Улуттук банк беш коллекциялык монетанын түрүн чыгарууда. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бүгүн, 2014-жылдын 8-августунда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү маарекесинин урматына карата жаңы коллекциялык монеталардын бетачарын өткөрдү.  


 


Пресс-конференциясынын жүрүшүндө Улуттук банктын нак акча менен иш алып берүү башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башчысы жана ошол эле бөлүмдүн башкы экономисти Алексей Фалеев менен Медина Ашыралиева 11-августтан тартып, коллекциялык монеталардын беш түрү: “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы “Барсбек кыргыз каганы” күмүш жана жез-никелден жасалган монеталар, “Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери” сериясындагы күмүш жана жез-никелден жасалган “Манастын күмбөзү” монетасы, ошондой эле “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясындагы “Үкү” күмүш монеталары жүгүртүүгө чыга тургандыгы туурасында маалымат беришти. Күмүш монеталар -10 сом, ал эми жез-никель монеталар- 1 сом номиналында.  


 


А.Фалеевдин сөзүнө караганда, “Барсбек кыргыз каганы” монетасы- бул кыргыз каганы- Барсбектин ат үстүндөгү курал-жарагы шайма-шай, көп сандаган жоокерлери менен турган элесин берип, монетанын жогорку бөлүгүндө илбирстин баш келбети түспөлүндө булуттардын сүрөттөлүшү чагылдырылган. Манас» күмбөзүнүн сүрөттөлүшү камтылган монетада “Манастын күмбөзү” жана “Манас” үчилтигинде баяндалган сюжеттеги баатырлар башкы элементти түзөт. Үстүбүздөгү жылы күмүштөн жасалган “Үкү” коллекциялык монетасы “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясын толуктады. Анын негизги сюжети болуп үкүнүн Кыргызстандын тоолуу пейзажынан орун алышы эсептелет деп билдирди ал. Улуттук банк коллекциялык монеталарды чыгарып жатып эң башкы максат катары Кыргыз Республикасын даңазалоону көздөйт. Туристтик мезгилдин күчөп турган учурунда, бул тема абдан актуалдуу. Анткени, тарыхый инсандар, архитектуралык имараттар жана жаныбарлар чагылдырылган монеталардын жардамы менен - калктын тарыхы жана маданияты, архитектуралык баалуулуктары, өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсүнүн байлыгына карата элдин кызыгуусун жаратууга болот.”  

 

“Улуттук банк монеталарды чыгарууда эң акыркы технологияларды колдонууну улантууда. Айтсак, “Барсбек кыргыз каганы” күмүш монетасынын жаңылыгы жана оригиналдуулугу монетадагы күңүрт аянтчада ат үстүндөгү жоокердин эффективдүү оюп басылышында, ал эми “Үкү” монетасын чыгарууда түстүү тампондук басуу ыкмасы колдонулуп, чебер чагылдырылган. Жаңы технологияларды колдонууга карабастан, монеталардын баасы- салыштырмалуу кымбат эмес. “Барсбек кыргыз каганы” баасы 2000 сом, “Манастын күмбөзү 1800 сом жана “Үкү 1500 сом, ал эми жез-никелден жасалган монеталар 100 сомдон турат. Монеталар Казакстан жана Словакиянын монеталык зерканаларынан чыгарылган деп билдирди А.Фалеев.  


 


Өз учурунда, М. Ашыралиева республикабызда жылдан жылга нумизматикалык монеталарга карата кызыгуулар көп болуп жаткандыгын билдирди. Орто эсеп менен күмүш монеталар 4-5 жыл ичинде, ал эми жез-никель монеталар 1-12 ай ичинде эле өздөштүрүлүп кетет.  

 

Маалыматтык билдирүү

Коллекциялык монеталардын мүнөздөмөлөрү 

 

Монетанын аталышы 

Номиналы 

Металлы (пробасы) 

Кошумча технологиялар 

Салмагы 

Диаметри 

Сапаты 

Нускасы (даана) 

Барсбек-кыргыз каганы 

10 сом 

Күмүш 925° 

Оксидирлөө технологиясы 

28,28 г 

38,6 мм 

“uncirculated” 

2 000 

1 сом 

Жез-никель 

12,0 г 

30,0 мм 

“brilliant uncirculated” 

5 000 

Манастын күмбөзү 

10 сом 

Күмүш 925 

28,28 г 

38,6 мм 

“proof” 

2 000 

1 сом 

Жез-никель 

12,0 

30,0 мм 

“brilliant uncirculated” 

5 000 

Үкү 

10 сом 

Күмүш 925 

Түстүү тампондук басма 

28,28 г 

38,6 мм 

“proof” 

3 000 

 

Ар бир күмүш монета акрил капсуласы менен капталып, сапаттык сертификаты тиркелип, өзүнчө кутучаларга салынган.  

 

Бардык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.