Улуттук банктын өкүлдөрү GIZ программасынын миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту 

 

GIZ программасынын Эллен Крамер башчылык кылган «Туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү» миссиясынын алкагында эки тараптуу жолугушуу болуп, ага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Лада Орозбаева катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселелери, анын ичинде финансылык сабаттуулукка үйрөтүү стандартынын сапатын жогорулатуу, керектөөчүлөр укугун коргоо жана GIZ менен андан ары да кызматташуу маселелери талкууланды.  

Аталган миссиянын максаты Кыргызстанда GIZ программасынын ишке ашырылып жатышына баа берүү жана келерки үч жылга кызматташуу багыттарын аныктоо саналат.