Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 23- декабрындагы № 78/7 токтому 

 

 

 

Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Милдеттүү камдарды эсептөө базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин: 

а) улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча улуттук валютадагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде; 

б) армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча армян драмы, белорусь рубли, казак тенгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде; 

в) ушул пункттун (б) пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча, ошол чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 12,0 пайызы деңгээлинде. 

2. Коммерциялык банктар милдеттүү камдарды Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептөөнү ишке ашырып, жобонун 2.5-пунктун талабына ылайык бул токтомдун 1-пунктунун (а), (б), (в)- пунктчаларында көрсөтүлгөн валюталардагы милдеттенмелердин өз-өзүнчө сунушталышын камсыз кылышсын. 

3. Милдеттүү камдардын өлчөмү бул токтомдун 1-пунктунун (а), (б), (в)- пунктчаларында көрсөтүлгөн валюталардагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү камдардын суммасы катары эсептелинсин.  

4. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 75/1 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.  

6. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Токтом 2016-жылдын 11-январынан тартып күчүнө кирет.  

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т.Абдыгулов