“Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл” темасын мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында республикалык сынак өткөрүү жөнүндө жобо 

 

“Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 25 жыл” темасын мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында республикалык сынак (мындан ары сынак) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүлүүдө.   

Сынак жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары  ЖМК), жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн калайык-калктын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы темасына карата кызыгуусун арттыруу, басма сөз жана электрондук ЖМКларда сапаттуу жарыялоолор аркылуу кыргыз сомунун аброюн жогорулатуу маселесине көңүл буруу максатында өткөрүлүүдө.   

Сынак өткөрүү жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтында (www.nbkr.kg.) жарыяланат.   

Журналисттик иштер жарыялоолорду, телесюжеттерди же радио берүүлөрдү даярдоо аркылуу сынакка сунушталат.   

 

 Сынактын максаттары   

1. Республика калкынын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу;   

2. ЖМК өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы, кыргыз сомунун аброюн жогорулатуу темасына карата кызыгуусун арттыруу;   

3. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына карата ишенимди жогорулатуу маселеси боюнча калкты кеңири маалымдоо.   

 

 Сынактын номинациялары   

Мамлекеттик тилде мыкты теле материал 

Расмий тилде мыкты теле материал   

Мыкты регионалдык теле материал   

Мамлекеттик тилде мыкты радио материал   

Расмий тилде мыкты радио материал   

Мыкты регионалдык радио материал  

Мамлекеттик тилде басма сөз ЖМКларда жарыяланган мыкты материал 

Расмий тилде басма сөз ЖМКларда жарыяланган мыкты материал   

Басма сөз ЖМКларда жарыяланган мыкты регионалдык материал 

Интернет-басылмаларда мамлекеттик тилде жарыяланган мыкты материал   

Интернет-басылмаларда расмий тилде жарыяланган мыкты материал   

  

Сынактын шарттары   

Сынакка Кыргыз Республикасындагы басма сөз жана электрондук ЖМКнын (пресса, теле жана радио, интернет) журналисттери катыша алышат.   

Баалоочу комиссиянын кароосуна мамлекеттик жана расмий тилдеги материалдар сунушталууга тийиш.   

Бир эле автордон берилген материалдардын саны жана сынактык иштердин көлөмү чектелбейт. 

Сынакка сунушталган иштер 2018-жылдын 9-апрелинен 1-октябрына чейинки мезгил аралыгында ЖМКларда жарыяланууга тийиш.  

 

Сынакка материалдарды берүү тартиби   

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер сынакка катышуу ниетин билдирген   билдирмени толтуру, ага карата резюмени (кыскача маалыматты) жана сынактык материалдарды кошо тиркеп, документтер топтомун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча жайгашкан имаратына (Экспедиция) "Сынакка катышуу" деген белгини коюу менен тапшыруусу зарыл.  

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү түрдөгү иштер кабыл алынат:   

- сынактык материалды жарыялоо менен газетанын же журналдын түпкү номери же анын электрондук варианты (газетанын сканерден өткөрүлгөн бети);   

- маалымат агенттиктеринде жарыяланган материалдар тексттин көчүрмөсү жана интернет-ресурстан сканерден өткөрүлгөн электрондук баракча түрүндө маалыматтын чыгышын тастыктаган материал жайгаштырылган электрондук дарегин (линка) көрсөтүү менен кабыл алынат;   

- радио материалдардын аудио файлдары электрондук түрдө кабыл алынат;   

- телематериалдары менен видео файлдар электрондук түрдө кабыл алынат.   

  

Сынакка материалдарды тандоо критерийлери   

· Материалдын сынактын темасына, номинацияга, сынактын шарттарына ылайык келиши;   

· Объективдүүлүк, ар тараптуу мамиле;   

· Колдонулган маалыматтардын тактыгы, жеткиликтүү берилиши;   

· Теманын толук ачып көрсөтүлүшү;   

· Материалдын социалдык жактан маанилүүлүгү.   

 

Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо   

- Сынактын жеңүүчүлөрү сынактык комиссия тарабынан аныкталат.   

- Сынактык комиссиянын ишин сынактык комиссиянын төрагасы жетектейт.   

- Сынактык комиссиянын отурумунда анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта сынактык комиссиянын чечими мыйзамдуу болуп саналат.   

- Сынактын жеңүүчүлөрү сынактын талаптарына ылайык, ар бир номинация боюнча билдирмелерин белгиленген мөөнөттө берген катышуучулардын ичинен жөнөкөй ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталат. Сынактык комиссиянын ар бир мүчөсү ар бир номинациядагы катышуучуга бир добуштан берүүгө укуктуу.   

- Бирдей добушка ээ болгон катышуучуларга кайрадан ачык добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде кайрадан ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын бирдей добушка ээ болуу себебинен улам жеңүүчүнү аныктоо мүмкүн болбогон учурда, төраганын добушу чечүүчү болот.   

- Сынактык комиссиянын чечими протокол менен таризделет.   

- Ар бир номинация боюнча бир эле материал жеңүүчү болуп эсептелет.   

- Сынактык комиссия өтүп жаткан жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен сынактын жыйынтыгын чыгарат.   

Сынактын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү салтанаттуу иш-чарада жарыяланат, анда ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар менен дипломдор тапшырылат.   

Сынактын байге фондусунда баалуу белектер, ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар каралган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сынактын материалдарын келечекте пайдалануу, анын ичинде милдеттүү түрдө авторго шилтеме кылуу менен материалдарды өз ыңгайына жараша жарыялоо укугун өзүнө калтырат.