бөлүштүрүүнүн методун пайдалануу тууралуу жобону шарика келишиминде кароого укуктуу. Пайданы бөлүштүрүүнүн кайсы бир методун колдонуу пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна же катышуучуну пайдага катышуудан чыгарууга алып келбөөгө тийиш. Пайда бөлүштүрүүнүн мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон кайсы болбосун шарты же методу жараксыз болуп саналат.

4. Шарика келишиминин катышуучуларынын салымдар үлүшүн өзгөртүү пайда бөлүштүрүүнүн жана чыгашалардын өлчөмүнүн ар бир өнөктөшкө тийиштүү боло турган коэффициентин алардын өнөктөштүк капиталындагы салымынын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен өзгөртүүгө алып келет.

738-21-статья. Шарика келишими боюнча өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги

1. Өнөктөштөр/өнөктөш укук ченемсиз аракеттерди жасаган, шарика келишимине карата шалаакылыкты, кайдыгер мамилени көрсөткөн же аны бузган учурда чыгашаларды жабууну камсыз кылууга өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги шарика келишиминде каралууга тийиш.

2. Эгерде айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгашалардын ордун толтуруунун кепилдигин үчүнчү тарап берсе, мындай кепилдик төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) кепил катары чыгуучу үчүнчү тараптын укукка жарамдуулугу жана финансылык милдеттенмеси шарика келишимине көз карандысыз болушу керек;

2) кепилдик белгилүү бир компенсация үчүн берилиши жана шарика келишими менен байланышта болушу мүмкүн эмес;

3) кепил катары чыгуучу үчүнчү тарап кепилдик берген компаниядагы капиталдын суммасынын жарымынан көбү бул тарапка таандык болбошу керек;

4) компанияга кепилдик берүүчү компаниянын капиталынын суммасынын жарымынан көбү кепилдик алган компанияга таандык болбошу керек;

5) пайдасына үчүнчү тараптын кепилдиги берилген өнөктөш, эгерде кепил кепилдиктин шарттарын аткарбаса, шарика келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укуктуу болбойт.

738-22-статья. Шарика келишимин колдонуу мөөнөтү. Түзүлгөн юридикалык жактын иш-аракетин токтотуу

1. Тараптар шарика келишимин белгилүү бир мөөнөткө да, мөөнөтүн көрсөтүүсүз да түзүшү мүмкүн же болбосо жокко чыгаруучу шартты (шарика келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шартта) шарика келишимин токтотуу үчүн негиз катары белгилей алат.

Ошондой эле, шарика келишими өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлган учурда токтотулат.

2. Ар бир өнөктөш шарика келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу. Өнөктөштөрдүн биринин чыгып кетиши, эгерде калган өнөктөштөрдүн саны эки же андан көптү түзсө, калган өнөктөштөрдүн өнөктөштүгүн токтотууга алып келбейт.

3. Эгерде шарика келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, шарика келишиминин өнөктөштөрү өнөктөштүктү тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Мындай учурлардын баарында шарика келишими токтотулганга чейин өнөктөштөр ишке ашыра турган милдеттенмелер жана аракеттер өзгөрүүсүз калат жана алардын бар болушу сакталат.

4. Шарика келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жак шарика келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда өз иш-аракетин токтотот.

5. Өнөктөштөр түзгөн юридикалык жак жоюлган учурда тараптар юридикалык жакты иш жүзүндө жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика келишимин түзүүгө укуктуу.

6. Эгерде жоюу шарика келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, бардык бар активдер рыноктук баада сатылат, ал эми сатуудан түшкөн киреше төмөнкүдөй максаттарга жумшалат:

1) жоюуга кеткен чыгымдарды жабууга;

2) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөгө;

3) калган активдерди өнөктөштөрдүн ортосунда алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрү салган капиталын толук кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө жараша пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт.

§ 4. Мушарака келишими

738-23-статья. Мушарака келишими боюнча жалпы жоболор

1. Мушарака келишими - бул, шарика келишиминин негизиндеги өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн, ушул үлүшкө менчик укугу өзүнө толук өткөнгө чейин акырындап сатып алууну убада кылат.

2. Мушарака келишими, ошондой эле үлүштүн өзүн сатып алуу жөнүндө келишим шарика келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралгандыгына же каралбагандыгына карабастан түзүлөт. Аталган келишимдердин бирин башка келишимди түзүү шартында түзүүгө жол берилбейт.

3. Кайсы болбосун тарапка өнөктөштүктүн капиталынан өз үлүшүн артка кайтарып алуу укугун бере турган кандайдыр бир жобону мушарака келишимине киргизүүгө тыюу салынат.

4. Мушарака келишими боюнча мамилелерге карата ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер колдонулат.

§ 5. Иджара келишими

738-24-статья. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор

1. Иджара келишими - бул, ижарага берүүчүнүн жабдууну же башка мүлктү менчикке атайылап сатып алуусу жана макулдашылган мөөнөткө аны убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн ижарачыга мүлктүк жалдоого (ижарага) берүүсү боюнча келишим, мындай берүү акы төлөө негизинде, түзүлгөн иджара келишимине ылайык (сатып алуусуз) же иджара мунтахийя биттамлик келишимине ылайык (сатып алуу менен) сатып алуу укугу менен же ансыз жүргүзүлөт.

2. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм иджара келишиминин тарабы болсо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында алар үчүн кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.

3. Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.

738-25-статья. Иджара келишиминин предмети

1. Кайсы болбосун кыймылдуу же кыймылсыз мүлк иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн.

2. Иджара келишиминин предмети аны сактап туруу шартында пайдаланылууга тийиш, ал эми иджара келишимин аткаруудан алынган пайда мыйзамдарга жана Шариат талаптарына ылайык келиши керек.

3. Ижарачы менен бирге кармап турган айрым активдердеги үлүш, ижарачынын ижара берүүчүгө өнөктөш экендигине же өнөктөш эместигине карабастан иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы ижарага алган үлүштөн ижарага берүүчү колдонгон ык менен, башкача айтканда убакытты бөлүштүрүү жолу же менчиктин кайсы бир бөлүгүн аныктоо жолу менен пайда көрүшү мүмкүн.

738-26-статья. Иджара келишиминин тараптары

1. Иджара келишиминин тараптары катары ижарачы, ижарага берүүчү жана сатуучу чыгат.

2. Иджара келишимине ылайык, бул келишимдин предметин белгилүү бир төлөмдү төлөө менен белгилүү бир мөөнөткө белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга алууга милдеттүү болгон жеке же юридикалык жак ижарачы боло алат.

Өздүк жана (же) карыздык каражаттардын эсебинен мүлктү менчигине сатып алган жана аны келишимдин предметине карата менчик укугун өткөрүү менен же өткөрбөстөн иджара келишиминин предмети катары ижарачыга белгилүү бир төлөм менен белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берген жеке же юридикалык жак (анын ичинде тиешелүү лицензиясы бар банк) ижарага берүүчү боло алат.

Сатуучу - бул, ижарага берүүчү менен түзүлүүчү сатуу-сатып алуу келишимине ылайык, ижара берүүчүгө иджара келишиминин предмети болуп саналган мүлктү белгиленген мөөнөттө сата турган жеке же юридикалык жак. Сатуучу бир иджара келишиминин чегинде бир эле убакта ижарачы катары да чыгышы мүмкүн.

3. Иджара келишими ар бир ижарачынын укуктарына доо кетирбөө шартында, белгилүү бир жак үчүн кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, кайсы бир мүлккө жана аны ижарага алуу мезгилине карата бирдей эле пайда алуу укугуна ээ болгон бир нече ижарачы менен түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ар бир ижарачы ижарачылардын ортосундагы келишимге ылайык ага бөлүнүп берилген мезгил ичинде мүлктөн түшкөн пайдага ээ болушу мүмкүн.

4. Ижарага берүүчү өзүнчөлүштө (спецификацияда) сыпатталган мүлктү ижарачынын табыштамасына ылайык сатып алышы же даярдашы мүмкүн. Ижарачы өзүнчөлөнүшкө ылайык келбеген мүлктөн баш тартууга укуктуу.

738-27-статья. Иджара келишимин түзүү тартиби

1. Иджара келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө жана нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жатат.

2. Иджара келишими боюнча мүлк иджара келишими түзүлгөндөн кийин өткөрүлүп берилет.

3. Ижарачы өз милдеттенмелерин - мүлктү ижарага алуу убадасын аткаруунун кепилдиги катары тараптардын келишүүсү боюнча белгилүү бир сумманы ижарага берүүчүгө төлөйт. Төлөнгөн сумма ижарачы убадасын бузган учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн гана пайдаланылат. Ижарага берүүчү ижарачы менен макулдашуу боюнча, көрсөтүлгөн акчалай каражаттардын суммасын ижарачы менен ижара берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн мудараба келишиминин негизинде инвестициялар үчүн пайдаланышы мүмкүн.

738-28-статья. Иджара келишими боюнча тараптардын жоопкерчилиги

1. Эгерде иджара келишими боюнча башкача каралбаса, ижарага берүүчү ижарачынын табыштамасы боюнча сатып алган мүлктүн кайсы болбосун мүчүлүштүктөрү үчүн жоопкерчилик ижара берүүчүгө жүктөлөт.

2. Ижарачы анын өз аракеттеринин натыйжасында же болбосо иджара келишими боюнча алуу болжолдонгон пайдага таасир этүүчү, анын контролдугунан тышкары турган кандайдыр бир жагдайлардын таасиринин натыйжасында ушул ижарага алынган мүлктүн кайсы болбосун начарлоосу үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Эгерде ижарага алынган мүлктөн пайда ижарага алуу учурунда ижарачынын укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасында толугу менен же бөлүгүндө азайса, ижарачы ижарага берүүчүнүн пайда алышына тоскоолдуктарды жоюуга милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү ижарага берүүчү ижарага алынган мүлктөн пайда ала албай калган мөөнөткө узартылат, ал эми ижарачы пайда алынбаган мезгил ичинде ижарадан баш тарта албайт.

4. Эгерде иджара келишиминде башкача каралбаса, ижарага берүүчү жак мүлктү негизги техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат, ал эми ижарачы учурдук же мезгилдүү (адаттагы) техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат.

5. Ижарачы өзүнүн күнөөсү боюнча мүлккө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.

738-29-статья. Иджара келишиминин предметин камсыздандыруу

1. Иджара келишиминин предмети камсыздандырылууга жатат.

2. Мүлктү камсыздандырууну ижарага берүүчү ишке ашырат. Камсыздандыруу боюнча чыгымдар ижара төлөмүнө киргизилет.

738-30-статья. Иджара келишиминин олуттуу шарттары

Иджара келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) иджара келишиминин предметинин аталышы, ошондой эле аны идентификациялоо үчүн жетиштүү болгон сыпаттамасы;

2) тараптардын иджара келишиминин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланышкан укуктары жана милдеттери;

3) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөнүшүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү;

4) иджара келишиминин предметин жана сатуучуну тандоону жүзөгө ашыруучу тараптын көрсөтмөсү;

5) башка шарттар.

738-31-статья. Иджара келишими боюнча эсептешүүлөр (төлөмдөр)

1. Иджара келишими боюнча ижара төлөмү милдеттүү болуп саналат жана ижарага берүүчүнүн ижара төлөмүн алууга карата укугу ижарачы иджара келишиминин предметин ижарага алуудан пайда ала баштаган учурдан тартып же ижарага берүүчү иджара келишиминин предметинен пайда алуу укугу менен ижарачыны камсыз кылган учурдан тартып башталат.

2. Ижара төлөмү кандайдыр бир өзгөртүүлөргө жаткан учурда, иджара келишими колдонула баштаган алгачкы мезгилге ижара төлөмүнүн суммасын кароо зарыл. Кийинки мезгилдерге ижара төлөмүн белгилүү бир салыштыруу базасына ылайык аныктоого жол берилет. Калган мезгилдерге карата ижара төлөмүнүн өлчөмү үчүн аныктоочу фактор болуп саналуучу так тартип мындай салыштыруу базасынын негизинде турушу керек.

3. Эгерде ижарага берүүчү иджара келишиминде каралган мөөнөттө мүлктү ижарачыга бербесе, келишим күчүнө кирген күндүн жана мүлк ижарачыга иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндүн аралыгындагы мезгил үчүн ижара төлөмү төлөнбөйт. Эгерде тараптар иджара келишиминин мөөнөтү бүткөн алгачкы күндөн кийин, ижара мөөнөтүн мүлк берилбеген мезгилге эквиваленттүү болгон мезгилге узартуу тууралуу келишимге жетишпесе, ижара төлөмү тийиштүү түрдө кыскартылат.

4. Ижара төлөмү акча каражаттары, натуралай (товар менен) же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ижара төлөмү иджара келишими колдонулуучу мезгилди камтыган бир жолку төлөм катары же болбосо иджара келишими колдонулуучу белгилүү бир мезгилдер үчүн бөлүп төлөө түрүндө белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулуучу мезгилге барабар, андан ашкан же ага жетпеген мезгил ичинде бөлүп төлөө менен ишке ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү тараптардын макулдашуусу боюнча так аныкталган суммада же өзгөрүлмө суммада болушу мүмкүн.

5. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн бөлүгү ижарага берүүчүгө төлөнүшү, башка бөлүгү ижарага берүүчү тарабынан бекитилген, негизги техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун наркы дагы ушул сыяктуу чыгымдарды жабууга багытталышы мүмкүн.

6. Тараптар ижара акысынын өлчөмүн ижараны келерки мезгилдерге, башкача айтканда ижарачы ижарадан кандайдыр бир пайда ала элек мезгилдерге ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.

7. Мурдагы кайсы бир мезгилдер үчүн төлөнбөгөн ижара төлөмү ижарачы ижарага берүүчүгө төлөп берүүгө тийиш карыз болуп саналат. Карыздын өлчөмү көбөйтүлбөйт.

8. Ижарачы берген кепилденген камсыз кылууну алуу укугун жоготкон учурда ижарага алуучу мындай суммалардан, ижарачынын ижарага алынган менчиктен пайда ала элек мезгилдер үчүн төлөө милдеттүүлүгү баштала элек төлөмдөрдү кошо алгандагы бөлүп төлөнүүчү ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгилдер үчүн ижара төлөмү катары ага төлөнүүгө тиешелүү болгон сумманы гана эсептен чыгарат. Ижарага берүүчү кепилдик камсыз кылуунун суммасынан ижарачы иджара келишимин бузгандыгы үчүн төлөөгө тийиш болгон бардык мыйзамдуу компенсацияларды да эсептен чыгарышы мүмкүн.

9. Ижарага берүүчү, төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ижарачыга алдын ала маалымдаган шартта, ижара төлөмдөрүн кезектеги төлөө негизсиз кечиктирилген учурда ижара төлөмүн мөөнөтүнөн мурда төлөөнү кардардан талап кылууга укуктуу. Бирок, бул жагдай ижара төлөмүнүн өлчөмүн көбөйтүүгө негиз болушу мүмкүн эмес.

10. Иджара келишиминде иджара келишими боюнча төлөмдү төлөөнү негизсиз кечиктиргендиги үчүн ижарачыга финансылык санкция салуу каралышы мүмкүн.

Ижарага берүүчү төлөнгөн финансылык санкцияларды киреше катары өз эсебине чегериши мүмкүн эмес, алар кайрымдуулук максаттарына багытталууга жатат.

738-32-статья. Иджара келишимин бузуу жана анын кесепеттери

1. Иджара келишими төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн:

1) өз ара макулдашуу боюнча;

2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү бузулган же төлөө токтотулган учурда;

3) ижарага алынган менчик бузулууга учураганда;

4) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча;

5) мүлк ижарачыга сатылганда.

2. Ижарага берүүчү ижарага өткөрүлүп берилген мүлктү, иджара келишими бар экендигин билдирүү менен, үчүнчү жакка сата алат. Мында иджара келишими боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт.

3. Иджара келишиминин предмети бузулууга учурагандыгына жана андан ары аны пайдалануунун мүмкүн эместигине байланыштуу иджара келишими бузулганда ижара төлөмдөрү жүзөгө ашырылбайт.

4. Мүлктүн бөлүгү бузулууга учураган жана бул пландаштырылган кирешелердин азайышына алып келген учурда ижарачы иджара келишимин ажыратууга же ижарага берүүчүнүн макулдугу боюнча ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. Мында пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм алынбайт.

5. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же аны ээсине анын макулдугусуз кайтарып берсе, иджара келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн калган мезгили үчүн ижара төлөмү мүлк ээсине төлөнүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижарага берүүчү иджара келишимин колдонуунун ушул мезгили ичинде ал мүлктү башка ижарачыга ижарага бере албайт, бирок мүлктү жаңы ижарачынын тескөөсүндө сактоосу керек.

6. Менчик укугунун өтүшү үчүн негиз болуп иджара келишиминде же төмөнкүдөй убадалар камтылган башка документте бул тууралуу көрсөтүү саналат:

1) ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн сүйлөшүлгөн баага же прогрессивдүү төлөөнүн жардамы менен же ижарага берилген мүлктүн рыноктук наркын төлөө жолу менен сатуу;

2) себептерин көрсөтүүсүз аны белекке берүү;

3) калган төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү.

7. Менчик укугун өткөрүп берүү убадасы ижарага берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат, мында эки тараптуу өзүнчө келишим түзүлбөйт.

8. Менчик укугун өткөрүп берүү белекке берүү же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат, ал иджара келишиминен жана берилген убададан өзүнчө түзүлөт.

9. Иджара келишими шарттардын аткарылышын кийинкиге жылдыруу шарты менен түзүлгөн учурда, менчик укугун өткөрүп берүүгө жаңы иджара келишими түзүлбөйт.

10. Эгерде иджара келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө эч болбогондо бир төлөм төлөнбөсө же мөөнөттү бузуу менен төлөнсө, мүлккө менчик укугу өткөрүлүп берилбеши мүмкүн.

§ 6. Кард хасан келишими

738-33-статья. Жалпы жоболор

1. Кард хасан келишими боюнча бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тарапка (карыз алуучуга) акча каражаттарын кайтарымдуулук шарттарында жана бул үчүн төлөм алуусуз карызга берет. Мында акча каражаттарын кабыл алган тарап акча каражаттарын башка тараптын алгачкы талап кылуусу боюнча кайтарып берүүнү кепилдейт.

2. Кард хасан келишими боюнча кайсы бир төлөмдү алуусуз, кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарын тартууга же ссудаларды берүүгө болот.

738-34-статья. Кард хасан келишимин түзүү тартиби

1. Кард хасан келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Кард хасан келишиминин олуттуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) берилүүчү сумманын өлчөмү;

2) келишимдин колдонулуу мөөнөтү, сумманы кайтарып берүү датасы;

3) тараптардын укуктары жана милдеттери.

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы бар банк кард хасан келишиминде тараптардын бири катары чыкса, банктын учурдук эсепти жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдүн суммасы да кард хасан келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.

§ 7. Истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими

738-35-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин жалпы жоболору

1. Истиснаа келишими боюнча, тапшырыктын (долбоордун) негизинде өндүрүүчү жасаган же курулуш подрядчиктери курган мүлк жумуш бүткөрүлгөндөн кийин, мурда сүйлөшүлгөн баада тапшырыкчыга өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

2. Истиснаа келишиминин предмети болуп, өндүрүүчү тапшырыкты макулдашылган баада сатууга макул болгон шартта, тапшырыкчынын талабына ылайык өзгөчө мүнөздөмөлөрү бар жана өндүрүүчү шартталган өзүнчөлөнтүш боюнча аткарууга макул болгон жаңы товарды же курулманы даярдоо саналат.

3. Жарыш истиснаа келишими эки өзүнчө истиснаа келишиминин негизинде колдонулат, аларга ылайык, бир эле жак биринчи учурда - берүүчү катары катыша алат, тапшырыкчы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзө алат, экинчи учурда - сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи истиснаа келишиминин алкагында өзүнүн тапшырыкчыга карата конкреттүү милдеттенмелерин аткаруу үчүн даярдоочу, курулуш подрядчиги менен башка келишимди түзө алат.

738-36-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин тараптары

1. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин тараптары болуп тапшырыкчы/сатып алуучу, берүүчү жана өндүрүүчү (курулуш уюму) саналат.

2. Тараптар катары кайсы болбосун юридикалык же жеке жак чыга алат.

738-37-статья. Истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө карата талаптар

1. Истиснаа жана жарыш истиснаа келишимдери жазуу жүзүндө түзүлөт.

2. Истиснаа келишими тапшырыкчынын табыштамасынын негизинде түзүлөт. Товар берүүчү берилген финансылык документтердин негизинде мүлктүн тапшырыкчысынын төлөөгө жарамдуулугун баалоону жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Истиснаа келишиминде анын башка тарабы болуп саналган тапшырыкчыга кийин сатуу үчүн истиснаа келишиминин предметин ушул келишимдин тарабынын менчигине сатып алуу каралууга тийиш.

Истиснаа келишиминин предмети сатуучунун иш жүзүндөгү ээлигине өткөнгө чейин аны тапшырыкчыга сатууга жол берилбейт. Истиснаа келишиминин тарабы мүлктү тапшырыкчынын табыштамасы боюнча сатып алууда өзүнүн агенти катары катышууга ыйгарым укукту тапшырыкчыга бере алат. Мында агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт.

4. Истиснаа келишиминде келишимдин предметинин баасы, аны берүүнүн датасы жана ыктары, колдонулуучу ресурстар (эгерде келишимде башкача каралбаса, өздүк ресурстар же келишимди түзгөнгө чейин иштеген башка жактар өндүргөн товарларды тартуу менен), ошондой эле башка шарттар көрсөтүлөт.

5. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин тараптардын келишүүсү боюнча өндүрүш же курулуш үчүн мурда макулдашылган өзүнчөлөнтүшкө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле баасы тийиштүү түрдө коррекциялана турган жана жаңы талаптардын аткарылышы үчүн негизделген тийиштүү убакыт бериле турган шартта кошумча талаптарды киргизүүгө жол берилет.

738-38-статья. Истиснаа келишиминин баасы жана эсептешүү тартиби

1. Истиснаа келишими түзүлгөнгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат.

Истиснаа келишиминин предметинин баасы ушул келишим түзүлгөн учурга карата аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.

2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун негизинде же келишимде каралган мөөнөттүн ичинде бөлүп төлөө менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо, эгерде келишимдин предметин берүү этап менен жүргүзүлсө, сумманын бөлүгү токтоосуз төлөнүшү мүмкүн, ал эми калган бөлүгү берүүнүн же жумуштарды аткаруунун этаптарына жараша бөлүп төлөнөт.

3. Төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн төлөм алууга тыюу салынат. Истиснаа келишиминде каралбаса да, алдын ала төлөм үчүн жеңилдик берүүгө жол коюлат.

4. Истиснаа келишиминин предметин сатуу боюнча чыгымдарды тапшырыкчы тартат.

738-39-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин өзгөчөлүктөрү 

1. Өндүрүүчү банкрот болгон учурда, сатып алуучу сарпталган материалдардын наркынын бөлүгүн төлөп берген шартта, сатып алуучу бүткөрүлө элек өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот.

2. Истиснаа келишиминде анын предмети болуп саналган курулмалардын кайсы болбосун мүчүлүштүгү же аларды техникалык тейлөө үчүн өндүрүүчү жоопкерчилик тарта турган мөөнөт белгилениши мүмкүн.

3. Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу истиснаа келишиминин предмети болуп саналган учурда тараптар түпкү сатып алуучуга же подрядчыга таандык болушу мүмкүн объекттин курулушу жүзөгө ашырыла турган жер тилкесин аныктоого тийиш.

4. Тапшырыкчыга таандык жерде имараттар же коммуналдык курулмалар курулган учурда, эгерде өндүрүүчү истиснаа келишиминин шарттарын аткарбаса же белгиленген убакыт ичинде жумушту бүткөрө албаса, курулушту финансылоо өндүрүүчүгө жүктөлөт, бул жобо өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет.

5. Эгерде подрядчы өз милдеттенмесин аткарууну уланта албаган абалда болсо, тапшырыкчы (жер ээси) дээрлик даяр болуп калган бүткөрүлбөгөн курулушту же коммуналдык курулманы подрядчыга төлөп бербестен өз менчигине алууга укуксуз болот.

Эгерде истиснаа келишиминин талаптары подрядчынын күнөөсү боюнча аткарылбаса, ташпырыкчы курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуштук подрядчы түпкү сатып алуучу тарткан иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын ага төлөп бериши керек.

Эгерде истиснаа келишиминин аткарылбоосу тапшырыкчынын укук ченемсиз аракеттерине байланышса, подрядчы бүткөрүлгөн жумуштун наркына барабар сумманы жана кайсы бир чыгашалар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу болот.

Эгерде истиснаа келишиминин аткарылбоосу ушул келишимдин тараптарынын бирине да тиешеси болбогон себептерге байланышса, түпкү сатып алуучу тийиштүү жерде турган курулган курулмага гана укуктуу болот жана тараптардын бири да башка тарап тарткан чыгашаларды жана зыяндарды компенсациялоо үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6. Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүү истиснаа келишиминин предметинин наркынын көбөйүүсүнө алып келгенде, кошумча сарптоолорду ташпырыкчы тартат.

7. Истиснаа келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чыгымдар, эгерде бул келишимде башкача каралбаса, тапшырыкчыга жүктөлөт.

8. Эгерде истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучуга же болбосо ал дайындаган жакка өткөрүлүп берилсе жана түпкү сатып алуучу истиснаа келишиминин предметин толук контролдоону жүзөгө ашыра алса, өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат.

9. Банк катышкан истиснаа келишими жана жарыш истиснаа келишими боюнча бүтүмдөрдүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилениши мүмкүн.

738-40-статья. Истиснаа келишиминин жана жарыш истиснаа келишиминин предметин тапшыруунун жана кабыл алуунун шарттары

1. Истиснаа келишими боюнча мүлк мөөнөтүндө даярдалууга жана келишимде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Даярдалган жана жеткирилген мүлк даярдоочу тарабынан тапшырылышы керек, ал эми тапшырыкчы аны кабыл алууга милдеттүү.

Эгерде истиснаа келишиминин предметинин абалы келишимде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе, тапшырыкчы аны кабыл алуудан баш тартууга же бааны өзгөртүү мүмкүндүгү менен аны кабыл алууга укуктуу, бул болсо истиснаа келишими канааттандырарлык түрдө аткарылгандыгын билдирет.

2. Тапшырыкчы даярдалган мүлктөн негизсиз түрдө баш тарткан учурда бул мүлк өндүрүүчүнүн ээлигинде калат жана өндүрүүчү мындай учурда, эгерде истиснаа келишиминин предметине тийиштүү чыгашалар жана зыяндар өндүрүүчүнүн кайдыгер мамилесинин же укук ченемсиз аракеттеринин натыйжасы болуп саналбаса, өндүрүүчү мындай чыгашалар жана зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт. Тапшырыкчы истиснаа келишиминин предметинин сакталышы боюнча чыгымдарды тартат.

3. Истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучунун иш жүзүндөгү ээлигине өткөрүлүп берилген учурдан тартып аны берүү жүзөгө ашырылды деп эсептелет. Истиснаа келишиминин предмети сатып алуучуга өткөрүлүп берилген учурдан тартып, өндүрүүчүнүн кайдыгер мамилеси же укук ченемсиз аракеттери болгондугун далилдөөсүз эле, истиснаа келишиминин предмети кийин дуушар болуучу кайсы болбосун чыгашаларга же зыян тартууларга сатып алуучу жоопкерчилик тартат.

§ 8. Кепилдик жөнүндө келишим

738-41-статья. Кепилдик жөнүндө келишимдин жалпы жоболору

1. Кепилдик жөнүндө келишим (милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө бүтүмдөр) боюнча бир тарап башка тараптын алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча кепил катары чыгат. Милдеттенмелердин аткарылышы бир эле убакта бир нече ыкма менен камсыз кылынышы мүмкүн.

2. Төлөөгө жарамдуулугуна шек жаратпаган кынтыксыз аброю бар кайсы болбосун жеке же юридикалык жак кепил катары чыга алат.

Банк кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча кепилдикти кардардын негизги карызды банкка төлөп беришинин шарты менен берүүгө укуктуу. Банк тендерге катышууга кепилдиктерди берүүгө укуктуу.

738-42-статья. Кепилдик жөнүндө келишимди түзүүгө карата талаптар

1. Кепилдик жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариаттык күбөлөндүрүлүүгө жатат.

2. Кепилдик жөнүндө келишимде анын колдонуу мөөнөтү, кепилдик бериле турган сумма белгиленет.

3. Кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгы негизги милдеттенменин жараксыздыгына алып келбейт. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгына алып келет.

738-43-статья. Кепилдик жөнүндө келишимдин шарттары

1. Кепил, эгерде келишимде башкача каралбаса, кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча кепилдикти кардардын негизги карызды банкка төлөп беришинин шарты менен берет.

2. Кредит берүүчү карыздын суммасын карызкордон да, кепилден да талап кылууга укуктуу. Эгерде кредит берүүчү карызкорду карызды төлөөдөн бошотсо, кепил да карызды төлөө боюнча милдеттенмеден бошотулган болот.

Кепилди финансылык жоопкерчиликтен бошотуу карыз алуучунун карызды төлөөдөн бошотулушуна алып келбейт.

3. Кепил карызды төлөгөн учурда, карызкор төлөнгөн сумманы, банктык кепилдикти бергендиги үчүн сыйакыны жана тараптардын макулдашуусунда каралган шарттарга ылайык, кепилдин башка комиссияларын кепилге төлөп берет.

738-44-статья. Кепилдик жөнүндө келишим боюнча чектөөлөр

1. Мудараба келишиминин же мушарака келишиминин катышуучусу болуп саналган банк чет өлкөлүк валюталардын курсунун өзгөрүүсүн кепилдөөгө укугу жок.

2. Кепилдик каттарды проценттик карызды же тыюу салынган бүтүмдөрдү түзүү үчүн пайдалана турган арыз ээсинин пайдасына кепилдик каттарды берүүгө уруксат берилбейт.

3. Үчүнчү тарапка (мударибден же инвестициялык агенттен башка) ыктыярчылык милдеттенме алууга уруксат берилет, бул милдеттенмеде, кепилдик мудараба финансылык контрактына же инвестициялык агенттиктин контрактына эч кандай байланышпаган шартта, милдеттенме берилген тараптын инвестициялык жоготууларын төлөп берүү милдети тастыкталат.

738-45-статья. Милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу

Бүтүмдүн тараптарынын биринин келишимдин үчүнчү жактан кепилдик формасындагы камсыз кылууну берүү жөнүндө шарттарын аткарбоосу башка тарапка келишимди бузуу укугун берет.

738-46-статья. Мүлктү күрөөгө коюу кепилдиктин ыкмасы катары

1. Мүлктү күрөөгө коюу милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги болуп саналат. Күрөө коюучунун менчигинде турган мүлк күрөө боло алат, эгерде тараптар ортосундагы келишимде башкача каралбаса, күрөө коюучу аны тескөөгө укуктуу болот. Мүлктү күрөөгө коюуда күрөө жөнүндө тиешелүү келишим түзүлөт. Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары, күрөөгө коюлган актив кредит берүүчүнүн ээлигинде турбаса да, күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп саналат.

2. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы кредит берүүчүнүн алуусу үчүн (эгерде карызкор карызын төлөй албаса же карызды төлөөдөн баш тартса), күрөөгө коюлган мүлктү сотко кайрылуусуз эле сатууга кредит берүүчүнүн укугу күрөө жөнүндө келишимде каралышы мүмкүн.

3. Күрөө жөнүндө келишимди бир тараптуу ажыратууга жол берилбейт. Күрөө коюучунун же күрөө кармоочунун каза болушу же жоюлушу күрөө келишимин ажыратуу үчүн негиз болуп саналбайт.

4. Мүлк буга чейин күрөөгө коюлгандыгы тууралуу кийинки күрөө кармоочуну талаптагыдай кабардар кылуу шартында, бир эле мүлк бирден көп милдеттенмени камсыздоо үчүн күрөө катары берилиши мүмкүн.

738-47-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү карызды төлөө максатында сатуу

1. Карызкор карызды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга жарамсыз болгон учурда күрөөнүн предмети сатылышы мүмкүн.

2. Күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктү карызкордун карызын төлөө жолу менен өзүнө кайтарып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот.

3. Күрөө коюучу (карызкор) күрөөгө коюлган мүлктүн документтерине, сакталышына жана сатылышына байланышкан бардык чыгымдардын төлөнүшү үчүн толук жоопкерчилик тартат.

4. Калган төлөмдөрдүн бөлүп төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн, сатуучу сатып алуучудан сатылган мүлктү күрөө катары сактоо укугун ала алат. Бир жолку төлөөнүн негизинде сатылган мүлктү бул мүлк үчүн төлөмдү сатуучу алганга чейин аны өз ээлигинде калтырууга да сатуучуга уруксат берилет.

5. Кредит берүүчүүрөө кармоочу) карызкорду төлөөдөн бошотуу шарты менен бөлүп төлөөгө макул болгон учурларды кошпогондо, карыз толук төлөнгөнгө чейин анын коюлган күрөөгө карата укугу болот. Эгерде келишимде бул тууралуу каралбаса, кредит берүүчү карыз төлөнүп бүткөндөн кийин күрөөнү башка камсыз кылынбаган карыздарды камсыз кылуу катары кармап турууга укуктуу эмес.

6. Күрөөгө коюлган мүлктү пайдаланууга күрөө коюучуга күрөө кармоочунун макулдугу менен уруксат берилет.

738-48-статья. Кепилдик бергендик үчүн төлөм

1. Кепилдик жөнүндө келишимде кепилдик бергендик үчүн төлөмдү алуу каралышы мүмкүн. Кепилдик катты бергендик үчүн комиссиялык жыйымдар ушундай кызмат көрсөтүүлөр үчүн адатта алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш.

2. Документтүү аккредитивди бергендик үчүн чыгымдарды кардар төлөйт. Банк да көрсөткөн кызматтары үчүн төлөм ала алат.

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кепилдиктерди берүүгө карата кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.

§ 9. Салам келишими

738-49-статья. Салам келишими боюнча жалпы жоболор

1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте, шартталган мөөнөттө башка тарапка товарды берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу салам келишими түзүү учурунда бул товарды төлөөгө жана аны келечекте кабыл алууга милдеттенет. Бул бүтүмдө баа капитал катары каралат.

2. Жарыш салам келишими - бул, өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу катары чыгат жана белгилүү бир товарды сатып алуу, андан кийин аны берүү жана келишимге кол койгондо төлөмдү жүзөгө ашыруу жөнүндө тапшырыкчы менен келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн ошол эле товарды, ошондой эле санда жана ошол эле датада, экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркын төлөгөн башка тапшырыкчыга сатат.

3. Ушул параграфтын жоболору жарыш салам келишимине карата да колдонулат.

738-50-статья. Салам келишиминин предмети

1. Чет өлкөлүк валюталарды, баалуу металлдарды (алтын, күмүш ж.б.) кошпогондо, таразага тартууга, ченөөгө же эсептөөгө боло турган товарлар жана башка мүлк салам келишиминин предмети боло алат.

2. Товарлар кайсы бир бүдөмүктүктү четке каккан өзүнчөлөнүштү түзүүгө мүмкүндүк берген түрдө болушу керек, алардын өзүнчөлөнүшкө туура келиши үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт.

3. Товарлар кабыл алынган практикага жана эксперттердин корутундуларына ылайык конкреттүү аныкталууга тийиш.

4. Келишим түзүлүп жатканда товарлар бар болууга тийиш.

5. Карызды салам келишими боюнча капитал катары колдонууга жол берилбейт.

738-51-статья. Салам келишимин түзүүгө карата талаптар

1. Салам келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жатат.

