Учурда жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуттук банк тарабынан электрондук капчыкты толуктоо тартибин тактоо жана электрондук акчаны чыгаруу, эсебин жүргүзүү жана сактоодо келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу максатында сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кызуу талкууга алынууда.  

Ушудан улам, коомчулук арасында чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жаткандыгына байланыштуу, Улуттук банк төмөнкү суроолор боюнча түшүндүрмө берет. 

 

1. Улуттук банк эмне үчүн “Кыргыз Републикасындагы электрондук акча жөнүндө” жобого өзгөртүү киргизип жатат?  

Жогоруда аталган жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор электрондук капчыкты толуктоо тартибин тактоо жана электрондук акчаны чыгаруу, эсебин жүргүзүү жана сактоодо келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында сунушталууда. Бүгүнкү күндө электрондук капчык ээлери аларды төлөм терминалдары, банктык эсептер, акча которуу системасы аркылуу толуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Мобилдик байланыш операторлору электрондук капчыкты абоненттин өздүк эсебинен толуктоо шарттарын сунуштоодо. Улуттук банк операторлордун мындай иш схемасын кылдат кароого алуу менен төмөнкүлөргө байланыштуу бир катар тобокелдиктердин келип чыгышы ыктымалдыгын аныктаган: 

- мобилдик байланыш операторлорунун абоненттеринин өздүк эсептеринде (балансында) жайгаштырылган жана топтолгон акча каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдүн гарантиялашы көз карашынан алганда, керектөөчүлөрдүн укугунун корголушу жагында, атап айтканда, өздүк эсептен каражаттардын алынышы, биринчи кезекте ошол байланыш операторунун кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде санкциясыз туташкандардын кызматтары үчүн төлөөлөргө багытталат. Мобилдик байланыш оператору төлөөгө жөндөмсүздүк жана банкрот абалында калган шартта, жогоруда аталган каражаттарды 100% өлчөмүндө камсыз кылуу жагында; 

- мобилдик байланыш операторлорунун өздүк эсебинде “бирдик” түрүндө эч нерсе менен камсыздалбаган акча каражаттарынын пайда болушу, демек, мамлекет тарабынан жөнгө салынбаган катар акча жүгүртүлүшүнүн, катар квази системасынын орун алышына байланыштуу финансылык туруктуулукка коркунучтун келтирилиши; 

- келип түшкөн акча каражаттарын өз ыңгайына жараша жумшап, мамлекет тарабынан ошол акча агымына эч кандай контролдуктун жоктугунан улам, мобилдик байланыш операторлорунун калктан акча каражаттарын тартышына байланыштуу; 

- мобилдик байланыш операторлорунун автоматташтырылган системасындагы процесстерге мамлекеттик контролдуктун жоктугу сыяктуу тобокелдиктер келип чыгышы ыктымал; 

- мыйзамдардын төлөм системасы жана электрондук акчага тиешелүү талаптарынын, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында талаптардын сакталышы; 

- рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттардын сакталышы жана монополияга каршы жөнгө салуу жагында; 

Жогоруда белгиленгендерден улам, Улуттук банк өлкөнүн банк жана төлөм системасынын туруктуу ишин камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик орган катары “Кыргыз Републикасындагы электрондук акча жөнүндө” жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгесин көтөргөн. 

 

2. Электрондук акчага байланыштуу ишке Улуттук банк тыюу салабы, мобилдик телефон балансынан электрондук капчыкка акча которуудан кандай коркунучтар келип чыгышы мүмкүн? 

Улуттук банк электрондук акчага байланыштуу ишке эч кандай тыюу салбайт, болгону электрондук акчага байланыштуу келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди азайтуу үчүн гана электрондук капчыкты толуктоо тартибине тактоолорду киргизүүнү караган өзгөртүүлөрдү сунуштайт. Учурда республика аймагында 9 электрондук капчык системасы иштеп жаткандыгын, алар ыргактуу өнүгүп, 700 миңге жакын адам анын кызматынан пайдаланып, бир жыл ичинде электрондук капчыктарды толуктоо көлөмү 7 млрд сомдон ашкандыгын да баса белгилеп кетүү зарыл.  

Ошондой болсо да, абоненттердин өздүк эсебинен аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү аркылуу электрондук капчыкты толуктоо схемасын карап көрүүдө Улуттук банк тарабынан төмөнкүдөй тобокелдиктер аныкталган: 

• жогоруда белгиленип кеткендей эле, төлөмдөрдүн гарантиялашы көз карашынан керектөөчүлөр укугунун корголушу жагында тобокелдиктер келип чыгышы ыктымал. Анткени, мындай операторлор ар кандай тарифтер топтомун, акы төлөнүүчү жана акысыз кызмат көрсөтүүлөр, тейлөө шарттарын сунуштай тургандыгы белгилүү. Ошондуктан, калктын мобилдик байланыш операторлоруна салган, алардын өздүк эсептеринде катталган акча каражаттары ар кандай санкциясыз алып коюуларга дуушар болушу ыктымал;  

• Электрондук капчыктын бул схемасы төлөмдөрдү өткөрүүнүн транзиттик инструменти экендиктен, акчанын топтолуп туруп калышы тобокелдиги келип чыгат;  

• сим-карттар агенттер аркылуу эркин сатылып жаткандыгы жана аларды электрондук капчыкка оңой эле туташтырып, балансты толуктап алуу мүмкүнчүлүгү кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө тоскоолдук жаратышы ыктымал.  

 

3. Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мобилдик байланыш операторлорунун пикири эске алынганбы?  

Бизнес шериктештердин пикирин эске алып жана керектөөчүлөр укугун коргоо максатында Улуттук банк жобого сунушталган өзгөртүүлөрдүн жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча жумушчу тобун түзүп, өзгөртүүлөрдү коомдук талкуулоо мөөнөтүн узарткан. Аталган жумушчу топтун курамына “«Кыргыз банктар бирлиги», «Байланыш операторлор ассоциациясы», «KG төлөм системасы операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелеринин, Улуттук банктын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын, Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жана ушул комитетке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлдөрү кирген. 

2018-жылдын 12-январында жобонун долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап иликтөөлөр Улуттук банктын расмий сайтына кайрадан жайгаштырылган. Мыйзам талабына ылайык 1 ай ичинде коомдук талкуудан өтүп, андан соң келип түшкөн бардык сын-пикирлер акыркы чечимди иштеп чыгууда эске алынат.  

 

4. Кыргызстандын мобилдик операторлорлору, мобилдик капчыктардагы акча каражаттарынын сакталышы жана ачык-айкын колдонулушу Кыргызсатндын банктары тарабынан камсыз кылынат деп белгилешүүдө. Ошондой болсо, эмне үчүн бул жобо абоненттин өздүк эсебинен электрондук капчыкка каражат которууга тыюу салууга негизделген? 

Учурда республика аймагында «Элсом», «Мобильник Деньги», «Umai.kg», «Илбирс», «Береке», «Аманат», «Balance», «Megapay», «О!Деньги» электрондук капчык системалары иш алып барууда.  

Белгилеп кете турган нерсе, электрондук капчык системалары 2 жыл мурда коммерциялык банктар тарабынан ишке киргизилип баштаган. Калкка кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүн сунуштаган банктар электрондук капчык балансына келип түшкөн акча каражаттарын толук гарантиялайт, кардардын өзү электрондук капчыктагы акча каражатын өз ыңгайына жараша жумшап, контролдой алат.  

Ал эми мобилдик байланыш операторлору акча каражаттарын электрондук капчыктарда эмес, абоненттердин өздүк эсептеринде эске алып, топтоп турушат. Демек, акча каражаттары мобилдик байланыш операторлорунун тескөөсүндө, башкача айтканда менчигинде калат.  

Эгерде оператор төлөөгө жөндөмсүз абалында калса, абоненттерге акча каражаттарын кайтарып бербейт. 

Мындан тышкары, мобилдик байланыш оператору акча каражатын өз банктык эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, анын чегинен тышкары которуп жибериши тобокелдиги да орун алууда. Негизинен, мобилдик байланыш операторлору жаңы продукт сунуштап жаткан жери жок, алар абоненттердин өздүк эептеринен электрондук капчыкты толуктоонун кошумча мүмкүнчүлүгүн гана ишке ашырууда.  

Бул жерде ошондой эле учурда мобилдик байланыш операторлору жана алардын талапкерлери жалпыга маалымдоо каражаттары чындыкка жатпаган маалыматтарды таркатып, туура эмес чечмелөөлөрдү сунуштап жаткандыгына көңүл буруп кетүүгө тийишпиз:  

· мобилдик байланыш операторлорунун продуктусу катары сунушталып жаткан электрондук капчыктар («Balance», «Megapay») жана («О!Деньги») төлөө учурунда транзиттик милдетти аткаруу менен иш жүзүндө коммерциялык банктын жана төлөм уюмдарынын/төлөм системалардын операторлорунун продуктусу болуп саналат; 

· Улуттук банк сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдө электрондук капчыктар аркылуу банк операцияларын жүргүзүү эрежелери белгиленген жана керектөөчүлөрдүн же мобилдик байланыш операторлорунун ишин чектөөгө багытталган эмес. 

 

5. Операторлордун айтымына караганда, бүгүнкү күндө жүз миңдеген адам электрондук капчыктарды пайдаланып жатышат. Эгерде электрондук капчыктарды абоненттердин өздүк эсептеринен толуктоого тыюу салынса, алардын жагдайы эмне болот? 

