Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: Улуттук банктын банктар аралык валюта рыногуна чыгышы талап кылынган жок 

2015-жылдын 20-августунда Улуттук банктын пресс-борборунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Н.Жеништин катышуусундагы басма сөз жыйыны болуп өттү. Журналисттер менен жолугушуунун темасы валюта рыногундагы кырдаалга арналды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарынын сөзүнө караганда, улуттук валютанын курсунун түшүп кетүүсүнө тышкы факторлор таасир эткен: “Бүгүн Казакстан эркин өзгөрүлмөлүү курсту тандап алды. Башкача айтканда, валюта коридорунан баш тартышты. Ушунун негизинде тенгенин долларга карата курсу 35 %га түшүп кетти. Кытай юани акыркы кездерде долларга карата 3 пайызга арзандады. Андан тышкары орус рубли долларга карата бир айдан бери арзандап жаткандыгы байкалууда. Эң негизгиси ушул үч фактор доллардын сомго карата кымбаттоосуна себеп болду. Ал эми улуттук валютанын алсыздануусуна ички фактор таасир эткен жок. Азыр туристтик сезон бүтө элек. Доллар валюта рыногуна кирип жатат, импортерлор тарабынан долларга суроо-талаптар көп эмес”,- дейт Н.Жениш. 

“Бизде рыноктогу суроо-талаптын негизинде аныкталуучу, эркин өзгөрүлмөлүү валюта режими тандалып алынган. Бүгүн Улуттук банк банктар аралык валюта рыногуна интервенция менен чыккан жок. Анткени биздин кийлигишүүбүз талап кылынган жок. Долларга карата жогорку суроо-талап жок. Азыр Моссоветте болуп жаткандын баардыгы негизинен психологиялык мүнөзгө ээ. Мындан сырткары, кызыл кулактык кылгандар дагы болду”-деп белгиледи төраганын орун басары.  

Улуттук банк тышкы финансылык рынок сыяктуу эле ички рынокту дайыма көзөмөлдөп турарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары журналисттерге билдирди. Анын айтымында, банк системасында жеткиликтүү чет өлкөлүк валюта бар жана ал бардык муктаждыктарды канааттандырууга жетишет. Эл арасындагы тынчсызданууну жоюу жана алмаштыруу курсунун ыкчам өзгөрүүсүн жөнгө салуу үчүн керек убакта Улуттук банк валюталык интервенцияны жасап турат.  

“Бүгүн акча алмаштыруу бюролорунда ажиотаж болуп кетиптир. Ошондуктан элге тынчсызданууга негиз жок деп кайрылар элем. Улуттук банк валюта рыногундагы абалды дайыма көзөмөлдөп турат жана канча жолу керек болсо, ошончо ирет интервенция жасоого даяр. Биз абалды контролдоп жатабыз”- деп белгиледи Н.Жениш. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары маалымат берип бүткөндөн кийин, ЖМКнын өкүлдөрү кызыктырган бардык суроолоруна жооп алышты. Айрыкча, Улуттук банктын валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн колдонуучу иш-чаралары, валюта рыногундагы кызыл кулактыкка алдырган оюнчуларга карата колдонулуучу аракеттер, айрыкча, мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алектенгендерге карата айып пулду көбөйтүү же алмыштыруу бюролорун жабуу сыяктуу суроолорго жооп берилди.