2. Салам келишими боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн алдын алуучу келишимдер түзүлүшү мүмкүн, алардын алкагында колдонуудагы мөөнөттөрүн көрсөтүү менен өзүнчө келишимдер түзүлүшү ыктымал.

3. Алдын алуучу келишимдерде салам келишиминин алкагы жана тараптардын товарларды сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу ниеттери, ошондой эле товарлардын саны жана өзүнчөлөнүшү, аларды жеткирүү ыктары, баасын аныктоо үчүн негиздер жана төлөө методу, милдеттенмелердин (кепилдиктердин) аткарылышын камсыз кылуу жана башка шарттар аныкталат.

738-52-статья. Салам келишими боюнча төлөө 

1. Товарды төлөө токтоосуз түрдө, салам келишимин түзүү учурунда төлөнөт. Өзгөчө учурларда, төлөө үч күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Кийинкиге жылдыруу, кечиктирүүнүн мезгили түрдүк белгилер менен аныкталган товарларды жеткирүүнүн мезгилине барабар болбогон же андан ашпаган шартта, салам келишиминин аткарылышына таасирин тийгизүүгө тийиш эмес.

2. Салам келишими боюнча товардын баасын төлөөнүн ордуна аны түрдүк белгилер менен аныкталган башка товарга алмаштырууга жол берилет. Бул учурда, алмаштырылуучу товардын сорту, түрү, өзүнчөлөнүшү жана саны белгилениши керек.

738-53-статья. Салам келишими боюнча беримдер (поставкалар)

1. Салам келишиминде беримдин мөөнөтү, ыкмасы жана орду аныкталат.

2. Сатуучу белгиленген күндө, салам келишиминин шарттарына жараша, товардын сүйлөшүлгөн өзүнчөлөнүштөрүнө ылайык жана сүйлөшүлгөн санда сатып алуучуга жеткирүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, экинчи тараптан, эгерде товар келишимде каралган талаптарга жооп берсе, товарды кабыл алууга тийиш.

3. Товарлар тараптардын макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда жеткирилиши мүмкүн.

4. Эгерде сатуучу келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товарга караганда жогорку сапаттагы товарды сунуштаса жана жогорку сапат үчүн жогорураак бааны талап кылбаса, сатып алуучу товарды кабыл алууга тийиш. Бул эреже салам келишиминде каралган товардык сыпаттама (кыйла төмөн сапаттык өзүнчөлөнүштөр менен) олуттуу шарт болуп саналбаган учурда гана колдонулат.

5. Эгерде жеткирилген товардын сапаты келишимдик өзүнчөлөнүштөргө ылайык талап кылынган товардыкына караганда төмөн болсо, сатып алуучу бул товардан баш тартууга же болбосо аны ошол абалында кабыл алууга укуктуу. Товар кабыл алынган учурда тараптар мындай товарды баасын төмөндөтүү менен кабыл алуу тууралуу келишимге келе алат.

738-54-статья. Салам келишимин өзгөртүү жана бузуу

1. Сатуучу өз милдеттенмесин аткара албаган же белгиленген күндө сатуучуда товардын баары же бөлүгү бар болбосо, сатып алуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) товарды берүүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууга жана товарды берүүнүн башка датасын белгилөөгө;

2) салам келишимин бузууга жана төлөнгөн каражаттарды жана үстөк төлөмдү өндүрүп алууга. Үстөк төлөм боюнча суммалар сатып алуучунун кирешеси катары чегерилиши мүмкүн эмес жана кайрымдуулук максаттарына багытталууга жатат.

2. Тараптар товарды башка товарга алмаштырууну макулдашууга укуктуу.

738-55-статья. Салам келишими боюнча чектөөлөр

1. Товарларды жеткирүүнү кечиктиргендик үчүн финансылык санкциялар каралган эскертмелерди салам келишимине кошууга жол берилбейт.

2. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмесин аткаруу жана товарларды жеткирүү үчүн сатуучу ушул салам келишиминде каралгандай өзүнчөлөнүштөгү товарларды сатып алууга үчүнчү жак менен өзүнчө салам келишимин түзүүгө укуктуу.

3. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган, сыпаттамасы биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу болжолдонгон товарлардын сыпаттамасына туура келген товарларды сатуу максатында, сатып алуучу үчүнчү жак менен өзүнчө жарыш салам келишимин түзүүгө укуктуу.

4. Тараптарга салам келишими боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин ушул статьянын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелерге байланыштырууга жол берилбейт.

Эки салам келишими боюнча милдеттенмелер жана укуктар өз-өзүнчө болууга тийиш. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелер бузулган учурда башка тараптын (жабырлануучу тараптын) бул зыянды же чыгашаларды биринчи тарап жарыш салам келишимин түзгөн тарапка байланыштырууга укугу жок.

5. Салам келишиминен келип чыгуучу карыздык милдеттенмелер боюнча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.

§ 10. Ишенилген (вади'айад амана) жана кепилденген (вади'айад дамана) сактоо келишимдери

738-56-статья. Ишенилген сактоо келишими

1. Ишенилген сактоо келишиминде бир тарап (сактоочу) ага башка тарап (кардар) берген акча каражаттарын же башка баалуулуктарды сактоого, тескебей туруп кардардын ушул баалуулуктарларга карата тапшырмаларын бул баалуулуктарды тескебестен аткарууга милдеттенет.

2. Ишенилген сактоо келишими акы төлөнмө болуп саналат.

3. Тиешелүү лицензиясы бар банк ишенилген сактоо келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акча каражаттарын же баалуулуктарды банктык сейфтерде (уюкчаларда) сактоо түрүндө жүргүзөт.

738-57-статья. Кепилденген сактоо келишими

1. Кепилденген сактоо келишими боюнча тиешелүү лицензиясы бар банк кардардан акча каражаттарын кабыл алат жана аларды пайда алуу максатында тескейт.

2. Кепилденген сактоо келишими боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү банк салымдар боюнча эсептерди ачуу жана аларды тейлөө аркылуу жүргүзөт.

3. Кепилденген сактоо келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайдадан банк өз ыктыяры боюнча кардарга сый акы (хиба) төлөшү мүмкүн.

4. Банк кардарга берилүүчү сый акыларды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин белгилөөгө укуктуу.

5. Банк кардарга сый акыны акчалай да, мыйзамда тыюу салынбаган башка формада да төлөөгө укуктуу.".

9) 36-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"36-глава. Банктык салым

749-статья. Банктык салым түшүнүгү 

1. Банктык салым (депозит) - бул, белгилүү бир мөөнөткө же болбосо талап кылганга чейин же болбосо түзүлгөн келишимде аныкталган белгилүү бир жагдай (учур) келип чыкканга (келип чыкпаганга) чейин сактоо жана киреше алуу максатында жеке же юридикалык жактар банкка салган улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары.

2. Банктык салым келишимин түзүп жатканда банк кардардын акча каражаттарын эсепке киргизүү үчүн ага банктык эсеп ачууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, салымдар менен иштөөнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат.

750-статья. Акча каражаттарын салымдарга тартуу укугу

1. Салымдарды тартуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы берген лицензиянын негизинде иш жүргүзүүчү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган банктарда банктык салымдарды коргоонун системасына катышуучу банктарга гана, Улуттук банк белгилеген чектөөлөрдү эсепке алуу менен таандык болот. Банктар салымдардын сакталышын жана салым салуучулардын алдында өздөрүнүн милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылат.

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген кайсы болбосун башка юридикалык жана жеке жактар кайсы формада болбосун туруктуу негизде, анын ичинде ачык түрдө тартуу жолу менен, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында акча каражаттарын тартууга укуксуз болот.

Бул тыюу салууну бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.

2. Салымдарга акча каражаттарын тартуу банктык салым келишими менен жол-жоболоштурулат.

3. Салым салуучудан салым салымдарды кабыл алууга укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда, салым салуучу салымдын суммасын токтоосуз кайра берүүнү, ошондой эле салымга карата ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди төлөөнү жана салым салуучуга келтирилген бардык чыгашаларды проценттердин суммасынан тышкары төлөөнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак салым салуучунун акча каражаттарын банктык салым келишиминин шарттарында кабыл алса, бул келишим жараксыз болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкүдөй учурларда да колдонулат:

1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын салымга вексель же салым кармоочулардын алгачкы эле талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздарга алмаштыруу иретинде тартууда жана салым салуучунун ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарын жүзөгө ашырууда;

2) чыгарылышы мыйзамсыз деп таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды граждандарга жана юридикалык жактарга сатуу жолу менен алардын акча каражаттарын тартууда.

751-статья. Банктык салым келишими

1. Банктык салым келишими боюнча, салым салуучудан келип түшкөн же ал үчүн келип түшкөн акчалай сумманы (салымды) кабыл алган банк салым салуучуга ушул сумманы жана ага карата проценттерди же башкача формадагы кирешени келишимде каралган шарттарда жана тартипте төлөп берүүгө милдеттенет.

Салымдын суммасы банкка келип түшкөн күндөн тартып банктык салым келишими түзүлдү деп эсептелет.

2. Жаран салым салуучу болуп саналган банктык салым келишими ачык келишим болуп саналат.

752-статья. Банктык салым келишиминин формасы

1. Банктык салым келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Эгерде салымдын салынгандыгы сактык китепчеси, сактык же депозиттик сертификаттар же болбосо банк салым салуучуга берген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ушундай документтер үчүн каралган талаптарына жооп берген документтери менен ырасталса, банктык салым келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы сакталды деп эсептелет.

2. Банктык салым келишиминин жазуу жүзүндөгү формасын сактабоо бул келишимдин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим арзыбас келишим болуп саналат.

753-статья. Салымдардын түрлөрү 

1. Банктык салым келишими төмөнкүдөй түрлөрдө болушу мүмкүн:

1) талап кылууга чейинки банктык салым келишими;

2) мөөнөттүү банктык салым келишими;

3) кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими.

2. Талап кылууга чейинки банктык салым келишими деп банк салымды салым салуучунун алгачкы талабы боюнча кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.

Келишимдин салымды алгачкы талап боюнча алуу укугунан баш тартуу жөнүндөгү шарты жараксыз болот.

3. Мөөнөттүү банктык салым келишими деп банк салымды келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.

4. Кайтарып алуунун башка шарттарындагы салым келишими деп банк түзүлгөн келишимде аныкталган жагдайлар (учурлар) келип чыкканда (же келип чыкпаганда) салымды кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген проценттерди төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.

5. Салым салуучу мөөнөттүү салымдын суммасын - көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө же болбосо кайтарып алуунун башка шарттарындагы салымдын суммасын - келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда кайтарып берүүнү талап кылбаган учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, келишим талап кылууга чейинки салым шартында узартылды деп эсептелет.

753-1-статья. Жашы жете электердин салымдары

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электер ата-энелеринин, асырап алуучуларынын жана камкорчуларынын макулдугусуз, өз алдынча, ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банктарга салымдарды салууга жана аларды тескөөгө укуктуу.

2. Үчүнчү жактар жашы жете электердин атына салымдарды салышы мүмкүн (үчүнчү жактын пайдасына салым).

3. Он төрт жашка чейинки курактагы жашы жете электердин атына салынган салымды анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү тескейт.

754-статья. Салымга проценттер

1. Банк салым салуучуга салымдын суммасына проценттерди банктык салым келишиминде аныкталуучу өлчөмдө төлөп берет.

2. Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, банк талап кылууга чейинки салымдарга проценттердин өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.

Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, банк проценттердин өлчөмүн азайткан учурда проценттердин жаңы өлчөмү проценттердин азайганы тууралуу салым салуучуларга билдирилгенге чейин салынган салымдарга карата, тиешелүү билдирүү учурунан отуз күн өткөндөн кийин колдонулат.

3. Келишимде белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин же болбосо келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда берүү шарттарында салынган салым боюнча проценттердин банктык салым келишиминде аныкталган өлчөмүн банк бир тараптуу азайтышы мүмкүн эмес.

754-1-статья. Салым боюнча проценттерди чегерүүнүн жана төлөөнүн тартиби

1. Банктык салымдын суммасына проценттер салым банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып салым аны салуучуга кайтарылган же болбосо салым башка негиздер боюнча аны салуучунун эсебинен алып салынган күндөн мурунку күнгө чейин чегерилет.

2. Банктык салымдын суммасына проценттер салым салуучунун талап кылуусу боюнча ага ар бир ай же квартал бүткөндөн кийин төлөнүп берилет, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган проценттер, эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, салымдын проценттер чегерилүүчү суммасына кошулат.

Салымды кайтарып берүүдө бардык чегерилген жана ошол учурга карата төлөнө элек проценттер төлөнүп берилет.

755-статья. Салымдын кайтарылып берилишин камсыз кылуу

1. Банк салымдын сакталышын жана анын салым салуучуга өз убагында кайтарылып берилишин камсыз кылат. Банк салымды банктык салым келишиминин шарттарына ылайык кайтарып берүүгө милдеттүү. Келишимдин салымды алгачкы талап кылуу боюнча алуу укугунан баш тартуу тууралуу шарты жараксыз болот.

2. Кайсы түрдөгү болбосун банктык салым келишими боюнча, банк, кайтарылып берүүнүн келишимде каралган башка шарттарында салынган салымды (шарттуу салымды) кошпогондо, салымдын суммасын же анын бөлүгүн салым салуучунун алгачкы талап кылуусу боюнча төлөп берүүгө милдеттүү.

Салым салуучунун талабы боюнча мөөнөттүү салым мөөнөтү бүткөнгө чейин кайтарылып берилген учурларда салымдын суммасы салым салуучу кайрылган учурдан тартып 48 сааттын ичинде банк тарабынан берилет жана салым боюнча проценттер, эгерде келишимде башкача каралбаса, талап кылууга чейинки салымдар боюнча банк тарабынан төлөнүүчү проценттердин өлчөмүнө туура келген өлчөмдө төлөнүп берилет.

3. Салым салуучу мөөнөттүү салымдын суммасын - мөөнөттү бүткөндөн кийин же болбосо кайтарып берүүнүн башка шарттарында салынган салымдын суммасын - келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда кайтарып берүүнү талап кылбаса, келишим, эгерде анда башкача каралбаса, салымдын мөөнөтү бүткөн күнгө карата колдонууда болгон талап кылуу боюнча төлөнүүчү салымдын шарттарында узартылган болуп саналат.

4. Банк өзү кабыл алган салымдардын кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн колдонууга милдеттүү каражаттар жана ыктар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана банктык салым келишими менен аныкталат.

5. Банктык салым келишимин түзүүдө банк салымдын кайтарылып берилиши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылына тургандыгы тууралуу салым салуучуга маалымат берүүгө милдеттүү.

756-статья. Салым салуучунун эсебине үчүнчү жактар тарабынан акча каражаттарын салуу

Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, салым салуучунун ысымына, анын салым боюнча эсеби жөнүндө зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен үчүнчү жактардан банкка келип түшкөн акча каражаттары анын салым боюнча эсебине чегерилет. Мында салым салуучу өзүнүн салым боюнча эсеби жөнүндө зарыл маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү менен, алардан акча каражаттарын алууга макулдугун билдире тургандыгы эске алынат.

757-статья. Үчүнчү жактын пайдасына салынган салым

1. Салым белгилүү бир үчүнчү жактын ысымына банкка салынышы мүмкүн. Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, мындай жак салым салуучунун укуктарына негизделген алгачкы талабын банкка койгон же болбосо мындай укуктарды пайдалануу ниетин башка ык менен банкка билдирген учурдан тартып салым салуучунун укуктарына ээ болот.

Пайдасына салым салынып жаткан жарандын аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын көрсөтүү тиешелүү банктык салым келишиминин олуттуу шарты болуп саналат.

Келишим түзүлгөн учурга карата каза болгон жарандын же болбосо ушул учурга карата бар болбогон юридикалык жактын пайдасына түзүлгөн банктык салым келишими арзыбас келишим болот.

2. Ысымына салым салынган үчүнчү жак, эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, анын эсебине акча келип түшкөн учурдан тартып салым салуучунун укугуна ээ болот.

3. Атына салым салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурларда банктык салым келишимин үчүнчү жактын ысымына түзгөн жак салымды кайра берүүнү же өз атына которууну талап кыла алат.

758-статья. Сактык китепчеси

1. Банк салым салуучунун талабы боюнча ага энчилүү сактык китепчесин берүүгө милдеттүү.

2. Салым боюнча эсепке акча каражаттарын салуу жана эсеп боюнча андан кийинки аракеттер сактык китепчеси менен ырасталат. Сактык китепчесинде көрсөтүлгөн маалыматтар банктын жана салым салуучунун ортосундагы салым боюнча эсептешүүлөр үчүн негиз болуп саналат.

3. Сактык китепчесинде банк тарабынан банктын жана анын тиешелүү филиалынын аталышы жана жайгашкан орду, салым боюнча эсептин номери, ошондой эле эсепке чегерилген акча каражаттарынын бардык суммалары, эсептен алып салынган акча каражаттарынын бардык суммалары жана банкка сактык китепчесин көрсөтүү учурунда эсептеги акча каражаттарынын калдыгы көрсөтүлүүгө жана ырасталууга тийиш.

4. Салымды берүү, ал боюнча проценттерди төлөө жана салым салуучунун эсептеги акча каражаттарын башка жактардын эсебине которуу жөнүндө тескемелерин аткаруу сактык китепчесин көрсөткөндө банк тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде энчилүү сактык китепчеси жоголуп кетсе же көрсөтүү үчүн жараксыз абалга келсе, банк салым салуучунун өтүнүчү боюнча ага жаңы сактык китепчесин берет.

759-статья. Сактык (депозиттик) сертификат

1. Сактык (депозиттик) сертификат банкка салынган салымдын суммасын жана белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин салымдын суммасын жана сертификатта шартталган проценттерди сертификатты берген банктан же анын кайсы болбосун филиалынан алууга карата салым салуучунун (сертификатты кармоочунун) укугун ырастаган баалуу кагаз болуп саналат.

2. Сактык (депозиттик) сертификаттар энчилүү болуп саналат.

3. Сактык (депозиттик) сертификатты төлөмгө мөөнөтүнөн мурда көрсөткөн учурда, банк тарабынан салымдын суммасы жана, эгерде сертификаттын шарттарында проценттердин башка өлчөмү белгиленбесе, талап кылууга чейинки салымдар боюнча проценттер төлөнүп берилет.";

10) 760-статьянын 1-пунктунда "же башка кредиттик мекеме (мындан ары - банк)" деген сөздөр ", белгиленген тартипте берилген лицензияга ылайык тийиштүү укук берилген банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

11) 762-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "банктык мыйзамдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын;

12) 763-статьянын 1-пунктунда "мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

13) 764-статьяда "мыйзамда, аларга ылайык чыгарылган банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 766-статьянын 2-пунктундагы "заем жана" деген сөздөр алып салынсын;

15) 775-статьяда:

а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында же банктык эсептин келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болгон же келишимде белгиленген мөөнөт ичинде кардардын эсебинде акча каражаттары болбогон же эсеп боюнча кардардын тескемеси менен операциялар жүргүзүлбөгөн, ошондой эле мыйзамда каралган учурда, банк кардарды бир календардык ай мурда кабарландыруу менен банктык эсеп келишимин бир тараптуу тартипте буза алат.";

б) 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Банк кардарга акча каражаттарынын калдыгын алуунун зарылдыгы тууралуу анын белгилүү акыркы дареги боюнча билдирет, ал эми кардар келбеген учурда акча каражаттарынын калдыгы системалык эсепте сакталат.";

16) 37-глава төмөнкүдөй мазмундагы 775-1-статья менен толукталсын:

"775-1-статья. Банктардын корреспонденттик жана башка эсептери

Ушул главанын нормалары, эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача каралбаса, банктардын корреспонденттик жана башка эсептерине карата колдонулат.";

17) 38-главада:

а) § 1 төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"§ 1. Жалпы жоболор

775-2-статья. Эсептешүүлөрдү уюштуруу

1. Банктар эсептешүүлөрдү ушул Кодексте белгиленген формаларда жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасында каралган тартипте, ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келбесе, эл аралык банктык практикада кабыл алынган формаларда жүзөгө ашырат.

2. Улуттук банк банктардын жана төлөм системасынын башка катышуучуларынын эсептешүү операцияларын жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик укуктук актыларды чыгарат.

776-статья. Нак акчалуу жана нак акчасыз эсептешүүлөр

1. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр нак акчалуу жана нак акчасыз тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле ишкердикти жүзөгө ашырган жарандардын катышуусу менен эсептешүүлөр эреже катары, нак акчасыз тартипте жүргүзүлөт.

3. Нак акчасыз эсептешүүлөр, эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкача каралбаса жана эсептешүүлөрдүн пайдалануудагы формасы менен шартталбаса, эсептешүүлөргө катышкан жактардын эсептери ачылган банктар аркылуу жүргүзүлөт.

777-статья. Нак акчасыз эсептешүүлөрдүн формалары

1. Нак акчасыз эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда төлөм тапшырмалары менен эсептешүүлөр, аккредитив боюнча, инкассо боюнча, чектер түрүндө эсептешүүлөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка формаларда жана ишкердик жүгүртүү адаттарына ылайык банктык практикада колдонулуучу формаларда эсептешүүлөргө жол берилет.

2. Келишимдин тараптары келишимде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсептешүүлөрдүн кайсы болбосун формасын тандоого жана кароого укуктуу.";

18) 778-статьянын 2-пунктунда "мыйзам, ошондой эле банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

19) 779-статьяда:

а) 1-пунктта "мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пунктта "мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

20) 780-статьянын 3-пунктунда "мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

21) 782-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"782-статья. Жалпы жоболор

1. Аккредитив банктын шарттуу акчалай милдеттенмеси болуп саналат, аны банк кардардын тапшырмасы боюнча анын контрагентинин пайдасына, келишимдин негизинде берет, бул келишимге ылайык аккредитивди ачкан банк (банк-эмитент) берүүчүгө төлөмдү ишке ашырат же аккредитивде каралган документтерди берген шартта жана аккредитивдин башка шарттарын аткарганда мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө башка банкка ыйгарым укук берет.

Сүйлөшүлгөн учурларда аткаруучу банктын алуучуга төлөп беришин башка банк (ырастоочу банк) кепилдеши мүмкүн. Аткаруучу банк алуучуга ("алуучу" катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдөрдү аккредитивге ылайык жүзөгө ашырганда, банк-эмитент аткаруучу банкка тиешелүү төлөмдү (жана аткаруучу банктын сый акысын) жүзөгө ашырууга милдеттенме алат. Эгерде аткаруучу банк төлөмдү өз милдеттенмелерине ылайык жүргүзбөсө, талап кылынган жана талаптагыдай түрдө жол-жоболоштурулган документтер аткаруучу банкка берилген шартта, ырастоочу банк алуучуга ("алуучу" катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдү жүргүзүүгө милдеттенме алат.

2. Кыргыз Республикасында Эл аралык соода палатасы чыгарган документтик аккредитивдер үчүн Унификацияланган эрежелер жана каадалар да "Аккредитивдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте колдонулат.

3. Жабылган (депонирленген) аккредитив ачылган учурда банк-эмитент аны ачууда төлөөчүнүн өздүк каражаттарын же ага берилген кредитти банк-эмитенттин милдеттенмесин колдонуунун бүткүл мөөнөтүнө аткаруучу банктын тескөөсүнө которууга милдеттүү.

Жабылбаган аккредитив ачылган учурда банк-эмитент аны ачууда банк-эмитенттин аткаруучу банктагы эсебиндеги аккредитивдин бардык суммасын эсептен чыгаруу укугун аткаруучу банкка берет.";

22) 789-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "мыйзам жана ага ылайык белгиленген банк эрежелери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

23) 792-статьянын 4-пунктунда "башка мыйзамдар жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелери" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

24) 793-статьянын 2-пунктунда "мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

25) 794-статьянын 2-пунктунда "мыйзамдарда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

26) 799-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында "мыйзамда" деген сөз "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 26-статьянын 3-пунктундагы тогузунчу абзац "(кудуретсиздик) жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 141-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, банктын лицензиясын кайтарып алуу, Убактылуу администрация режимин киргизүү боюнча жана банкты реструктуризациялоо жагында чараларды көрүү боюнча чечимдерди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кабыл алган учурларда сот мындай чечимдерге даттануу боюнча доону камсыздоо чараларын колдонбойт.";

3) 361-статьянын 1-пунктунда "атайын администрациялоо жол-жобосу колдонулуп, анын натыйжасында карызкор жоюлганда жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салынганда карызкорго карата банкроттук жөнүндө" деген сөздөр "атайын администрациялоо/мажбурлап жоюу жол-жобосу колдонулуп, анын натыйжасында карызкор/банк жоюлганда карызкорго/банкты мажбурлап жоюуга карата банкроттук жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 383-статьянын 1-пунктундагы 11-пунктча "(кудуретсиздик) жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 384-статьянын 2-пункту "банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 385-статьяда "же болбосо финансы-кредиттик мекеменин банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө" деген сөздөр "банкроттугу же болбосо финансы-кредиттик мекемени мажбурлап жоюу жөнүндө" деген сөздөргө, "банкроттук жөнүндө мыйзамда" деген сөздөр "банкроттук жөнүндө мыйзамдарда жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 409-статьянын экинчи абзацы "карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги)" деген сөздөрдөн кийин "/банкты мажбурлап жоюу" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 76-статьянын 1-бөлүгү "тиешелүү күнгө (смена)" деген сөздөрдөн кийин "же тиешелүү мезгилге" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 83-статьянын 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "д" пунктчасы "кызматтык," деген сөздөн кийин "банктык," деген сөз менен толукталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

254-статьянын 1-бөлүгү "аскердик," деген сөздөн кийин "банктык жана" деген сөздөр менен толукталсын.

5. "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж. № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьяда:

а) 4-пунктта "банк," деген сөз алып салынсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Банктык ишти же айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу акционердик коомдорду түзүүнүн жана алардын иш-аракетинин өзгөчөлүктөрү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген бөлүгүндө ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.";

2) 66-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында "Банк ишин жүргүзгөн коомдордон башка" деген сөздөр алып салынсын.

6. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 3-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тикелей башкача белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга.";

2) 2-статьянын онунчу-он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 29-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 55-статьянын 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

7. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-1-статья. Банктардын аудити

Банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары - банк) аудити Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына жана аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Ушул Мыйзамдын нормалары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө банктарга аудит жүргүзүүгө карата колдонулат.";

2) 2-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

8. "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Өткөөл" банкты түзүүдө аны мамлекеттик каттоонун тартиби жана мөөнөтү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.";

2) 12-берененин 2-бөлүгү "30 календардык күндүн ичинде" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми финансы-кредиттик мекемелерге карата - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып" деген  сөздөр менен толукталсын.

9. "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-беренеде:

он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кепилдик учур - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун башталышы.

