Кыргызстанда Дүйнөлүк жыйым топтоо күнү старт алды 

 

Кыргызстанда Дүйнөлүк жыйым топтоо күнүн майрамдоо салтанаты старт алгандыгы тууралуу 2017-жылдын 9-октябрында Улуттук банктын Расмий өкүлү Аида Карабаева, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Берг Ирьянын жана Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассасы фондусунун аймактык менеджери Киниц Ульрихтин катышуусунда өткөн пресс-конференцияда жарыяланды.  

Иш-чаранын жүрүшүндө Аида Карабаева жыйым топтоо ар бир жарандын ишенимдүү келечегин камсыздоодо маанилүү роль ойноо менен бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү экономикалык өнүгүшүнө таасир эте тургандыгын баса белгиледи. 

Ал эми Киниц мырза, Дүйнөлүк жыйым топтоо күнүн майрамдоону банктар да жөнөкөй жарандарга финансылык билим берүү миссиясын аткарып жаткандыгы көз карашынан кароо зарылдыгын билдирген. 

Ушул күнгө карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын алкагында коммерциялык банктар жогоруда аталган Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча аманат кассасы фондусунун эксперттери менен биргеликте бүтүндөй республика боюнча балдар жана чоңдор үчүн ар кандай көргөзмөлөрдү уюштуруп, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды өткөрүп, коммерциялык банктардын кеңселерине жана Улуттук банктын музейине экскурсияларды уюштурат. 

Жыйым топтоо күнү дүйнө жүзү боюнча 90 жылдан бери 31-октябрь күнү белгиленип келет. Жыйым топтоого үндөө жана ар бир адамда жыйым топтоо маданиятын, табитин калыптандыруу иш-чаранын негизги максатынан. Республика аймагында бул иш-чара Германия аманат кассасы фондусу жана коммерциялык банктар менен биргеликте үч жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. 

 

Дүйнөлүк жыйым топтоо күнү 2017 алкагындагы иш-чаралар планы