Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2007 жылдын 11 саны 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

4-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 89-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 22-августу N 38/9 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Элкарт" банктык төлөм карттарын 

чыгаруунун Убактылуу эрежелери жөнүндө 

 

Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сунуштарын (кошо тиркелет) эске алуу менен даярдалган ""Элкарт" банктык төлөм карттарын чыгаруунун Убактылуу эрежелеринин" жаңы редакциясын карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-июнундагы N 32/6 "Элкарт" банктык төлөм карттарын чыгаруунун Убактылуу эрежелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Жаңы редакциядагы "Элкарт" банктык төлөм карттарын чыгаруунун Убактылуу эрежелери" (кошо тиркелет) бекитилсин. 

3. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиңде мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты расмий түрдө жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен "Элкарт" банктык төлөм карттарын пайдалануу менен нак эмес эсептешүүлөр системасынын катышуучулары болуп саналышкан коммерциялык банктарды жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым Ч.К.Иманкуловага ыйгарылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

4-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 89-07 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2007-жылдын 22-августундагы 

N 38/9 токтому менен 

бекитилген 

 

"Элкарт" банктык төлөм карттарын чыгаруунун 

УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Терминдер жана аныктамалар 

3. ББПБ персонализациялоо борборунун иштөө регламенти жана маалымат алмашуу тартиби 

4. Системада "Элкарт" банктык төлөм карттарын каттоодон өткөрүү тартиби 

5. Эмитент тарабынан персонализациялоо үчүн карт тизмелери менен файлды түзүүсү 

6. Эмбоссирлөө файлын түзүү 

7. Персонализациялоо борборунда пин-конверттерди басып чыгаруу жана карттарды персонализациялоо тартиби 

8. Эмитентке карттарды жана пин-конверттерди берүү тартиби 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук төлөмдөр жөнүндө", "Электрондук цифралык колтамгалар жөнүндө" Мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4 токтому менен бекитилген), "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө" жобого (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 28/12 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2006-жылдын 1-ноябрындагы 108-06 номеринде катталган) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Бул Эрежелер Элкарт банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасында (мындан ары Система) каттоодон өткөрүү тартибин жана карттарды персоналдаштыруу үчүн маалыматтарды түзүүнү белгилейт. 

1.3. Элкарт банктык төлөм карттарын чыгарууну Улуттук банктын банктын операцияларды жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар болгон шартта эмитент жүзөгө ашырат. 

1.4. Эмитент эмитенттин ички жол-жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, кардар менен банк эсептерин ачууга жана аларга банк эсептерин обочо туруп тескөө үчүн каражат катары карттарды берүүгө келишим түзөт. Карттарды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөр жана продуктылар тизмесин жана карт ээлерине аларды сунуштоо шарттарын эмитент өзалдынча аныктай алат. 

1.5. Карт ээлерине банктык төлөм карттарын берүү тартиби, бөгөттөлүп калышы, стоп-листке киргизүү жана карттарды алуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 28/12 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2006-жылдын 1-ноябрындагы 108-06 номеринде катталган) "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө" жобо, ошондой эле эмитент менен карт ээсинин ортосунда түзүлгөн келишим тарабынан аныкталган. 

1.6. Эмитент Системанын эрежелерине жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык бирдиктүү банктар аралык процессинг борборуна (ББПБ) өз кардарларынын карттарын персонизациялоо, банктык эсептерин ачуу жана аларды тейлөө үчүн тиешелүү маалыматтарды берүүнү жүзөгө ашырат. 

1.7. Кыргыз Республикасынын аймагында Элкарт банктык төлөм карттарын персонализациялоону БПБ аны менен эмитенттин ортосунда кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырат. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

 

2.1. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 

Элкарт банктык төлөм карты (мындан ары - карт) - карт ээсине банк эсептерин тескей алуусуна мүмкүндүк берүүнү камсыз кылуучу төлөм каражаты. Карттын жардамы менен анын ээси товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, терминалдардан, банкоматтардан же башка алыста жайгашкан жабдуулардан акчаларды алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыра алат. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат жана кардарга жана анын ишенимдүү адамына келишимдин шарттарына ылайык берилет. 

Персоналдаштыруу - карт ээси жөнүндө маалыматты картка камтуу (эмбоссирлөө, магнит тилкелерин же интегралдык схемаларды; (микропроцессорду) коддоо. 

Персоналдык идентификациялык номер (ПИН-код) - карт ээсине ыйгарылган жана ал тарабынан транзакциялар жүзөгө ашырылышында карт ээсиң идентификациялоого багытталган цифралык, купуя код. 

Персоналдаштыруу борбору - бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун структуралык бөлүмү, анда эмитенттен алынган билдирменин негизинде, эки тараптуу келишимдик мамилелер тарабынан белгиленген мөөнөттө карттарды персонализациялоо жана пин-коддор менен конверттерди басып чыгаруу жүзөгө ашырылат. 

Эмбоссирлөө - атайын жабдуулардын жардамы менен рельефтик белгилер түрүндө картка идентификацияланган маалыматтарды киргизүү

Карттардын эмиссиясы - финансы-кредит мекемесинин карт чыгаруу боюнча иши. 

Эмитент - карттын эмиссиясын жүзөгө ашыруучу, карт ээлери мене эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү, транзакцияларды авторлоштуруучу (өз алдынча же процессинг борбору аркылуу) жана эквайерге жүргүзүлгөн анык транзакция үчүн акы төлөнүшүн кепилдик кылган финансы-кредит мекемеси. 

 

3. ББПБ персонализациялоо борборунун иштөө 

регламенти жана маалымат алмашуу тартиби 

 

┌───────────────────────────┬───────────┬─────────┬────────┬──────────┐ 

Иштеп чыгуу мезгилинин Маалымат МаалыматАптанын Убактысы │ 

аталышы алмашуу алуучу күндөрү │ 

демилгечиси │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

Эмитенттин Системада карт Эмитент БПБ Дүйшөмбү│08.00- │ 

ээлери боюнча маалыматтарды -жума 17.00 │ 

каттоосу │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

Кардарлардын тизмелерине БПБ Эмитент Дүйшөмбү│08.00- │ 

ылайык картты жана -жума 17.00 │ 

файлдарды │ 

персонализациялоого │ 

билдирмелерди кабыл алуу │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

Эмбоссирлөө файлдарын түзүү│БПБ Эмитент Дүйшөмбү│10.00 │ 

-жума │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

ПИН-конверттерди басып БПБ Эмитент Дүйшөмбү│10.00 │ 

чыгаруу -жума 12.00 │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

Карттарды персонализациялооБПБ Эмитент Дүйшөмбү│13.00- │ 

-жума 15.00 │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

Карттарды убагында тез БПБ Эмитент Дүйшөмбү│15.00- │ 

чыгаруу -жума 16.30 │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

Эмитентке карттарды берүү БПБ Эмитент Дүйшөмбү│16.30- │ 

-жума 17.00 │ 

├───────────────────────────┼───────────┼─────────┼────────┼──────────┤ 

Эмитентке пин-конверттерди БПБ Эмитент Дүйшөмбү│16.30- │ 

берүү -жума 17.00 │ 

└───────────────────────────┴───────────┴─────────┴────────┴──────────┘ 

 

4. Системада "Элкарт" банктык төлөм 

карттарын каттоодон өткөрүү тартиби 

 

4.1. БПБ анын менен маалымат алмашууну камсыз кылуу жана Системада карт ээлеринин маалыматтарын каттоодон өткөрүү үчүн Системага туташкан иштөө станциясын жана программалык камсыз кылуунун кардардык бөлүгүнүн модулдарын эмитентке орноштурат (автоматташтырлган иш орду). 

4.2. Эмитент Система тарабынан белгиленген эрежелерге жана өзүнүн ички жол-жоболоруна ылайык жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00 дөн 17.00 чейин автоматташтырылган иш орду аркылуу Системада карт ээлеринин маалыматтарын каттоодон өткөрүүнү жүзөгө ашырат (Card Condition). 

4.3. Системада карт ээлеринин маалыматтарын каттоодон өткөрүү үчүн эмитент ар бир карт ээси боюнча төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттерди 

(CardsNew) толтурууга тийиш: 

- карт ээсинин аты-жөнү (латын тамгалары менен); 

- кардарлардын банктын чегиндеги номери; 

- картанын префикси; 

- негизги жана кошумча карта; 

- шарттардын жыйындысы (Card Condition). 

4.4. Эмитент карт ээси менен ага ар кандай схемаларды жана шарттарды камтыган карттардын бир нече түрүн берүү үчүн бир нече келишимдерди түзө алат же карт ээси менен ага бир нече түрдү камтыган бир картты берүү үчүн бир гана келишим түзө алат. 

4.5. Эмитент автоматташтырылган иш ордунда төмөндөгүлөрдү персонализациялоо үчүн карттын тизмелери менен файлдарды даярдайт: 

- жаңы карттарды; 

- карттын иштөө мөөнөтү аяктары менен жаңыртыла турган карттарды; 

- дубликат-карттарды, алар залака чегип калган учурда берилет; 

- эгерде жоголуп же уурдалган болсо алмаштырыла турган карттарды. 

4.6. Эмитент персонализациялоо үчүн карт тизмелери менен файлды өзалдынча түзө алат же БПБга аталган функцияларды бере алат. 

4.7. Саат 08.00дөн 10.00 чейинки мезгил ичинде, эмитент аны менен БПБ ортосунда түзүлгөн келишим тарабынан белгиленген формага ылайык картты персонализациялоого билдирмени тариздейт жана андан ары иштеп чыгуу үчүн карттын тизмеси камтылган файлды БПБ өткөрүп берет. 

4.8. БПБ эмитенттен картты персонализациялоого билдирмени кабыл алып, ар бир эмитент боюнча эмбоссирлөө файлын (Create Embossing files) түзөт жана эмбоссирлөө файлдарын персонализациялоо борборуна өткөрүп берет. 

4.9. Милдеттүү тилкелер туура эмес толтурулган учурда БПБ эмитентке эмбоссирлөө файлын кайтарып берет. 

 

5. Эмитент тарабынан персонализациялоо үчүн 

карт тизмелери менен файлды түзүүсү 

 

5.1. Жаңы карттарды персонализадиялоо үчүн тизмелерди түзүү 

 

5.1.1. Эмитент жаңы карттарды персонализациялоо үчүн карттардын 

тизмесин даярдоого (Embossing New Cards Create ) тийиш. 

5.1.2. Эмитент тизмеден (Embossing New Cards New list) алардын 

карттары отчетко камтыла турган бир же бир нече сессияны тандап алат (All sessions). 

5.1.3. Эмитент отчетте жазууларды иргөө тартибин иштеп чыгат: карттын номери боюнча; карт ээси боюнча, сессия номери боюнча жана карттын номери боюнча; сессия номери жана карт ээси боюнча. 

5.1.4. Эмитент отчетту алуу параметрлерин белгилейт (Print Options) жана жаңы карттардын тизмеси менен (Embossing - New Cards list report window) отчет түзүүнү аяктайт. 

5.1.5. Эмитент эмбоссирлөө файлында кандайдыр бир каталар же өзгөрүүлөр келип чыккан учурда БПБдан аны иштеп чыгуудан баш тартууну алгандан кийин карттардын тизмесинен жазууларды өчүрүп салат (Embossing 

New Cards Delete from List). Өчүрүлгөн жазуулар жөнүндө маалыматтар 

атайын таблицага жазылат жана өчүрүлгөн карттардын тизмеси отчетто көрсөтүлөт

5.1.6. Эмитент жаңы карттарды персонализациялоо тизмесин түзүүнү аяктайт жана (Embossing - Personalization cards list - New) аны андан ары иштеп чыгуу үчүн БПБ өткөрүп берет

 

5.2. Жаңыртыла турган карттарды персонализациялоо үчүн тизме түзүү 

 

5.2.1. Эмитент жаңыртыла турган карттарды персонализациялоо үчүн 

карттардын тизмесин (Embossing Renewal Cards Create) даярдоого тий- 

иш, анда карттарды тандоо параметрлерин, карттардын аракеттенүү мөөнөтүнүн аяктоо убактысын ('Date interval') жана сессияга карата комментарийлерди (Comments for created embossing list) алдынала иштеп чыгат. Эгерде эмитент жаңыртыла турган карт үчүн комиссияны белгилебесе, анда ал "Without card fees" белгилөөгө тийиш. 

