Улуттук банк Башкармасынын чечими менен төмөнкү иш багыттарын камтыган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоорлор жактырылып, коомдук талкууга сунушталды: 

- Банктарда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча талаптардын, 

- Банктарга жана ФКУларга карата колдонулуучу таасир этүү чаралардын жаңы редакциялары; 

- Ал эми рыноктук, операциялык, өлкөлүк тобокелдиктерди тескөө

- Активдерди классификациялоо маселесине тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. 

Долбоорлор ченемдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар, жана банк иши жөнүндө" мыйзам талабына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан жана коомдук талкууга алынышы үчүн Улуттук банктын расмий веб-сайтынын “Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор” бөлүгүндө жайгаштырылган.   

Долбоорлор боюнча сунуш-пикирлерди 2017-жылдын 13-майынан кечиктирбестен aakieva@nbkr.kg электрондук дареги боюнча (Word жана PDF форматтарында) жөнөтүүнү өтүнөбүз.