“Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган кыскача тасмалар (видеороликтер) сынагы жөнүндө” жобо  

 

I. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган кыскача тасмалар (видеороликтер) сынагын (мындан ары сынак) өткөрүү тартибин жана шарттарын аныктайт.  

1.2. Сынактын уюштуруучусу сынакты уюштуруу жана жүргүзүү милдеттери жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү

1.3. Сынак Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгын белгилөө алкагында уюштурулууда.  

II. Сынактын максаты жана темалары  

2.1. Сынак коомчулуктун юбилейлик датага - улуттук валютанын 25 жылдыгына көңүлүн буруу максатында уюштурулууда.  

2.2. Сынакта негизги темадан тышкары, төмөнкү темалар боюнча кыскача тасмалар сунушталышы мүмкүн: 

- «Улуттук валютага 25 жыл»;  

- «Кыргыз сомуна 25 жыл»; 

- «Мен үчүн сомдун мааниси»; 

- «Сомдун өркүндөө жолу».  

 

III. Сынактын катышуучулары  

3.1. Сынак жашы он алтыга толгон жана андан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары арасында  өткөрүлөт.  

3.2. Жеке сыяктуу эле, жамаат менен бирге даярдалган кыскача тасмалар жооптуу адамды көрсөтүү менен кабыл алынат.  

IV. Сынакта катышуу шарттары  

4.1. Сынакка 2018-жылдын 1-мартынан 10-майына чейинки аралыкта «Фэйсбук» (www.facebook.com), «Ютуб» (www.youtube.com), «Инстаграм» (www.instagram.com), «Одноклассники»(www.ok.ru), «В Контакте» (www.vk.com), «Твиттер» (www.twitter.com), «Билайв» (www.blive.kg), «Намба» (www.namba.kg), «Булбул» (www.bulbul.kg) сыяктуу бир же бир нече социалдык тармактарда жайгаштырылган кыскача тасмалар кабыл алынат:  

4.2. Катышуучу сынакка бир нече кыскача тасмасын жөнөтө алат. 

4.3. Катышуучулар кыскача тасма жайгаштырылган шилтемени көрсөтүү менен билдирмени 2018-жылдын 10-майында саат 17:00дөн кечиктирбестен “Кыскача тасма сынагына” деген белги менен press@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш. Билдирме эркин формада түзүлөт. Билдирмеде милдеттүү түрдө катышуучунун аты-жөнү, билдирме берип жаткан учурдагы курагы, жашаган жери, байланыш телефондору толугу менен көрсөтүлүшү зарыл.  

V. Комиссия жана баа берүү критерийлери  

5.1. Сынак жыйынтыгын чыгаруу максатында, сынакта жакын туугандары катышкан Улуттук банктын кызматкерлеринен тышкары, “Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 25 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын” ишке ашырууга жооптуу жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ичинен калыстар тобу түзүлөт.  

5.2. Кыскача тасмаларга баа берүүдө социалдык тармактарда анын кеңири жайылтылышы, “Жакты” (“лайктардын”) деген белгилердин же башка алгылыктуу белгилердин, башкаларга жөнөтүлгөндөрдүн саны, ошондой эле чыгармачылыгы, маанисинин өзгөчөлүгү, аткаруу техникасы, теманын чагылдырылышы, аткаруу сапаты эске алынат.  

5.3. Калыстар тобу сынактын жыйынтыгын 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөт ичинде чыгарат. 

VI. Кыскача тасмаларга карата талаптар  

6.1. Сынактын катышуучулары кайсыл болбосун техникада аткарылган кыскача тасмаларды сунуштайт.  

6.2. «Фэйсбук» (www.facebook.com), «Ютуб» (www.youtube.com), «Инстаграм» (www.instagram.com), «Одноклассники» (www.ok.ru), «ВКонтакте» (www.vk.com), «Твиттер» (www.twitter.com), «Билайв» (www.blive.kg), «Намба» (www.namba.kg), «Булбул» (www.bulbul.kg) сыяктуу бир же бир нече социалдык тармактарда кыскача тасмаларды жайгаштырууда төмөнкү хештегдерди милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл:#сому25лет (же #кыргызсомуна25жыл), #конкурсНБКР.  

6.3. Сынакка төмөнкүлөр кабыл алынбайт: 

- башка бирөөнүн эмгектери /алардын көчүрмөлөрү

- сапаты начар тасмалар (176х144, CAMRip, TS ж.б.) жана жобонун талаптарына дал келбеген курактагы адамдар; 

- зордук-зомбулук сценаларын камтыган; терс мазмундагы, анын ичинде адамдын жана/же жарандын аброюна шек келтирген же басынткан, ошондой эле диний негиздеги же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берген: адамдар ортосунда этникалык, улуттук, расалык же башка айырмачылыктарын козгогон темадагы: сюжети тамеки тартуу, ичимдик ичүү, баңги же психотропттук заттарды колдонууну кошо алганда, туура эмес жашоо негизин чагылдырган: “Кыргыз Банкы” товардык белгисинин чагылдырылышын кошпогондо компаниялардын кайсыл болбосун товардык белгилерин/аталыштарын жана жарнама мүнөзүндөгү башка материалдарды чагылдырган: нормага жатпаган лексиканы камтыган тасмалар. 

6.4. Жобонун талаптарына дал келбеген кыскача тасмалар комиссия тарабынан четке кагылып, кароого алынбайт. 

VII. Автордук укуктар  

7.1. Бардык укуктар кыскача тасмалардын авторлоруна таандык. Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарында жана башка басма продукцияларында сынакка сунушталган иштерди жарыялоо, ошондой эле аларды жарнамалар, көргөзмөлөр үчүн колдонуу укугун өзүнө калтырат. Сынактын катышуучусу анын кыскача тасмасын Улуттук банк тарабынан сунушталышына макулдугун тастыктайт

7.2. Автордук укуктардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти сынакка кыскача тасмасын жөнөткөн катышуучу (катышуучулар жааматы) тартат. 

VIII. Жыйынтыктарды чыгаруу жана катышуучуларды сыйлоо  

8.1. Сынактын жыйынтыктары калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан бекитилет. 

8.2. Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү орундарды ээлеген жеңүүчүлөр аныкталат: 

- 1-орун; 

- 2-орун; 

- 3-орун. 

8.3. Байге фондунда баалуу жана кызыктыруучу белектер каралган. 

8.4. Комиссиянын чечими боюнча сынакта өзүнчө номинация белгилениши мүмкүн. Бул номинацияда жеңип чыккан кыскача тасма кызыктыруучу белек менен сыйланышы ыктымал.  

8.5. Сынактын жыйынтыктары тууралуу маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg. расмий интернет сайтында жайгаштырылат.  

8.6. Сыйлоо аземинин өткөрүлгөн жери жана убактысы тууралуу маалымат кошумча маалымдалат.  

 

Сынак уюштуруучунун дареги: 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

(Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү

Байланыш тел.: 0 (312) 61-06-67 

Электрондук дареги: press@nbkr.kg