Улуттук банктын жетекчилиги «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун коомдук талкууга сунуштоонун жыйынтыгы боюнча жолугушуу өткөрдү 

 

2018-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктардын, мобилдик байланыш операторлорунун, «Кыргыз банктар бирлиги», «KG төлөм системалары операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелеринин өкүлдөрү менен «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун электрондук капчыктарды толуктоо тартибин тактоо бөлүгүнө сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоору боюнча жолугушуу болуп өттү

Жолугушууда долбоор боюнча келип түшкөн сунуштар жана сын-пикирлер талкууланып, коммерциялык банктар менен мобилдик байланыш операторлордун мындан ары биргелешип иш алып баруу планы талкууга алынды.