Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул аркылуу эл аралык электрондук акча системасын каттоодон өткөрүү жана эл аралык электрондук акчаны толуктоо/нак акчага айландыруу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.  

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2016-жылдын 30-мартында “Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө” жобо кабыл алынып, анда эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/эмитенттери Улуттук банкта каттодон өтүүгө тийиш экендиги баса белгиленген. Жогоруда аталган жобого ылайык, каттоо мөөнөтү 2016-жылдын 7-ноябрына чейин белгиленген.  

Кийинчерээк, бизнес катышуучуларынын буга кошумча убакыт берүүгө тиешелүү кайрылуусун эске алып, ошондой эле бизнести колдоо максатында каттоо мөөнөтү алгач 2017-жылдын 1-мартына чейин, андан соң 2017-жылдын 1-июнуна чейин жана 2017-жылдын 1-октябрына чейин узартылган эле.  

Эл аралык электрондук акча системасынын операторун/электрондук акча эмитенттерин каттоо үчүн төмөнкүлөрдү камтыган документтер топтому сунушталууга тийиш: 

- эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/электрондук акча эмитентинин аталышын; 

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктүн көчүрмөсүн; 

- эл аралык электрондук акча системасынын операторуна/эмитентине уруксат берген документтердин, орун алган өлкөнүн ушул иш багытын жөнгө салган ыйгарым укуктуу органынын процессинг жана тейлөө ишин жүргүзүү укугуна лицензиялардын/сертификаттын жана күбөлүктүн көчүрмөлөрүн; 

- эл аралык электрондук акча системасынын операторунун/эмитентинин иш эрежелери же эл аралык электрондук акча менен ишке ашырылган операцияларды жөнгө салуучу башка документтерди. 

Улуттук банк эл аралык электрондук акча системасынын операторлору/эмитенттери/агенттери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө каттоодон өтүү зарыл экендиги жана каттоо тартиби тууралуу түшүндүрмөлөр берилип, ушул багытта алардын ой-пикирлерин, каттоо мөөнөтүн узартуу жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө эске алган. 

Ошентип, 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча үч эл аралык электрондук акча системасы (РНКО “Платежный центр” (ООО) Россия, ТОО "WOOPPAY" (ВУППЭЙ), TOO «W1 Kazakhstan» (Wallet One), Казахстан) каттоодон өткөн. Каттодон өткөн төлөм системаларынын реестри, Улуттук банктын http://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2785&lang=RUS расмий интернет сайтында жайгаштырылган.  

Эл аралык электрондук акча системасынын операторлорун/эмитенттерин каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын рыногунда кайсы системалар иштеп жаткандыгын, алар кандай эрежелерди колдонорун аныктоого, демек, рынокто акыйкат иш алып барбаган системалардын/акча которуу схемалары тобокелдигин кыскартууга өбөлгө түзүп, керектөөчүлөр укугун коргоону камсыз кылат.  

Эл аралык электрондук капчыктардагы акча каражаттарынын калдыктарынын алынып кетиши мүмкүнчүлүгү боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз: 

1. Тыюу салуулар 2017-жылдын 1-октябрына карата Улуттук банкта каттоодон өтпөгөн эл аралык электрондук капчыктар системасынын иштеп жаткан операторлорунун/эмитенттеринин капчыктарын толуктоо/нак акчага айландырууга тиешелүү. Бул норма Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары интернет аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү ишке ашырууда ушул системалардын ичиндеги электрондук капчыктардагы калдыктарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектебейт (албетте, бул төлөм ишке ашырылган өлкөнүн юрисдикциясынын талабын бузууга жол бербесе). 

1. Эл аралык электрондук акча системасынан пайдалануучулар эл аралык электрондук капчыктагы акча каражаттарынын калдыгын банктык картка же Улуттук банктан каттоодон өткөн эл аралык системалардын операторлорунун электрондук капчыктарына которо алышат. 

Жободо камтылган талаптар эл аралык электрондук акча системаларына кайсы болбосун убакытта тиешелүү документтерди кароого сунуштоо менен Улуттук банктан каттоодон өтүүгө тыюу салбайт. Документтер 15 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө кароого алынат.