«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9 декабрындагы № 76/8 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9 декабрындагы № 76/8 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жобого:  

- 1-пункт жокко чыгарылган; 

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө», «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары (мында ары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы талаптар аныкталат; 

- 3-пунктта «2015-жылдын 12-майындагы токтому менен бекитилген №27/8» реквизиттер «2016-жылдын 30-марттагы токтому менен бекитилген № 15/6» реквизиттер менен алмаштырылсын; 

- 5-пунктта: 

он экинчи жана отуз алтынчы абзацтары жокко чыгарылсын; 

«Банктык эсеп» аныктамасы төмөнкүдөй мазмунда берилсин: «Банктык эсеп - бул, банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же кардарды банктык тейлөөнү ишке ашырууга байланыштуу, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кошуу менен, банктык эсеп, банктын аманат келишиминде каралган операциялардын банк тарабынан жүзөгө ашырылышы боюнча келишимдик мамилелерди, ошондой эле мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган адаттагы ишкердик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. »; 

ошондой эле төмөнкү аныктамалар менен толукталсын: 

«Аутентификация бул, идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) дал келүүсүн текшерүү аркылуу ошол адамдын аныктыгын такташтыруу процесси. 

Байланышсыз төлөө карт менен картты окуу жабдыгы же терминал ортосундагы тиричилик карым жок ишке ашырылган төлөө

Шек - уруксатсыз адам корголгон маалыматка жеткиликтүү болушу, ошондой эле ага шектенүү.  

Көп фактордук аутентификация - өркүндөтүлгөн аутентификация, колдонуучу маалыматтарды алуу үчүн бир нече идентификаторду колдонуу зарыл болгон, башкаруу ыкмасы. 

Электрондук соода - банктык карттардын айрым маалыматын киргизүү аркылуу электрондук түрдө транзакцияларды жүргүзүү жана иштетүү »; 

- 13-пунктунун 2-абзац төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын: 

«2016-жылдын 30-марттагы № 15/6 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген» 

- 15-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«15. Карт ээси эмитент менен түзүлгөн келишимге ылайык карт аркылуу сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн соода тейлөө ишканаларында төлөөнү, банкоматта/тиешелүү пунктардан нак акча каражаттарын алууну, cash-in/банкоматта/тиешелүү пунктарда эпти толтуруу, төлөмдөрдү өткөрүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык кайсыл болбосун башка эсепке өз банктык эсебинен акча каражаттарын банктык которууну жүзөгө ашыра алат.»; 

- 16-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«16. Соода тейлөө ишканалар товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө карттарды кабыл алуу менен ошол ишканада орнотулган жабдуулар аркылуу төлөмдөр ишке ашырылгандыгы жөнүндө эквайер менен маалыматтарды алмашат. Бул милдеттүү түрдө электрондук авторизациялоо менен аткарылууга тийиш. Ал эми микропроцессору менен карттар үчүн электрондук авторизация банк-эмитенттин системасына тике туташуусуз эле ишке ашырылышы мүмкүн.»; 

- 17-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«17. Карт ээси тарабынан аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт менен ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документ статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган карт-чекти тариздөө менен тастыкталат:  

- документтин номери, операция ишке ашырылган күн жана убактысы;  

- соода түйүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду);  

- төлөм суммасы;  

- төлөм валютасы;  

- операциянын авторизациялоосун тастыктаган коду;  

- комиссия же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтери тиешелүү);  

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери;  

- карт ээсинин кол тамгасы (операция тиешелүү пункттар же соода тейлөө ишканалары аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жана төлөм системасынын эрежелери менен жүзөгө ашырылса). Операция ПИН-код киргизүү менен жүзөгө ашырылса, анда карт-чек тиешелүү маалымат камтууга тийиш жана карт ээсинин кол тамгасын талап кылуу зарыл эмес. 

Эгерде булар тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, карт-чекте кошумча реквизиттер менен камтылышы мүмкүн.  

Бул талап байланышсыз төлөмдөргө жана электрондук коммерциянын операциясына таркатылбайт.»; 

- 18-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«18. Эквайер алдамчылык аракеттери каршы жана банктык карты боюнча маалыматтардын коопсуздугун алдын алуу үчүн керектүү жабдуулар каражаттарын камсыз кылууга тийиш. Эгерде төлөм системасынын эрежелеринде башкача каралбаса, эквайер банктык карт маалыматтарынын сакталышын камсыздабаса (микорпроцессордук карттарды тейлөө, көп фактордук аутентификация, перифериялык жабдууларды коргоо каражаттарды колдонуу, ж.б.), анда ал карт эмитентине, эквайер жабдуусунда маалымат компрометация натыйжасында болгон чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.  

Эквайер эмитентти билдиргенден кийин карт менен келтирилген зыян үчүн, ошондой эле карт эмитенти кошумча коргоону колдобогон жана эквайер ишинде алдамчылык эч кандай далилдери болбогон учурда, жоопкерчиликтен бошотулат. 

Карт ээсинин алдында шек операциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»; 

- 19-пунктунун экинчи сүйлөмүндө «Эгерде карт ээси менен түзүлгөн келишимде башкасы каралбаса,» деген сөздөр алынсын; 

- 21-пунктка төмөнкүдөй мазмунда үчүнчү абзац кошулсун: 

«Эмитент төлөм системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында аралыкта орнотулган жабдуулар менен камсыз кылуу керек.»; 

- 33-пунктун он бешинчи абзацта: 

«башка» деген сөз «кошумча» деген сөзгө алмашылсын; 

төмөнкүдөй экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Эмитент, системанын иш эрежелерине ылайык даттануу боюнча иш-аракет жана/же акча каражаттарын кайтарып берүү жеткиликтүү эмес болгон. тобокелдиги жогору операциялары тууралу карт кармоочуларын маалымдашы зарыл. Мындай иш-мүмкүнчүлүгү демейкиде бекитилип, кармоочунун талабы гана боюнча жеткиликтүү болушу керек.»; 

үчүнчү сүйлөмдө «ПИН-кодду пайдалануусуз» деген сөздөрдөн кийин «жана байланышсыз төлөмдөрдү жүргүзүүнү» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 42-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«42. Карттын жоголгондугу, уурдалып кеткендиги же андан санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу карт ээсинин эмитентке маалымдоо жана өтүнүч кат берүү мөөнөтү жана ыкмалары келишимдин шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз учурунда берилгендиги боюнча жоопкерчилик карт ээсине жүктөлөт. Өтүнүч катты берген учурдан тартып жоголгон же уурдалып кеткен банктык картты пайдалануу менен бардык операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.»;  

- 43-пункт төмөнкүдөй мазмунда берилсин: 

«43. Эмитент төмөнкү учурларда банктык карт ээси алдында жоопкерчилик тартпайт:  

- эгер карт ээси алар ортосунда түзүлгөн келишимдерде белгиленген картты жана ПИН-кодду пайдалануу боюнча эрежелерди жана жол-жоболорду бузууга жол берсе;  

- карт ээси тарабынан укукка каршы аракеттер жасалган учурда.  

Мында, эмитент карт ээсинин талабы боюнча толук маалымат бериш керек, анын ичинде процессинг борбордун, төлөм системасынын карт ээсинин иш-аракеттеринин укук ченемдүү экендигин тастыктоо үчүн жүргүзүлгөн транзакциялары боюнча маалымат.  

Бул талап карттын магниттик сызыгын колдонуу менен жана электрондук соода көп фактордук аутентификациясыз транзакцияларга тарабайт.»;  

- 53-пункта «соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин (слиптердин) сакталышына текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;» деген сүйлөмдө «(слиптердин)» деген сөз алынсын; 

- 11-бөлүм жокко чыгарылсын; 

- 4-тиркеме жокко чыгарылсын;. 

- 5-тиркеме жокко чыгарылсын.