Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2009 жылдын 10 саны 

 

 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 29-июлу N 32/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

N 4/4 "Депозиттер менен иштөө боюнча убактылуу нускоо 

жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 4/4 "Депозиттер менен иштөө боюнча убактылуу нускоо жөнүндө" токтомго, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын Ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/10 жарыяланды 

 

3. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 29-июлундагы 

N 32/4 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон 

өткөртүлгөн N 4/4 "Депозиттер менен иштөө боюнча Убактылуу 

нускоо жөнүндө" токтомго өзгөртүүлөрдү жана 

толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 25-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 4/4 "Депозиттер менен иштөө боюнча Убактылуу нускоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Депозиттер менен иштөө боюнча Убактылуу нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 5-бөлүктүн "Банктык аманат келишими боюнча банктык эсепти ачуу үчүн аманатчылар - юридикалык жактар (резиденттер) берүүгө тийиш" бөлүкчөсүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 3) пункттагы "жана статистика органдарында" деген сөз алынып салынсын; 

- 4) пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

"4) өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен Уставдын (Жобонун) нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;"; 

- 6) пункт алынып салынсын; 

- 7) жана 8) пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 6) жана 7) пункттар деп саналсын; 

- 8) пункт төмөнкүдөй мазмун менен толукталсын: 

"8) Эркин экономикалык зонада катталган юридикалык жактар, алардын Кыргыз Республикасынын статистика органдарында катталгандыгын тастыктоочу кошумча документ берүүгө тийиш;". 

2. 5-бөлүктүн "Кыргыз Республикасында экономикалык ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү банктык аманат келишими боюнча банктык эсебин ачуу үчүн банкка төмөнкүлөрдү бөрүүгө тийиш" деген бөлүкчөсүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

"2) өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен башкы уюмдун иши жөнүндө Уставдын (Жобонун) нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү;"; 

- 4) жана 5) пункттар алынып салынсын; 

- 6-пункттагы "эсепке алуу жөнүндө" деген сөз "жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "жана статистика органдарын" сөздөрү алынып салынсын; 

- 6), 7), 8), 9) пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 4), 5), 6), 7) пункттар деп саналсын. 

3. 5-бөлүктүн акыркы абзацында "пункт менен" деген сөз "бөлүк менен" деген сөз менен алмаштырылсын. 

4. 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Банкка эсептешүү эсебин ачуу учурунда, юридикалык жактан, филиалдан жана (же) өкүлчүлүктөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка кайсы бир документтерди талап кылууга тыюу салынат". 

 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 29-июлу N 32/5 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

N 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун 

жаңы редакциясы тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана 

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамдын 4-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомго, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында, N 2009/10 жарыяланды 

 

3. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдалсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 29-июлундагы 

N 32/5 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 

2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын 

Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде 

каттоодон өткөртүлгөн N 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо 

жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтомуна 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 14/3 "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу" токтому менен бекитилген "Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.2-пункт менен толукталсын: 

"1.2. Кредиттик союз - бул, кредиттик союздун катышуучуларынын өздүк жыйымдарын бириктирүү жана аларды өз ара кредиттөө ошондой эле, башка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн пайдалануу аркылуу өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максатында, кооператив формасында түзүлгөн финансы-кредиттик уюм болуп саналат.". 

2. Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.3-пункт менен толукталсын: 

"1.3. Ушул жобонун максатында, кредиттик союздун капиталы төмөнкүлөрдү камтыйт: өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасын/чыгымдарын, өтүп жаткан жылдын чыгымдарын, келечектеги керектөөлөргө каралган камдарды, кредиттик союздун катышуучулары тарабынан 1 жылга жана андан ашык мөөнөткө салынган жана аларды алууга карата өзүнчө мөөнөт белгиленген сактык пайлардын суммасын.". 

3. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктунун 2) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2) төмөнкү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга кошумча лицензия: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу; 

- кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүү

- кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча, банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык, кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 

Улуттук банктын талаптары сакталган шартта, кредиттик союзга кошумча лицензия берилет. Кредиттик союз ага берилген кошумча лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) гана кошумча жүзөгө ашырууга укуктуу.". 

4. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.2-пунктунун 3-пунктчасы алынып салынсын. 

5. Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1.4. Кредиттик союз лицензияда көрсөтүлгөн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү гана жүзөгө ашырууга укуктуу.". 

6. Жобонун 1.2-пункту 1.4-пункту деп, ал эми 1.3- жана 1.6-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша 1.5- жана 1.8-пункттар деп эсептелсин. 

7. Жобонун 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3.12-пункт менен толукталсын: 

"Касса жайлары Улуттук банктын кредиттик союздарынын касса жайларына карата белгилеген минималдуу талаптарына ылайык келген шартта гана, кредиттик союз жобонун 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу (7-тиркеме).". 

8. Жобонун 4-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүүгө (кошумча лицензиянын чегинде) кредиттик союзга укук чегерүү тартиби". 

9. Жобонун 4-бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча: 

- "Лицензия" деген сөз "укук" деген сөз менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; 

- "финансылык ижара (лизинг) боюнча операциялар деген сөздөр "лизинг операциялары" деген сөздөргө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын. 

10. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.2-пунктунун 1) пунктчасындагы "лицензия алууга" деген сөздөр алынып салынсын. 

11. Жобонун 4-бөлүгүнүн 4.4-4.5-пункттары алынып салынсын. 

12. Жобонун 5-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кредиттик союзга өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартууга укук берүү (кошумча лицензиянын чегинде) тартиби". 

13. Жобонун 5-бөлүгүнүн бүтүндөй тексти боюнча "тартуу укугуна лицензия" деген сөздөр "тартууга укук берген" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын. 

14. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.1-пунктундагы "лицензия алууга" деген сөз алынып салынсын. 

15. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.3-пунктунун 1) пунктчасындагы "лицензия алууга" деген сөз алынып салынсын. 

16. Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.6-5.7-пункттары алынып салынсын. 

17. Жобонун 5.8 жана 5.9-пункттары тиешелүүлүгүнө жараша, 5.6-5.7-пункттар катары эсептелсин. 

18. Жобонун 6-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга" деген сөздөр алынып салынсын. 

19. Жобо төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: 

"6. Кредиттик союзга кредиттик союздун катышуучуларынын 

тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга укук 

берүү (кошумча лицензиянын чегинде) тартиби 

 

6.1. Өтүнүч кат менен кайрылган учурга карата Улуттук банктын төмөнкү минималдуу талаптары кредиттик союз тарабынан аткарылган шартта, банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен түзүлгөн келишимге ылайык кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле, өз катышуучуларынын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга ага укук берилет: 

1) кеминде 500 миң сомдон аз эмес өлчөмдөгү капитал; 

2) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен келишимге ылайык, кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча ички ченемдик документтердин (саясат, жол-жоболор) иштелип чыгышы. 

6.2. Катышуучулардын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга укукка ээ болуу үчүн кредиттик союз, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш: 

1) кредиттик союздун өтүнүч каты (1-тиркеме); 

2) кредиттик союз тарабынан жүзөгө ашырылган операциялар чөйрөсүн кеңейтүү боюнча анын катышуучуларынын жалпы жыйынынан протоколдон көчүрмө

3) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу менен эсептешүүлөр боюнча кредиттик союздун операцияларынын көлөмүнүн жана санынын прогноздук эсеби камтылган экономикалык негиздеме; 

4) кредиттик союздун акыркы отчеттук жыл үчүн жана өтүп жаткан жылдын акыркы отчеттук күнүнө карата финансылык отчету; 

5) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга тиешелүү кредиттик союздун ченемдик документтери (саясаттар, жол-жоболор), ошол документтерди бекитүү тууралуу кредиттик союздун башкаруу органдарынын чечиминин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен. 

6.3. Кредиттик союздун операциялар чөйрөсүн кеңейтүү боюнча, уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилген шартта, ушул жобонун 6.2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча, төмөнкү документтер эки нускада берилүүгө тийиш: 

1) операциялар чөйрөсүн кеңейтүү маселесине арналган кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынан протоколдон көчүрмө

2) кредиттик союздун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уставынын көчүрмөсү

3) кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (кайра каттоо жүргөн шартта). 

20. Жобо төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын: 

"7. Кредиттик союздун кошумча лицензиясын 

тариздетүү тартиби 

 

7.1. Кредиттик союздун кошумча лицензиясы берилген документтердин толуктугун жана белгиленген талаптарга ылайык келүүсү текшерилгенден кийин, кошо тиркелген формага (5-тиркеме) ылайык 2 нускада тариздетилет. Катуу талаптагы бланкада таризделинген лицензиянын бир нускасы кредиттик союзга берилет, ал эми А4 форматындагы ак кагазга чыгарылган экинчи нускасы Улуттук банкта калат. 

7.2. Кредиттик союздун кошумча лицензиясына Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген кызмат адамы кол коет. 

7.3. Кредиттик союздун кошумча лицензиясы тиешелүү документтер Улуттук банкка келип түшкөн күндөн кийинки 30 күн ичинде берилет. 

Лицензия берүү мөөнөтү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөлдүк жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кредиттик союздун лицензия алууга Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келүүсүнө кошумча иликтөөлөрдү жүргүзүү, берилген документтерди кайрадан карап чыгуу менен ага баа берүү максатында, 10 күнгө узартылышы мүмкүн. 

7.4. Документтер толук көлөмдө берилбей же алардын белгиленген талаптарга ылайык келбей калган шартында, Улуттук банк анын себептерин жөнөтүлүүчү катта ырааттуу чагылдыруу менен документтерди кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде жеткире иштеп чыгууга кайтара берет. Кредиттик союздун өтүнүч катын жана документтерин кароо мөөнөтү белгиленген талаптарга жооп берген документтер келип түшкөн күндөн башталат. 

7.5. Кредиттик союз тарабынан Улуттук банктын талаптары аткарылган шартта, операциялар чөйрөсүнүн кеңейишине байланыштуу, кошумча лицензия алмаштырылат. Бул учурда, мурдагы лицензия Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.". 

21. Жобо төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: 

"8. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана 

кредиттик союзду мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү 

 

8.1. Кредиттик союздун Уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларда Улуттук банкка макулдашылууга тийиш: 

- сактык пайларды жана депозиттерди салуу же алуу тартиби өзгөрсө

- байкоо кеңеши түзүлсө

- фирмалык аталышы өзгөрсө

- кредиттик союздун юридикалык дареги өзгөрсө (мыйзамдарда каралган шартта). Мында кредиттик союздун анык жайгашкан орду анын юридикалык дарегине дал келүүгө тийиш; 

- кредиттик союздун филиалы түзүлсө жана/же кредиттик союздун филиалдары жөнүндө маалыматтар өзгөрсө

- башкаруу органынын компетенциялары, сандык курамы жана алардын чечим кабыл алуу тартиби өзгөргөн шартта; 

- мыйзамдарда каралган башка учурларда. 

8.2. Кредиттик союз Уставга киргизилген өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду макулдашуу үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш: 

- Уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат; 

- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн чечими; 

- киргизилген өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору Уставдын жаңы редакциясынын көчүрмөсү же Уставга карата тиркеме түрүндөгү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тексти. 

8.3. Макулдашууну талап кылган документтер кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйында Уставына өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизүү чечими кабыл алынган күндөн кийинки 20 күндүн ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө берилүүгө тийиш. 

8.4. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү, Уставга киргизилген өзгөртүүлөргө жана/же толуктоолорго макулдук берүү көз карашынан келип түшкөн документтерди, бардык белгиленген мыйзамдык талаптарды сактоо менен таризделинген документтер берилген күндөн кийинки 30 календардык күн ичинде кароого алат. 

8.5. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү берилген документтерди колдонуудагы мыйзамдарга жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү көз карашынан кароого алат, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга монополияга каршы экспертизаларды жүргүзөт. 

8.6. Кредиттик союз мыйзамдарда каралган шартта мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунун алдында, Улуттук банктын алдын-ала макулдугун алууга милдеттүү

8.7. Кредиттик союз юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийинки 10 күн ичинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирүү катын төмөнкү документтердин бир нускасын кошо тиркөө менен берүүгө тийиш: 

1) кредиттик союздун Уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

8.8. Лицензиядагы маалыматтардын өзгөрүшү учурунда, кредиттик союз лицензияны кайрадан тариздөөгө милдеттүү. Кредиттик союздун ыйгарым укуктуу органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийинки 10 календардык күндүн ичинде кредиттик союз, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө лицензиянын кайра тариздетүү жөнүндө өтүнүчтү төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен жөнөтөт: 

- кредиттик союздун Уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- кредиттик союздун мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

- кредиттик союздун ыйгарым укуктуу органынын лицензияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жөнүндө чечими; 

- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ижара келишиминин же кредиттик союздун ээлеп турган жайга менчик укугун белгилөөчү документтин көчүрмөсү (жайгашкан ордун өзгөрткөн учурда); 

- юстиция органдарынын билдирмелерин тастыктоо (жайгашкан ордун өзгөрткөн учурда); 

- кредиттик союздун лицензиясынын түп нускасы; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген өлчөмдө лицензияны кайра тариздөө үчүн төлөм киргизилгендигин тастыктаган документ. 

8.9. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү бардык тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде, лицензияны кайра тариздөөнү жүзөгө ашырат. 

22. Жобонун 2.2-пунктунун 2) пунктчасы, 2.6-пунктунун биринчи абзацы, 2.6-пунктунун 1-пунктчасы, 2-бөлүктүн 2.7-пункту, 3-бөлүктүн 3.1-пунктунун 3) пунктчасы, 5-бөлүктүн 5.8-пунктунун 1) пунктчасы "Башкармалык" деген сөздөн кийин", Байкоо кеңешинин" деген сөз менен толукталсын. 

23. Жобонун 2.2-пунктунун 6) жана 7) пунктчалары, 2-бөлүктүн 2.6-пунктунун 2) жана 3) пунктчалары, 3-бөлүктүн 3.4 жана 3.7-пункттары, 5-бөлүктүн 5.8-пункту, 6-бөлүктүн 6.1-пунктунун 7 пунктчасы "Башкарманын Төрагасын" деген сөздөрдөн кийин "Байкоочу кеңештин Төрагасын" деген сөздөр менен толукталсын. 

24. Жобонун 3-тиркемесинин бүтүндөй тексти боюнча "Башкарманын Төрагасы" деген сөздөрдөн кийин ", Байкоо кеңешинин Төрагасы" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө толукталсын. 

25. Жобонун 2.2-пунктунун 3-пунктчасын жана 3.9-пунктун эске албаганда, жобонун бүтүндөй тексти боюнча "түп нуска жана" деген сөздөр алынып салынсын. 

26. Жобонун 6- жана 7-бөлүгү тиешелүүлүгүнө жараша, 9- жана 10-бөлүк катары саналсын. 

27. Жобо төмөнкү мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын: 

"11. Кредиттик союз тарабынан Кыргыз Республикасынын 

аймагында филиал ачуу тартиби 

 

11.1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды ачууга укуктуу, алардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кредиттик союздун филиалды ачуу чечими кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында кабыл алынат. 

11.2. Юридикалык жак болуп саналбаган, кредиттик союз жайгашкан жерден тышкары орун алган, филиал жөнүндө жобонун негизинде бардык операцияларды же анын бөлүгүн жүзөгө ашырган кредиттик союз чегерген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын обочо бөлүмү кредиттик союздун филиалы болуп саналат. Кредиттик союздун филиалы жөнүндө маалымат (жайгашкан орду жөнүндө маалымат кошо) кредиттик союздун уставында камтылууга тийиш. 

11.3. Филиал кредиттик союз менен бирдиктүү капиталга, баланска, ошондой эле кредиттик союздун аталышына толугу менен дал келген, "филиал" деген сөз кошулган аталышка ээ болууга тийиш. 

11.4. Филиалдын жетекчиси кредиттик союздун ыйгарым укуктуу органы тарабынан дайындалат жана белгиленген тартипте берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта операциялардын жана башка иш аракеттердин тизмеги көрсөтүлүүгө тийиш, аларды жүзөгө ашырууга кредиттик союздун атынан филиалдын жетекчиси ыйгарым укукка ээ. 

11.5. Кредиттик союз өз филиалдарын Улуттук банкка тууралуу билдиргенден 30 күн өткөндөн кийин, төмөнкү талаптарды аткарган шартта ача алат: 

1) кредиттик союз абалынын начарлоосу кесепетинен Улуттук банктын өзгөчө байкоосуна алынбаса; 

2) филиал ачууга тыюу салуу аркылуу кредиттик союздун өсүшүнө Улуттук банк тарабынан чек коюлбаса; 

3) кредиттик союз Улуттук банктын капитал боюнча талаптарын аткарса; 

4) кредиттик союздун ишине инспектордук текшерүүлөрү жана утурумдук көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү жана талаптары аткарылса; 

5) филиал жайгашкан жай Улуттук банктын минималдуу талаптарына (7-тиркеме) ылайык келсе. 

11.6. Кредиттик союз филиал ачуу үчүн Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

1) филиалды ачуу жөнүндө өтүнүч кат (6-тиркеме); 

2) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын филиал ачуу жөнүндө чечими; 

3) филиал жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- кредиттик союз-билдирүүчү менен аталышы толугу менен дал келүүчү филиалдын аталышы; 

- филиал ачкан кредиттик союздун аталышы жана жайгашкан жери; 

- филиалдын юридикалык дареги; 

- филиал ачуунун максаттары; 

- филиалга чегерилген операциялардын тизмеги; 

- пландалган операциялардын масштабы жана мүнөзү

- филиалдын иштөө мөөнөтү

- филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана функциялары, башкы кредиттик союз тарабынан натыйжалуу контролдукту жүзөгө ашырууну алдын алууга тийиш болгон анын укуктары жана милдеттенмелери; 

- филиалдын ишин токтотуунун шарттары; 

- мыйзамдарда каралган башка маалыматтар; 

4) филиалдын жетекчисине жана башкы бухгалтерине 2-тиркемеге ылайык анкеталар; 

5) филиалдын жетекчиси жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү аркылуу ага берилген ишеним каттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

6) кредиттик союздун ишине таасир этүү көз карашы менен келечектеги ишине баа берүү жана кредиттик союздун кирешелүүлүгүнүн прогноздук эсеби; 

7) ээлеп турган жайга менчикке укугун тастыктаган документтин же ошол жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү

11.7. Филиалды ачуу жөнүндө билдирүүнү алган учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ушул жобонун 11.5-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар сакталган учурда филиалды ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө кат жүзүндөгү корутундуну Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү, Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адамга берет. 

11.8. Ушул жобонун 11.5 жана 11.6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптардын аткарылбай жатышы катталган шартта, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү кредиттик союздун жана юстиция органынын дарегине (зарылчылык келип чыккан шартта) филиалды ачуу үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптардын кредиттик союз тарабынан аткарылбай жатышы жөнүндө кат жөнөтөт. 

11.9. Кредиттик союз тарабынан филиалдын ачылышы/жабылышы жөнүндө билдирилбеген же билдирүүнүн ушул жобо менен белгиленген мөөнөтү бузулган шартта, буга карата Улуттук банк өзүнүн ченемдик актыларында каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга укугу бар. 

11.10. Кредиттик союз филиалы юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкү документтерди бир нускада берүүгө тийиш: 

1) катталгандыгы жөнүндө белги коюлган филиал жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

2) кредиттик союздун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү

11.11. Ушул жобонун 11.10-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана кредиттик союздун тиешелүү билдирүү каты берилген күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде, Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү

1) кредиттик союздардын филиалдарынын тизмегине тиешелүү жазууларды киргизет; 

2) алардын филиалдарынын реестрине жазуу киргизилгендиги жөнүндө кредиттик союздун дарегине кат жөнөтөт; 

3) Улуттук банктын областтык мекемелерине кредиттик союздун филиалы ачылгандыгы тууралуу, анын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин аты-жөнүн көрсөтүү менен кат жөнөтөт. 

11.12. Кредиттик союздун филиалын жабуу чечими кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйыны тарабынан кабыл алынат. Филиалдын жабылышы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде, кредиттик союз Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмүнө төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү

1) филиалдын жабылышы тууралуу билдирүүнү (6-тиркеме); 

2) кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын филиалдын жабылышы жөнүндө чечимин; 

3) филиалдардын тизмегине алардын иши токтогондугу жөнүндө маалыматтарды киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин (анын аймактык органдарынын) буйругунун көчүрмөсү

11.13. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу структуралык бөлүмү ушул жобонун 11.12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде кредиттик союздун филиалдарынын тизмегине анын жабылышы жөнүндө жазууларды киргизет.". 

28. Жобонун 3-тиркемесинин 4-пункту төмөнкү мазмундагы г) пунктчасы менен толукталсын: 

"талапкер "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдын 18.1-статьясынын 1- жана 2-пункттарынын талаптарына жооп бербейт.". 

29. Жобонун 5-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кредиттик союздарды лицензиялоо 

жөнүндө" жобого карата 

5-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

20__-жылдын "__" ________ N _____ 

 

ЛИЦЕНЗИЯ 

 

_____________________________________ кредиттик союзуна берилген 

(кредиттик союздун толук аталышы) 

Кредиттик союздун юридикалык дареги ______________________________ 

(шаардын, райондун, 

_______________________________________________________________________ 

калктуу пунктун, көчөнүн, үйдүн аталышы) 

Ушул лицензия аркылуу төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берилет: 

- кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди)тартуу; 

- кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүү

- кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредит мекемеси менен келишимге ылайык, кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүргүзүү

Кредиттик союздун лицензиясы анын ажырагыс (жеке өзүмдүк) бөлүгү болуп саналат. Ушул лицензиядагы укуктар үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбейт. Мындай өткөрүлүп берүү, кредиттик союздун ишин токтотуу менен лицензиясын алып салууга алып келет. 

Лицензиянын иштөө мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөлөрү жараксыз деп эсептелинет. 

 

Мөөр 

 

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам". 

30. 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Кредиттик союздарды лицензиялоо 

жөнүндө" жобого карата 

6-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

БИЛДИРҮҮ 

(уюмдун фирмалык бланкында) 

 

Ушул билдирүү менен ______________________________________________ 

(кредиттик союздун аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

(Уставга ылайык филиал ачуу жөнүндө чечим кабыл алган, кредиттик 

_______________________________________________________________________ 

союздун башкаруу органынын аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

(калктуу пунктун аталышы, жайгашкан орду) 

___________________________________ филиал ачуу (жабуу) ниетин билдирет 

Бул филиалга төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү(*) аткарууга ыйгарым укук чегерилген 

(Улуттук банк тарабынан кредиттик союзга берилген лицензиянын алкагында филиал жөнүндө жобого ылайык, аткаруу укугу филиалга делегирленген бардык операциялар көрсөтүлөт). 

Жетекчи жана башкы бухгалтер болуп дайындалгандар: _______________ _______________________________________________________________________ 

(Аты-жөнү

 

Тиркеме: филиалдын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин анкеталары, бардыгы болуп ___________ барак. 

Кредиттик союз төмөнкүлөргө милдеттүү эмес(**): 

- ошол филиалда тейленген кардарлардын жана кредиторлордун алдында; 

- бюджет алдында. 

Активдер жана пассивдер кредиттик союздун балансына өткөрүлүп берилген. 

Кредиттик союз берилген маалыматтын аныктыгына толугу менен жооп берет. 

 

Кредиттик союздун 

аткаруу органынын жетекчиси (колу) Аты-жөнү 

 

(*) Бул маалыматтар филиал ачылган учурда келтирилет. 

(**) Бул маалыматтар филиал жабылган учурда келтирилет.". 

31. Жобо төмөнкү мазмундагы 7-тиркеме менен толукталсын: 

"Кредиттик союздарды лицензиялоо 

жөнүндө" жобого карата 

7-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

кредиттик союздун касса жайына (филиалына) карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАРЫ 

 

1. Кредиттик союздун касса жайы персоналдардан жана кардарлардан (катышуучулардан) өзүнчө бөлүнүп турушу зарыл, ал эми кредиттик союздун кардарларын (катышуучуларын) тейлөө, кредиттик союздун касса терезеси аркылуу гана жүзөгө ашырылууга тийиш. 

2. Касса жайынын эшиктери кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда ички тарабынан жабык болууга тийиш. 

3. Кредиттик союздун касса жайында акчаларды жана документтерди сактоо үчүн отко күйбөй турган металл шкафтары (сейфтери) болууга тийиш. 

4. Кассирлердин өздүк акчалары, тыш кийимдери жана башка буюмдары касса жайынан тышкары жайгашкан атайын бөлмөдө же шкафта сакталууга тийиш. 

5. Жумуш күнүнүн акырында кредиттик союздун кассасынын эшиктери ачкыч менен бекитилип, мөөр басылууга тийиш. Кассага тиешеси жок адамдар, бул жайга кирүүгө тыюу салынат.". 

 

("Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ченемдик актылары" журналында жарыяланган, N 2009/10) 

 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 26-августу N 35/3 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен 

операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-статьясына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 33-статьясына жана "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 15-августундагы N 30/5 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобонун долбоору" тууралуу токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 13-мартындагы N 7/4 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому. 

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/10 жарыяланды 

 

4. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2009 жылдын 26-августундагы 

N 35\3 токтому менен 

бекитилген 

 

Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен 

операциялары жөнүндө 

ЖОБО 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Коммерциялык банктардын баалуу металлдардын 

куймалары менен операциялары 

III. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички 

контролдукту уюштуруу 

IV. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча 

лимиттер жана отчеттуулук 

1-тиркеме. Баалуу металлдар рыногунун Лондон Ассоциациясы 

тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык 

стандарттары (LBMA) 

2-тиркеме. Таразага тартуу учурунда төмөнкүлөргө жол берилет 

3-тиркеме. 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана анда банк иши жөнүндө", "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүсүнө карата Улуттук банктын талаптары белгиленген. 

1.2. Бул Жобонун чегинде колдонулган терминдер: 

1.2.1. Баалуу металлдар - бул: 

- стандарттык жана чендик куймалардагы алтын; 

- стандарттык жана чендик куймалардагы күмүш; 

- стандарттык жана чендик куймалардагы платина. 

1.2.2. Баалуу металлдардын стандарттык куймалары - баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген куймалар (1-тиркеме). 

1.2.3. Баалуу металлдардын чендик куймалары - массасы 1000 граммды түзгөн же ага жетпеген, куйманын лигатуралык салмагынын 99,99% химиялык таза металлды камтыган баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган баалуу металл куймалары. 

1.2.4. Баалуу металлдар менен операциялар - бул, баалуу металлдарга менчикке укуктун жана башка мүлктүк укуктардын өтүшүн, которулушун, анын ичинде баалуу металлдардын куймаларынын ташып жеткирилишин жана сакталышын чагылдырган аракеттер; 

1.2.5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламында иш алып барууга жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган. 

1.2.6. Лигатуралык (брутто) масса - баалуу металлды камтыган эритменин нагыз жалпы массасы. 

1.2.7. Бир троян унциясы - бул, 31,1035 граммды түзгөн массанын чен өлчөмү

1.2.8. Проба (белги) - эритменин массасынын миң бирдигине үлүштө өлчөнгөн, белгилүү бир баалуу металлдын камтылышы. 

1.2.9. Металл эсептери - бул, баалуу металлдар менен операциялардын эсебин жүргүзүү жана жүзөгө ашыруу максаттарында банк тарабынан кардарлар үчүн ачылган эсеп. 

1.2.10. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери - бул, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдарды эсепке алуу, аларды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. Эрежедегидей эле, банк мындай эсептер боюнча кардарларга сыйакы төлөп берет. 

1.2.11. Жооптуу сактоодогу металл эсептери - жеке белгилери (баалуулуктардын аталышы, саны, пробасы, жасап чыгаруучусу, сериялык номери ж.б.) көрсөтүлүү менен банкка өткөрүлүп берилген баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн каралган кардарлардын эсептери. Эрежедегидей эле бул эсептер, кардарлар тарабынан банкта баалуу металлдарды сактоо максатында колдонулат жана алар банкка белгилүү өлчөмдө төлөм төлөп турушат. 

1.3. Ушул Жобонун талаптары баалуу металлдардын стандарттык жана чендик куймаларына гана таркатылат. Жогоруда белгиленгендерди жана ушул жобонун 1.2.1-пунктундагы аныктамаларга кирбеген баалуу металлдар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону кабыл алуу боюнча операцияларды эске албаганда, асыл таштар жана баалуу металлдардын башка формалары менен операцияларды жүргүзүүгө коммерциялык банктарга уруксат берилбейт. 

1.4. Баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнүн эл аралык тажрыйбасына ылайык, алтын менен операциялар металлдын таза массасынын сандык бирдиктеринде, платина жана күмүш менен операциялар металлдын лигатуралык массасынын сандык бирдиктеринде жүргүзүлөт. 

 

II. Коммерциялык банктардын баалуу металлдардын 

куймалары менен операциялары 

 

2.1. Коммерциялык банктар атайы лицензияга ээ болгон шартта, баалуу металлдар менен нак жана нак эмес формада төмөнкү операцияларды жүзөгө ашыра алышат: 

- металл эсептерин жүргүзүү, башка коммерциялык банктардан, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан макулдашылган мөөнөттөргө өз атынан баалуу металлдарды тартуу; 

- башка банктарда ачылган металл эсептерине макулдашылган мөөнөттөргө өз атынан баалуу металлдарды жайгаштыруу; 

- баалуу металлдарда кредиттерди берүү жана баалуу металлдарда кредиттерди алуу; 

- баалуу металлдарды күрөөгө алуу алдында кредиттерди берүү

- кардардын эсебинен өз атынан баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу; 

- өз атынан жана өз каражаттарынын эсебинен баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу; 

- баалуу металлдарды сатып алуу - сатуу боюнча мөөнөттүү (форварддык) бүтүмдөргө келишүү

Жогоруда белгиленген операциялардан тышкары, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө коммерциялык банктарга тыюу салынат. 

2.2. Банктар ушул Жобонун чегинде операцияларды жүзөгө ашырган баалуу металлдар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- сапаттын London good delivery эл аралык стандарттарына жана баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясында листингден өткөн аффинаждоочу ишканаларда даярдалгандарга ылайык келүүгө

- келишимдердин тиешелүү шарттарына ылайык, салмакты туюндуруу үчүн стандарттык куймаларга дал келтирүүчү катары колдонулган чендик куймалар түрүндө даярдалууга. 

2.3. Стандарттык жана чендик куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар төмөнкүлөргө милдеттүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык күбөлөндүрүлгөн, баалуу металлдарды таразалоо үчүн салмак өлчөөчү аспаптарга жана тараза таштарына ээ болууга тийиш, ал эми таразадан өткөрүү учурунда келип чыккан так эместиктер ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген чектен ашпоосу зарыл; 

- ал эми булар жок болсо, салмак өлчөөчү приборлору жана тараза таштары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген уюмдардын мына ушул багыттагы кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга; 

- баалуу металлдарды сактоону жана ташып жеткирүүнү мыйзам актыларында белгиленген коопсуздук талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырууга. 

2.4. Баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө кошумча лицензия алуу өтүнүчү менен кайрылган банктын, ушул багыт боюнча иш тажрыйбага ээ жана/же атайын курстардан окутуудан өткөндүгүн тастыктаган тиешелүү документтери бар квалификациялуу персоналы болууга тийиш. 

2.5. Стандарттык жана чендик куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырган банктар, баалуу металлдардын куймаларын таразадан өткөрүү учурунда, геофизикалык жана атмосфералык факторлордун таасиринен жана салмак өлчөөчү аспаптардын конструктивдүү өзгөчөлүгүнөн улам, алардын көрсөткүчтөрүн эсепке алуу же коштомо документтерде чагылдырылган ошол баалуулуктардын мурда таразаланган көрсөткүчүнөн айырмаланышы мүмкүндүгүн эске алууга тийиш (3-тиркеме). 

2.6. Баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмү жана кардарлардын тапшыруусу боюнча баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга каралган каражаттардын суммасы чогуу алганда, банктын төлөнгөн уставдык капиталынын 100% ашпаган өлчөмдү түзүүгө тийиш. 

2.7. Баалуу металлдардын жеке белгилеринин сакталышы түзүлгөн келишимдердин милдеттүү шарты болуп саналбаган бардык операциялар, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча жүргүзүлөт. 

2.8. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеп келишиминде ошол эсеп боюнча жүргүзүлгөн операциялар, металл эсептерине чегерүүлөр жана андан кайтарып берүү тартиби, ошондой эле эсеп жүргүзүүгө байланыштуу сыйакы өлчөмдөрү аныкталат. Ошондой эле, бул келишимде баалуу металлдардын жеке мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү шарттары, эсептен физикалык формада берүүлөр жана баалуу металл эсебинде катталган массанын (пробанын) ушул эсептен физикалык формада кайтарып берүүгө тийиш болгон баалуу металлдын массасынан (пробасынан) четтөө шарттары камтылууга тийиш. 

2.9. Баалуу металлдардын жеке белгилерин сактоо, түзүлгөн келишимдердин милдеттүү шарты болуп саналган бардык операциялар жооптуу сактоодогу металл эсептери боюнча жүргүзүлөт. 

2.10. Жооптуу сактоодогу металл эсептери боюнча баалуу металлдарды сатуу кызмат көрсөтүүлөрү сунушталышы мүмкүн, мында кардардын тапшыруусу боюнча ал тарабынан салынган баалуу металлдар гана сатылууга тийиш. Жооптуу сактоодоогу эсептер боюнча которууларды эсепке алуу милдеттүү түрдө физикалык формада жүзөгө ашырылат. 

2.11. Күрөөлүк камсыздоодон ажыратуунун натыйжасында банктын менчигине өткөн баалуу металлдар, мыйзам актыларына ылайык сатылууга жана банк тарабынан бузууга жол берилген ченемдерди талапка ылайык келтирүү боюнча бардык чаралар көрүлүүгө тийиш. 

2.12. Баалуу металлдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана ташып кетүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугу менен жүзөгө ашырылат. 

2.13. Коммерциялык банктар баалуу металлдарды өз эсебинен же кардардын эсебинен ташуу учурунда, баалуу металлдардын жеткирилишин тиешелүү негизде камсыздандырууга тийиш. Ташып жеткирүү учурунда банк менен анын кардарларынын, коштоп жүргөн адамдар менен жүк ташыгандар ортосунда жоопкерчиликтердин жана ээлик кылуу укугунун өтүшү тиешелүү келишимдерде аныкталат. 

2.14. Баалуу металлдарды ташып жеткирүү учурунда куймалардын беттери чийилип же оюлуп калбашы үчүн алардын тышкы көрүнүшүнүн талаптагыдай сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш. 

 

III. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички 

контролдукту уюштуруу 

 

3.1. Баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банктар ушул операцияларды жүргүзүүдө орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча тиешелүү саясатты иштеп чыгууга жана ички шайкеш контролдукту уюштурууга милдеттүү. Ар бир жүргүзүлүүчү операциялар боюнча тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана бекитилүүгө тийиш. 

3.2. Жол-жоболордо ички контролдуктун эң аз дегенде төмөнкү каражаттары чагылдырылышы зарыл: 

3.2.1. Банктын кызматкерлеринин функционалдык милдеттери бүтүмгө келишүү демилгеленгенден анын бухгалтердик китептерде эсепке алынышына чейинки процессти толук көлөмдө бир кызматкер аткарууга жана/же контролдоого тийиш эмес болгондой чектөө

3.2.2. Кош контролдукту жүргүзүү - жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган айрым операцияларды (аракеттерди) аткаруу үчүн жок дегенде эки кызматкер талап кылынат. 

3.2.3. Банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын бүтүндөй көлөмүнүн банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан санкцияланышынын так системасын киргизүү

3.2.4. Бухгалтердик эсеп маалыматтарынын иш жүзүндөгү маалыматтарга дал келүүсүн тактоо көз карашынан баалуу металлдарга мезгил-мезгили менен пландык жана пландан тышкаркы инвентаризация жүргүзүү

3.2.5. Ага ыйгарым укугу болбогон персоналга активдерден же маалыматтардан пайдаланууга чектөөлөр. Санкциясыз пайдалануудан же санкцияланбаган операциялардан коргоону бекем жабылган сейфтер, сактоочу жайлар, атайы каалгаларды, камераларды орнотуу, кош контролдукту жүргүзүү, жетекчиликке маалымдап туруу, электрондук коргоо ж.б. сыяктуу каражаттар камсыз кылат. 

 

IV. Баалуу металлдар менен операциялар боюнча 

лимиттер жана отчеттуулук 

 

4.1. Баалуу металлдар боюнча позициялардын лимитин эсептөө, чет өлкө валюталары боюнча позициялардын лимиттерин эсептөөлөрдөй эле жүзөгө ашырылат. 

4.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баалуу металлдарды сатып алуу - сатуу операцияларын жөнгө салуу максатында, коммерциялык банктар үчүн ЭВФтин "Келишимдер статьясынын" 8-статьясына кол коюшкан өлкөлөрдүн валюталары үчүн белгилеген лимиттерге барабар болгон, баалуу металлдар боюнча (алтын, күмүш жана платина боюнча өз-өзүнчө) ачык позициялардын лимиттерин белгилейт. Мында, валюта позициясы баалуу металлдардын ар бир түрү (алтын, күмүш, платина) боюнча өз-өзүнчө эсептелинет. 

