«Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» Жобосуна  

өзгөртүүлөрго жана толуктоолорго карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Уюлдук байланыш операторлорунун электрондук капчыктар менен иштөө схемаларын карап чыгып, электрондук акчаны чыгарууда укуктук, финансылык жана репутациялык мүмкүн пайда болуучу тобокелдиктер аныкталган. Ошондуктан, электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүү тартибин тактоо жана электрондук акчаны чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо ишинде тобокелдиктерди минимизациялоо максатында «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобого (мындан ары Жобонун долбоору) төмөнкү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталган: 

«8. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот. Чек ара аркылуу электрондук акча которууларда электрондук капчыктын ээлеринин бир тарабы идентификацияланган болушу керек.  

8-1. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын бардыгы электрондук капчыктан гана ишке ашырылышы керек. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги ишмердүүлүгүнүн чегинде ишке ашырылган өздүк төлөмдөрүнөн башка төлөмдөрдү ишке ашырууга жол берилбейт. 

9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле төмөнкү инструменттерди колдонуу аркылуу толукталышы мүмкүн: 

- банктык эсепти колдонуу; 

өзүн өзү тейлөө автоматташтырылган терминалдар (cash-in); 

- идентификацияланган электрондук капчыктан которуу; 

- банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы; 

- агенттик тармак. 

9-1. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен, ошондой эле товар/кызмат үчүн алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу жолу менен кайтарылган акча каражаттары менен электрондук капчыкты толуктоого жол берилбейт. 

26-1. Оператор электрондук капчыктын ээлери электрондук акчалардын калдыктарын сактоого жана электрондук акчаларды колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк каралган механизмди камсыздоого милдеттүү. Электрондук акчанын калдыктарын электрондук капчыктан башка формада сактоо механизмдерин колдонууга жол берилбейт.” 

Жобонун долбоорун кабыл алгандан кийинки божомолдонгон укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар: 

- банктык жана төлөм кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укугун корголушунун камсыз кылуу; 

- регулятор тараптан төлөм системаларынынын үстүнөн мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү

Жобонун долбоору укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерди чектөөчү ченемдерди камтыбайт, анткени Жобонун долбоорунун сунушталып жаткан ченемдердин киргизилиши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын оптимизациялоо жана келишкендике алып келүү, жана Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын ишин үзгүлтүксүз, эффективдүү жана коопсуз кылуу максатында төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун иши тартипке салынат. 

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, жалпысынан республиканын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте макулдашылган эл аралык мыйзамдарынын ченемдерине каршы чыкпайт. 

Жобонун долбоорунун кабыл алынышы өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 ««Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна 

ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын  

30-мартындагы № 15/6 ««Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

- 8-пункт төмөнкү мазмунда берилсин: 

«Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот. Чек ара аркылуу электрондук акча которууларда электрондук капчыктын ээлеринин бир тарабы идентификацияланган болушу керек.»; 

- төмөнкү мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын: 

8-1. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын бардыгы электрондук капчыктан гана ишке ашырылышы керек. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги ишмердүүлүгүнүн чегинде ишке ашырылган өздүк төлөмдөрүнөн башка төлөмдөрдү ишке ашырууга жол берилбейт.»; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле төмөнкү инструменттерди колдонуу аркылуу толукталышы мүмкүн: 

- банктык эсепти колдонуу; 

өзүн өзү тейлөө автоматташтырылган терминалдар (cash-in); 

- идентификацияланган электрондук капчыктан которуу; 

- банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы; 

- агенттик тармак.”; 

- төмөнкү мазмундагы 9-1-пункту менен толукталсын: 

«9-1. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен, ошондой эле товар/кызмат үчүн алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу жолу менен кайтарылган акча каражаттары менен электрондук капчыкты толуктоого жол берилбейт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 26-1-пункту менен толукталсын: 

«26-1. Оператор электрондук капчыктын ээлери электрондук акчалардын калдыктарын сактоого жана электрондук акчаларды колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк каралган механизмди камсыздоого милдеттүү. Электрондук акчанын калдыктарын электрондук капчыктан башка формада сактоо механизмдерин колдонууга жол берилбейт.». 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 ««Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА  

 

Колдонуудагы редакция 

Сунушталган редакция 

8. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот. 

8. Электрондук акчаны пайдалануу менен акцептанттардан кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды сатып алуу операцияларын ишке ашырууга, нак акча каражаттарын алууга, электрондук акчаларды бир электрондук капчыктан экинчисине которууга жана банктык эсепке электрондук акчаны которуу аркылуу алардын ордун жабууга болот. Чек ара аркылуу электрондук акча которууларда электрондук капчыктын ээлеринин бир тарабы идентификацияланган болушу керек. 

8-1. Электрондук акчаны пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын бардыгы электрондук капчыктан гана ишке ашырылышы керек. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн негизги ишмердүүлүгүнүн чегинде ишке ашырылган өздүк төлөмдөрүнөн башка төлөмдөрдү ишке ашырууга жол берилбейт. 

9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле банктык операцияларды жана акча которууларды пайдалануу менен толукталышы мүмкүн. 

9. Электрондук капчык нак же нак эмес акча каражаттары, ошондой эле төмөнкү инструменттерди колдонуу аркылуу толукталышы мүмкүн

- банктык эсепти колдонуу; 

- өзүн өзү тейлөө автоматташтырылган терминалдар (cash-in); 

- идентификацияланган электрондук капчыктан которуу; 

- банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы; 

- агенттик тармак. 

9-1. Товар/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн абонентинин өздүк эсебинен, ошондой эле товар/кызмат үчүн алдын ала төлөнгөн акыны кайра кайтаруу жолу менен кайтарылган акча каражаттары менен электрондук капчыкты толуктоого жол берилбейт. 

26-1. Оператор электрондук капчыктын ээлери электрондук акчалардын калдыктарын сактоого жана электрондук акчаларды колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк каралган механизмди камсыздоого милдеттүү. Электрондук акчанын калдыктарын электрондук капчыктан башка формада сактоо механизмдерин колдонууга жол берилбейт. 

 

 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы №15/6 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтом долбооруна Аналитикалык кат