Улуттук банк Башкармасынын чечими менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоор колдоого алынып, коомдук талкууга сунушталды. 

Долбоордо Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган: 

1. «Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы № 1/1 «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;   

2. «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө» жобо;   

3. «Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы №55/15 «Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-январындагы №1/1 токтому менен бекитилген «Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдык талаптары жөнүндө» жобону тууралуу» токтомунун күчүнө кириши жөнүндө». 

Долбоор ченемдик укуктук актыларды «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына шайкеш келтирүү, ошондой эле аманаттарды тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын милдеттүү камдарына коюлган талаптарды коммерциялык банктарга коюлган талаптар менен бирге келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Бул долбоор коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий веб-сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Долбоор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 18-майынан кечиктирбестен gkerimkulova@nbkr. kg жана bkudaiberdieva@nbkr.kg электрондук дареги боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.