4.3. Коммерциялык банктар баалуу металлдардын ар бир түрү боюнча балансты жана баалуу металлдар боюнча позициялардын лимиттеринин сакталышына тиешелүү маалыматтарды "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө" нускоого ылайык(1) ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышы боюнча отчеттун курамында, күндөлүк негизде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турушат. 

4.4. Коммерциялык банктардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алдындагы отчет берүү формалары жана алардын мезгил аралыгы ошол ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана банктар колдонуудагы мыйзам актыларынын чегинде ыйгарым укуктуу органдарынын талаптарын так сактоого милдеттүү

4.5. Белгиленген лимиттердин коммерциялык банк тарабынан бузууга жол берилиши учурунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бузууга жол берген ар бир күн үчүн баалуу металлдар боюнча позициялардын лимиттеринен ашкан суммадан 0,5 пайыз өлчөмүндө акчалай айыптык төлөм түрүндөгү санкцияны колдонууга укуктуу. Айыптык төлөм, коммерциялык банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебинен бузууга жол бергенден кийинки күнү кармалып калат. 

4.6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна банкка берилген кошумча лицензияны төмөнкү учурларда кайтарып алууга укуктуу, эгерде банк: 

- баалуу металлдар менен банктын кошумча лицензиясында көрсөтүлбөгөн операцияларды жүргүзсө

- баалуу металлдар боюнча позициялардын лимиттерин системалуу түрдө (30 календардык күн ичинде экиден көп жолу) бузууга жол берсе; 

- эгерде банктын акыркы эки жылдагы баалуу металлдар менен операциялар боюнча иши чыгашалуу болсо; 

- эгерде коммерциялык банк капиталдын шайкештиги ченемин бузууга жол берген болсо. 

 

(1) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 36/13 токтом менен бекитилген. 

 

 

Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

 

Баалуу металлдар рыногунун Лондон Ассоциациясы 

тарабынан кабыл алынган Сапаттын 

ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТТАРЫ 

(LBMA) 

 

Баалуу металлдар рыногунун Лондон Ассоциациясы тарабынан кабыл алынган, баалуу металлдар сапатынын стандарттары ассоциациянын документинде London good delivery стандарты катары белгиленген. 

17. London good delivery стандартындагы алтындын куймалары төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

Куюлган алтындын таза массасы 350дөн 430га чейинки троян унциясын түзүүгө тийиш (10886 граммдан 13375 граммга чейин). 

Ар бир куйманын салмагы троян унциясында туюндурулууга жана 0,025 унцияга барабар болууга тийиш. 

Лигатуралык массанын 1000 үлүшүндө 995тен төмөн болбогонун химиялык таза алтын түзүүгө тийиш. Куймада милдеттүү түрдө төмөнкү белгилердин болушу зарыл: 

- сериялык номери; 

- пробасы (белгиси); 

- даярдоочунун эн тамгасы; 

- куйма даярдалган жыл. 

Куймада тешикчелер, кем тиктер жана башка кемчиликтер болбоого тийиш, ал ташып жеткирүүгө жана ирээттеп коюуга ыңгайлуу болгондой болушу зарыл. 

18. London good delivery стандартындагы күмүш куймасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

Куйманын салмагы 750дөн 1100гө чейинки троян унциясын түзүүгө тийиш (23328 граммдан 34214 граммга чейин). 

Ар бир куйманын салмагы троян унциясында туюндурулууга жана 0,10 унцияга барабар болууга тийиш. 

Лигатуралык массанын 1000 үлүшүндө 999тан төмөн болбогонун химиялык таза күмүш түзүүгө тийиш. Куймада милдеттүү түрдө төмөнкү белгилердин болушу зарыл: 

- сериялык номери; 

- пробасы (белгиси); 

- даярдоочунун эн тамгасы; 

- салмагы троян унциясында же килограммдарда (куйманын килограмм менен өлчөнгөн салмагы троян унциясына которулууга жана жогорудагы белгилен талаптарга ылайык келүүгө тийиш). 

Куйма ташып жеткирүүгө жана ирээттеп коюуга ыңгайлуу болгон формада болушу зарыл. 

Куйманын бетинде тешикчелер, кемтиктер жана башка кемчиликтер болбоого тийиш, куйманын кыры кесип кетпегендей жылмакай түз болушу зарыл. 

3. London good delivery стандартындагы платина куймалары (пластиналары) төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

Куйманын салмагы 32,150дөн 192,904кө чейинки троян унциясын түзүүгө тийиш (1000 граммдан 6000 граммга чейин). 

Лигатуралык массанын 1000 үлүшүндө 999,5тен төмөн болбогону химиялык таза металл болууга тийиш. Куймада милдеттүү түрдө төмөнкү белгилердин болушу зарыл: 

- сериялык номери; 

- пробасы (белгиси); 

- РТ же PLATINUM литерлери; 

- даярдоочунун эн тамгасы; 

- граммда же троян унциясында өлчөнгөн салмагы. 

Куйманы ташып жеткирүүгө жана иреттеп коюуга ыңгайлуу болгон формада болууга тийиш. 

Куйманын бетинде тешикчелер, кемтиктер жана башка кемчиликтер болбоого тийиш, куйманын кыры кесип кетпегендей жылмакай түз болушу зарыл. 

London good delivery стандартына жооп берген алтын, платина жана күмүш куймаларына эн тамга койгон аффинаждоочу фирма LBMAнын (List оf Ассерtаblе Меlters аnd Аssayers) атайын тизмесине кошулууга тийиш. 

 

 

"Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

 

Таразага тартуу учурунда төмөнкүлөргө жол берилет 

 

Таразага тартуу учурунда жол берилгендер төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш (миллиграммга) (ГОСТ 24104-88): 

┌───┬──────────────────────────────────┬──────────────┬───────────────┐ 

N Салмактап көрүүдөгү эң чоң чек 2-класс 3-класс │ 

п/п тактыктагы тактыктагы │ 

таразалар үчүн таразалар үчүн│ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

200 миллиграммдан жогору 1 граммга 0,015 - │ 

чейин (аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

200 миллиграммдан жогору 1 граммга 0,025 - │ 

чейин (аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

1 граммдан жогору 2 граммга чейин 0,030 - │ 

(кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

2 граммдан жогору 20 граммга чейин 0,100 0,25 │ 

(аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

20 граммдан жогору 20 граммга 0,300 0,50 │ 

чейин (аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

50 граммдан жогору 200 граммга 0,750 2,00 │ 

чейин (аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

200 граммдан жогору 500 граммга 1,500 5,00 │ 

чейин (аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

500 граммдан жогору 1 килограммга 3,000 10,00 │ 

чейин (аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

1 килограммдан жогору 7,500 20,00 │ 

2 килограммга чейин │ 

(аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

2 килограммдан жогору 15,000 50,00 │ 

5 килограммга чейин │ 

(аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

5 килограммдан жогору 30,000 100,00 │ 

10 килограммга чейин │ 

(аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

10 килограммдан жогору 75,000 200,00 │ 

20 килограммга чейин │ 

(аны кошо алганда) │ 

├───┼──────────────────────────────────┼──────────────┼───────────────┤ 

20 килограммдан жогору 150,000 500,00 │ 

50 килограммга чейин │ 

(аны кошо алганда) │ 

└───┴──────────────────────────────────┴──────────────┴───────────────┘ 

Алтындын жана платинанын салмагын өлчөө минимум 2-класс тактыктагы таразада, ал эми күмүш минимум үчүнчү класс тактыктагы таразада ишке ашырылат. 

 

 

"Коммерциялык банктардын баалуу 

металлдар менен операциялары 

жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

 

1. Геофизикалык жана атмосфералык факторлордун таасиринен жана салмак өлчөөчү приборлордун конструктивдүү өзгөчөлүгүнөн улам, алардын көрсөткүчтөрү эсепке алуу же коштомо документтерде катталган ошол баалуулуктардын мурда таразаланган көрсөткүчүнөн айырмаланышы мүмкүн. Баалуулуктарды таразадан өткөрүүдө төмөнкүдөй айырмачылыктар келип чыгышы мүмкүн: 

┌─────────────────────────┬────────────┬────────────┬────────────────┐ 

Баалуу металлдын аталышы Масса, грамм Таразадан Таразада жол │ 

│өткөрүүдөгү берилген │ 

жогорку чек,четтөөлөр, грамм│ 

грамм │ 

├─────────────────────────┼────────────┼────────────┼────────────────┤ 

Алтын жана платина 5500 5500 0,1 │ 

куймалары 5500-30000 30000 0,2 │ 

чейин │ 

├─────────────────────────┼────────────┼────────────┼────────────────┤ 

Күмүш куймалар 20000-32000 32000 1,0 │ 

32000-60000 60000 1,0 │ 

└─────────────────────────┴────────────┴────────────┴────────────────┘ 

2. Куймаларды таразалоо учурунда аныкталган, салмак өлчөөчү аспаптардын көрсөткүчтөрү менен коштомо же эсепке алуу документтердеги көрсөткүчтөрдүн ортосунда келип чыккан айырма бухгалтердик китептерде чагылдыруусуз (кассалык) журналдарда көрсөтүлөт. 

3. Куймаларды таразалоо учурунда аныкталган, салмак өлчөөчү аспаптардын көрсөткүчтөрү менен коштомо же эсепке алуу документтердеги көрсөткүчтөрдүн ортосунда жол берилген нормалардын чеги, таразада кетирилген айырмачылыктар актысы менен таризделүүгө жана бухгалтердик китептерде чагылдырылууга тийиш. 

 

("Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын ченемдик актылары" журналында жарыяланган, N 2009/10) 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 26-августу N 35/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон 

өткөртүлгөн N 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык 

банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо 

жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" 

токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 43-статьясына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 33-статьясына жана "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомго, ушул токтомго кошо тиркелген тиркемеге ылайык, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/10 жарыяланды 

 

3. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 26-августундагы 

N 35/4 токтомуна карата 

тиркеме 

 

"Кыргыз Республикасынын коммерциялык 

банктарынын капиталдарынын шайкештик 

стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталдарынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" 

токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталдарынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 1 (кредиттик тобокелдик деңгээли 0%)" статьясынын б) пунктчасы алынып салынсын. 

2. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 1 (кредиттик тобокелдик деңгээли 0%)" статьясынын в)-з) пунктчалары, тиешелүүлүгүнө жараша б)-ж) пунктчалары катары эсептелинсин. 

3. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 3 (кредиттик тобокелдик деңгээли 20%)" статьясы төмөнкү мазмундагы б) пунктчасы менен толукталсын: "б) стандарттык куйма түрүндөгү алтын жана башка сертификацияланган баалуу металлдар". 

4. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "категория 3 (кредиттик тобокелдик деңгээли 20%)" статьясынын б)-е пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша в)-ж) пунктчалары катары эсептелинсин. 

5. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 4 (кредиттик тобокелдик деңгээли 50%)" статьясы төмөнкү мазмундагы б) пунктчасы менен толукталсын: 

"б) чен өлчөм куймалары түрүндөгү алтын жана башка сертификацияланган баалуу металлдар". 

6. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 5 (кредиттик тобокелдик деңгээли 100%)" статьясынын б) пунктчасы алынып салынсын. 

7. Нускоонун 4-бөлүгүнүн 4.3-пунктунун "Категория 5 (кредиттик тобокелдик деңгээли 100%)" статьясынын в)-з) пунктчалары, тиешелүүлүгүнө жараша б)-и) пунктчалары катары эсептелинсин. 

 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 26-августу N 35/5 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын 

депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө

тартибин бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. "Акча каражаттарын легализациялоого каралган атайын депозиттик эсепти ачуу, алып баруу жана жабуу жөнүндө" тартип, ушул токтомго карата тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган N 42/6 "Акча каражаттарын легализациялоо максатында атайын депозиттик эсепти ачуунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу токтомун күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Токтом 2009-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

4. Юридикалык бөлүм токтомду Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 26-августундагы 

N 35\5 токтому менен 

бекитилген 

 

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын 

депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу 

ТАРТИБИ 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Атайын депозиттик эсептерди ачуу 

III. Атайын депозиттик эсептерди жүргүзүү 

IV. Корутунду жоболор 

1-тиркеме. Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында атайын 

депозит эсебин ачууга жеке адамдын өтүнүч каты 

(эки нускада толтурулат) 

2-тиркеме. Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында атайын 

депозиттик эсепти ачууга юридикалык жактын өтүнүч каты 

(эки нускада толтурулат) 

3-тиркеме. Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында 

ачылган атайын депозит эсебине акча каражаттарынын 

салынгандыгы жөнүндө тастыктама (көчүрмө

 

I. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде (мындан ары - Улуттук банк) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын (мындан ары - легалдаштыруу субъекттеринин) акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозиттик эсептер менен иш жүргүзгөн коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) иш тартибин аныктоо, ушул Тартиптин максаты болуп саналат. 

1.3. Бул Тартипте колдонулган түшүнүктөр "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзамдагы түшүнүктөргө ылайык келет. 

 

II. Атайын депозиттик эсептерди ачуу 

 

2.1. Легалдаштыруу субъектиси тарабынан ушул Тартипке карата N 1 жана N 2 тиркемелерге ылайык формада өтүнүч кат берилген учурда, банк "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачат. 

2.2. Легалдаштыруу субъектисинин атайын депозит эсебин ачууга өтүнүч берүүсү жана бул эсепке акча каражаттарын чегерүү 2009-жылдын 1-октябрынан 31-декабрын кошо алгандагы мезгил ичинде жүргүзүлөт. 

2.3. Банктар легалдаштыруу субъекттеринин легалдаштыруу максатында ачылган атайын депозиттик эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарынын өзүнчө эсепке алынышын камсыз кылууга тийиш. Легалдаштыруу субъектиси менен банктын ортосундагы өз ара мамиле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык аныкталат. 

2.4. Банк легалдаштыруу субъектисинин акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн атайын депозит эсебин ачууга өтүнүч катын каттоо менен легалдаштыруу субъектиси тарабынан бул эсепке акча каражаттары салынгандан кийин, ага эсептен көчүрмөнү берет. 

 

III. Атайын депозиттик эсептерди жүргүзүү 

 

3.1. Легалдаштыруу субъекттери тарабынан атайын депозиттик эсептерге акча каражаттарын салуу нак акча каражаттарын салуу же ошол субъекттердин жеке эсептеринен нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу (чегерүү) аркылуу улуттук валютада сыяктуу эле, чет өлкө валютасында чектөөлөрсүз ишке ашырылат. 

3.2. Легалдаштыруу субъекттеринин акча каражаттарын атайын депозит эсебине чегерүү жана которуу, аманатчынын акча каражаттарын атайын депозит эсебинен башка банктык эсептерге которуу, ошондой эле легалдаштыруу субъектисинин атайын депозит эсебинен которуу ишке ашырылган банктык эсеп боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте, Улуттук банктын талаптарына, ошондой эле банктын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. 

3.3. Кыргыз Республикасынын "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзамында акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн белгиленген мезгил аяктаганда, атайын депозит эсебин ачуу жана аларга акча каражаттарын чегерүү банк тарабынан ишке ашырылбайт. 

 

IV. Корутунду жоболор 

 

4.1. Легалдаштыруу субъекттеринин атайын депозит эсептерин жабуусу банктык мыйзам актыларынын ченемдерине, Улуттук банктын талаптарына ылайык тартипте, ошондой эле банктын операцияларды жүргүзүү боюнча жалпы шарттарына жараша ишке ашырылат. 

4.2. Ушул Тартип аркылуу жөнгө салынбаган маселелер "Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө" мыйзамда белгиленген тартипте чечилүүгө тийиш. 

4.3. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык банкка карата таасир этүү чаралары колдонулган шартта, акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн каралган атайын депозит эсебин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

 

 

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн 

каралган атайын депозит эсебин ачуу, 

жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 

1-тиркеме 

 

Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында атайын 

депозит эсебин ачууга жеке адамдын өтүнүч каты 

(эки нускада толтурулат) 

 

Аты-жөнү _________________________________________________________ 

СИН ______________________________________________________________ 

Жашаган жери _____________________________________________________ 

Ким экендигин тастыктаган документ: ______________________________ 

Түрү _____________________________________________________________ 

Сериясы __________________________________________________________ 

N _____________ Ким тарабынан берилген ___________________________ 

Берилген күнү ____________________________________________________ 

 

┌─────────────┬───────────────────────┬─────────────┬─────────────────┐ 

Легалдашты- Убактылуу башка адамдынАкча каражат- Банктардагы │ 

рылуучу акча пайдалануусунда турган тарынын эсептерде │ 

каражаттары- акча каражаттарынын суммасы жайгаштырылгандар│ 

нын тизмеги тизмеги (миң сом) нак салынгандар │ 

├─────────────┼───────────────────────┼─────────────┼─────────────────┤ 

├─────────────┼───────────────────────┼─────────────┼─────────────────┤ 

├─────────────┼───────────────────────┼─────────────┼─────────────────┤ 

Жыйынтыгында │ 

└─────────────┴───────────────────────┴─────────────┴─────────────────┘ 

Өтүнүч катка төмөнкү документтер (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген) кошо тиркелет: 

______________________________________________________________________ 

Мен тарабынан легалдаштырылып жаткан акча каражаттары банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдирип кетмекчимин. 

Күнү _____________________________________________________________ 

(өтүнүч ээсинин аты-жөнү) (өтүнүч ээсинин колтамгасы) 

_______________________________________________________________________ 

(өтүнүчтү кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы) 

_______________________________________________________________________ 

(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы) 

 

МО Өтүнүчтү кабыл алган күн 

 

 

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн 

каралган атайын депозит эсебин ачуу, 

жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 

2-тиркеме 

 

Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында атайын 

депозиттик эсепти ачууга юридикалык жактын өтүнүч каты 

(эки нускада толтурулат) 

 

Юридикалык жактын толук аталышы __________________________________ _______________________________________________________________________ 

Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн номери _______ _______________________________________________________________________ 

Каттоодон өткөрүлгөн күн _________________________________________ 

СИН ______________________________________________________________ 

Юридикалык дареги ________________________________________________ 

негизинде (ыйгарым укуктуу тастыктаган документтин 

реквизиттери) 

_______________________________________________________________________ 

(ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан толтурулат) 

атынан иш алып баруучу ___________________________________________ 

(жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын 

аты-жөнү

┌─────────────┬───────────────────────┬─────────────┬─────────────────┐ 

Легалдашты- Убактылуу башка адамдынАкча каражат- Банктардагы │ 

рылуучу акча пайдалануусунда турган тарынын эсептерде │ 

каражаттары- акча каражаттарынын суммасы жайгаштырылгандар│ 

нын тизмеги тизмеги (миң сом) нак салынгандар │ 

├─────────────┼───────────────────────┼─────────────┼─────────────────┤ 

├─────────────┼───────────────────────┼─────────────┼─────────────────┤ 

├─────────────┼───────────────────────┼─────────────┼─────────────────┤ 

Жыйынтыгында │ 

└─────────────┴───────────────────────┴─────────────┴─────────────────┘ 

Өтүнүчкө төмөнкү документтер (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген) кошо тиркелет: 

______________________________________________________________________ 

Мында _______________________________ тарабынан легалдаштырылуучу 

(юридикалык жактын аталышы) 

акча каражаттары банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдирип кетмекчимин. 

Күнү _____________________________________________________________ 

(өтүнүч ээсинин аты-жөнү) (өтүнүч ээсинин колтамгасы) 

_______________________________________________________________________ 

(өтүнүчтү кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы) 

_______________________________________________________________________ 

(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы) 

 

МО Өтүнүчтү кабыл алган күн 

 

 

Акча каражаттарын легалдаштыруу үчүн 

каралган атайын депозит эсебин ачуу, 

жүргүзүү жана жабуу тартибине карата 

3-тиркеме 

 

Акча каражаттарын легалдаштыруу максатында 

ачылган атайын депозит эсебине акча каражаттарынын 

салынгандыгы жөнүндө тастыктама (көчүрмө

 

Берилген күнү 200__-жылдын "____" ________________________________ 

___________________________________________ Кыргыз Республикасынын 

(банктын толук аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

(легалдаштыруу субъекти) 

_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ 

атайын депозит эсебине 

_______________________________________________________________________ 

(сан менен жана жазуу жүзүндө

суммасында акча каражаттары салгандыгын тастыктайт. 

 

Башкарманын Төрагасы 

 

Башкы бухгалтер 

 

Банктын мөөрү 

Бишкек шаары 

2009-жылдын 26-августу N 35/6 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 10-июнунда 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 

2008-жылдын 10-июлунда 71-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

N 24/2 "Депозиттерди коргоо системасына катышууга банктын 

билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкы тарабынан аларды кароого алуу тартиби жөнүндө" жобо 

тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-апрелинде кабыл алынган N 139 Мыйзамынын 2-статьясынын талабын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 10-июлунда 71-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 24/2 "Депозиттерди коргоо системасына катышууга банктын билдирме берүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аларды кароого алуу тартиби жөнүндө" жобо тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таанылсын. 

2. Токтом расмий жарыяланган учурдан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

"КР Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары" журналында, N 2009/10 жарыяланды 

 

3. Юридикалык бөлүм ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде каттатылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

г.Бишкек 

от 26 марта 2009 года N 16/1 

 

ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦИОНАЛЬНОГО БАНКА 

КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ 

 

О залоговом обеспечении по кредиту "овернайт" 

и "внутридневному" кредиту Национального банка 

Кыргызской Республики 

 

В целях расширения базы залогового обеспечения по кредиту "овернайт" и "внутридневному" кредиту, Правление Национального банка Кыргызской Республики постановляет: 

1. В качестве залогового обеспечения по кредиту "овернайт" и "внутридневному" кредиту принимать государственные ценные бумаги Кыргызской Республики, размещаемые через НБКР (ГКВ, ГКО и ноты НБКР), с датой погашения до 12 месяцев с даты выдачи кредита "овернайт" и "внутридневного" кредита. 

2. Стоимость предмета заклада установить в размере 120% от суммы кредита. 

3. Настоящее постановление вступает в силу с момента официального опубликования. 

 

Опубликовано в журнале "Нормативные акты Национального банка Кыргызской Республики", N 2009/10 

 

4. С момента вступления в силу настоящего постановления признать утратившим силу постановление Правления НБКР N 42/2 от 19 сентября 2007 г. "О залоговом обеспечении по кредиту "овернайт" и "внутридневному" кредиту Национального банка Кыргызской Республики". 

5. Управлению денежно-кредитных операций довести настоящее постановление до сведения коммерческих банков. 

6. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на заместителя Председателя НБКР Абдыбалы тегин С. 

 

Председатель Правления Национального 

банка Кыргызской Республики М.Алапаев