Улуттук банк 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" Жобо бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”долбооруна 

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Улуттук банк 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана финансы-кредиттик мекемелер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү" Жобо бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” долбоорду иштеп чыкты (мындан ары-Долбоор). 

Долбоор ликвиддүүлүк ченемдерине (көрсөткүчүтөрүнө)тиешелүү болгон төмөнкү эсептерди камтыйт: 

· Ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) (К3.1) эсептөөдө Улуттук банк тарабынан эмитирленген алтын кумаларды эсептөө

· Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) (К3.2) эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, 12 айга чейин төлөө мөөнөтүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздарды эсептөө

· Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченемин (көрсөткүчүнө) (К3.3) эсептөөдө, ушул нормативди эсептөө учурунда Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоодогу жана ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, 7 күнгө чейин төлөө мөөнөтүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздарды жана Улуттук банкттын ноталарын эсептөө.  

 

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «____» ____________ 

№_____________________________ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 4.2. пунктунун 1-пунктчасында: 

жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирленген алтын куймалар;» 

сегизинчи абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4.9. пунктунун 1-пунктчасында: 

«е» абзацындагы «7 күнгө чейин» деген сөздөр «12 айга чейин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

«м» абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4.13. пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.13. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеми (көрсөткүчү) (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.3 = (ВЛА / КОБ)*100%, мында: 

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер:  

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды, ушул пунктун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация же консервация чарасы киргизилген же болбосо жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20 пайызы;  

- чет өлкө банкынын филиалы үчүн ошол чет өлкө банкынын Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү боюнча бирикмеге мүчө мамлекеттердин аймагында жайгашкан башка филиалдарында ошол мамлекеттердин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- ушул нормативди эсептөө учурунда Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, жана ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган ноталарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары; 

- ушул нормативди эсептөө учурунда Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган, жана ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган мамлекеттки баалуу кагаздарды эске албаганда, 7 күнгө чейин төлөө мөөнөтүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. 

2) КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттар; 

- башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операция күн ичинде ишке ашырылган баланстан тышкаркы милдеттенмелер.».