Банкка байланышкан жактар - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген аныктамага ылайык.";

2) 4-берененин 4-бөлүгү "Агенттик" деген сөздөн кийин "жоюучу менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 5-беренеде:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) банкка байланышкан жактардын депозиттери;";

б) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектөөлөр коюлган же камак салынган депозиттер;";

4) 6-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

биринчи абзацта "атайын администратор" деген сөздөр "жоюучу" деген сөзгө алмаштырылсын;

экинчи абзацта "Атайын администратор" деген сөздөр "Жоюучу" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктө "атайын администратор" деген сөздөр "жоюучу" деген сөзгө алмаштырылсын";

5) 7-берененин 6-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) кепилдик учур келип чыккан датага чейинки акыркы алты айдын ичинде ага карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир кылуу чаралары колдонулбаган болушу керек;";

6) 8-беренеде:

а) 1-бөлүктө "же банкроттоо" деген сөз алып салынсын;

"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Агенттиктин кепилденген депозиттеринин суммалары боюнча талаптары "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген кезектүүлүккө ылайык канааттандырылат.";

в) 4-бөлүктө "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 10-беренеде:

4-бөлүктүн 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 17-берененин 9-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 20-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү.

Улуттук банк "өткөөл" банктар үчүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган нормативдерди жана талаптарды аткаруунун өзгөчө шарттарын жана мөөнөттөрүн белгилейт.";

б) 5-бөлүктүн 1-абзацында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 25-беренеде:

а) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк ушул Мыйзамдын талаптарын бузган учурда Улуттук банк ага карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган кайсы болбосун таасир кылуу чараларын колдонууга укуктуу.";

в) 4-7-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;

г) 9-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

11) 26-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктардын Депозиттерди коргоо фондуна төлөгөн төлөмдөрү анын менчиги болуп саналат, кайтарылып берилбейт жана ушул Мыйзамга ылайык гана пайдаланылат.";

12) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. "Өткөөл" банкты кошпогондо, жаңыдан түзүлүүчү банктар мындай банктар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы суммасында Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төгүмүн төлөөгө тийиш. Кирүү төгүмү Улуттук банктын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки мезгилде төлөнүүгө тийиш. Банкты кайра структуралаштыруунун жүрүшүндө түзүлүүчү "өткөөл" банк кирүү төгүмүн төлөөдөн бошотулат.";

13) 28-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

14) 31-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

15) 42-беренеде:

а) 2-бөлүктүн 4-пунктунун "б" пунктчасында "консерваторду" деген сөз "Убактылуу администраторду" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"в" пунктчасында "токтото туруу же" деген сөздөр алып салынсын;

"г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 6-бөлүктүн 2-пунктунда "эскертүү чараларын жана санкцияларын" деген сөздөр "таасир кылуу чараларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16) 44-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

10. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде башкача каралбаса, күрөө боюнча укук мамилелеринин өзгөчөлүктөрү жер, банк мыйзамдары жана банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.".

11. "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-статьянын 1-пунктунун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

12. "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж. № 1, 25-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Бул Мыйзамдын колдонулуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жайылтылбайт.".

13. Кыргыз Республикасынын "Жарнак жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

17-беренеде:

"Каржылык" деген сөз "1. Каржылык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Финансы, банк, камсыздандыруу, инвестиция жана башкалар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле баалуу кагаздарды жарнактоонун башка өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзамга каршы келбеген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталышы мүмкүн.".

14. "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьянын 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда "Банктык жашырын сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын натыйжалуулугунун аудити анын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген иш-аракет максаттарын жана милдеттерин, көз карандысыздык статусун жана маалыматтардын купуялуулугун эсепке алуу менен, ошондой эле борбордук банктарга аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.".

15. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьянын 1-пунктунда "Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 21-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

16. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" газетасы, 2011-жылдын 28-июну, № 50) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-берененин 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын," деген сөздөр алып салынсын.

17. "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Микрофинансы уюму өз ишин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен жүзөгө ашырат.";

2) 5-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 10-статьяда:

а) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Депозиттерди тартуу укугу бар микрофинансы компанияларын мажбурлап жоюу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

Депозиттерди тартып келбеген микрофинансы компаниясы, микрокредиттик компания жана микрокредиттик агенттик "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоюлат.";

б) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 15-статьяда "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын";

5) 27-статьяда:

а) 1-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын";

б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

6) 28-статьяда:

а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"28-статья. Улуттук банктын ыйгарым укуктары";

б) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир кылуу чараларын колдонуу;";

в) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.";

7) 29-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Улуттук банк тарабынан лицензиялануучу микрофинансы компанияларына карата консолидацияланган көзөмөл боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында аныкталат.";

8) 30-статьянын 2-пунктунун 7-пунктчасында "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

9) 35-статьянын 9-пунктунун биринчи абзацында "текшерүүгө" деген сөз "тышкы көзөмөлдү жана инспекторлук текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

10) 35-3-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Керектөөчүлөрдүн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузгандык үчүн Улуттук банк микрофинансы уюмуна карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир кылуу чараларын колдонууга укуктуу.".

18. "Кредиттик союздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кредиттик союздардын иш-аракети ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат.";

2) 33-статьянын 9-пунктунда "банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө мыйзам менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

19. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-статьянын 19-пунктунда "тоскоолдуксуз жана акысыз" деген сөздөр "мыйзамдарда белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.

20. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 108-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын аскерлешкен ведомстволорунун" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын" деген сөздөр менен толукталсын.

21. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Банктын иш-аракетин көзөмөлдөөнү жана жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу Банкка талап кылынбайт.";

3) 21-берененин 5-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6-берене. 

Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- 1995-жылдын 5-июлундагы № 6-1 "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 7, 252-ст.);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1995-жылдын 5-июлундагы № 7-1 "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтому ("Свободные горы" газетасы, 1995-жылдын 15-июлу, № 44 жана "Эркин Too" газетасы, 1995-жылдын 19-июлу, № 45);

- 1997-жылдын 29-июлундагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.);

- 1997-жылдын 29-июлундагы № 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 471-ст.);

- 2002-жылдын 23-июлундагы № 122 "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 410-ст.);

- 2003-жылдын 23-мартындагы № 63 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 239-ст.);

- 2003-жылдын 18-декабрындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 3, 130-ст.);

- 2004-жылдын 15-февралындагы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 235-ст.);

- 2004-жылдын 15-декабрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 179-ст.);

- 2005-жылдын 10-мартындагы № 46 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 321-ст.);

- 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 322-ст.);

- 2005-жылдын 1-декабрындагы № 158 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 12/1166, 1012-ст.);

- 2006-жылдын 27-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 24-ст.);

- 2006-жылдын 21-августундагы № 176 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 852-ст.);

- 2006-жылдын 28-декабрындагы № 220 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 12, 1105-ст.);

- 2007-жылдын 12-февралындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 2, 143-ст.);

- 2007-жылдын 30-майындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж. № 5, 466-ст.);

- 2007-жылдын 4-июнундагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 512-ст.);

- 2007-жылдын 9-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 9, 712-ст.);

- 2008-жылдын 16-майындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 462-ст.);

- 2008-жылдын 16-майындагы № 88 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө ''Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 463-ст.);

- 2008-жылдын 19-майындагы № 90 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 465-ст.);

- 2008-жылдын 18-июлундагы № 154 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж. № 6/2, 618-ст.);

- 2008-жылдын 17-октябрындагы № 216 "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 908-ст.);

- 2008-жылдын 17-октябрындагы № 217 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүнү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 909-ст.);

- 2008-жылдын 17-октябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 916-ст.);

- 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 15 жана 20-бөлүктөрү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);

- 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 9, 1009-ст.);

- 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 243 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 9, 1016-ст.);

- 2009-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 21-ст.);

- 2009-жылдын 28-мартындагы № 93 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 224-ст.);

- 2009-жылдын 28-мартындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 225-ст.);

- 2009-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж. № 3, 226-ст.);

- 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 136 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 358-ст.);

- 2009-жылдын 19-майындагы № 160 "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 477-ст.);

- 2009-жылдын 19-майындагы № 161 "Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 478-ст.);

- 2009-жылдын 19-майындагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 479-ст.);

- 2009-жылдын 26-майындагы № 167 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 484-ст.);

- 2009-жылдын 26-майындагы № 172 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 489-ст.);

- 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" жана "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 757-ст.);

- 2010-жылдын 16-февралындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 77-ст.);

- 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Too" газетасы, 2010-жылдын 16-марты, № 19-20);

- 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 11 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 4, 247-ст.);

- 2011-жылдын 12-майындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 380-ст.);

- 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 4, 350-ст.);

- 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 964-ст.);

- 2014-жылдын 18-июлундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 719-ст.);

- 2015-жылдын 25-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 126-ст.);

- 2015-жылдын 24-июлундагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1024-ст.);

- 2015-жылдын 28-июлундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1037-ст.);

- 2016-жылдын 28-июнундагы № 91 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 540-ст.).

7-берене. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

8-берене. 

Банктар, финансы-кредиттик уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлү астындагы башка юридикалык жактар "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өздөрүнүн иш-аракетин аталган мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирүүгө милдеттүү.

9-берене. 

Ушул Мыйзам "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Атамбаев 

 

2016-жылдын 30-ноябрында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган