ДОЛБООР

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын

Көзөмөл боюнча комитетинин

2017-жылдын ___. _____ №____/_____

токтому менен бекитилген

Күрөөлүк камсыздоого алынуучу кредиттер портфелин түзүү боюнча
КОЛДОНМО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан берилүүчү кредиттерге карата коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) кредиттер портфелин талап коюу укугун күрөөгө алуу учурунда банктардын камтылган кредиттеринин/лизингтеринин мүнөздөмөлөрүн жана аларга коюлган талаптарын аныктоо ушул Колдонмонун максаты болуп саналат.

2. Ушул Колдонмодо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

Милдеттенмелерин талапка ылайыксыз аткаруу - Улуттук банк жана банктардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин мөөнөттөрүн жана кайсы болбосун шарттарын бузууга жол берүү.

Кредиттер портфели - талап коюу укугу Улуттук банк тарабынан кредиттерди берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул Колдонмодо белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген банк тарабынан карыз алуучуга берилген кредиттер/лизингтер.

"Резидент" деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган түшүнүктөргө туура келет.

Физикалык жак - ушул Колдонмонун чегинде физикалык жак түшүнүгү жеке ишкер катары катталбаган бирок айыл чарба тармагында иш алып барган жак болуп саналат.

3. Ушул Колдонмодо колдонулган башка түшүнүктөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, Улуттук банктын банктык жана финансылык терминдердин глоссарийинде каралган түшүнүктөргө туура келет.

2. Кредиттер портфелине камтылган кредиттердин/лизингтердин мүнөздөмөлөрү

4. Кредиттер портфели юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге жана физикалык жактарга экономиканын төмөнкү тармактарына берилген кредиттер/лизингтерден тузүлүшү керек:

1) өнөр жай;

2) айыл чарба, даярдоо жана кайра иштетүү;

3) транспорт, байланыш жана тейлөө тармагы;

4) соода жана коммерциялык операциялар;

5) курулуш;

6) туризм тармагы.

5. Кредиттер портфелине камтылуучу кредиттер/лизингтер, төмөнкү мүнөздөмөлөргө дал келүүлөрү тийиш:

1) кредит келишимде көрсөтүлгөн максатка багытталуусу банк тарабынан текшерилди жана карыз алуучу тарабынан документ түрүндө тастыкталган;

2) карыз алуучу/лизинг алуучу- Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат жана банктын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбайт;

3) төлөө графигинде карыздын негизги суммасынын бардык же бир далай бөлүгүн (70% же андан ашык) кредиттин/лизингтин акыркы бүтүүчү мөөнөтүнө дал келбейт;

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ошондой эле банктын ички саясатына жана ички жол-жоболоруна ылайык, банк тарабынан карыз/лизинг алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү бааланган жана карыз/лизинг алуучунун алгылыктуу кредиттик таржымалы кредиттик бюро тарабынан сунушталган маалымат менен тастыкталган;

5) кредит/лизинг Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген, Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, канааттандыруучу кредиттердин (активдердин) мүнөздөмөлөрүнө дал келет;

6) карыз/лизинг алуучунун кредит боюнча маалыматы Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензиялануучу коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына ылайык банк тарабынан таризделет жана ал банкта сакталат. Карыз/лизинг алуучу менен банктын ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим/лизинг жөнүндө келишим, башкаларды эске албаганда, төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- карыз алуучуга сунушталган кредит талап коюу укугу кредит берүү учурунда Улуттук банк же банктар тарабынан күрөө катары кабыл алынуучу, кредиттер портфелине камтылышы мүмкүн деген шартты;

- талап коюу укугу, Улуттук банкка же банктарга талап коюу укугу өткөрүлүп жаткан учурда карыз алуучунун колундагы көлөмдө жана ошол эле шарттарда өткөрүлүп жаткандыгы жөнүндө карыз алуучуга кат жүзүндө билдирүү боюнча банктын милдеттенмесин.

7) кредит ушул Колдонмонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөлөр менен камсыздалган жана 16,17- пункттарында көрсөтүлгөн күрөөлөрдүн шарттарына жооп берүүсү зарыл.

6. Улуттук банкка же банктарга сунушталуучу кредиттер портфели ага карата укукка кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин (милдеттенме жүктөлбөгөн) болууга, банктын башка милдеттенмесин камсыздоого күрөөгө коюлбаган болууга тийиш. Банк бул талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот.

7. Улуттук банкка же банктарга сунушталуучу кредиттер портфели, банк тарабынан карыз алуучуга Улуттук банк же банктар тарабынан банкка берилген кредит/лизинг боюнча мөөнөттөн кеминде бир айга ашык мөөнөткө берилген кредиттерди камтууга тийиш.

8. Кредиттер/лизингтер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоого карата талаптар Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат.

9. Автотранспортту күрөөгө коюу менен сунушталган кредиттин суммасы жалпы кредитер портфелинин 10% ашыкты түзбөөгө тийиш. Күрөөгө коюу менен сунушталган лизинг портфели жалпы кредитер портфелинин 20% ашыкты түзбөөгө тийиш.

10. Улуттук банктын кызматкерлери кредиттер портфелине камтылган кредиттердин/лизингтердин ушул Колдонмодо каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүнө текшерүүлөрдү (иргеем же бир-бирден) жүргүзүүгө укуктуу.

11. Банк, тиешелүү ички контролдук системасын камсыз кылуу максатында, төмөнкүлөргө баа берүү үчүн кредиттер портфелине камтылуучу кредиттерге/лизингтерге чейрек сайын мониторинг жүргүзөт:

1) белгиленген мүнөздөмөлргө ылайык келүүсүнө;

2) карыз/лизинг алуучунун финансылык абалына жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө;

3) кредит/лизинг төлөө графигин эске алуу менен өз убагында ордунун жабылышына;

4) күрөө/лизингтин предметинин абалына.

12. Эгерде, кредиттер портфели боюнча талап коюу укугу Улуттук банк тарабынан күрөө катары кабыл алынса, анда банк, кредиттер портфели боюнча отчетту күрөө жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык кагаз жүзүндө жана электрондук форматта отчеттук айдан кийинки айдын 5-күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка ай сайын берип турат

13. Банк же Улуттук банк тарабынан аныкталган Колдонмодо көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө кредиттердин/лизингтердин дал келбөөсү аныкталган шартта, банк мындай кредиттер/лизингтерди Колдонмого ылайык келген кредиттер/лизингтерге алмаштыруусу милдеттүү.

14. Ушул Колдонмонун 5-пунктунда тиешелүүлүгүнө жараша көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө дал келүүсүнө көз карандысыз, мамлекеттик баалуу кагаздар жана депозит менен камсыз болгон кредиттер, кредиттер портфелине камтылышы мүмкүн.

3. Күрөө/лизинг предметине карата талаптар

15. Кредиттер портфелине камтылган кредит төмөнкүлөрдү күрөөгө коюу менен сунушталат:

1) карыз алуучунун кредит берилген банкта жайгаштырылган депозитин;

2) мамлекеттик баалуу кагаздарды, көбүнчө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик казына векселдерин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына облигацияларын жана Улуттук банкынын ноталарын;

3) кыймылсыз мүлктү (пайдалануудагы квартираны, үйдү, өнөр жай объектисин, офисти, ошондой эле жер участокторун) ;

4) автотранспортту, эгерде ал негизги күрөө болуп эсептелген кыймылсыз мүлккө кошумча күрөө катары берилсе.

16. Күрөөнүн наркы кредиттин суммасынын (негизги карыздын) кеминде 120% жабууга тийиш.

17. Күрөөнүн предмети боюнча төмөнкү талаптардын сакталышын эске алуу сунушталат:

1) кыймылсыз мүлк же автотранспорт түрүндө сунушталган күрөө предмети, карыз алуучуга/күрөөгө коюучуга менчик укугунда тиешелүү болот, бул Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык тариздетилген документтер менен тастыкталган;

2) менчик укугунда карыз алуучуга тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктү же автотранспортту күрөөгө коюуга карыз алуучунун/ күрөөгө коюучунун аялынын/күйөөсүнүн мамлекеттик нотариус тарабынан тастыкталган кат жүзүндөгү макулдугу болсо;

3) тиешелүү күрөө предмети Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашса жана катталса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык таризделген документтер менен тастыкталган болууга тийиш;

4) автотранспорт түрүндө сунушталган күрөө предмети кредиттик келишимдин бүтүндөй аракеттенүү мөөнөтүнө камсыздалган жана камсыздандыруунун өлчөмү кредит боюнча карыздын (негизги карыз, кредит боюнча пайыз) өлчөмүнө дал келет же андан артат.

18. Лизинг предмети боюнча төмөнкү талаптардын сакталышын эске алуу сунушталат:

1) тиешелүү лизинг предмети Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашса жана катталса, ал Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык таризделген документтер менен тастыкталган болууга тийиш;

2) лизинг предмети лизинг жөнүндө келишимдин бүтүндөй аракеттенүү мөөнөтүнө камсыздалган жана камсыздандыруунун өлчөмү кредит боюнча карыздын (негизги карыз, кредит боюнча пайыз) өлчөмүнө дал келет же андан артат.

19. Кредит/лизинг боюнча документтерди тариздөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталат.