ЭЛКАРТ бардык учурда жардамга келген универсалдуу карт! 

 

ЭЛКАРТ банктык төлөм карты өлкөнүн кайсыл болбосун аймагында жуманын 7 күн ичинде 24 саат бою банктык эсептеги акча каражаттарын ыңгайлуу, ишенимдүү шартта тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгү

 

Элкарт карт каалаган учурда, тез арада төмөнкүлөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет:  

 

· Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында акча каражаттарды нак акча алмаштырып алууга 

· Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө 

· өлкөнүн бардык регионунан (аймагынан) банкоматтар аркылуу Элкарттын кайсыл болбосун картына акча которуулар. 

· Коммуналдык кызматтарга, ошондой эле уюлдук байланыш, катталган байланыш кызматтарына, Интернет-провайдер кызматына, кабелдик телевидение ж.б. үчүн төлөөлөр. 

· Мобилдик телефондун жардамы менен акча каражаттардын жылышына контролдук (SMS-кабарлоо кызматы)  

· Салык төлөмдөрүн жана бажы жыйымдардын төлөөгө 

· Мамлекеттик бюджеттен социалдык төлөөлөрдү жана пенсияны карт аркылуу алуу  

· документтерди тариздетүүсүз эле банктар тез кредиттерди (овердрафт) алуу  

· Сунушталган кызматтарга карт аркылуу төлөөдө жеңилдиктерге жана бонустарга ээ болуу  

· Банктык бөлүмдөрүндө терминал аркылуу дароо карт эсебин толуктап алуу. 

 

ЭЛКАРТ бул: 

 

· Чыгаруу наркынын арзандыгы 0 сомдон 100 сомго чейин 

· Комиссиялык төлөмдүн төмөндүгү

жылдык тейлөө үчүн - 0 сомдон 100 сомго чейин, 

• нак акчага айландыруу 0 сомдон 100 сомго чейин,  

• соода-сервистик ишканаларда товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө - 0%  

• товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн банкоматтарда жана терминалдарда төлөө - 0 сомдон 5 сомго чейин  

• CARDEX акча которуулар 0 сомдон 15 сомго чейин  

· Өлкөнүн бардык банктарындагы банкоматтардан жана терминалдардан тейленүү (нак акча алууга мүмкүндүк берген 350 ашуун банкомат, 520 пункт, 885 ПОС-терминалдар иштейт)  

· Кыргызстандагы 13 банктан Элкарт картын алуу мүмкүнчүлүгү 

· Кыргызстандын бүтүндөй аймагында акча каражаттарынан күнүүнү пайдалануу мүмкүнчүлүгү

Болочокто сунушталуучу ыңгайлуулуктар: 

· Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Интернет түйүнү аркылуу сатып алуу 

· Мобилдик телефон аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды жүзөгө ашыруу 

· Кобрендинг карттары 

· «cash in» жабдуусу аркылуу карт-эсепти толуктоо (QIWI системасынын өзүн өзү тейлөө терминалдары)  

Элкарттын магниттик төлөм карттары бул багытта коопсуздуктун эл аралык стандарттарына толук жооп берет.  

1-сүрөт. Картын алдыңкы бети:  

 

Системанын картты сунуштаган банктын логотиби, карттын номери, колдонуу мөөнөтү жана анын ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт. 

 

2-сүрөт. Карттын арткы бети:. 

 

 

Карттын арткы бетинде кардарларды күнүүнү колдоого алуучу борбордун телефону, процессинг борборунун координаттары, 3 сандан турган CVV коду жана карттар пайдалануудагы коопсуздук шарттары боюнча кыскача нускоо берилген  

 

 

Карт менен чогу “ачкычтын” ролун аткарган жана карттагы акча каражаттар менен колдонууга мүмкүнчүлүктү берген ПИН-код менен чапталган конверт берилет. 

 

Элкартты пайдалануу менен нак акча алуу, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр.  

ЭЛКАРТты тейлеген түйүндөр, ЭЛКАРТ логотиби түшүрүлгөн багыттамалар аркылуу көрсөтүлгөн. 

· Банкоматтардан нак акча алуу 

1. Банкоматтардагы маркировкага ылайык картты салгыла, карт оңой киргизилүүгө тийиш. 

2. Менюдан тиешелүү багыттаманы тандаңыз (кыргызча, орусча, англисче). 

3. Андан соң пин-кодду терип (төмөн жакта) КИРҮҮ (ENTER) белгисин баскыла. ПИН-кодду туура эмес киргизип алсаңар, ТОКТОТУУ (CHANGE) белгисин басып, аны кайталагыла. ПИН-код 3 жолу туура эмес киргизилсе, карт блокировкаланат. 

4. «Нак акча берүү» белгисин баскыла. Эгерде сизге керектүү сумма анда көрсөтүлбөсө, «Башка сумма» белгисин басып, тиешелүү сумманы көрсөткүлө.  

5. Андан ары зарыл болгон сумманы көрсөткүлө

6. Картты кайрадан банкоматка салгандан кийин талап кылынган сумма дароо чыгарылып берилет.  

