Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоору коомдук талкууга сунушталууда.  

Долбоор, жобону Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдын, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоору Улуттук банктын расмий интернет- сайтынын «Улуттук банктын ченемдик актылары/ Талкуулоо үчүн долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 10-декабрына чейин oopo@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз.