Улуттук банктын Төрагасы Т.Абдыгулов Жусуп Баласагын атындагы  

КУУ студенттер менен жолугушту 

2017-жылдын 12-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин экономикалык факультетинин студенттерине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аткарган ролу жана милдеттери» темасында лекция өткөрдү

Анын жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын түптөлүү тарыхындагы маанилүү окуяларга, айрыкча Кыргыз Республикасын банк системасына таасир этүүчү банк мыйзамдары, акча-кредиттик саясат, улуттук валюта сом, валюталар курсунун режимин тандоо жана ошондой эле өлкөнүн экономикасын доллардан арылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу кеңири токтолду. 

«Улуттук банк түзүлгөндөн баштап көз карандысыз жана тышкы чакырыктарга туруштук бере ала турган туруктуу акча-кредиттик системаны түзүү үчүн атайын иш-чараларды акырындык менен кабыл алып келди. Бул системадагы ирээттүү жана натыйжалуу иштин жүргүзүлүшү, көбүнчө Улуттук банктын акча-кредиттик саясатынын курсун туура тандагандыгы менен мүнөздөлдү. Анын башкы максаты баалардын туруктуулугуна жетишүү», деп белгилеген Улуттук банктын башчысы.  

Сөзүнүн акырында Т.Абдыгулов аудиториянын суроолоруна жооп берип, угуучулардын мыктыларын атайын белектер менен сыйлады.