2017-жылдын 24-мартында "Айыл чарбаны каржылоо - 5" долбоорунда катышуучу банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

Аукциондун коду 

АК 17 05 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн. сом) 

500,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы 

Көптүк чен боюнча аукциону 

Максаттуу багытталышы  

Айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү, анын ичинде мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармагын кредиттөө  

Минималдуу пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

20,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

250,00 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз  

алуучулары үчүн чектүү номиналдык  

пайыздык чени 

10,00% 

Пайыздын төлөө убакыты 

Ар бир айдын 1чи күнүндө 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Төлөө мөөнөтү кредитти төлөөдөн эрте болбогон мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 110%)  

Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 

Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) 

Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 80% ашпаган