 

· Коммуналдык кызматтарга жана башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр, акча которуулар 

Бул жерде да 1 ден 4-кадамга чейин жогоруда көрсөтүлгөн пункттардагы операциялар кайталанылат. Андан кийин:  

5. «Кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр» же «Акча которуулар» (CARDEX) белгисин баскыла.  

6. Тиешелүү кызмат көрсөтүүнү тандагандан кийин, кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун төлөнүүчү эсебинин реквизиттерин чагылдыргыла (кардардын номери, өздүк эсеп, телефон номери ж.б.) Ал эми акча которуу учурунда алуучунун картынын номери жана карттын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш. 

7. «Улантуу» белгисин баскыла. Эгерде төлөм туура эмес киргизилип калса, «Кайталоо» белгисин баскыла.  

8. Андан соң төлөмдүн/которуунун суммасын төмөнкү форматта чагылдыргыла XXXXX.XX (мисалы 200.00). Эгерде төлөм/которуу суммасы туура эмес киргизилсе, «Кайталоо» белгисин баскыла.  

9. Жүргүзүлгөн операция үчүн чек алуу же аны талап кылбоо белгисин баскыла.  

10. Андан соң банкоматтан картыңарды алсаңар болот.  

Сунушталган кызматтар үчүн төлөмдөр жөнөтүлгөндөн кийин, банкоматтын экранында операция иштелип чыгып жаткандыгы маалымдалып, төлөм реквизиттери менен чек чыгарылып берилет.  

 

· Нак акча алуу мүмкүнчүлүгү 

1. Эң оболу, банк Элкарты тейлөөгө алаарын тактап алгыла. 

2. Кассирге картты берип, анын өтүнүч боюнча ПИН-кодду тергиле. 

3. Кассирге ала турган суммаңарды айткыла 

4. Акчаны алгандан кийин чекке кол коюп берип, картыңарды кайтарып алгыла.  

 

· Соода-сервистик ишканаларда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр. 

1. Кассадан тейленген болсоңор кассирдин өтүнүчү боюнча ПИН-кодуңарды тергиле.  

2. Кассир чек бергенден кийин аны товардык чек менен текшергиле. Мында, суммалар тегеректелүүгө тийиш эмес.  

3. Чекке кол коюп, өзүңөргө тиешелүү нускасын алып калгыла.  

4. Картыңарды кайтарып алгыла. 

 

 

Төмөнкү учурларга эмне кылуу керек... 

 

1. Картыңыз жоголуп же уурдалып кетсе  

 

· Бул учурда Колдоо Борборуна (312)664325, (312) 637696, (312) 637698 телефондору аркылуу кайрылып. Картты блокировкалаткыла. Код катары берилген сөздү же башка маалыматтарды көрсөткөндөн кийин карт блокировкаланат.  

· Кийинчерээк жоголгон карт табылган болсо, аны блокировкадан чыгаруу үчүн картты берген банкка кат жүзүндө кайрылууга тийишсиңер.  

 

Операцияны ишке ашыруудан баш тарткан болсоңор эмне кылуу керек? 

· Операцияны азыраак сумма менен ишке ашырууга аракет кылгыла. Банкоматтан нак акча алууда жана пункттардан нак акча берүүдө банк комиссиялык төлөм кармап калаарын эске алгыла.  

· ПИН-коддун тууралыгын текшергиле 

· Блокировкаланган карт колдонулушу да мүмкүн; 

· Банкомат убактылуу иштебесе, башка жердеги банкоматка же нак акча берүү пункттарына кайрылгыла.  

 

2. Банкомат же кассир картыңызды кайтарып бербесе? 

· Картты берген банкка же колдоо борборуна дароо кайрылгыла.  

 

3. Республика боюнча кыдырууга кетип жатсаңыз. 

· Картыңыздын колдонуу мөөнөтүн текшериңиз. Мөөнөтү өтүп кеткен болсо, банкка дароо кайрылгыла. 

· Карттагы каражаттын калдыгын текшергиле, зарылчылык болсо эсепти толуктап алгыла.  

 

Коопсуздук чаралары 

 

1. ПИН-кодду картка жазбагыла, аны карт менен бирге сактоого да болбойт. ПИН-кодду эч ким билбөөгө тийиш. 

2. Утуш оюндарына, жарнамалык акцияларга катышуу үчүн картыңыздын номерин маалымдабагыла.  

3. ПИН-кодду терүүнү жана банкоматтан нак акча алууну жашыруун ишке ашыргыла.  

4. Картка да нак акчадай эле мамиле кылгыла сак болгула.  

5. Картыңыздын номери (акыркы төрт санды) банктын жана колдоо борборунун телефон номерин жазып жүргүлө. Карт жоголуп/уурдалып кеткен болсо, ошол телефондорго дароо кайрылгыла.  

6. Жоголгон же уурдалган картты пайдаланбагыла. Аларды пайдалангандан мурда блокировкадан чыгаруу талап кылынат.  

7. Төлөм чегинде көрсөтүлгөн сумманын тууралыгын текшергиле.  

8. Карт боюнча товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө операциясынын жүргүзүлүшүнө көз салып тургула.  

9. Картты сырткы таасирлерден сактагыла.  

 

Кардарларды күнүүнү колдоо борбору 

(312)664325, (312)637696, (312) 637698