Долбоор 

 

Төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө убактылуу жобо  

1. Жалпы жоболор 

1. Төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө убактылуу жободо (мындан ары - Жобо) төлөм карттар менен эсептешүүлөр системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөдө Катышуучулардын милдеттенмелерин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондун (мындан ары Камсыздандыруу фонду) түзүү жана алардын иштөө тартиби аныкталат. 

2. Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн аныктамалар колдонулат. 

3. Камсыздандыруу (камдык) фонду, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсеби бар жана Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн коммерциялык банктардын төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системаларынын түздөн-түз катышуучуларынын (мындан ары Катышуучу) каражат эсебинен улуттук валютада Улуттук банкта өзүнчө эсепте түзүлөт. 

4. Камсыздандыруу (резеврдик) фонду финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана бир же бир нече Катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз учурда төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөлөрдү өз убагында жана гарантияланган мүнөздө жүргүзүү үчүн төлөм системасында ликвиддүүлүктү тескөө боюнча кошумча механизмди түзүү максатында түзүлөт.  

5. Камсыздандыруу (камдык) фондунун эсеби бардык Катышуучулар үчүн кумулятивдүү (топтоочу) болуп саналат. 

6. Катышуучулардын камсыздандыруу (камдык) фондуна которулган төлөмдөрү милдеттүү камдык талаптарды эсептөөдө эске алынбайт. 

7. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары Катышуучунун милдеттенмелери боюнча өндүрүп алынбайт, ошондой эле арест коюлбайт. 

8. Камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү ар бир Катышуучу үчүн милдеттүү болуп саналат. 

9. Катышуучу Улуттук банктагы өз корреспонденттик/күндөлүк эсебинде ликвиддүлүктүн жеткиликтүү көлөмүн камсыз кылууга, орун алышы мүмкүн болгон финнасылык тобокелдиктерди эске алууга жана тобокелдиктүү финансылык операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербөөгө тийиш.  

10. Катышуучу Улуттук банктагы өз корреспонденттик/күндөлүк эсебинде ликвиддүлүктүн жеткиликтүү көлөмүн камсыз кылуу боюнча бардык жеткиликтүү механизмдерди жана инструменттерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү пайдаланууга тийиш: 

1) банктар аралык рынокто активдерин сатуу; 

2) банктар аралык кредит алуу; 

3) Улуттук банктын бир күндүк кредитин пайдалануу; 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ликвиддүүлүк деңгээлин көбөйтүү үчүн башка механизмдерди колдонуу. 

11. Камсыздандыруу (резеврдик) фондунун каражаттары эсептешүүлөрдү аяктоо учурунда Катышуучунун/катышуучулардын Улуттук банктагы корреспонденттик/күндөлүк эсептеринде зарыл ликвиддүүлүктү камсыз кыла албай калган учурда, төлөм карттары менен эл аралык эсептешүү системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөлөрдү өз убагында жана гарантиялык мүнөздө жүргүзүү үчүн, өзгөчө учурларда гана колдонулат.  

2. Камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана иштөө тартиби 

12. Камсыздандыруу (камдык) фондунун көлөмү төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системаларынын таза позициясын жабууга жеткиликтүү болууга тийиш. 

13. Улуттук банк операциялардын орточо жана жогорку көлөмдөрүн, Катышуучулардын төлөм карттар менен ар бир эл аралык эсептешүү системасы боюнча таза позицияларынын өлчөмдөрүн, кезектеги төлөмдөрдү жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (мындан ары - ГСРРВ) эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн, камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатынын жетиштүлүүгүн туруктуу негизде талдап-иликтеп турат жана ар бир Катышуучунун камсыздандыруу (камдык) фондуна төлөмүнүн көлөмүн аныктайт.  

14. Катышуучулардын төлөмдөрүнүн өлчөмү банктык төлөм карттар менен операциялардын жыл ичиндеги орточо күнүмдүк жана эң жогорку көлөмүнө жараша аныкталат, таза дебеттик позиция өлчөмү ар бир Катышуучунун төлөм карттар менен ар бир эл аралык эсептешүү системасына жайгаштырылган камсыздандыруу депозитинин 30% нан кем болбоого тийиш. 

15. Катышуучу отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банка төлөм карттар менен ар бир эл аралык эсептешүү системасына жайгаштырылган депозиттин өлчөмү жөнүндө маалыматты ай сайын берип турат. 

16. Катышуучу Улуттук банктын төлөмдүн өлчөмү жана камсыздандыруу фондуна каражаттарды чегерүү зарылчылыгы тууралуу билдирүүнү алгандан кийинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө тиешелүү каражаттарды камсыздандыруу (камдык) фондуна чегерүүгө тийиш.  

17. Катышуучу төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системасына катышуусун токтоткон же Улуттук банк менен Катышуучунун ортосунда түзүлгөн келишимди токтоткон учурда, Катышуучунун Улуттук банктагы камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине салынган төлөмдөрү бардык милдеттенмелер аткарылгандан кийин жана төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системаларынын операторунан тиешелүү билдирүү алгандан кийин кайтарылып берилүүгө тийиш. 

 

3. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын колдонуу тартиби 

 

18. Катышуучу учурдагы операцилык күндүн саат 16:00на (эсептешүү аяктаган учурда) чейин өз корреспонденттик/күндөлүк эсебинде төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөө үчүн зарыл болгон ликвиддүүлүктүн жеткиликтүү көлөмү менен камсыз кыла албаса, Улуттук банк камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебин акцепциз тартипте депондоштурат жана Катышуучунун корреспонденттик/күндөлүк эсебин төлөм карттар менен эл аралык эсептешүү системаларынын таза позицияларын эсептөөнү аяктоо үчүн жеткиликтүү өлчөмдө толуктайт.  

19. Катышуучу, камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаты колдонулган корреспонденттик/күндөлүк эсебин толуктоо үчүн, кийинки операциялык күндүн саат 16:00на чейин мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында ГСРРВ аркылуу ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Ошентип, каражаттардын кайтырылып берилиши толук көлөмдө аткарылууга тийиш, каражаттарды бөлүп-бөлүп берүүгө жол берилбейт. 

20. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын ага төлөй турган суммадан ашпаган өлчөмдө пайдаланса, аларды өтүп жаткан күндүн аягына чейин акысыз колдонот. 

21. Эгерде, Катышуучу каражаттарды кийинки операциялык күндүн саат 16:00на чейин кайтарып бербесе, ГСРРВнын оператору анын корреспондентик/күндөлүк эсебин камсыздандыруу (камдык) фондунан колдонулган каражаттын суммасына акцепсиз тартипте дебеттейт.  

22. Эгерде, төлөө учурунда Катышуучунун корреспонденттик/күндөлүк эсебинде төлөм жүргүзүү үчүн каражат жетишсиз болсо, бул төлөм ГСРРВде кезекке коюлат жана Катышуучунун корреспонденттик/күндөлүк эсебинде аны төлөө үчүн жетиштүү каражат пайда болгонго чейин турат. 

23. Эгерде, камсыздандыруу (камдык) фондунан каражат тартылган күндөрдү эске алуу менен 2 жумуш күнү ичинде Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын кайтарып бере албаса, Улуттук банк финансылык тобокелдиктерди азайтуу жана төлөм системасынын иш туруктуулугун камсыз кылуу максатында, бул тууралуу система операторуна, ошондой эле Улуттук банктын банктык көзөмөл үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалымдайт.  

4. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын пайдалангандыгы үчүн айыптык төлөм жана пайыздарды чегерүү тартиби. 

24. Камсыздандыруу (камдык) фондунун Катышуучунун төлөө суммасынан ашкан каражатын пайдалангандыгы үчүн Катышуучуга чегерилген айыптык төлөм, ашыкча пайдаланылган сумманын 1 (бир) пайыз өлчөмүндө жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча аныкталат: 

P = (S C) x I x T /100, мында: 

Р  айыптык төлөмдүн суммасы; 

S  карыздык каражат (сом)

С  төлөм суммасы (сом); 

 бир күндүк пайыздык чен (%); 

25. Эгерде, Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун карыздык каражатын кийинки оперциялык күндүн саат 16:00нө чейин кайтарып бере албаса, анда ал камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын пайдаланган ар бир календардык күн үчүн пайдаланылган каражаттын суммасынын 1 (бир) пайызын төлөп берет. Бул учурда төлөм Катышуучунун төлөмүнө карабастан, пайдаланылган каражаттын бардык суммасынан алынат жана төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

P = S  x I x T /100, мында: 

Р  пайыз суммасы; 

S  карыздык каражат (сом)

 бир күндүк пайыздык чен (%); 

Т  карыздык каражатты пайдалануу мөөнөтү (календардык күндөр менен). 

26. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттын пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөгө мыйзамда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр да камтылат. 

27. Жобонун 24 жана 25-пункттарына ылайык камсыздандыруу (камдык) фондунун карыздык каражатынын өз убагында кайтарылбагандыгы үчүн Улуттук банктын өзүнчө эсебинде топтолгон айыптык төлөм жана пайыз түрүндө каражаттар жобонун талаптарын бузууга жол бербеген Катышуучулар ортосунда, салынган каражаттардын үлүшүнө пропорционалдуу негизде, жылына бир жолу бөлүштүрүлөт. 

5. Корутунду жоболор 

28. Төлөм системасына көзөмөлдүктүн (оверсайт) алкагында Улуттук банк Катышуучулардын ликвиддүүлүгүнүн абалына, анын ичинде Катышуучулардын камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдалануусуна мониторинг жүргүзөт. 

29. Эгерде, Катышуучу ушул Жобо талаптарын сактабаса, анда Улуттук банк ага карата өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укугу бар.