2017-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол маеги болуп өттү. Анда «KG төлөм системаларынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, эл аралык төлөм системаларынын, Улуттук төлөм системасынын субъекттеринин ассоциациясы, коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Талкулоонун жүрүшүндө Улуттук банктын өлкө аймагында мамлекеттин ички төлөмдөр процессингин жүргүзүүсү, ошондой эле төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдардын ишти башка ишкердик түрлөрү менен айкалыштыруусуна чектөөлөрдү белгилөө боюнча талаптарды мыйзамдуу деңгээлде бекитүү маселелери козголгон.  

Тегерек стол маегинин жыйынтыгында мыйзам долбоорун андан ары илгерилетүү чечими кабыл алынган. 

 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзам талаптарына ылайык келтирүү ишинин алкагында, ошондой эле өлкө ичинде экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөлөр аралык тобокелдиктерге жол бербөө жана мамлекеттин ички чекене төлөмдөр рыногун коргоо максатында иштелип чыккан.