«Улуттук банк Башкармасынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым укуктук ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбоорунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине тиешелүү Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларын «товардык мурабаха» бүтүмү менен толуктоо каралган.  

Эл аралык тажрыйбада «товардык мурабаха» бүтүмү ислам каржылоо принциптери боюнча инвестицияларды тартууга колдонулат. Бүтүм эки келишимден турат: «мурабаха» келишим шарттары боюнча товарды төлөө мөөнөтүн жылдыруу негизинде сатып алуу жана андан кийинки товарды үчүнчү жакка сатуу. 

«Товардык мурабаха» бүтүмдүн негизинде акча каражаттарды тартуу өлкөнүн финансы-кредиттик уюмдарына ликвиддүүлүк жана каражаттар менен камсыздоо боюнча маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал өз учурунда финансы-кредиттик уюмдардын кардарларынын ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоо алуу муктаждыгын канаттандырат.  

Ошондой эле долбоордо «ижара» бүтүмү боюнча техникалык өзгөртүүлөр жана шариат стандарттарына ылайык келтирүүгө байланыштуу толуктоолор каралган. 

Ошентип долбоордо төмөнкү токтомдорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралган: 

- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу»; 

- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

 

 

Долбоор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы «Товардык мурабаха бүтүмү» деген 2.3.1-глава менен толукталсын: 

«2.3.1-глава Товардык мурабаха бүтүмү 

2.3.1.1. Товардык мурабаха (таваррук) акча каражаттарды алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуулардан турган бүтүм: мурабаха шарттарында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана бул товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу.  

2.3.1.2. Товардык мурабаха бүтүмү банктарга акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонулат. 

2.3.1.3. Товарды сатуу учурунда, сатуучу тарап, товардын ээси болууга тийиш.  

2.3.1.4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каржаттары Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

2.3.1.5. Товардык мурабаха бүтүмү жөнөкөй же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча милдеттердин ортосундагы келишимдик мамилелерге (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими жана дароо төлөө шартында сатуу келишими) жол берилбейт. 

2.3.1.6. Товар (товардык мурабаханын объектиси) сатып алуучу кийин төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылуусу зарыл) болууга тийиш. 

2.3.1.7. Бүтүмгө келишилген учурда товар колдо болууга тийиш. Бүтүмгө келишилген жерде товар жок болгон учурда, ошол товардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү белгиленген же алардын үлгүлөрү, ал жайгашып турган жерге тиешелүү маалыматтар сунушталып жаткан товардын жалган эмес айкын экендигин тастыктоо максатында, сатып алуучуга кошумча сунушталууга тийиш. 

2.3.1.8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурда сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш.  

2.3.1.9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө, же валютанын ар кандай түрлөрүнө карата түзүлбөйт.»; 

2.4.11-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ижара берүүчү мүлктү Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Эгер буга мүмкүн болбосо, анда банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү кадимки ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашалары ижара төлөмүнө кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир каражатты ижарачыдан ала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны чыгашаларды ижара берүүчүнүн эсебине которуу менен мүлктү камсыздандыруучу агент катары дайындай алат.»;  

- 2.4.33-пункттун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «же төлөм кечиктирилген шартта» деген сөздөр алынып салынсын; 

экинчи сүйлөмү «мындай сумма» деген сөздөрдөн кийин «банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.4.35-пунктундагы «жараксыз болуп» деген сөздөрдөн кийин «же өлүп» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы «Товардык мурабаха бүтүмү» деген 2.3.1-глава менен толукталсын: 

«2.3.1-глава Товардык мурабаха бүтүмү 

1. Товардык мурабаха (таваррук) акча каражаттарды алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуулардан турган бүтүм: мурабаха шарттарында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана бул товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу.  

2. Товардык мурабаха бүтүмү банктарга акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонулат. 

3. Товарды сатуу учурунда, сатуучу тарап, товардын ээси болууга тийиш.  

4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каржаттары Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

5. Товардык мурабаха бүтүмү жөнөкөй же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча милдеттердин ортосундагы келишимдик мамилелерге (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими жана дароо төлөө шартында сатуу келишими) жол берилбейт. 

6. Товар (товардык мурабаханын объектиси) сатып алуучу кийин төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылуусу зарыл) болууга тийиш. 

7. Бүтүмгө келишилген учурда товар колдо болууга тийиш. Бүтүмгө келишилген жерде товар жок болгон учурда, ошол товардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү белгиленген же алардын үлгүлөрү, ал жайгашып турган жерге тиешелүү маалыматтар сунушталып жаткан товардын жалган эмес айкын экендигин тастыктоо максатында, сатып алуучуга кошумча сунушталууга тийиш. 

8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурда сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш.  

9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө, же валютанын ар кандай түрлөрүнө карата түзүлбөйт.»; 

- 2.4-главасында: 

12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Ижара берүүчү эгерде ижарачы ижарага алынган менчикке карата кандайдыр бир укукка жатпаган аракеттерге же этиятсыздыкка жол бербеген болсо, иджара келишими аракеттенген мезгилде, ижарага алынган менчик үчүн жоопкерчилик тартат. 

Ижара берүүчү мүлктү Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Эгер буга мүмкүн болбосо, анда банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү кадимки ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашалары ижара төлөмүнө кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир каражатты ижарачыдан ала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны чыгашаларды ижара берүүчүнүн эсебине которуу менен мүлктү камсыздандыруучу агент катары дайындай алат.»;  

34-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Ижара же ижара мунтахийя биттамлик келишиминде, ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кармаган ижарачы белгилүү бир сумманы же төлөм кечиктирилген шартта ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма, банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатына ылайык кайрымдуулук максаттарына жумшалат. Ижарачы тарабынан берилген гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажыраган учурда, ижара берүүчү мындай суммалардан ижарачы ижарага алынган менчиктен али пайда ала элек мезгил үчүн төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөөлөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоонун суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды да эсептеп кармап калышы мүмкүн.»; 

36-пунктундагы «жараксыз болуп» деген сөздөрдөн кийин «же өлүп» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы «Товардык мурабаха» деген 3.1-глава менен толукталсын: 

«64.1. Товардык мурабаха акча каражаттарды алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуулардан турган бүтүм: мурабаха шарттарында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана бул товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу.  

64.2. Товардык мурабаха бүтүмү ФКУларга акча каражаттарын тартуу инструменти катары колдонулат. 

64.3. Товарды сатуу учурунда, сатуучу тарап, товардын ээси болууга тийиш.  

64.4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каржаттары Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

64.5. Товардык мурабаха бүтүмү жөнөкөй же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча милдеттердин ортосундагы келишимдик мамилелерге (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими жана дароо төлөө шартында сатуу келишими) жол берилбейт. 

64.6. Товар (товардык мурабаханын объектиси) сатып алуучу кийин төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылуусу зарыл) болууга тийиш. 

64.7. Бүтүмгө келишилген учурда товар колдо болууга тийиш. Бүтүмгө келишилген жерде товар жок болгон учурда, ошол товардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү белгиленген же алардын үлгүлөрү, ал жайгашып турган жерге тиешелүү маалыматтар сунушталып жаткан товардын жалган эмес айкын экендигин тастыктоо максатында, сатып алуучуга кошумча сунушталууга тийиш. 

64.8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурда сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш.  

64.9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө, же валютанын ар кандай түрлөрүнө карата түзүлбөйт.»; 

- расмий тилдеги текстинде 67-пункттун экинчи абзацындагы «должен» деген сөз «должна» дегенге алмаштырылсын; 

- 75-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ижара берүүчү мүлктү Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Эгер буга мүмкүн болбосо, анда ФКУнун Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү кадимки ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашаларына ижара төлөмү да кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир каражатты ижарачыдан ала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны чыгашаларды ижара берүүчүнүн эсебине которуу менен мүлктү камсыздандыруучу агент катары дайындай алат.»;  

- 97-пункттун: 

биринчи сүйлөмүндөгү «же төлөм кечиктирилген шартта» деген сөздөр алынып салынсын; 

экинчи сүйлөмү «мындай сумма» деген сөздөрдөн кийин «ФКУнун Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатына ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 99-пунктагы «жараксыз болуп» деген сөздөрдөн кийин «же өлүп» деген сөздөр менен толукталсын; 

- мамлекеттик тилдеги текстинде 4-главанын аталышы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«4-глава Ижара жана ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү».