«Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

«Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө долбоорунда жогоруда белгиленген Жобонун 2.3 «Мурабаха» бүтүмү главасына өзгөртүү киргизүү каралган. 

Тагырак айтканда, агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга сунушталган акча каражаттардын чогуу алгандагы көлөмүн чектөө боюнча шартты агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга товар сатып алууга берилген акча каражаттардын чогуу алгандагы калдыгын чектөө шартына өзгөртүү сунушталууда. 

 

 

Долбоор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «___» _________  

№ ________________________ токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2  

«Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна өзгөртүү 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү жобонун: 

- 2.3-главасынын 6-пунктунун «а» пунктчасындагы төртүнчү абзац төмөнкү мазмунда берилсин: 

«Мында агенттик келишимдердин алкагында агент катары кардарларга товар сатып алууга берилген акча каражаттардын чогуу алгандагы калдыгы «Мурабаха» операциялары боюнча банктын каржылоо портфелинин 20% ашпоого тийиш;».