Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы улуттук валюта сомдун жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, магистранттары жана студенттери арасында илимий эмгектер боюнча сынак жарыялайт 

 

1. Максаты 

1. Жаш адистерди, магистранттарды жана студенттерди илимий-изилдөө ишине тартуу жана изилдөөлөр жайынтыгын банктык иш процессинде колдонуу сынактын максатынан болуп саналат. 

 

2. Катышуучулар 

2. Сынакка төмөнкүлөр катыша алат: 

- Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларын 2016-2017-жылдары бүтүргөндөр, магистранттар жана 4-5-курстардын студенттери; 

- Кыргыз Республикасынын чет өлкө жогорку окуу жайларын 2016-2017-жылдары бүтүргөн жарандары, чет өлкөдө окуп жаткан магистранттар жана 4-5-курстун студенттери. 

Бир катышуучу бир гана илимий эмгекти тапшыра алат. 

Авторлордун максималдуу саны  эки адам. 

 

3. Талаптар 

3. Илимий эмгектер Кыргыз Республикасынын экономикасына тиешелүү маселелерге арналып, төмөнкү багыттардын бирин камтууга тийиш: 

- банк жана банктык эмес (микрокаржылоо уюмдары, кредиттик союздар жана ж.б.) уюмдардын иши; 

- банктык жана банктык эмес жөнгө салуу иши; 

- тышкы экономикалык мамилелер; 

- мамлекеттик бюджет (мамлекеттик жана жеке карыз, фискалдык саясат); 

- акча-кредит саясаты; 

- инфляция жана инфляциялык процесстер; 

- төлөм системалары / нак эмес эсептешүүлөр; 

- финансылык сабаттуулук; 

- финансылык туруктуулук; 

- финансы рыноктору; 

- компаниялардын жана үй чарбаларынын экономикалык иш жагдайы; 

- экономикалык өсүш. 

4. Талдап-иликтөөлөрдүн сандык ыкмасын пайдалануу (эконометрикалык инструменттердин пайдаланылышына артыкчылык берилет). 

5. Төмөнкү материалдар кабыл алынат: 

- эмгектин жетекчиси / эдвайзери тарабынан жактырылган магистрдик жана дипломдук эмгектер тезистери. Жетекчинин / эдвайзердин электрондук дарегин жана телефонун көрсөтүү зарыл; 

- рецензент тарабынан жактырылган илимий эмгек. Мында, рецензенттин электрондук дарегин жана телефонун көрсөтүү зарыл. 

6. Тексттин мазмуну автордун өзүнө гана таандык болушу зарыл. Плагиаттыкка жол берилбейт. www.antiplagiat.ru сайтынан документтин түп нускасы боюнча кыскача отчет кошо тиркелүүгө тийиш. 

7. Илимий эмгектерди мамлекеттик, расмий же англис тилдерде жөнөтүүгө болот. 

8. Илимий эмгектер буга чейин бир дагы журнал, гезит, электрондук булактарда жарыяланбаган болууга тийиш. 

9. Эмгекке карата коюлган талаптар: 

Илимий эмгек төмөнкү бөлүктөрдөн турушу зарыл: 

9.1. Эмгектин аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде. 

9.2. Аннотация мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде (ар бири 3-4 сүйлөмдөн), негизги сөздөр (5-6 сөздөн ашпоого тийиш) JEL, УДК. 

9.3. Киришүү (максаты, милдети, объектиси, изилдөө ыкмалары, гипотезасы). 

9.4. Негизги тезистер (теориялык, методологиялык аспектилер жана эмпирикалык эсептешүүлөр). 

9.5. Корутунду (тыянактар, сунуш-көрсөтмөлөр). 

9.6. Колдонулган адабияттар. Цитата келтирүүдө, шилтемелерди жана адабияттардын тизмесин көрсөтүүдө ГОСТ Р7.0.5 2008 же АРА стандартын колдонуу. 

9.7. Тиркеме. 

Сынакка сунушталуучу эмгектин көлөмү А4 форматындагы 15 (он беш) беттен ашпоого тийиш; Times New Roman шрифти колдонулуп, шрифт өлчөмү 12, интервалы 1,5 ашпоого тийиш; тилкеси: сол жагынан  3, жогору/төмөн жагынан  2, оң жагынан  1,5 см аралыгы сакталышы зарыл. Документтин форматы *.doc (копия *.pdf). 

3-бөлүктүн талабына жооп бербеген эмгектер кароого алынбайт. 

 

4. Сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтер 

10. Илимий эмгек, окуучуларга окуган жеринен маалымкат жана  билдирме формасы. Чогуу бүткөрүлгөн эмгектер үчүн бир билдирме берилет. 

 

5. Эмгектерди карап чыгуу процесси 

11. 2018-жылдын 4-майынан 13-июлга чейин илимий эмгектерди кагазга чыгарылган же электрондук түрдө кабыл алынат (таблицаларды, графиктерди, эсептешүүлөрдү кошо тиркемеси менен). 

2018-жылдын 16-июлунан 24-августка чейин кабыл алынган илимий эмгектер баа берүү комиссиясынын кароосуна сунушталат. Баа берүү комиссиясы  

6-бөлүктө көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык баа берүүгө тийиш. 

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 2018-жылдын 5-сентябрьда тапшырылат. 

Белгиленген мөөнөт келип түшкөн эмгектердин көлөмүнө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн. Бардык өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланат. 

Сынакка сунушталган, анын ичинде кароого алынган жана алынбай калган илимий эмгектер рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт. 

Сынак жыйынтыгы жөнүндө маалымат бардык катышуучуларга 2018-жылдын 30-августуна чейин электрондук почта аркылуу маалымдалат. 

 

6. Сынакка сунушталган илимий эмгектерге баа берүү критерийлери (балл менен) 

12. Сынакка сунушталган илимий эмгектер төмөндөгү критерийлер боюнча бааланат:  

- Илимий эмгектин Кыргызстандын экономикасы үчүн актуалдуулугу (10 б.);  

- Улуттук банктын илимий, тажрыйбалык, колдонмо иши үчүн алардын мааниси (10 б.); 

- илимий эмгекти иштеп чыгуунун жүрүшүндө илимий-усулдук ыкмалардын, эконометрикалык жана статистикалык ыкмалардын негизинде эсептөөлөрдүн колдонулушу (10 б.); 

- эмпирикалык маалыматтарга жана теоретикалык тыянактарга таянуулар (10 б.); 

- тыянактардын жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн камтылышы (10 б.); 

- грамматикалык жана стилистикалык талаптарга жооп бериши (10 б.). 

  

7. Сыйлык өлчөмү  

13. Биринчи орун  10 000 сом (авторлор санына карабастан). 

Экинчи орун  7 000 сом (авторлор санына карабастан).  

Үчүнчү орун  5 000 сом (авторлор санына карабастан).   

 

8. Маалымат алуу үчүн 

14. Улуттук банктын 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын «Экспедиция» 117-бөлмөсүнө, tseyitov@nbkr.kg электрондук почта дарегине жана +996 (312) 66-91-91 телефонуна кайрылууга болот.