Түзүлгөн күнү: 2017-03-17
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосун өткөн эл аралык электрондук акча системалар реестринде ТОО «WOOPPAY» (ВУППЭЙ) катталды.
Эл аралык электрондук акча системасынын оператору ТОО «WOOPPAY» (ВУППЭЙ) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосун өттү. Реестрде 5002150317 каттоо номери ыйгарылган.
Маалымат үчүн:
«Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобонун 69 пунктуна ылайык (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 токтому), Эл аралык электрондук акча системасы Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаны пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш.