Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети  

 

Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети ликвиддүүлүктү тескөө боюнча чечимдерди иштеп чыгат жана аларды ыкчам кабыл алат. Комитеттин негизги милдеттери

- түптөлгөн жагдайга баа берүү, ачык жана валюта рынокторундагы операциялар боюнча чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу; 

- Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык, акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу боюнча сунуштарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу. 

2021-жыл ичинде аталган комитет тарабынан 54 отурум өткөрүлгөн, анда банк тутумунда ликвиддүүлүк деңгээлин жөнгө салуу маселеси, эсептик чен (негизги чен) айланасында пайыздык чендин чегин аныктоо жана монетардык саясат инструменттерин колдонуу маселелери каралган