КРУБ-өлкөдө доллардын кунунун өсүшүнө объективдүү себептер жок. 

 

“ Улуттук валютанын арзандашына объективдүү факторлор жок, сомго карата чайкоочулук чабуул болуп жатат”- деп билдирди бүгүн басма сөз жыйынында Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын курсунун  жогорулап жатканы жөнүндө комментарий берип жатып. 

 

Анын айтымында, Улуттук банк өлкөнүн ичиндеги жана негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасына кылдат көзөмөл жүргүзүп турат. “Кыргызстан менен Россия  соода мамилелери боюнча алакалаш болсо дагы, Россиядагы акча алмаштыруу курсу Кыргызстандын алмаштыруу курсуна түздөн түз таасир бербейт”,- дейт ал. 

Үч жумалык тынч алуудан кийин, улуттук валютаны алсыздантуу боюнча басым жасала баштады. Буга объективдүү факторлор жок. Бүгүнкү күндө банк тармагында 250 млндон ашык доллар бар, мындан тышкары ушул сумманын 30% накталай доллар менен берилген ”-деп билдирди Т.Абдыгулов. 

 

Ошондой эле төрага журналисттерге, кечээ 17- декабрда, КРУБ дагы бир консигнация жасаганын айтты. “ Биз накталай 2 млн доллар консигнация менен чыктык. Бул эмнени көрсөттү? Улуттук валютага чайкоочулук чабуул жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, кечээ КРУБ долларды 57,8 сом курсу менен эки мамлекетик банк- “Айыл банк” жана “РСК банкы” аркылуу саткан. ” Бул каражат 3-4 сааттын ичинде алмаштыруу бюролору тарабынан сатылып алынып, алар ушул жол менен кыска мөөнөттүн ичинде пайда таап алышты”,-дейт Улуттук банктын төрагасы. 

 

КРУБнын төрагасы мындай кырдаал алдын ала кооптонууну пайда кылып, структуралык чараларды кабыл алууга түрткү болуп жатат. “Келечекте бизде алмаштыруу бюролору жоюлуп, бир гана коммерциялык банкттардын өкүлдөрү калышы да мүмкүн. Биз алмаштыруу түйүндөрүнүн өздөрүнүн пайдасын көздөп, улуттук валютага чабуул жасашына жол бербешибиз керек. Бүгүн мен коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушуп, улуттук валютанын абалы тууралуу сүйлөштүм. Биз улуттук валютаны турукташтыруу боюнча биргелешкен аракет көрүү жөнүндө кеп кылдык. Жыйынтыгы жакынкы аралыкта белгилүү болот”,-дейт Т.Абдыгулов.  

 

Мындан тышкары, Толкунбек Абдыгулов жыл башынан бери Улуттук банк АКШ долларын сатуу, ошондой эле сатып алуу боюнча 42 жолу интервенция жүргүзгөндүгүн маалымдады. “ Долларды таза сатуу 464 млн долларды түзүп, анын ичинде 5,6 млн накталай жүргүзүлгөн. Жалпысынан жыл башынан бери 18-декабрга чейин доллардын куну 17,10% өскөн”-деп жыйынтыктады ал. 

 

ЖМК өкүлдөрүнө Улуттук банктын төрагасы маалымат берип бүткөндөн кийин, аларды кызыктырган баардык суроолорго жооп берүүгө шарт түзүлдү. Айрыкча, америкалык доллардын курсунун кымбаттагандыгына байланыштуу инфляциянын болоору тууралуу алдын ала маалымат алууга кызыгышты. Ошондой эле валюта рыногун стабилдештирүү үчүн Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу иш чаралар, мигранттардын акча которууларынын динамикасы, өлкөнүн алтын валюта резервинин көлөмү, Бажы союзуна кирүүдө бирдиктүү валютаны кабыл алуу, улуттук валютадагы депозиттердин динамикасы тууралуу жана башка суроолор берилди

 

Пресс-конференцияга төраганын орун басары Нурбек Жеңиш жана Улуттук банктын экономикалык башкармалыгынын башчысы Сейилбек Урустемов катышты.