5.2.2. Эмитент алардын карттары отчетко камтыла турган (Embossing 

Renewal Cards Renewal list) бир же бир нече сессияны тизмеден тан- 

дап алат. Тизме бардык сессия боюнча даярдалышы (All sessions) мүмкүн. 

5.2.3. Эмитент отчетте жазууларды иргөө тартибин иштеп чыгат: карттын номери боюнча; карт ээси боюнча, сессия номери боюнча жана карттын номери боюнча; сессия номери жана карт ээси боюнча. 

5.2.4. Эмитент отчетту алуу параметрлерин белгилейт (Print options) жана жаңыртыла турган карттардын тизмеси менен (Embossing New Cards list report window) отчет түзүүнү аяктайт. 

5.2.5. Эмитент эмбоссирлөө файлында кандайдыр бир каталар же өзгөрүүлөр келип чыккан учурда БПБ анын иштеп чыгуудан баш тартууну алган- 

дан кийин карттардын тизмесинен жазууларды өчүрүп салат (Embossing │ 

New Cards Delete from List). Өчүрүлгөн жазуулар жөнүндө маалыматтар 

атайын таблицага жазылат жана өчүрүлгөн карттардын тизмеси отчетто көрсөтүлөт

5.2.6. Жаңыртыла турган карттардын тизмесин камтыган файл төмөнкү учурларда системада түзүлбөйт

- карт жок кылынган; 

- банк эсеби жабылган; 

- карт 'жумшак' стоп-листте жайгашкан; 

- Системада белгиленген жаңыртуу белгиси дал келбейт J, D, Е же R айырмаланган); 

- аракеттенүү мөөнөтү датанын көрсөтүлгөн интервалына дал келбеген; 

- Персонализациялоодон кийинки өткөн күндөрдүн саны конфигурация параметринде көрсөтүлгөн күндөрдүн санынан ашпаган. 

5.2.7. Эмитент жаңыртыла турган карттарды персонализациялоо тизмесин түзүүнү аяктайт (Embossing - Personalization card list - Renew) жана аны андан ары иштеп чыгуу үчүн БПБ өткөрүп берет. 

 

5.3. Дубликат-карттарды персонализациялоо үчүн тизмени түзүү 

 

5.3.1. Эмитент дубликат карттарды персонализациялоо үчүн карттар- 

дын тизмесин даярдоодо (Embossing Duplicate Cards Create) жана дуб- 

ликат карттар үчүн комиссия белгиленбеген болсо "Without card fees" белгилөөгө тийиш. Эгерде жаңыртуу белгисинин мааниси N барабар болсо дубликат-карт берилбей калышы мүмкүн. 

5.3.2. Эмитент (Embossing Duplicate Cards Duplicate list) BIN 

тизмесинен, филиалды жана кардардын түрүн тандап ала алат (жеке адам/юридикалык жак). Тизме бардык BIN жана/же филиалдар боюнча даярдалууга тийиш

5.3.3. Эмитент отчетте жазууларды иргөө тартибин иштеп чыгат: карттын номери боюнча; карт ээси боюнча, сессия номери боюнча жана карттын номери боюнча; сессия номери жана карт ээси боюнча

5.3.4. Эмитент отчетту алуу параметрлерин белгилейт (Print Options) жана дубликат карттардын тизмеси менен (Embossing - Duplicate Cards list report window) отчет түзүүнү аяктайт

5.3.5. Эмитент эмбоссирлөө файлында кандайдыр бир каталар же өзгөрүүлөр келип чыккан учурда БПБдан аны иштеп чыгуудан баш тартууну ал

гандан кийин карттардын тизмесинен жазууларды өчүрүп салат (Embossing │ 

Duplicate Cards Delete from Duplicate list) отчет түзүүнү аяктайт

Карт тизмеден алынып салынат, жаңыртуу белгилеринин мааниси 2 ден N карата алмаштырылат. Мындай карт өзгөчө талап боюнча гана калыбына келтирилиши мүмкүн. Өчүрүлгөн жазуулар жөнүндө маалыматтар атайын таблицага жазылат жана өчүрүлгөн карттардын тизмеси отчетто көрсөтүлөт. 

5.3.6. Эмитент жаңы карттарды персонализациялоо тизмесин түзүүнү аяктайт (Embossing - Personalization card list - Duplicate) жана аны андан ары иштеп чыгуу үчүн БПБ өткөрүп берет. 

 

5.4. Алмаштырыла турган карттарды персонализациялоо үчүн тизме 

түзүү 

 

5.4.1. Эмитент алмаштырыла турган карттарды персонализациялоо үчүн 

карттардын тизмесин даярдоого (Embossing Replace Cards Create) жана 

алмаштырыла турган карттар үчүн комиссия белгиленбеген болсо "Without card fees" белгилөөгө тийиш. Эгерде карттын статусу 2 болсо аны алмаштырууга болот. 

5.4.2. Эмитент эгерде карт Е, D, J, R жана А жаңыртуу белгисине ээ болсо New cards input) жаңы карттын маалыматтарын киргизүүгө тийиш. Мындай учурда жаңыртуу белгисине 3 статусу ыйгарылат. Эгерде, жаңыртуу белгилери N. 0,1,2,3 болсо, карты алмаштыруу үчүн тизмеге киргизүүгө болбойт. 

5.4.3. Эмитент (Embossing Replace Cards Replace list) BIN тиз

меден, филиалды жана кардардын түрүн тандап ала алат (жеке адам/юридикалык жак). Тизме бардык ВШ жана/же филиалдар боюнча даярдалууга тийиш. 

5.4.4. Эмитент отчетте жазууларды иргөө тартибин иштеп чыгат: кар- 

ттын номери| боюнча; карт ээси боюнча, сессия номери боюнча жана карт- 

тын номери боюнча; сессия номери жана карт ээси боюнча. 

5.4.5. Эмитент отчетту алуу параметрлерин белгилейт (Print opti- 

ons) жана жаңыртыла турган карттардын тизмеси менен ((Embossing Rep- 

lace Cards list report window) отчет түзүүнү аяктайт

Эмитент эмбоссирлөө файлында кандайдыр бир каталар же өзгөрүүлөр келип чыккан учурда БПБдан аны иштеп чыгуудан баш тартууну алгандан 

кийин карттардын тизмесинен жазууларды өчүрүп салат (Embossing │ 

Replace Cards Delete from Replace list). Өчүрүлгөн жазуулар жөнүндө 

маалыматтар атайын таблицага жазылат жана өчүрүлгөн карттардын тизмеси отчетто көрсөтүлөт

5.4.7. Эмитент жаңыртыла турган карттарды персонализациялоо тизмесин түзүүнү аяктайт (Embossing - Personalization cards list - Replace) жана аны андан ары иштеп чыгуу үчүн БПБ өткөрүп берет

 

6. Эмбоссирлөө файлын түзүү 

 

6.1. БПБ файлдын аталышын алдынала конфигурациялоо жана эмбоссирлөө (New, Renew, Duplicate, Replace) түрүн тандоо менен картты персонализациялоо эмитенттин билдирмесинин негизинде эмбоссирлөө файлын 

(Embossing Create Embossing files) түзөт

6.2. БПБ тизмеден бир же бир нече сессияны тандап алат, алар үчүн эмбоссирлөө файлдары түзүлөт. Тизме бардык сессиялар боюнча (All sessions) даярдалышы мүмкүн

6.3. БПБ топтон эмбоссирлөө файлын (Other embossing file creation option) түзүүнүн кошумча шарттарын тандап алат

- дубликат карттарды жана алмаштыра турган карттарды, Input duplicate cards / Include replace cards белгилөө менен, эмбоссирлөө файлына кошууга болот

- эмбоссирлөө файлы авторизация - Divide by authorization level лимиттеринин мааниси боюнча түзүлөт

- эмбоссирлөө файлы - Merge all branches together филиалы боюнча бөлүштүрүлбөйт

- эмбоссирлөө файлы - Independent file creation for each session cессиясы боюнча бөлүштүрүлөт

6.4. БПБ эмбоссирлөө файлын (Embossing files creation window) түзүүнү аяктайт, отчет даярдап, карттарды андан ары персонализациялоо жана пин-конверттерди басып чыгаруу үчүн БПБ Персонализациялоо) борборуна эмбоссирлөө файлын өткөрүп берет

 

7. Персонализациялоо борборунда 

пин-конверттерди басып чыгаруу жана 

карттарды персонализациялоо тартиби 

 

7.1. БПБ эмбоссирлөө файлын Персонализациялоо борборуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00 чейин электрондук алып жүрүүчүлөрдө берет. Персонализациялоо борборуна кирүүгө БПБ ыйгарым укуктуу, пин-конверттерди басып чыгаруу жана карттарды персонализациялоо үчүн жооптуу кызматкерлерине гана уруксат берилет. 

7.2. Саат 10.00дөн 12.00ге чейинки мезгил аралыгында Персонализациялоо борборунда эмбоссирлөө файлын иштетүү жана пин-конверттерди басып чыгаруу жүзөгө ашырылат. Пин-конверттерди басып чыгарууда жогорку бланк БПБнын пин-конверттерди басып чыгарууга жооптуу эки ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда жок кылынууга тийиш. 

7.3. Системанын эрежелерине ылайык пин-конверттерди басып чыгаруу процесси аяктаган учурда карттарды персонализациялоо үчүн файлдар жаана текшерүүчү мааниси менен файлдар генерирленет, алар эмбоссирлөө файлы түзүлгөн Системага электрондук алып жүрүүчүлөр аркылуу кайрадан берилет. 

7.4. Пин-конверттерди басып чыгарууда жана карттарды персонализациялоо Система тарабынан түзүлгөн персонализациялоо файлдарын иштетүү аерсонализациялоо борборунда саат 13.00дөн 15.00 чейин жүзөгө тапшырылат. Картты персонализациялоо БПБнын ыйгарым укуктуу, персонализациялоо үчүн жооптуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. 

7.5. Персонализациялоо борбору билдирме берүү күнү эмитенттин билдирмесинин жана түзүлгөн тизмелердин негизинде карттарды жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.00дөн 16.30 чейин дароо чыгарат. 

 

8. Эмитентке карттарды жана 

пин-конверттерди берүү тартиби 

 

8.1. БПБ Эмитентке карттарды жана пин-конверттерди берүүнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.30дөн 17.00 чейин жүзөгө ашырат. 

8.2. Эмитентке карттарды жана пин-конверттерди берүү эмитенттен карттарды персонизациялоого билдирмени алуу убактысынан тартып үч күндүн ичинде жүргүзүлөт. 

8.3. Эмитент карттарды жана пин-конверттерди алуу үчүн эмитент менен БПБ ортосундагы келишимге ылайык БПБдан карттарды жана пин-конверттерди Эмитенттин атынан алуу жана жеткирүү үчүн жооптуу адамдарга документтерди тариздейт. 

8.4. БПБ эмитентке карттарды жана пин-конверттерди эмитент менен БПБ ортосунда келишимдик мамилелер менен макулдашылган документтердин негизинде берет. 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

4-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 90-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 22-августу N 38/10 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Элкарт" банктык төлөм карттарын пайдалануу 

менен төлөмдөрдү бирдиктүү банктар аралык 

процессинг борбору аркылуу өткөрүүнүн тартиби 

жөнүндө" Убактылуу нускоо тууралуу 

 

Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сунуштарын (кошо тиркелет) эске алуу менен даярдалган "Элкарт" банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору аркылуу өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Убактылуу нускоонун жаңы редакциясын карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-июнундагы N 32/7 "Элкарт" банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору аркылуу өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Убактылуу нускоону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. "Элкарт" банктык төлөм картын пайдалануу менен төлөмдөрдү бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору аркылуу өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" Убактылуу нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

3. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты расмий түрдө жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым Ч.К.Иманкуловага ыйгарылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 22-августундагы 

N 38/10 токтому менен 

бекитилген 

 

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору аркылуу 

"Элкарт" банктык төлөм карттарын пайдалануу менен 

төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө 

УБАКТЫЛУУ НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Терминдер жана аныктамалар 

3. БПБ иштеп жана маалымат алмашуу регламенти 

4. БПБда авторизациялык суроо-талаптарды жана транзакцияларды 

кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

5. БПБ клиринг жана эки тараптуу таза позицияларды эсептөө 

6. Катышуучу банктар тарабынан файлдарды кабыл алуу жана иштеп 

чыгуу 

7. Кошумча кызмат көрсөтүүлөр 

8. Кабыл алынбаган билдирүүлөр 

9. Документтердин архивин жүргүзүү 

10. Жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана талаш-тартыш маселелерди чечүү 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул Нускоо Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4 токтому менен бекитилген), "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө" жобого (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 28/12 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2006-жылдын 1-ноябрындагы 108-06 номеринде катталган) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Бул Нускоо улуттук "Элкарт" карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасында (мындан ары Система) транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартибин белгилейт, ошондой эле бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору аркылуу транзакцияларды өткөрүүдө Системанын катышуучуларынын ортосундагы өзара мамилелерди аныктайт. 

1.3. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 27-сентябрындагы N 28/12 токтому (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2006-жылдын 1-ноябрындагы 108-06 номеринде катталган) менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө" жобо, ошондой эле Системанын катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишим тарабынан аныкталган. 

1.4. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук "Элкарт" карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасында (мындан ары Система) транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу милдетин Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (БПБ) кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө аны менен катышуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырат. 

1.5. Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору аркылуу банктык төлөм карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүүдө Системаны" катышуучулары менен Системанын өзүнүн ичинде маалыматтарды алмашуу электрондук ыкма менен жүзөгө ашырылат. 

1.6. Ички электрондук билдирүүлөрдү берүү форматтары Системанын эрежелерине ылайык, ал эми бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору менен пакеттик клиринг системасынын ортосунда маалымат алмашуу форматтары Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык белгиленет. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

 

2.1. Бул Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: 

Авторизациялык суроо-талап - эквайерден транзакцияны жүргүзүүгө уруксат алууга эмитентке болгон суроо-талап. 

Катышуучу банк - Кыргыз Республикасынын БПБ кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануучу (эмитент же эквайер катары) финансы-кредит мекемеси. Алыс жакта жайгашкан жабдуулар - төлөм карттары боюнча авторизацияны же транзакцияларды өткөрүү үчүн каражаттар (анын ичинде - РОS-терминалдары, банкоматтар, импринтерлер, инфокиоскилер). 

Накталай акча каражатын кабыл алуу жана/же берүү пункту - картты пайдалануу менен накталай акча каражаттарын кабыл алуу жана/же берүү боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн финансы-кредит мекемелеринин филиалдарына, сактык кассаларына, соода түйүндөрүнө коюлган пункт. 

Эсептешүү агенти - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (Улуттук банк). 

Пакеттик клиринг системасы - төлөм системасынын технологияларынын, эрежелеринин, жол-жоболорунун жана каражаттарынын компоненти, алардын жардамы менен системанын катышуучулары, акыркы эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн катышуучулардын көп тараптуу таза позицияларын аныктоо механизмдерин кошо алганда, клиринг борбору аркылуу өз төлөмдөрүнө карата маалыматтарды же документтерди берет жана алат. 

Транзакция - банктык картты колдонуу менен товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, акча алмаштыруу же накталай акча каражаттарын алуу боюнча жүргүзүлгөн өзүнчө операция, анын жыйынтыгында карт ээсинин эсеби жүзөгө ашырылган операциянын суммасына өзгөрөт. Карт ээсинин балансты карап көрүү боюнча кызмат көрсөтүүсү, бул кызмат көрсөтүү үчүн эмитент комиссиялык төлөмдөрдү) кармап калган учурда транзакция болуп эсептелет. 

Соода түйүнү - эквайер менен түзүлгөн макулдашуунун шарттарына ылайык соода жана сервис чөйрөсүндө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн карттарды кабыл алууга укуктуу болгон соода жана сервис ишканалары. 

Системанын катышуучулары - бул карттардын эмитентинен, карт ээлеринен, эквайерден, соода түйүндөрүнөн, процессинг борборунан жана эсептик агенттен турган тиешелүү төлөм системасынын чогу алгандагы субъекттери. 

Эквайер - карттардын эквайрингин жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемеси. 

Эквайринг - өзүнө бирдей улуттук, локалдык жана/же эларалык системалардын карттарын эсептөө инструменти катары сатылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу шарты боюнча соода түйүндөрү менен келишимдик мамилелерди камтыган, соода түйүндөрү менен эсептешүүлөрдү жана/же карт ээлерине акча каражаттарын берүүнү камсыз кылуучу финансы-кредит мекемесинин иши. 

Электрондук цифралык колтамга (ЭЦК) - ЭЦК жабык ачкычын пайдалануу менен чыгыш маалыматты кайра түзүүнүн натыйжасында алынган символдордун ырааттуулугу, ал ЭЦК ачык ачкычын пайдалануучуга, ошондой эле ЭЦК жабык ачкыч ээсине бул маалыматтын толуктугун жана өзгөрүлбөстүгүн белгилөөгө мүмкүндүк берет. 

Эмитент - карттын эмиссиясын жүзөгө ашыруучу, карт ээлери менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү, транзакцияларды авторлоштуруучу (өз алдынча же процессинг борбору аркылуу) жана эквайерге жүргүзүлгөн анык транзакция үчүн акы төлөнүшүн кепилдик кылган финансы-кредит мекемеси. 

 

3. БПБ иштеп жана маалымат алмашуу регламенти 

 

┌────────────────────────┬───────────┬──────────┬──────────┬──────────┐ 

Иштеп чыгуу Маалымат Маалымат Аптанын Убактысы │ 

мезгилинин аталышы алмашуу алуучу күндөрү │ 

демилгечиси │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Авторизациялык Алыста БПБ аптанын күнүүнү │ 

суроо-талаптарды кабыл жайгашкан бардык │ 

алуу жана иштеп чыгуу жабдуулар күндөрү │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Убактылуу ("жумшак") БПБ Алыста аптанын күнүүнү │ 

стоп-листте карттарды жайгашкан бардык │ 

жайгаштыруу жабдуулар күндөрү │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Алыста жайгашкан БПБ БПБ Иш күндөрү│саат │ 

жабдуулар менен 8.00-8.30 │ 

транзакцияларды кабыл ч. │ 

алуу жана иштеп чыгуу │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

МПБ операциялык күнүн БПБ БПБ Иш күндөрү│8.30 │ 

жабуу │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

БПБ клирингди өткөрүү БПБ БПБ Иш күндөрү│8.30дан │ 

жана эки тараптуу таза 9.00 чейин│ 

позицияларды эсептөө │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

БПБда клирингдин БПБ Эмитент, Иш күндөрү│саат │ 

жыйынтыгы боюнча отчет Эквайер 9.00дөн │ 

даярдоо жана аны 10.00 │ 

катышуучу банктарга чейин │ 

берүү, Системада │ 

файлдарды иштеп чыгуу │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Пакеттик клиринг БПБ ПКС Иш күндөрү│саат │ 

форматындагы таза 9.00дөн │ 

позициялардын файлын 10.00 │ 

пакеттик клиринг чейин │ 

системасына (ПКС) берүү │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Операциялык күндүн БПБ, БПБ Иш күндөрү│10.00 │ 

ачылышы Эмитент, чейин │ 

Эквайер │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

БПБдан пакеттик клиринг Эмитент ПКС Иш күндөрү│ПКС иш │ 

системасына таза регламен- │ 

позициялардын файлдарын тине │ 

автоматтуу түрдө берүүгө│ ылайык │ 

же аны иштеп чыгууга саат │ 

байланыштуу көйгөйлөр 10.00дөн │ 

жөнүндө БПБ алынган 13.00 │ 

учурда: чейин │ 

- Эмитент CARD белгиси │ 

жана Эквайердин │ 

реквизиттери менен │ 

МТ 102 форматындагы │ 

файлды түзөт жана аны │ 

пакеттик клиринг │ 

системасына өзалдынча │ 

берет │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Соода түйүнүнүн Эквайер Эквайер Иш күндөрү│саат │ 

финансылык операцияларын 10.00дөн │ 

эсепке алуу үчүн БПБдан 17.00 │ 

отчетторду иштеп чыгуу чейин │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Катышуучулардын Эмитент Эмитент Дүйшөмбү- саат │ 

ички автоматташтырылган жума 10.00дөн │ 

системасында транзакция 13.00 │ 

файлдарын иштеп чыгуу чейин │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Кардарларды, эсептерди, Эмитент Эмитент Дүйшөмбү- саат │ 

карттарды контролдоо жума 10.00дөн │ 

жана мониторингдөө жана 17.00 │ 

карт ээси болгон чейин │ 

кардарлардын финансы │ 

операцияларын эсепке │ 

алуу үчүн катышуучу │ 

банктарга отчетторду │ 

түзүү │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Системада карт ээси Эмитент БПБ Дүйшөмбү- саат │ 

кардарлардын эсебин жума 10.00дөн │ 

толуктоо 17.00 │ 

чейин │ 

├────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼──────────┤ 

Операциялык күндүн Эмитент БПБ Дүйшөмбү- 17.00 │ 

жабылышы Эквайер жума чейин │ 

└────────────────────────┴───────────┴──────────┴──────────┴──────────┘ 

- Кыргыз Республикасынын демалыш жана майрам күндөрүнөн тышкары, аптанын бардык күндөрү 

 

4. БПБда авторизациялык суроо-талаптарды жана 

транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

 

4.1. БПБ алыста жайгашкан жабдуулар аркылуу Системага келип түшүүчү бардык авторизациялык суроо-талаптарды жана транзакцияларды кабыл алууну, күн-түнү иштеп чыгууну жана сактоону камсыз кылат. 

4.2. БПБ алынган авторизациялык суроо-талаптарга жооп катары Системанын иш эрежелерине ылайык оң жооп (approval response), терс жооп (decline response), карттарды конфискациялоо жөнүндө чечимди (pick-up response) же (capture card response) транзакциялар бүткөнгө чейин (referral response) кошумча нускоолорду алууга милдеттендирген чечимди берет. 

4.3. Авторизациялык суроо-талаптарга оң жооп болгон учурда карт ээсиниy эсебинде суралган сумма блокировкаланат. Эквайерден операциялардый бүткөндүгү жөнүндө тастыктама алынган учурда, операциялык (транзакциялар) күндүн акырында блокировкаланган (токтотулуп коюлган) сумма карт ээсинин эсебинен алынып салынат; 90 күн ичинде тастыктама жок учурунда бөгөттөлгөн сумма автоматтуу түрдө карт ээси үчүн кайрадан алууга мүмкүн болуп калат. 

4.4. Транзакция пакеттерин алыста жайгашкан жабдуулардан кабыл алууну БПБ иш регламентине жана алыста жайнашкан жабдуулардын өзүнүн жөнгө салуусуна ылайык учурдагы операция күнү Система тарабынан автоматтуу түрдө жүзөгө ашырылат. 

4.5. БПБ келип түшкөн транзакцияларды иштеп чыгуу үчүн эсептешүү сааты болуп жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дөн 10.00гө чейинки убакыт кабыл алынат. 

4.6. Операциялык күн жабылгандан кийин Системага келип түшүүчү транзакцияларды иштеп чыгуу БПБ тарабынан кийинки операциялык күндүн акырында жүзөгө ашырылат. Демалыш күндөрү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген майрам күндөрү карт ээлери тарабынан өткөрүлгөн транзакцияларды иштеп чыгуу БПБ тарабынан ушундай күндөрдөн кийинки биринчи иш күнү жүзөгө ашырылат. 

 

5. БПБ клиринг жана эки тараптуу таза позицияларды эсептөө 

 

5.1. Алыста жайгашкан жабдуулардан жана төлөм системаларынан алынган билдирүүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча БПБ саат 08.30дөн 09.00 чейин эмитент менен эквайердин ортосундагы эки тараптуу клирингдин негизинде банктар аралык транзакцияларды борбордоштуруп иштеп чыгат жана катышуучулардын ортосунда акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн ар бир катышуучу банк боюнча жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептейт. 

5.2. БПБ саат 09.00дөн 10.00 чейин БПБ катышуучу банктар үчүн соода түйүнү боюнча отчетторду жана карт ээлеринин өткөн операциялык күн ичинде өткөрүлгөн иштелип чыккан транзакциялары боюнча клирингдик отчетту түзөт. 

5.3. Клирингдин жыйынтыгы боюнча саат 9.00дөн 10.00 чейин БПБ пакеттик клиринг системасында автоматтуу иштеп чыгуу үчүн эки тараптуу таза позициялардын электрондук файлын белгиленген форматта түзөт. Файлга жооптуу адамдын ЭЦК коюлат жана пакеттик клиринг системасына саат 10.00дөн кечиктирбестен берилет. БПБ катышуучуларынын эки тараптуу таза позицияларынын файлы пакеттик клиринг системасында эң жогорку артыкчылыкка ээ болот. 

5.4. Катышуучу банктар үчүн БПБ банктар аралык транзакциялардын аяктагандыгы жана клиринг аяктагандыгы жана эки тараптуу таза позицияларынын файлы пакеттик клиринг системасына андан ары иштеп чыгуу жана эсептешүүлөрдүн гросстук системасында акыркы эсептешүүлөрдү, өткөрүү үчүн берилгендиги жөнүндө маалыматты даярдап, жөнөтөт. 

5.5. Эгерде БПБ клирингдин жыйынтыгы боюнча отчеттун негизинде катышуучу банктын корреспонденттик эсебинде каражаттар жетишсиз болсо, анда катышуучу банк дебеттик таза позициялардын ордун толтуруу үчүн пакеттик клиринг системасынын иш регламенти тарабынан белгиленген мезгилдин аякташына чейин корреспонденттик эсепте тиешелүү суммалардын болушун камсыз кылууга тийиш. 

5.6. Эгерде таза позициялардын файлын пакеттик клиринг системасына автоматтык түрдө берүүдө техникалык көйгөйлөр келип чыкса, БПБ бул тууралуу катышуучу банкка операциялык күндүн ачылышы башталганга чейин убагында кабарлоого тийиш. 

5.7. БПБдан таза позициялардын файлын иштеп чыгууда пакеттик клиринг системасы катышуучу банктын реквизиттери туура эмес көрсөтүлгөн болсо, анда анын пакетин кабыл албайт. Мындай учурда пакеттик клиринг системасы БПБга баш тартуу себептерин көрсөтүү менен кабар берет, БПБ катышуучу банкка кабар жөнөтөт. 

5.8. Корреспонденттик эсепте каражаттар жетишсиз болгон учурда пакеттик клиринг системасы катышуучу банктын корреспонденттик эсебинде каражаттар жетиштүү болмоюнча файлды иштеп чыгууга кабыл албайт. Мындай учурда пакеттик клиринг системасы БПБ жана катышуучу банкка кабар берет. 

5.9. Таза позициялардын файлын пакеттик клиринг системасына автоматтык түрдө берүүдө көйгөйлөр келип чыккандыгы жөнүндө маалымат алынган фактылар боюнча БПБда жыйынтыктар боюнча отчеттун негизинде, катышуучу банктар башка катышуучу банктар менен эки тараптуу таза позициялардын файлын өзалдынча түзөт (пакеттик клиринг системасы тарабынан белгиленген кредиттик төлөм тапшырмасынын МТ 102 форматында). 

5.10. Катышуучу банктар менен эки тараптуу позициялардын файлын пакеттик клиринг системасына таза жыйынтыктоочу позицияны иштеп чыгуу жана жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн түзүү жана берүү пакеттик клиринг системасынын иш регламентине ылайык саат 10.00дөн 13.00гө чейинки мезгил аралыгында катышуучу банктар тарабынан жүзөгө ашырылат. 

5.11. Катышуучу банктар менен эки тараптуу таза позициялардын файлы атайын белгиге (төлөм түрү катары CARD көрсөтүлөт) ээ болууга тийиш, ал боюнча пакеттик клиринг системасында ага эң жогорку артыкчылык белгиленет. 

5.12. Катышуучу банктардын банктар аралык транзакциялар боюнча акыркы эсептешүүлөрү учурдагы операциялык күндүн регламентине ылайык эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүзөгө ашырылат. 

 

6. Катышуучу банктар тарабынан файлдарды 

кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

 

6.1. Эмитент иш регламентине жана БПБда маалымат алмашууга ылайык, Системага туташкан өзүнүн иш станциясында саат 10.00дө жаңы операциялык күндү (бизнес-күндү) ачат жана эгерде Системада карт ээлеринин мультивалюталык эсеби ачылган болсо, күн сайын ар бир валюта боюнча өзүнүн конвертациялоо курстарын белгилейт. 

6.2. Эмитент БПБдан өз карт ээлеринин эсептери боюнча жаңыртылган маалыматтарды система тарабынан белгиленген, өзүнүн ички жол-жоболоруна ылайык БПБдан эмитенттин ички автоматташтырылган системасына жаңыртылган маалыматтарды саат 10.00дөн 13.00гө чейин берүүчү форматта файл-экспортун түзүү жолу менен алат. 

6.3. Эмитент БПБдан алынган маалыматтардын негизинде, өзүнүн ички жол-жоболоруна ылайык кардардын эсептеринин, карттарынын, топторунун абалын контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жана карт ээлеринин финансылык операцияларын эсепке алуу үчүн өзалдынча отчет түзөт. 

6.4. Эмитент операциялык күн ичинде карт ээси болгон кардарлардын эсептерин Системада белгиленген форматта толтурат жана ички жол-жоболорго, иш регламентине жана БПБда маалымат алмашууга ылайык, жаңыртылган маалыматтарды эмитенттан ички автоматташтырылган системасынан БПБга импорттун файлы аркылуу берет. 

6.5. Эквайер иш регламентине ылайык, соода түйүндөрү, алыста жайгашкан жабдуулар боюнча жүзөгө ашырылган транзакциялар жөнүндө отчет файлды, ошондой эле алардын негизинде аларга каражаттардын ордун толтуруучу соода түйүндөрү менен эсептешүү үчүн маалыматтарды алат. 

6.6. Катышуучу банктар иш регламентине жана БПБда маалымат алмашууга, пакеттик клиринг системасына ылайык пакеттик клиринг системасынан алынган маалыматтарды БПБда түзүлгөн маалыматтар менен контролдоо жана текшерүү үчүн БПБдан иштелип чыккан банктар аралык транзакциялар жөнүндө отчетту алат. 

6.7. Пакеттик клиринг системасынан алынган маалыматтар боюнча ажырымдар пайда болсо, БПБ менен катышуучу банктардын ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, катышуучу банктар ажырымдын себептерин түшүндүрүү жана орун алган жагдайды жөнгө салуу үчүн БПБга сурам жөнөтөт. 

6.8. Катышуучу банктар иш регламентине жана БПБда маалымат алмашууга ылайык, системада операциялык күндү саат 17.00 аяктайт. 

 

7. Кошумча кызмат көрсөтүүлөр 

 

7.1. Учурдагы операциялык күн ичинде БПБ Системада тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн катышуучу банктардын транзакцияларына мониторинг жүргүзөт жана ар бир жагдай боюнча алар тарабынан чечимдер кабыл алынышы үчүн мүмкүн болуучу көз боемочулук кооптонуулары жөнүндө катышуучу банктарга өз убагында маалымдашат. 

7.2. Карт ээсинен жоголуу, уурдатуу же санкцияланбаган пайдалануу фактылары жөнүндө маалыматтар оозеки түрдө алынган учурда БПБ иш регламентине жана БПБда маалымат алмашууга ылайык, картты убактылуу ("жумшак") стоп-листке жайгаштырат. 

7.3. БПБ Системадагы стоп-листтин маалымат базаларын жүргүзүүнү камсыз кылат. БПБ эмитенттен кардардын картынын жоголгондугу, уурдалгандыгы же санкцияланбаган пайдалануусу жөнүндө маалыматтарды кат жүзүндө алгандан кийин, карт реквизиттерин "катуу" стоп-листке салат. БПБ; эмитенттен жазуу жүзүндөгү маалыматтарды саат 08.00дөн 17.00гө чейин кабыл алат. 

7.4. Учурдагы операциялык күн ичинде БПБ катышуучу банктардын сурамдары боюнча кошумча отчет түзөт. Ар бир отчет конкреттүү сурам-идентификатор (иштеп чыгуу процесси, иштеп чыгуу классы, эмитенттер, эквайерлер боюнча ж.б.) же белгилүү убакыт ичинде бир нече идентификатор боюнча түзүлүүгө тийиш. 

7.5. БПБ саат 08.00дөн 17.00 чейин жаңы карт ээлеринин маалыматтарын жаш Системага карттарды берүү жөнүндө келишимдерди каттоодон өткөрөт, Система тарабынан белгиленген категорияларга ылайык карт ээлеринин маалыматтарын жазат, ошондой эле эмитент тарабынан берилген маалыматка ылайык карттык жана депозиттик (зарылчылыкка жараша) эсептерди ачат. 

7.6. БПБ саат 08.00дөн 17.00 чейинки убакыт ичинде нак акчаларды берүүчү жаңы пункттарды жана соода түйүндөрүн Системага туташтырууга эквайерден билдирмелерди кабыл алат. 

7.7. Системага жаңыдан туташкан нак акчаларды берүүчү жаңы пункттарды жана соода түйүндөрүн каттоодон өткөрүү БПБ тарабынан саат 13.00дөн 17.00 чейин жүзөгө ашырылат. 

7.8. Учурдагы операциялык күн ичинде алыста жайгашкан жабдуулардын иштешине мониторинг жүргүзөт жана алыста жайгашкан жабдуулардын штаттан тышкаркы абалы, ошондой эле мүмкүн болуучу көз боемочулук кооптонуулары тууралуу эквайерге тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн маалымдайт. 

 

8. Кабыл алынбаган билдирүүлөр 

 

8.1. БПБ билдирүүлөрдө иштеп чыгуу үчүн кабыл алууга мүмкүн болбогон катачылыктар аныкталган учурда, ката транзакциялардын Системада белгиленген классификациясына ылайык, билдирүүгө ката белгисин жана кодун ыйгарат жана ката транзакциялар үчүн маалымат базаларын түзөт. 

8.2. Операциялык күн жабылган учурда БПБ ката транзакциялар боюнча отчетту түзүп, катышуучу банктарга берет: 

8.2.1. транзакциялар төмөнкү учурда, ката транзакциялар үчүн атайын эсепте өткөрүлөт: 

- карттын номери анык эмес; 

- карт ээси жок учурда; 

- карттын бардык эсеби жабылган. 

8.2.2. транзакциялар төмөнкү учурда убактылуу базада калтырылат: 

- транзакция валютасы көрсөтүлбөгөн; 

- транзакциянын түрү анык эмес. 

 

9. Документтердин архивин жүргүзүү 

 

9.1. БПБ жана катышуучу банктар бардык жөнөтүлүүчү жана алынуучу электрондук билдирүүлөрдү эсепке алууну жана контролдоону камсыз кылат жана жүзөгө ашырат жана иштелип чыккан транзакцияларды жана отчеттордун электрондук журналдарын автоматтык архивациялоону камсыз кылат; 

9.2. БПБ тарабынан иштелип чыккан электрондук журналдарын жана транзакциялардын архиви Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө катышуучулар тарабынан сакталат. 

 

10. Жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана 

талаш-тартыш маселелерди чечүү 

 

10.1. Картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда катышуучулар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана талаш тартыш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле эки, көп тараптуу макулдашуулар же келишимдер менен жөнгө салынат. 

10.2. Катышуучулар аталган Нускоонун талаптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген коопсуздук чаралары аткарылбагандыгы жана тиешелүү түрдө аткарылбагандыгы жана купуялуулук сакталбагандыгы үчүн жоопкерчиликтүү болушат. 

10.3. Катышуучулар Системанын программалык камсыз кылууларын пайдаланууда ката кетирген, ошондой маалымат базаларын санкцияланбаган тартипте колдонгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 88-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 22-августу N 38/11 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук 

төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү 

өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү" Нускоо тууралуу 

 

Накталай эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга каралган иш-чаралардын Мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруунун чегинде, Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын ишке киргизилишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, банктык эсептешүүлөр башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү" Нускоону карап көрүү менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү" Нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, "Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым Ч.К.Иманкуловага ыйгарылсын. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

4-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 88-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 22-августундагы 

N 38/11 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасында майда чекене 

жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик 

клиринг системасында төлөмдөрдү 

өткөрүүнүн тартиби жөнүндө 

НУСКОО 

 

(Кыргыз Республикасынын УББ 

2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6 токтомунун 

редакциясына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Терминдер жана аныктамалар 

3. Кардар тарабынан алгачкы төлөм документтерин даярдоо жана 

жөнөтүүчү банкка берүү 

4. Жөнөтүүчү банкта алгачкы төлөм документтерин кабыл алуу жана 

иштеп чыгуу 

5. Жөнөтүүчү банк тарабынан ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү 

даярдоо жана Клиринг борборуна өткөрүп берүү 

6. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу тартиби 

7. Клиринг күнүн жабуу мезгили 

8. Алуучу банкта ЭТД файлдарын иштеп чыгуу 

9. Катышуучулар тарабынан документтердин архивин түзүү 

10. Жоопкерчилик жана пикир келипшестиктерди чечүү 

Тиркеме N 1 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" (1997-жылдын 29-июлундагы N 59), "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" (1997-жылдын 29-июлундагы N 60), "Электрондук төлөмдөр жөнүндө" (1999-жылдын 6-ноябрындагы N 121), "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого (2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Бул Нускоо Кыргыз Республикасынын аймагында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары - система) боюнча төлөм документтерин даярдоо, өткөрүп берүү жана иштеп чыгуу эрежелерин жана тартибин, ошондой эле катышуучулардын ортосундагы өзара мамилелерди белгилейт. 

