«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбооруна карата 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ 

 

Азыркы учурда, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын лицензиялоо жана жөнгө салуу иштери жүргүзүүдө

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоорун иштеп чыккан (мындан ары долбоор): 

- 2007-жылдын 28-мартындагы №16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө

- 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 «Банктык жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө

Долбоорго Кыргыз Республикасынын банк рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары киргизилген. 

Сунуш кылынып жаткан долбоор «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарына жана «Төлөм системаcынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө», «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жоболорго ылайык иштелип чыккан. 

Долбоордун иш-аракети Кыргыз Республикасында банк кызматтары рыногун түзүү жана анын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты алдын алуу, чектөө, бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган. 

 

 

Төлөм системалары  

башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина 

 

 

Долбоор  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын «___»_______№____  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1 . Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28 мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуу абалды аныктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталшан токтом мнен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуу абалды аныктоо жөнүндө” жобонун: 

-1.1. пункту көчөн жоготкон катары таанылысын; 

- 1.2. пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан - ары Улуттук банк) коммерциялык банктар, башка банктык эмес финансы-кредит уюмдары жана Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактар) көзөмөлдүккө алган юридикалык жактар (төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары) тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык, микрофинансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы иш-аракеттери аныкталган.”; 

- жобонун бүтүндөй тексти боюнча жана анын 1-тиркемесинде кездешкен “ФКМ» деген сөздөр “банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар” дегенге алмаштырылсын; 

-  1.3. пункттун: 

Биринчи абзацындагы “ченемдик документтин” деген сөздөр “жобонун” дегенге алмаштырылсын;  

«в)» пунктчасындагы “жана башка финансы-кредит мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү” деген сөздөр алынып салынсын; 

-  2.1-пункттун» биринчи абзацындагы «банктык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү» деген сөздөр менен толукталсын;  

- 2.2-пункттун биринчи абзацындагы «банктык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «(банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.1-пункттун: 

«б» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактардын капиталына чектүү катышууну сатып алуу маселелери;”; 

пункт төмөнкү мазмундагы «е» пунктчасы менен толукталсын: 

«е) банктык топторду түзүү.» 

-  3.5.4-пунктчадагы «географиялык рынок» деген сөздөр «, кызмат көрсөтүү рыногу» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3.7-пункттагы «банктык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы болбосун түрү» деген сөздөр менен толукталсын: 

- 3.7.2-пунктчанын: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« - банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жак тарабынан белгилүү бир мезгил аралыгында (жыл ичинде, чейрек ичинде, ай ичинде, бир күн аралыгында) ишке ашырылган банктык операциялардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) чогуу алгандагы көлөмү. Кызмат көрсөтүү көлөмү кароого алынып жаткан мезгил ичинде банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жак тарабынан жүгүртүү ведомостундагы аналитикалык маалыматтардын негизинде эсептелинет;»; 

-  5 абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

« - банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы суммасы - Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган бардык жактар тарабынан жүзөгө ашырылган (сунушталган) банктык операциялардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрү боюнча жүгүртүүлөр жыйындысы.»; 

-  3.7.4-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.7.4. эгерде банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактын банктык операциялардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир түрү боюнча үлүшү 35%тен ашса жана ошол операциядан/кызмат көрсөтүүдөн калктын бардык катмары пайдаланган болсо, Улуттук банк операциянын/кызмат көрсөтүүнүн ошол түрү боюнча тариф саясатын аныктоого жана чектөөлөрдү колдонууга же керектөөчүлөр укугун коргоонун кошумча шарттарын караштырууга укуктуу.”; 

-  3.7.5-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 1-тиркеменин: 

- бешинчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Мисалы ашкере монополисттин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалангандыгы үчүн баа кыйла жогорулап кетсе, анда жеке адам керектөөчү банктык кызмат көрсөтүүдөн баш тартып, акчалай жыйымын банк тутумунан тышкары сактап же башка инструменттер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшү мүмкүн.”; 

- жетинчи абзацтагы “ипотекалык кредиттөө боюнча” деген сөздөр “же ар кандай төлөмдөрдү өткөрүү боюнча” деген сөздөр менен толукталсын.”. 

 

2 . Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 14-июнундагы № 19/2 “Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын аныктоо саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү туралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн, микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын аныктоо саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу”; 

- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы “ банктык” деген сөз “, төлөм” деген сөз менен толукталсын; 

- 1-пункт төөмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. “Банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн, микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын аныктоо саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо ( кошо тиркелет) бекитилсин»;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Банктык, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн, микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын аныктоо саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун:  

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Коммерциялык банктардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн, төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган терминологиянын жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын эске алуу менен баасын аныктоого карата системалуу ыкманы камсыз кылуу - ушул жобонун максатынан болуп саналат.»; 

- жобонун бүтүндөй тексти боюнча кездешкен “ФКМ” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар” дегенге алмаштырылсын; 

ар башка жөндөмөдө кездешкен “банктык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “төлөм кызмат көрсөтүүлөрү” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4-1-пунктагы «тыюу салынат» деген сөздөн мурда «төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын эске албаганда,» деген сөздөр кошулсун, ошондой эле «инсайдер жана алар менен байланыштуу жактар» алынып салынып, «жана банк менен байланыштуу жак» деген сөздөргө алмаштырылсын,»; 

- 10-пункт төмөнкү мазмундагы 3-абзац менен толукталсын: 

«Төлөм кызматтары үчүн декларацияланган тарифтерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жети жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгына мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү себептери боюнча толук негиздеме берүү менен тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу маалымдоого, ошондой эле ички документтерди (алар тарабынан бекитилген, төлөм системалары операторунун ыйгарым укуктуу органынын отурумунда толтурулган протоколдун көчүрмөсүн жана кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоого милдеттүү).».