Улуттук банкта 2017-жылдын 14-мартында Германия экономикасынын күнүнө арналган жолугушуу болуп өттү. Германия өнүгүү банкы (KfW), Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ), Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Улуттук банк жолугушуунун уюштуруучусунан болгон. Германиядан келген делегацияны парламент мүчөсү, аталган өлкөнүн Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү федералдык министрлигинин мамлекеттик катчысы (министрдин орун басары), Германиядан Азия өнүгүү банкындагы башкаруучу Ханс-Йоахим Фухтель мырза жетектеп келген. Жолугушууга Кыргызстандын коммерциялык банктарынын, “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесинин жана банк эмес финансы тармаганын өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташуусуна тиешелүү маселелер, атап айтканда, Улуттук банктын Дойче Бундесбанкы, Германиянын эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү менен иш алып баруу маселелери талкууланып, Улуттук банк өз кезегинде жолугушуунун катышуучуларына «Кыргыз Республикасынын финансы секторун өнүктүрүү стратегиясын» презентациялоого жетишти.