1.3. Системанын багыты, максаты, милдеттери, анын иштешин жөнгө салуучу негизги жоболор Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы N 37/8 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жободо (мынданы ары ПКС жөнүндө жобо) белгиленген. 

1.4. Системада тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы N 16/4 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 91-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатта жана ПКС жөнүндө жободо келтирилген. Система дебеттик таза позициялардын лимиттерин (ДТПЛ1 жана ДТПРЛ2) белгилөө менен төлөмдөргө байланыштуу тобокелдиктерин тескөөнү жана төмөндөтүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 

1.5. Системанын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтары "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелеринде" белгиленген (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/10 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинде 2006-жылдын 23-мартында 25-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн (мындан ары - Форматтарды толтуруу эрежелери). 

1.6. Клиринг борборунун (мындан ары - КБ) ушул нускоодо аныкталган функцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аткарат. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

 

Аталган нускоодо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы N 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" Жободо (мындан ары Нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобо) жана ПКС жөнүндө жободо келтирилген. Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар кошумча пайдаланылат: 

Клиринг борборунун автоматташтырылган иш орду (мындан ары КБ АИО) - клиринг борборунун ыйгарым укуктуу (системада каттоодон өткөрүлгөн жана андан пайдаланууга белгилүү укукка ээ болгон) персоналдары тарабынан системаны администрлөө, мониторингдөө милдетин аткаруу жана системанын катышуучуларынын пайдалануу укуктарын тескөө үчүн багытталган аппараттык-программалык комплекс. 

Катышуучунун автоматташтырылган иш орду (мындан ары - катышуучунун АИО) - бөлүнгөн байланыш каналы боюнча Клиринг борбору (КБ) менен бириккен электрондук цифралык колтамга каражаттары менен камсыз болгон жана системанын катышуучусунун ыйгарым укуктуу персоналы (системада каттоодон өткөрүлгөн жана андан пайдаланууга белгилүү укукка ээ болгон) тарабынан электрондук төлөм документтеринин файлдарын (мындан ары ЭТД) жана билдирүүлөрүнүн түзүү, жөнөтүү, алуу үчүн багытталган аппараттык-программалык комплекс. Катышуучунун АИО системага аталган катышуучунун электрондук төлөм документтеринин (ЭТД) позицияларына, кириш/чыгыш файлдарына жана билдирүүлөрүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат. 

Төлөөчү банк - системанын каттоодон өткөрүлгөн катышуучусу, ал кардардын көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын бул банкта ачылган анын эсебинен акча каражаттарын алуучунун эсебине которууну жүзөгө ашырат. 

Иштеп чыгуу күнү - анда төлөм тике дебеттөө боюнча система тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынган жана алдынала таза позицияны эсептөөгө камтылган күн. 

Эсептешүү күнү - анда төлөм акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөөгө камтылган күн. 

Системага сурам - Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык, системанын катышуучулары тарабынан түзүлүүчү жана төлөмдөр жөнүндө маалыматты алуу үчүн системага берилүүчү электрондук формадагы маалымат (жөнөтүлгөн файлдардын, пакеттердин, таза позициялардын статусу жөнүндө ж.б.). 

Байланыш каналы - телекоммуникациянын катышуучулар менен алардын кардарларынын, катышуучулардын жана Клиринг борборунун, Клиринг борборунун жана эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын ортосунда ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү берүүгө багытталган системасы. 

1-түрдөгү дебеттик таза позицияга лимит (мындан ары ДТПЛ1) - жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөөнүн башталышы алдында белгиленет жана корреспонденттик эсептердеги калдыктар боюнча сумманы эсептөөгө жана финансы рынокторундагы соода системаларына катышуунун жыйынтыгы боюнча милдеттенмелердин суммасына негизделген. Акыркы таза позицияны эсептөө ДТПЛ1 чегинде жүргүзүлөт жана финансылык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган. 

2-түрдөгү дебеттик таза позицияга лимит (мындан ары ДТПЛ2) - клиринг сессиясы ачылгандан кийин күнсайын, катышуучунун өткөн чейректеги статистикалык маалыматтарды анализдөөнүн негизинде аныкталган дебеттик таза позициясынын максималдуу лимити өлчөмүндө белгиленет. Алдынала таза позициялар ДТПЛ2 чегинде эсептелет. 

Системанын кыйыр катышуучусу - системада катталган, Улуттук банктагы корреспонденттик эсепке жана системада позицияга ээ болгон, бирок системага тике бирикпеген финансы-кредит мекемеси. Системада өзүнүн ЭТД файлдарын жана билидрүүлөрүнүн тике катышуучулардын бирине биригүү аркылуу же Сервистик бюро аркылуу берет/алат. 

Системанын жообу - Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык система тарабынан түзүлүүчү жана катышуучуга андан сурамдарды жана ЭТД файлдарын алууга жооп катары берилүүчү электрондук түрдөгү маалымат. 

Кабыл алынбаган (андан баш тартылган) төлөм документи - андан бул төлөмдү алуучу банк кардардын туура эмес аталышы, эсептин туура эмес көрсөтүлүшү, кардардын эсебинде каражаттардын жетишсиздиги жана тике дебеттөө жолу менен каражаттарды алып салууга келишимдин жоктугу себеби боюнча кабыл алуудан баш тартылган төлөм документи. 

Алгачкы төлөм документи - кардар тарабынан түзүлүүчү жана банкка кагаз же электрондук түрдө берилүүчү төлөм документи (мындан ары электрондук төлөм документи же электрондук таблица). 

Системанын тике катышуучусу - системада катталган, Улуттук банкта корреспонденттик эсепке, системада позицияга, система менен тике биригүүнү камсыз кылуучу жана ага ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү системага түздөн түз жөнөтүүгө жана андан жооп билдирүүлөрдү алууга мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык каражаттарга ээ болгон финансы-кредит мекемеси. 

Сервистик бюро - катышуучунун автоматташтырылган иш ордуна ээ болбогон же системага тике бирикпеген катышуучулар тарабынан ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү түзүү, системага өткөрүп берүү жана системадан кабыл алуу үчүн багытталган КБга караштуу аппараттык-программалык комплекс. 

Системанын билдирүүсү (билдирүү) - катышуучунун тиешелүү сурамына же сурамы жок эле система тарабынан жөнөтүлүүчү маалыматка системанын жообун билдирет. 

Системанын суб-катышуучусу - банктын системада катталган, бирок Улуттук банкта корреспонденттик эсепке жана система менен тике биригүүгө ээ болбогон кардары (эмгек акыларды, пенсияларды төлөөнү, камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноону жана бюджеттик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруучу уюмдар; калкка утурумдук кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу компаниялар ж б.). 

Кара тизме ("Black List") - системанын катышуучуларынын тике дебеттөө келишимине ылайык, алар тарабынан төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн эсептөө күнүнө камсыз кылуу жөнүндө шарттар бузулган учурда, тике дебеттөө боюнча четке кагылган төлөмдөрдүн санынын параметринен арткан кардарлардын тизмеси. 

Электрондук таблица - Форматтарды толтуруу эрежелеринде белгиленген форматта түзүлгөн жана суб-катышуучу менен банктын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык суб-катышуучу тарабынан банкка берилүүчү төлөмдөр жөнүндө электрондук маалымат (эмгек акыларды, пенсияларды, камсыздандыруу төлөмдөрүн, бюджеттик, коммуникациялык төлөмдөрдү ж.б. төлөө боюнча.). 

Төлөмдү ачып көрсөтүү - эгерде бул эмгек акы долбоорлору, коммуналдык төлөмдөр жана бюджетке төлөмдөргө тиешелүү болсо, субэсептердин жана жеке эсептердин тилкелерин кошо алганда, төлөм тапшырмасынын бардык тилкелери милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. Кардар тарабынан алгачкы төлөм документтерин 

даярдоо жана жөнөтүүчү банкка берүү 

 

3.1. Кагаз түрүндөгү төлөм документи мыйзамдарга ылайык банктын кардары тарабынан таризделет жана жөнөтүүчү банкка эки нускада берилет. 

3.2. Электрондук төлөм документи банктын кардары тарабынан даярдалып, ага жооптуу адамдардын электрондук цифралык колтамгалары (мындан ары - ЭЦК) коюлуп, кардар менен жөнөтүүчү банктын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, байланыш каналдары же маалыматты кайсы болбосун алып жүрүүчү боюнча жөнөтүүчү банкка берилет. 

3.3. Төлөмдөр жөнүндө маалыматты камтыган электрондук таблица суб-катышуучу тарабынан төлөп, жооптуу адамдардын электрондук цифралык колтамгалары коюлат же атайын каражаттар менен шифрленет жана суб-катышуучу менен банктын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, байланыш каналдары же маалыматты кайсы болбосун алып жүрүүчү боюнча жөнөтүүчү банкка берилет. 

 

4. Жөнөтүүчү банкта алгачкы төлөм документтерин 

кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

 

4.1. Жөнөтүүчү банк кардардан кагаз түрүндөгү төлөм документин эки нускада кабыл алат. Кагаз түрүндөгү төлөм документинин бир нускасы жөнөтүүчү банкта калтырылат, экинчиси аны аткарууга кабыл алуу жөнүндө белги менен кардарга кайтарылып берилет. Кардар тарабынан төлөм документи төлөөчү банктын аны аткарууга кабыл алуу жөнүндө белгиси менен алынган учурдан тартып, бул төлөм кардар үчүн кайтарылып алынгыс жана акыркы болуп саналат. 

4.2. Эмгек акы долбоорлору, коммуналдык төлөмдөр жана бюджетке төлөмдөргө тиешелүү болгон учурларда, банк-жөнөтүүчү Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында 82-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/5 "Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө нускоого" ылайык, Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн, субэсептерди жана жеке эсептердин тилкелерин кошо алганда төлөм тапшырмаларынын бардык тилкелеринин туура жана толук толтурулгандыгын текшерүүгө тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Эгерде кардар менен жөнөтүүчү банктын ортосундагы төлөм документтерин алмашуу электрондук формада жүзөгө ашырылып жаткан болсо, жөнөтүүчү банк банк менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ошондой эле жөнөтүүчү банктын ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык төлөм документинин алынгандыгын кардарга тастыктайт. 

4.4. Төлөм документинде каталар табылган учурда жөнөтүүчү банк кардарга төлөм документтерин жөнөтүүчү банктын ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык, кайтаруу себептерин көрсөтүү менен кайтарып берет. 

 

5. Жөнөтүүчү банк тарабынан ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү даярдоо жана Клиринг борборуна өткөрүп берүү 

 

5.1. Банк-жөнөтүүчү электрондук төлөм документинин файлдарын жана билдирмелерди форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык даярдайт. Коммуналдык, бюджеттик жана эмгек акы төлөмдөрү болгон учурларда банкжөнөтүүчү Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн же ар бир төлөөчү үчүн өз өзүнчө кредиттик/дебеттик төлөм тапшырмаларын; же субэсеп жана өздүк эсеп тилкелери милдеттүү толтурула турган жалпы төлөм тапшырмаларын түзөт. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. ЭТД файлдарын жана билдирүү даярдоодон кийин жөнөтүүчү банк ага ыйгарым укуктуу пайдалануучулардын ЭЦК коюп, системага байланыш каналдары боюнча берет. 

5.3. Жөнөтүүчү банк учурдагы клиринг күнүнүн регламентине ылайык ЭПД файлдарын системага өткөрүп берет. Бир күн ичинде жөнөтүүчү банк тарабынан берилүүчү ЭТД файлдарынын саны чектелбейт. 

5.4. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү түзүү мүмкүн эмес болгон учурда жөнөтүүчү банк алгачкы төлөм документтеринен маалыматтарды ПКСга киргизүүнү жүзөгө ашыруу жана Сервистик бюрону пайдалануу менен ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү түзүү үчүн КБга кайрыла алат. Файлдарды түзүү жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КБ жана банктын - системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдик мамилелерде чагылдырылат. 

5.5. Сервистик бюро кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, КБ менен тике байланышка ээ болгон катышуучулардын биринин байланыш каналын пайдалануу менен системага ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү берүүгө болот. Система менен тике байланышка ээ катышуучу аркылуу ЭТД файлдарын жана билидрүүлөрдү берүү боюнча жөнөтүүчү банктын өзара мамилеси КБ жана системанын катышуучуларынын ортосундагы тиешелүү келишимдерде чагылдырылат

5.6. Клиринг борборуна берилген электрондук төлөм документтеринин файлдарындагы төлөмдөрдүн саны банк жөнөтүүчү кардарлардан кабыл алган төлөм документтеринин санынан жана банк жөнөтүүчүнүн өздүк төлөмдөрүнүн санынан турган баштапкы төлөм документтердин санына дал келүүгө тийиш (кагаз жүзүндө электрондук формада). 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу тартиби 

 

6.1. Клиринг күнүнүн регламенти 

 

ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу Клиринг күнүнүн регламентине ылайык жүзөгө ашырылат, ал бир клиринг сессиясынан турат жана төмөнкүдөй мезгилдерге бөлүнөт: 

┌──────────────────────────────┬────────────────────┬─────────────────┐ 

Иштеп чыгуу мезгилинин Мезгилдин башталыш/ Мезгилдин │ 

аталышы аяктоо убактысы узактыгы │ 

├──────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────┤ 

Клиринг күнүнүн аталышы 8:00-8:15 15 минута │ 

├──────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────┤ 

ЭДТ файлдарын жана билдирүүлө- 8:15-13:00 4 саат 45 минута │ 

дү кабыл алуу жана иштеп чыгуу │ 

├──────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────┤ 

Кабыл алуудан баш тартылган 13:00-13:20 20 минута │ 

төлөмдөрдү кабыл алуу жана │ 

иштеп чыгуу │ 

├──────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────┤ 

Преклиринг мезгили 13:20-13:40 20 минута │ 

├──────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────┤ 

Клиринг мезгили 13:40-13:50 10 минута │ 

├──────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────┤ 

Катышуучулардын жыйынтыктоочу 13:50-14:00 10 минута │ 

таза позициялары боюнча акыркы │ 

эсептешүүнү жүргүзүү │ 

├──────────────────────────────┼────────────────────┼─────────────────┤ 

Клиринг күнүнүн аталышы 14:00-14:30 30 минута │ 

└──────────────────────────────┴────────────────────┴─────────────────┘ 

ПКС жөнүндө жобого ылайык клиринг күнү ичинде бир нече клиринг сессиясын өткөрүүгө болот. Клиринг күнүнүн регламенти (клиринг сессиясынын саны жана алардын мезгил аралыгы) өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса системанын катышуучуларынын демилгеси боюнча Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомдору кабыл алынат. 

 

6.2. Клиринг күнүнүн ачылыш мезгили аралыгы 

 

6.2.1. КБ клиринг системасын жаңы клиринг сессиясына карата даярдайт ( көрсөткүчтөрдү коюу жана ишке келтирүү, системаны иштин башталышына карата даярдоо). 

6.2.2. Системада Эсептешүүлөрдүн гросстук системасынан алынган маалыматтардын негизинде катышуучулардын ДТПЛ2 мааниси коюлат. ДТПЛ2 суммасынын чегинде катышуучулардын алдынала таза позициялары эсептелет. 

6.2.3. Система катышуучуларга клиринг күнүнүн ачылгандыгы жана ДТПЛ2 коюлгандыгы тууралуу маалыматты берет. Системанын катышуучулары онлайн ыргагында системага сурамы жок эле лимиттин өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты алат. 

 

6.3. Клиринг борборунда ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл 

алуу жана иштеп чыгуу мезгили 

 

6.3.1. КБ жөнөтүүчү банктан ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алат ЭЦК тууралыгы жана белгиленген форматтарга ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Ар бир файлды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система файлдын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү түзөт, анда файлды кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат система тарабынан кабыл алынган жана четке кагылган төлөмдөрдүн суммасын жана жалпы санын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. 

6.3.2. КБ Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунан (мындан ары ББПБ) эки тараптуу таза позицияларды пакети менен файлды кабыл алат. Ар бир файлды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система файлдын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнүн түзөт, анда файлды кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир өзүнчө пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат суммасын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. Билдирүүгө системанын ЭЦК коюлат жана белгиленген байланыш каналдары боюнча ББПБ дарегине жөнөтүлөт. Ошол эле учурда таза позициясы ББПБ берилген банкка пакеттин суммасы, кабыл алынган жана иштелип чыккан убактысы жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Катышуучунун дебеттик утурумдук таза позиция (мындан ары - УТП) белгиленген ДТПЛ2 100% жеткен учурда, аталган катышуучунун эсебин дебеттөөчү эки тараптуу таза позициялардын пакети системага "Активдүү эмес" статусу менен кабыл алынышат. 

6.3.3. Жөнөтүүчү банктан алынган файлдын же пакеттин ЭЦК аутентификациялоо мүмкүн болбогон же файлда, пакетте же болбосо өзүнчө төлөмдө аларды иштеп чыгууга мүмкүндүк бербеген каталар табылган учурда, каталарды көрсөтүү менен тиешелүү билдирүү түзүлөт. Билдирүүгө системанын ЭЦК коюлуп, жөнөтүүчү банктын дарегине тиешелүү байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт. Жөнөтүүчү банк файлдын, пакеттин же болбосо өзүнчө төлөмдүн кабыл алынбагандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, клирингдик сессиянын ишинин белгиленген регламентинин чегинде файлдын, пакеттин же төлөмдүн жаңы идентификатору менен оңдолгон файлды түзүп, жөнөтөт. 

6.3.4. Аткарууга кабыл алынган төлөмдөр Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунун негизинде ар бир катышуучунун системада белгиленген статусуна ылайык иштелип чыгат. Төлөмдөрдү статусуна жана катышуучунун позициясына ылайык иштеп чыгуу эрежеси ушул нускоого карата 1-тиркемеде (1-п) келтирилген. 

6.3.5.Кредит төлөмдөрүнүн пакети эсептешүүнүн келечек датасы менен эсептешүү күнүнө чейин беш клиринг күнүнөн ашырбастан кабыл алынат. 

6.3.6. Эсептешүүнүн келечек датасы менен төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша катышуучулардын эсептешүү күнүнө карата алдын ала таза позицияларын эсептөө ишке ашырылат. 

6.3.7. Өткөн күндөрдө кабыл алынган төлөмдөрдү кошо алганда, учурдагы эсептешүү күнүнө барабар болгон эсептешүү күнү менен кредиттик төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша катышуучулардын таза позицияларын эсептөө жүргүзүлөт. Ар бир дебеттик УТП боюнча белгиленген ДТПЛ2 артып кетүүсүнө текшерүү жүргүзүлөт. Дебеттик таза позициялардын ДТПЛ2 артып кетүүсүннө текшерүү жүргүзүү эрежелери аталган нускоого карата 1-тиркемеде (2-п) келтирилген. 

6.3.8. Эсептешүүнүн келечек датасы менен тике дебеттөө боюнча төлөмдөрдүн пакети иштелип чыгууга чейинки үч клиринг күнү ичинде кабыл алынат жана системада ошол күн келип жеткенге чейин сакталып турат. Иштеп чыгуу күнүндө система отчетторду жана тике дебеттөө боюнча төлөмдөргө тиешелүү маалыматтарды камтыган файлдарды түзөт жана аларды клиринг катышуучуларына жөнөтөт. Банк төлөөчү менен төлөөчү кардардын ортосундагы төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга тиешелүү өз ара мамиле тиешелүү келишимдер менен жөнгө салынат. Тике дебеттөө боюнча төлөмдөрдү өткөрүү эрежелери ушул нускоого карата 1-тиркемеде (3-п) келтирилген. 

6.3.9. Тике дебеттөө боюнча төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша төлөөчү кардардын Кара "Black List" тизмесинде бар экендиги боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде ага дебеттик төлөм документи коюлган төлөөчү кардар Кара "Black List" тизмесинде болгон болсо, система бул төлөм боюнча жөнөтүүчү банкка жана төлөөчү банкка төлөөчү кардар Кара "Black List" тизмесинде экендиги жөнүндө маалымат жөнөтөт. Эгерде төлөөчү банк белгиленген мөөнөт ичинде төлөм документин төлөөдөн баш тартпаган болсо, бул кардар карат Кара "Black List" тизмесинен алынып коюлат (иштеп чыгуу күнү+2 клиринг күнү). 

6.3.10. Жөнөтүүчү банк каталар табылып калган учурда системага мурда берилген пакетти же өзүнчө төлөмдү жокко чыгара алат (кайтара алат). Эгерде жок кылынуучу төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылган болсо, банк төлөмдү алып салууга билдирүү даярдайт, система ага "Алынып коюлган" статусун ыйгарып, катышуучулардын УТП бул төлөмсүз кайра эсептейт жана жөнөтүүчү банкка төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт. Эгерде бул төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылбаган, б.а. "Активдүү эмес" статутусуна ээ болгон болсо, система ага "Алынып коюлган" статусун ыйгарып, жөнөтүүчү банкка төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт. 

6.3.11. Алуучу банк кредиттик операциялар боюнча каражаттар туура эмес чегерилген учурда бул каражаттарды жөнөтүүчү банкка кайтара жөнөтө алат. Бул операция кардардын эсеби бөгөттөлүп же жабылып калган учурда кардардын эсеби туура эмес көрсөтүлгөн шартта катышуучу тарабынан алынган каражаттарды кайтарып берүү үчүн багытталган. 

6.3.12. Төлөмдөрдүн статусу, таза позициялар, ДТПЛ2 жөнүндө маалымат ар бир катышуучуга айкын убакыт ыргагында, ошондой эле сурам боюнча, ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун бүтүндөй мезгили ичинде берилет. 

6.3.13. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуу мезгили аяктары менен төлөм документтери системага кабыл алынбайт, ал эми система тарабынан кабыл алынган жана учурдагы таза позицияга камтылган төлөм документтери төлөөчү банк үчүн кайтара алынгыс болуп эсептелет (бул төлөмдөрдү жок кылууга сурамдар кабыл алынбайт). 

 

6.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил аралыгы 

 

6.4.1. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил ичинде ЭТД файлдары кабыл алынбайт. 

6.4.2. Бул мезгилдин башында КБ алуучу банк боюнча төлөмдөрдүн алынала чыгыш файлын түзөт. Чыгыш файлдары УТП эсептөөгө камтылган төлөмдөрдү камтыйт. ДТПЛ артуусуна байланыштуу "Активдүү эмес" статусу менен төлөм пакеттери жана эсептөөнүн келечек күнү менен төлөмдөрдүн пакеттери чыгыш файлдарына киргизилбейт. Ар бир чыгыш файлына системанын ЭЦК коюлуп, байланыш каналдары боюнча алуучу банктарга жөнөтүлөт. 

6.4.3. Алдынала чыгыш файлын алгандан кийин алуучу банк анын реквизиттери туура эмес болгон учурда бул мезгил ичинде төлөмдөрдү кабыл албайт жана кабыл алуудан баш тартылган төлөм документин түзө алат. Төлөмдөрдү тике дебеттөөдө алуучу банк (акча каражаттарын төлөөчү) төлөөчү кардардын эсебинде каражаттар жетишпей калган учурда иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күнү же эсептөө күнү эсептерди кабыл алуудан баш тарта алат. 

6.4.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөм алынгандан кийин КБ анын алынып салынгандыгы жөнүндө жөнөтүүчү банкка жана алуучу банкка маалымат берет. Система кабыл алынбаган төлөмдөрдү эсепке алуу менен катышуучулардын УТП кайра эсептейт. Эгерде бул төлөм тике дебеттөө боюнча болсо, анда тиешелүү төлөөчү кардар боюнча кабыл алынбаган төлөмдөрдүн санын бирдигине автоматтуу түрдө көбөйөт. Аталган көрсөткүч (параметр) белгиленген өлчөмдөн (белгиленген параметр) артса, төлөөчү кардар Кара "Black List" тизмесине жазылат. 

6.4.5. Кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жүзөгө ашырылбайт. 

 

6.5. Преклиринг мезгил аралыгы 

 

6.5.1. Преклиринг мезгили учурунда система ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл албайт. 

6.5.2. КБ эсептешүүлөрдүн гросстук системасынан алынган катышуучулардын таза позицияларынын лимиттеринин (ДТПЛ1) файлынын негизинде катышуучуларына ДТПЛ1 белгилейт. 

6.5.3. Система катышуучулардын УТП белгиленген ДТПЛ1 ылайык келе тургандыгын текшерет жана катышуучуларга УТП эсептөөгө камтылган пакеттер жөнүндө маалымат берет. 

6.5.4. Катышуучулардын кайсы бири тарабынан ДТПЛ1 арткан учурда, система бул катышуучуга тиешелүү кабар берет. Катышуучу бул мезгилдин акырына чейин бир күндүк кредитти алуу, финансы рынокторунда карыз алуу же корреспонденттик эсепти нак акчаларды салып толуктоо жолу менен дебеттик таза позициянынын ордун толтуруу үчүн эсептешүүлөрдүн гросттук системасындагы корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алат. 

6.5.5. Бир мезгилдин акырында, эгерде корреспонденттик эсепте калдыктар өзгөргөн болсо, эсептешүүлөрдүн гросстук системасы ДТПЛ1 кошумча файлын түзүп, аны КБ өткөрүп берет. 

 

6.6. Клиринг мезгил аралыгы 

 

6.6.1. Система катышуучулардын УТПны ДТПЛ1 менен текшерет жана жыйынтык таза позициясын түзөт (мындан ары - ЖТП). 

6.6.2. ДТПЛ1 артуусуна байланыштуу "Активдүү эмес" статусу менен пакеттер (аталган нускоого карата 1-тиркемеде) система тарабынан автоматтуу түрдө четке кагылат жана жөнөтүүчү банкка тиешелүү кабар берилет. 

6.6.3. ДТПЛ дебеттик УТПдан арткан учурда, система тарабынан кабыл алынган, бирок УТП эсептөөгө камтылбаган төлөмдөрдүн пакеттери (активдүү эмес пакеттер) артыкчылык берилген багыттарга ылайык жана FIFО принциби боюнча автоматтуу түрдө ЖТП эсептөөгө кошулат. 

6.6.4. Эгерде катышуучунун дебеттик УТП жыйынтыктоочу ДТПЛ артса, анда система катышуучунун позициясын дебеттөөчү төлөмдөр пакеттерин алып салуу жол-жобосун автоматтуу түрдө аткарып, бардык катышуучулардын ЖТП кайра эсептейт жана УТП жыйынтыктоочу ДТПЛ1 артып кетүүсүн текшерет. Бирдей алгылыктуу багыттар менен пакеттер FIFО принциби боюнча алынып салынат. Тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, жол-жобо жыйынтыктоочу ДТПЛ1 чегинде катышуучулардын позициялары жөнгө салынганга чейин улантылат. КБ алынып коюлган төлөм пакеттери жөнүндө кабарды жөнөтүүчү банкка жана алуучу банкка жөнөтөт. 

6.6.5. Катышуучулардын ЖТП эсептөө бүтөрү менен система ЖТП файлдарын түзүп, ага системанын ЭЦК коюп, акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн эсептешүүлөрдүн гросстук системасына өткөрүп берет. 

 

6.7. Катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы 

эсептешүүлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгы 

 

6.7.1. КБ катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгынын активациясы учурунда жыйынтыктоочу чыгыш файлдарын түзөт. Жыйынтыктоочу чыгыш файлдарына, кабыл алуудан баш тартылгандарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу этабында жөнөтүлгөндөрдү кошо алганда, ЖТП эсебине кирген бардык төлөмдөр камтылат. Ар бир чыгыш файлына системанын ЭЦК коюлуп, системанын катышуучу банктарына жөнөтүлөт. 

6.7.2. Катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептешүү "бардыгы же эч нерсе" принциби боюнча клиринг системасынын катышуучуларынын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептери боюнча каражаттарды алып салуу же чегерүү жол аркылуу эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүргүзүлөт. ЖТП катышуучулардын корреспонденттик эсептеринде эсептешүү үчүн резервде турган каражаттарды пайдалануу менен эсептелгендиктен, ЖТП аткарылбай калышы мүмкүн болгон ошол жагдай өзгөчө учур болуп саналат. 

6.7.3. Өзгөчө учурларда (эсепке же катышуучуга бөгөт болгон учурда ж.б.) ЖТП бардык файлы эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу четке кагылат, мында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы ЖТП файлынын аткаруу мүмкүн эместигин көрсөткөн билдирүүнү жөнөтөт. Система мындай билдирүүнү алганда жок кылуу (раскрутки) жол-жобосун даярдап, бизнес-күнүнүн администраторунан тастыктоону күтөт. Тастыктоону алгандан кийин система катышуучу тарабынан жөнөтүлгөн жана ага келип түшкөн бардык төлөмдөрдү алып салат (өзгөчө, форс-мажордук жагдай). 

6.7.4. Акыркы эсептешүү аяктагандан кийин ЖТП эсептөөгө камтылган бардык төлөмдөр жөнөтүүчү банк жана алуучу банк үчүн акыркы болуп саналат. 

6.7.5. Система клирингдик сессиянын жыйынтыгы боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө билдирүүнү эсептешүүлөрдүн гросстук системасынан алгандан кийин ЖТП боюнча көчүрмөнү катышуучуларга берет. 

 

7. Клиринг күнүн жабуу мезгили 

 

7.1. ЖТПга камтылбаган төлөмдөр пакеттери кийинки клиринг сессиясына (бирнече клиринг сессиясы болгон учурда) өткөрүлүп берилет же четке кагылат (клиринг сессиясы бирөө болгон же ошол клиринг күнү акыркы клиринг сессиясы болгон учурда) жана мындай төлөмдөр жөнүндө кабар тиешелүү катышуучуга берилет. 

7.2. КБ системанын статистикалык отчетторун даярдап, клиринг күнүнүн ичинде алынган жана жөнөтүлгөн маалыматтардын архивин түзөт (ЭТД файлдары, билдирүүлөр жана төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча операциялар). 

7.3. КБ системанын катышуучуларына клиринг күнүнүн жабылгандыгы жөнүндө маалымдайт. 

 

8. Алуучу банкта ЭТД файлдарын иштеп чыгуу 

 

8.1. Алуучу банк системадан анын дарегине келип түшкөн бардык ЭТД файлдарын ЭЦК тууралыгы, бүтүндүгү жана алардын белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Алынган ЭТД файлдарын ийгиликтүү текшерүүдөн кийин алуучу банк кардардын эсебине каражаттарды чегерүүнү жүзөгө ашырат жана мыйзамдарга жана алуучу банктын ички ченемдик документтерине ылайык төлөм жөнүндө маалыматты кардарга берет. 

8.2. Төлөмдөрдү тике дебеттөө боюнча алган учурда банк тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасын басып чыгарат жана аны күндүн документтеринде эсепке алуу эрежелерине ылайык эсепке алат. Тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасынын формасы жана толтуруу эрежелери аталган нускоого карата 2- жана 3-тиркемелерде келтирилген. 

8.3. Алынган кириш файлынын бүтүндүгү же түзүмү бузулган учурда алуучу банк КБ менен байланышат. КБ алуучу банктын дарегине чыгыш файлын кайрадан жөнөтөт. Кириш файлдарын алуу мүмкүн болбогон учурда алуучу банк Сервистик бюро аркылуу системадан кириш файлдарын алуу үчүн Сервистик бюрого кайрылат. 

8.4. Алуучу кардардын эсебине каражаттар чегерилгенден кийин бул төлөмдөр алуучу банк жана алуучу кардар үчүн акыркы жана кайтарылгыс болуп саналат. 

8.5. Эгерде банк менен кардардын ортосунда төлөм документтери электрондук формада жүзөгө ашырылган болсо, анда алуучу банк банк менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ички ченемдик документтерге жана жол-жоболорго ылайык алынган ЭТД файлдарынын негизинде электрондук билдирүүнү түзүп, алуучу кардарга берет. 

8.6. Алуучу банк ЭТД файлдарын кандайдыр бир каталар менен алган болсо - (каражаттарды башка жакка багыттаса, эсепке бөгөт коюлуп же эсеп жок болгон болсо ж.б.) ал кийинки клирингдик күндөн кечиктирбестен акча каражаттарын кредиттик которуу аркылуу кайтарып берет. Мында төлөмдүн багытынын тилкесине жол берилген каталар көрсөтүлөт. 

 

9. Катышуучулар тарабынан документтердин архивин түзүү 

 

9.1. Жоготуу коркунучтары же аларды көчүрмөлөө учурларында системадагы маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн катышуучулардын системада ишке ашырылган жүргүзүлгөн бардык операцияларын резервдик көчүрмөлөө жана архивдөө зарыл. 

9.2. Системанын катышуучулары бардык жөнөтүлгөн жана алынган ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү архивге жайгаштырып, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан төлөм документтери үчүн белгелинген мөөнөттүн чегинде сактайт. 

 

10. Жоопкерчилик жана пикир келишпестиктерди чечүү 

 

10.1. Системанын катышуучусу берилүүчү төлөм документтердин жана билдирүүлөрдүн аныктыгы жана ачып көрсөтүү, коопсуздук шарттарын жана купуялуулукту сактоо, электрондук цифралык колтамгаларды пайдалануу эрежелерин сактоо, системада иштөөнүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген регламентин жана тартибин сактоо үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 12-декабрындагы N 53/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

10.2. Система боюнча төлөмдөрдү өткөрүү процессинде жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана пикир келишпестиктерди чечүү Улуттук банктын ченемдик актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле тиешелүү келишимдер жана макулдашуулар менен чечилет. 

 

 

Кыргыз Республикасында Майда 

чекене жана утумдук төлөмдөрдүн 

пакеттик клиринг системасында 

төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби 

жөнүндө Нускоого 

N 1 тиркеме 

 

1. Төлөмдөрдү катышуучулардын статусуна жана позицияларына 

ылайык иштеп чыгуу эрежелери 

 

Катышуучунун статусу Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин токтомунун негизинде КБ ыйгарым укуктуу персоналы тарабынан белгиленет. Системада катышуучулардын төмөндөгүдөй статусу аныкталган: "Активдүү", "Токтотулган", "Алынып салынган" же "Четтетүүгө тиешелүү". 

"Активдүү" статусунда катышуучунун төлөмдөрү толук функционалдуу иштеп чыгууга жана таза позицияларды эсептөөгө тиешелүү болот. Мында системада катышуучунун позициясына карата чектөөлөр кошумча түрдө коюлат. Позиция төмөнкү абалдардын бирине ээ болот: ачык, жабык, дебеттөө үчүн бөгөттөлгөн, кредиттөө үчүн бөгөттөлгөн. 

Катышуучу "Токтотулган" статуска ээ болсо төлөмдөрү төмөнкүдөй жолдор менен иштелип чыгат: 

- жаңы төлөмдөр жана билдирүүлөр кабыл алынбайт; 

- кабыл алынган жана таза позицияны эсептөөгө камтылган төлөмдөр адаттагыдай эле иштелип чыгат; 

- кабыл алынган жана таза позицияны эсептөөгө камтылбаган төлөмдөр катышуучунун статусу "Активдүү" же "Алынып салынган" статусуна өзгөрмөйүнчө "Токтотулган" статусуна которулат. 

"Алынып салынган" статус катышуучуну системадан убактылуу алып салууну билдирет. 

"Четтетүүгө тиешелүү" статусу катышуучу системадан иш жүзүндө чететтилгендигин, бирок анын өткөн учурдагы иштери жөнүндө маалымат архивдик маалымат базасында сактала тургандыгын билдирет. 

Катышуучу "Алынып салынган" же "Четтетүүгө тиешелүү" статусуна ээ болсо, таза позицияны эсептөөгө камтылбаган бардык төлөмдөр автоматтуу түрдө жок кылынат. 

 

2. Дебеттик УТПны ДТПЛден артуусун текшерүү эрежелери 

 

Төлөм документин алууда система катышуучунун УТП эсептеп, анын ДТПЛ жетпегендигин текшерет. Белгиленген ДТПЛ катышуучунун дебеттик УТП 80% арткан учурда система ага тиешелүү эскертүүнү жөнөтөт. 

Катышуучунун дебеттик ТЧП белгиленген ДТПЛ 100% жеткен учурда, аталган катышуучунун эсебин дебеттөөчү төлөмдөр пакеттери системага "Активдүү эмес" статусу менен кабыл алынат жана УТП эсептөөгө камтылбайт. Катышуучуга бул төлөмдөрдүн статусу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт. Эгерде ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгилинде катышуучунун позициясы жакшырган болсо (жаңы ДТПЛ белгилөөнүн же катышуучу тарабынан анын эсебин кредиттөөчү төлөмдөр алынса), анда "Активдүү эмес" статусу менен пакеттер артыкчылыктуу багыттар жана FIFО принциби боюнча УТП эсептөөгө автоматтуу түрдө камтылат. Катышуучуга эсептөөгө камтылган ар бир пакеттин статусунун өзгөргөндүгү жөнүндө кабар берилет. УТПны эсептөөгө "Активдүү эмес" статусу менен пакеттерди камтуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептешүүлөрдүн гросстук системасында корреспонденттик эсептерде каражаттарды резервдөөнү пайдалануу менен жаңы лимитти катышуучуга белгилөө аркылуу дагы жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

 

3. Төлөмдөрдү тике дебеттөө боюнча өткөрүү эрежелери 

 

3.1. Төлөм тике дебетөөгө төлөм тапшырмасын пайдалануу жолу аркылуу төлөөчү банк тарабынан аны менен төлөөчү кардардын ортосундагы преавторизация келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Бул келишимге ылайык кардар төлөөчү банкка анын эсебинен каражаттарды алуучунун эсебине тике дебеттөө тапшырмасы - ведомосту алуучу тарабынан көрсөтүлгөн шартта алып салууга макулдугун берет. 

3.2. Тике дебеттөөгө электрондук таблица түрүндөгү жыйынтыкталган ведомость-тапшырма банктын калкка утурумдук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу кардар ишканалары (системанын суб-катышуучулары) тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютадагы катталган суммадагы төлөмдөр түрүндөгү (камсыздандыруу төлөмдөрү, ипотека ж.б.) жыйымдарды топтоо үчүн түзүлөт. Системанын суб-катышуучусу тике дебеттөөгө электрондук таблица түрүндөгү жыйынтыктоочу ведомостун-тапшырманын туура толтурулушу үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

3.3. Алуучу банк банктардын кардар ишканалары тарабынан түзүлгөн ЕХЕL же Dbf форматтарындагы тике дебеттөө боюнча алынган электрондук таблицанын негизинде МТ104 форматынын файлын түзүп ЭТД иштеп чыгуу күнүнө ылайык келүүчү күндөн кечиктирбестен КБ берет. 

3.4. Эсептөө күнүндө алуучу банк КБдан алынган маалыматтын негизинде кардардын каражаттардын чегерилишин жүзөгө ашырат. Эгерде банк менен кардардын ортосундагы төлөм документин алмашуу электрондук түрдө жүзөгө ашырылса, банк системадан алынган ЭТД файлын негизинде электрондук билдирүүнү түзөт жана алуучу кардарга берет. 

3.5. Тике дебеттөөгө электрондук төлөм документинин түзүлүшүнүн тууралыгы үчүн алуучу банк жоопкерчиликтүү болот. 

3.6. Төлөөчү банк ПКСдан МТ104 форматындагы тике дебеттөө боюнча алынган төлөм системасынын негизинде, тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасын белгиленген форматта төлөөчү кардардын эсебинен каражаттарды алып салуу жөнүндө негиз (документ) катарында басып чыгарат. 

Төлөөчү банк тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасынын таризделишинин тууралыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

3.7. Тике дебеттөөгө кабыл алуудан карата баш тырталган төлөм менен электрондук төлөм документтеринин тууралыгы үчүн төлөөчү банк жоопкерчиликтүү болот. 

3.8. Тике дебеттөөнү пайдалануу менен коммуналдык төлөмдөрдү өткөрүү тартиби төмөнкүдөй белгиленет: 

Катышуучу Аткарылуучу иштер 

Төлөөчү кардар 1. Төлөөчү кардар тике дебеттөөнү пайдала- 

(жеке адам/ нуу менен утурумдук кызмат көрсөтүүлөрдү 

юридикалык жак) сунуштоочу Ишканага (мындан ары ишкана) 

төлөмдөрдү төлөөгө макулдук берет. Төлөөчү 

кардар кайсы болбосун коммерциялык банкта 

ачылган эсептешүү эсебине ээ болууга ти- 

йиш. 

Ишкана 2. Ишкана белгиленген мезгил ичинде өзүнүн 

агент банкына төлөөчү кардардын эсептешүү 

(утурумдук) эсебин тике дебеттөө жөнүндө 

тапшырма берет. 

3. Төлөөчү кардардын банкына тике дебеттөө 

жөнүндө жыйынтыктоочу ведомость-ташпырма 

Ишкана тике дебеттөөнү пайдалануу менен 

төлөөгө кардардын эсептерин Ехеl же Dbf 

форматтарында электрондук таблицаларды 

түзүүнү жана өзүнүн агент банкына колдону- 

удагы байланыш каналдары же тышкы алып 

жүрүүчүлөр боюнча (дискеттер, флеш, СБ 

ж.б.) берүүнү билдирет. 

Алуучу банк 4. Электрондук таблицалардагы жана кагазда 

жазылган тиешелүү реквизиттердин тууралы- 

гын жана бар экендигин текшерүү

5. ЭТДдан файлды даярдоо жана системага 

жөнөтүү

Система 6. Төлөмдөрдү иштеп чыгуу (форматтардын 

толтурулушунун тууралыгын жана кардарлар- 

дын "Вlаск List" тизмесинде бар болушун 

текшерүү). Иштеп чыгуу күнү төлөөчү кар- 

дардын агент банкына төлөмдөр менен файлды 

берүү

Төлөөчү банк 7. Иштеп чыгуу күнү системадан ЭТД файлын 

кабыл алуу. 

8. Төлөөчү кардардын көрсөтүлгөн реквизит- 

теринин тууралыгын жана эсептешүү (утурум- 

дук) эсебинде акча каражаттарынын бар 

экендигин текшерүү

- Төлөөчү кардардын көрсөтүлгөн реквизит- 

тери ката жана эсептешүү (утурумдук) эсе- 

бинде акча каражаттары жок болуп чыккан 

учурда Ишкананын агент банкына система ар- 

кылуу ЭТД кайтарат (кабылалуудан баш тар- 

тылган төлөм менен файлдын тиешелүү форма- 

ты түзүлөт). 

Система 9. Системада кабыл алынбаган мезгилде ка- 

был алынбаган төлөмдөрдү иштеп чыгуу. 

10. Кабыл алынбаган төлөмдөрдүн ЭТД 

жөнөтүүчү банкка жеткирүү (кабыл алынбаган 

төлөмдөрдү алуу күнүндө). 

Алуучу банк 11. Кабыл алынбаган төлөмдөрдү алуу. 

12. Ишканага кабыл алынбаган төлөмдөр 

жөнүндө маалыматты берүү

Ишкана 13. Каталардын себептерин аныктоо жана 

аларды четтетүү

ПКС 14. Эсептөө күнүндө - ЖТП эсептөөгө 

төлөмдөрдү камтуу жана пакеттердин стату- 

су, төлөм жүгүртмөлөрү (эсептешүү күнүнө 

карата жана валюталоонун келечек күнүнө 

карата), таза позиция жөнүндө маалыматтар- 

ды жөнөтүү

Төлөөчү банк 15. Эсептөө күнүндө кардардын эсептешүү 

(утурумдук) эсебинен акча каражаттарын 

алуу, эсептерди дебеттөө жөнүндө эсептен 

көчүрмөлөрдү түзүү

16. Банктык эсепке алуу максаты үчүн эсеп- 

ти тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасын басып 

чыгаруу. 

Алуучу банк 17. Эсептөө күнүндө акча каражаттарын Иш- 

кананын эсептешүү (утурумдук) эсебине че- 

герүү жана эсептерди кредиттөө жөнүндө 

көчүрмөнү түзүү

18. Ишканага өздүк эсептен көчүрмөлөрдү 

жана анын эсебине келип түшкөн төлөмдөр 

жана кабыл алынбаган төлөмдөр жөнүндө 

электрондук түрдөгү маалымататтарды берүү

Ишкана 19. Анын эсебине келип түшкөн төлөмдөр 

жөнүндө (электрондук же кагаз түрүндөгү

алынган маалыматтардын негизинде төлөөчү 

кардар боюнча төлөө жөнүндө маалыматтарды 

маалымат базасына киргизүү

20. Кабыл алынбаган төлөмдөр боюнча себеп- 

терин аныктоо жана тиешелүү чечимдерди ка- 

был алуу. 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 14-августунда 

каттоодон өткөн. Каттоо номери 85-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 22-августу N 38/14 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2004-жылдын 21-июлундагы N 18/1 "Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар 

жана финансы-кредит мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга 

тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар 

жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна 

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 30-майындагы N 75 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамынын 3-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде катталган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы N 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 1.1 пунктундагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Жобонун аракети бардык коммерциялык банктарга жана Эсептешүү-сактык компаниясына (мындан ары текст боюнча "банктар") жайылтылат."; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун 3.1.2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"3.1.2. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар үчүн капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмү."; 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.М.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 17-октябрында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 95-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 19-сентябры N 42/1 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-сентябрындагы 

N 28/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын 

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун 

жаңы редакциясы тууралуу" токтому менен бекитилген "Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, 

жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Акча-кредит саясатынын инструменттеринин (каражаттарынын) чөйрөсүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 7-октябрында 140-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыялангандан учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 19-сентябрындагы 

N 42/1 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2005-жылдын 14-сентябрындагы N 28/2 "Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын чыгаруу, 

жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобонун жаңы 

редакциясы тууралуу" токтому менен бекитилген, Кыргыз 

Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 

7-октябрында 140-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталарын 

чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобого 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

1. "Терминдер" 2-пунктунун 7-абзацы "коммерциялык банктар" сөздөрүнөн кийин "ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" сөздөрү менен толукталсын. 

2. 3-пункт. "Улуттук банктын ноталарын чыгаруунун, жайгаштыруунун, жүгүртүүнүн, тейлөөнүн жана төлөөнүн жалпы шарттары": 

- 3.3-кичи пунктунда 7, 14 "жана 28 күн" сөздөрү "7, 14, 28, 91 жана 182 күн" сөздөрү менен алмаштырылсын. 

- 3.4-кичи пунктунун биринчи абзацында "11" саны "12" санына алмаштырылсын. 

- 3.4-кичи пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

" - төртүнчү, бешинчи жана алтынчы символдор болуп күндөрдө чыгаруу мөөнөттүүлүгүн билдирген "007", "014", "028", "091" же "182" - саналышы мүмкүн"; 

- 3.4-кичи пунктунун бешинчи абзацында "алтынчыдан он биринчиге чейин" сөздөрү "жетинчиден он экинчиге чейин" сөздөрү менен алмаштырылсын. 

- 3.4-кичи пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

"Мисалы: Н05028020305 - Улуттук банктын 02-март 2005-жылы төлөө мөөнөтү менен жүгүртүү мөөнөтүү 28 күндүк ноталарынын бешинчи чыгарылышы." 

3. 8-пункт."Аукциондун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөр": 

- 8.1-кичи пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

"Аукциондун жыйынтыктарына ылайык, ал боюнча эсептешүүлөр, аукциондун катышуучулары тарабынан Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнү өздөрүнүн эсептеринен акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктагы эсепке өз убагында жана толук чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылат." 

- төмөнкүдөй мазмундагы 8.2-кичи пункту менен толукталсын: 

- "аукциондун катышуучулары Улуттук банктын ноталарынын аукционунда утушка ээ болгон билдирмелерге төлөө үчүн каражаттардын жетиштүү көлөмүн Улуттук банктын ноталарын чыгаруу күнү камсыз кылат". 

- 8.2 жана 8.3-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 8.3 жана 8.4 пункттары деп эсептелсин. 

- 8.3-кичи пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Эгерде аукциондун катышуучусу билдирме үчүн төлөмдү өз убагында жүзөгө ашырбай же толук эмес көлөмдө төлөсө, анда анын билдирмеси жокко чыгарылган. 

4. 11-пункт. "Улуттук банктын ноталарын төлөө": 

- 11.1-кичи пунктунда "28" санынан кийин "91, 182" сандары менен толукталсын. 

- 11.2-кичи пунктунда "корреспонденттик" сөзү алынып салынсын. 

5. Улуттук банктын ноталарын сатып алууга Билдирмеде (Улуттук банктын ноталарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобого карата 1-тиркеме) "(катышуучунун расмий аталышы) Улуттук банктын ноталарынын эмиссиясы күнү, ноталардын аукционунун жыйынтыктары боюнча, Улуттук банктагы өз корреспонденттик эсебинен акча каражаттарын алууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына укук берет" сөзү алынып салынсын.