Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына арналган Эл аралык конференция  

 

2018-жылдын 11-майында улуттук валюта-сомдун жүгүртүүгө чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына арналган Эл аралык конференция болуп өттү. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов конференцияны ачык деп жарыялап, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү: «Бүгүн банк системасы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө өтө маанилүү ролду ойнойт. Улуттук банк кыска мөөнөттүү инфляциялык жана валюта курсунун туруктуулугунун көйгөйлөрү менен ийгиликтүү күрөшүп жатат» деп белгиледи.  

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Вице-спикери Асель Кодуранова, Жогорку Кенештин депутаттары, Вице-премьер министр Замир Аскаров, Швейцария Улуттук банкынын башчысы Т.Йордан, Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Т.Чжан, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү С.Игнатьев куттуктоо сөздөрүн айтышты. Конференциянын ишине Өкмөттүн өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, КМШ өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктарынын өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жана коммерциялык банктардын жетекчилери катышышты.  

Иш-чаранын соңунда, Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов бардык катышуучуларды конференциянын ишине активдүү катышып бергендиктери үчүн ыраазычылык билдирип, «Көз карандысыздык жылдары макроэкономикада зор иштер аткарылды. Сомдун жүгүртүүгө чыгышы менен өзгөрүлмөлүү алмашуу курс режими кабыл алынган. Ал өзүнүн натыйжалуулугун көргүзүп, ички экономикалык өзгөрүүлөр жана кризис менен күрөшүүгө бир кыйла жардам болуп жатат», - деп билдирди, Толкунбек Абдыгулов.  

 

Маалымат үчүн: Конференцияга Россиянын, Молдованын, Монголиянын, Таджикистандын, Армениянын жана Чехиянын Борбордук банктарынын өкүлдөрү да келип катышышты.