Алар кандай колдонулуп жатса ошондой эле колдонула берет. Электрондук капчыктан толуктоо төлөм терминалы, эсептешүү эсеби жана банктык карттар (банк эсеби) аркылуу гана ишке ашырылат

 

6. Электрондук капчыктарды толуктоого тыюу салуулар “Элсом”, “Мобильник”, “Илбирс” сыяктуу электрондук капчыктарга да тиешелүүбү

Улуттук банк электрондук капчыктарга байланыштуу иш багытын жүргүзүүгө тыюу салбайт, алар аркылуу операцияларды жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт, б.а. электрондук капчыкты толуктоо ыкмаларын жөнгө салат. Демек, “Элсом”, “Мобильник”, “Илбирс” сыяктуу электрондук капчыктарды толуктоого эч кандай тыюу салуулар жок.  

 

7. Байланыш операторлоруна юридикалык жакты каттоодон өткөртүү менен Улуттук банктан финансылык жана электрондук капчыкка байланыштуу иш багытын жүзөгө ашырууга лицензия алууга жол берилеби? 

Албетте. Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга жана процессинг жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн өзүнчө юридикалык жакты каттоодон өткөртүп, “Кыргыз Республикасында төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобого (16-пункт) ылайык, Улуттук банкка зарыл документтер топтомун сунуштоого тийиш. Талаптар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган. Документтерди кароо мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. 

Улуттук банк тарабынан белгиленген лицензиялоо тартиби, лицензия алган рынок катышуучулары сыяктуу эле, жаңы катышуучулар, анын ичинде мобилдик байланыш операторлору үчүн да бирдей.  

Мобилдик байланыш оператору тарабынан түзүлгөн юридикалык жакка колдонуудагы мыйзам актыларынын чегинде иш алып барууга жана электрондук капчык балансын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары пайдаланган ыкмада толуктоого жол берилет. 

 

8. Абоненттин өздүк эсебинен электрондук капчыкты толуктоодо идентификациялоо боюнча тобокелдиктер келип чыгышы мүмкүнбү

Биринчиден, мобилдик байланыш операторлору Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына шектүү жана тобокелдиктүү операциялар боюнча маалымат берүүчүлөрдүн санына кирбейт. Ошондой эле, мобилдик байланыш операторлорунун абоненттеринин өздүгүн аныктоо жол-жобосу кардарларды банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучуларды идентификациялоо боюнча талаптарга шайкеш келбейт.  

Экинчиден, sim-карттарды сатып алуунун жөнөкөйлүгү жана наркынын төмөндүгү мобилдик байланыш операторлору сунуштоочу кызматтардын алдамчылар (кара ниеттер) тарабынан оңой пайдаланылышына мүмкүнчүлүк түзүүдө. Sim карттардын коомдук жайларда сатылышы, аэропорттордо бекер таратылышы, ар кандай акциялардын өткөрүлүшү, алардын ээн-эркин таркатылышы, аларды каттагандан кийин да бул чөйрөдө тартип орнотууга бөгөт коюуда.  

Натыйжада, мобилдик байланыш операторлорунун жол-жоболорунун жетишсиздиги башка чөйрөлөрдө да мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы аракеттер натыйжасына кедергисин тийгизиши мүмкүн, бул бүтүндөй өлкөгө, анын ичинде Кыргызстан жарандарына карата санкциялардын белгиленишине түрткү болушу мүмкүн.  

 

9. Улуттук банк тобокелдиктерди минималдаштыруу жагында мобилдик капчыктарды пайдаланган мобилдик операторлордун тажрыйбасына иликтөө жүргүздү беле? 

Дүйнө жүзүндө мобилдик байланыш операторлорунун банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногу менен өз ара иш алып баруусунун ар кандай моделдери бар. Бир эле өлкөдө бир эле убакыт ичинде ар кайсы моделдер жөнгө салынышы мүмкүн. Ошол эле учурда, мобилдик байланыш операторлорунун банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеген өлкөлөр да кездешпей койбойт. 

Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө бардык мобилдик капчыктар банктык төлөм карттарына байланыштырылган, мисалы Улуу Британияда Vodafone уюлдук оператору Vodafone Pay жана Vodafone Wallet кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштайт, анын төлөм операторунан болуп Англия Банкынын лицензиясына ээ адистештирилген коммерциялык банк саналат. Ал эми АКШда негизинен Apple Pay, Google Pay, Samsung Pay сыяктуу сервистер кеңири таанымал, алар да төлөм карттарына байланыштырылган. Кытайда WeChat Pay жана Alipay сервистери кеңири пайдаланылат, тиркемелерди колдонуу үчүн электрондук капчык катары коммерциялык банктын карты талап кылынат. 

Мында, ар бир өлкө мыйзамдык базасына, банктык жана төлөм сервистеринин өнүгүүсүнө, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка факторлор жана өзгөчөлүктөр деңгээлинен көз каранды болгон тажрыйбага ээ.