Түзүлгөн күнү: 2017-02-10
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2017-жылдын 9-февралынан 10-февралына чейинки мезгил аралыгында финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын “Финансылык инструменттер” деп аталган 9-стандартын ишке киргизүүнүн алкагында тажрыйба алмашуу боюнча Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрүнүн делегациясы иш алып барган.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-моделдерди иштеп чыгуу методологиясы, банктардын активдерин классификациялоо, жаңы стандарттын финансылык отчеттуулукка тийгизген таасири маселелери талкууланган.