Банктардын иштеринде тобокелдиктерди төмөндөтүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2018-жылдын 17-октябрында №2018-П-12/43-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган. 

Жогорудагы токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 токтому менен бекитилген Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптар; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 30/5 токтому менен бекитилген Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу нускоо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы № 28/3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобо. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган