Карызгерге эскертме 

I. Кредит алуу чечими жоопкерчиликти талап кылган чечим.  

Банктан жана банктык эмес финансы-кредит мекемесинен (мындан ары банк) кредит алуудан мурда карызгер, кредит алуу бул, кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө негизги сумманы кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө экендигине көңүл буруусу зарыл.  

 

Кредит алуу чечимин кабыл алганга чейин карызгер: 

· кредиттин максаттуу багытын аныктап, кредит алуу зарылчылыгына жана кредиттик келишимге ылайык аны өз учурунда төлөө мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүсү

· сунушталып жаткан кредиттин, анын ичинде кредит алуу жана анын ордун жабуу менен байланыштуу бардык төлөмдөр жөнүндө шарттар менен таанышып чыгуусу; 

· кредиттин пайыздык ченине көңүл буруусу; 

· жылдык эффективдүү пайыздык чен өлчөмүнө көңүл буруусу зарыл, анда банктын пайдасына кредит алуу менен байланыштуу карызгердин төлөмдөрү эске алынат; 

· кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркына көңүл буруу зарыл, анда кредиттик келишим түзүү учурунда үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кошо алганда кардардын чыгашалары эске алынат.  

 

II. Кредиттик келишим жана башка документтер менен кылдат таанышып чыгыңыз. 

Карызгер, кредиттик келишимге кол коюудан мурда анын шарттары менен кылдат таанышуусу зарыл.  

 

Кредиттик келишимге кол койгонго чейин карызгер төмөнкүлөргө укуктуу: 

· юридикалык консультация алуу үчүн өз каалоосу боюнча келишимдердин долбоорлорун талап кылууга; 

· эгерде кредиттик келишимдин шарттары түшүнүксүз болсо, банктын кызматкерлерин аны түшүндүрүп берүүсүн өтүнүүгө

 

Кредиттик келишимдин шарттары менен таанышып чыккандан кийин карызгер, кредит алуунун бардык ыңгайлуу жана алгылыксыз жактарын салыштыруусу зарыл.  

 

III. Кредит алуу үчүн келишимдерге кол коюу.  

Кардардын каалоосу боюнча келишим мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (карызгерге тандоо укугу сунушталат). Кредиттик келишимдин текстти өздөштүрүүгө жана түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген так жана жеткиликтүү болууга тийиш.  

 

Келишимге кол коюуда карызгер, келишим шарттарына ылайык алган акча каражаттарын кайтарып берүүдө андан ары пайда болушу ыктымал проблемалардан четтөө үчүн сунушталып жаткан кредиттин бардык шарттарын тактап алуусу зарыл.  

 

Кредиттик келишимге кол койгондон кийин карызгер, келишим түзүлгөндөн кийинки акча каражаттарын алганга чейин мезгил ичинде аны алуудан баш тартууга укуктуу.  

 

Мында карызгер, кредиттик келишимге кол коюу менен анын бардык шарттарына макул экендигин жана аларды аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алгандыгын эске тутуусу зарыл.  

 

Мындан тышкары карызгер эгерде, кредиттик келишимге ылайык өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбай койсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктар, күрөө предметин (анын ичинде кыймылсыз мүлккө: үй же квартира) өндүрүү менен кайрылуусу ыктымал.  

 

Ушуга байланыштуу кредиттик келишимге жана банктын башка документтерине карызгер, бул келишимдин шарттары түшүнүктүү экендигин, ал төлөмдөр тууралуу жана аларды качан төлөө зарылчылыгын, ошондой эле төлөмдөрдү жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин толук түшүнгөндөн кийин гана кол коюуга тийиш. 

 

Карызгер, банктар боюнча жалпы маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтынан (www.nbkr.kg), “Банк системасы” жана “Банктык эмес финансы-кредит мекемелери” бөлүктөрүнөн таба алат.