Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

«2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 

№38/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) жүргүзүү 

Саясатын бекитүү» тууралуу токтомдун долбооруна 

МААЛЫМДАМА НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Берилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын №38/4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) жүргүзүү Саясатын бекитүү» тууралуу токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» (мындан ары - Закон) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги Улуттук банкка өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз РеспубликасынынМыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан.  

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан берилген 2015-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын №34/4 токтому бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) жүргүзүү Саясатына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоору иштелип чыккан, жана анын алкагында төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралган:  

юридикалык жактарды маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары аныктоо үчүн критерийлердин тизмеси (анткени маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдердин ишиндеги бузулуулар, түпкү колдонуучуларга үзгүлтүксүз төлөм көрсөтүүлөрүн камсыз кылуу боюнча төлөм системалардын операторлору жана катышуучулары үчүн операциялык, каржылык тобокелдиктерди туудурат); 

төлөм системаларынын операторлоруна жана катышуучуларына карата чаралар толукталган; 

системаны маанилүү катары белгилүүгө коюлган критерийлерине түзөтүүлөр киргизилген; 

ошондой эле маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери өз алдынча баалоо боюнча кыскача анкета тиркеме катары жана башка өзгөртүүлөр жана толуктоолок кошулган. 

 

 

 

Төлөм системалары  

Башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ДОЛБООР 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

20-жылдын «____» __________ 

№___ токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатынын: 

1) 1-главасынын:  

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 2, 3 жана 4-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясат (мындан ары саясат) пайдалануучулар (юридикалык жактар жана жеке адамдар) үчүн Кыргыз Республикасынын төлөм системасы аркылуу ишке ашырылган нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүз ишке ашырылышын камсыз кылууга багытталган. 

3. Саясатта, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу максаттары, принциптери, көзөмөлдүк (оверсайт) обьекттери жана аны ишке ашыруу тартибин, ошондой эле ушул максатта колдонулуучу инструменттер тизмеси аныкталган. 

4. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) - бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) улуттук финансы системасынын туруктуу ишин колдоо, нак жана нак эмес эсептешүү каражаты катары улуттук валютага ишеним көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишине мониторинг жүргүзүү аркылуу төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга багытталган иши.». 

2) 2-главасынын: 

- кириш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Саясатта колдонулган терминдер (атоолор) жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» жана 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобонун терминдерине (атоолоруна) жана аныктамаларына ылайык келет.»; 

- биринчи абзацындагы «уруксатын» деген сөз «лицензиясын» дегенге алмаштырылсын. 

3) 5-главанын: 

-14-пунктунун үчүнчү абзацындагы «эмитирленген» деген сөз «чыгарылган» дегенге алмаштырылсын;  

- 14-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«система чыгарылган электрондук акча көлөмүнүн кеминде 35%ын ээлейт;» 

- төмөнкү мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын: 

 

 

«15-1. Эгерде ага карата келтирилген төмөнкү критерийлердин жок деген үчөөсү колдонулган болсо, юридикалык жак статусу боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылат:  

- календардык жылдын акыркы алты ай аралыгында улуттук валютада төлөмдөрдүн/которуулардын санынын жана/же көлөмүнүн кеминде 35%ын иштеп чыкса;  

- Кыргыз Республикасындагы бардык аралыктан орнотулган жабдуулардын 35%дан ашыгы туташтырылган болсо;  

- катышуучулар саны Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кеминде 50%ын түзсө;   

- банктык төлөм карттары менен транзакциялардын кеминде 35%ы иштеп чыкса;  

- чыгарылган электрондук акча көлөмүнүн кеминде 35%ын тейлөөгө алса;  

- система календардык жылдын акыркы алты ай аралыгында акча каражаттарынын которууларынын жалпы санынын кеминде 35%ын иштеп чыкса;  

- төлөмдөрдү иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылса;  

- системада келип чыккан тобокелдиктер калайык-калктын төлөм системаларына, нак жана нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр каражаты катары улуттук валютага карата ишениминин деңгээлине таасир этсе.» 

4) 7-главасынын: 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Улуттук банк системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын ишинин Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө жана эл аралык стандарттарга ылайык келишине баа берет, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин бул талаптарга дал келишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт.»; 

- 17-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү пунктча менен толукталсын:  

- «орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсү жана 3-тиркемеде көрсөтүлгөн колдонулуучу стандарттарды так сактоосу.». 

5) 8-главасынын: 

- 23-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракетти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдарынын, анын ичинде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын талаптарын бузууга жол берүүлөрдүн аныкталышына жараша, Улуттук банк эскертүү жөнөтөт жана/же төмөнкүдөй чараларды колдонот:  

1) жазма буйруу; 

2) айыптык санкциялар; 

3) лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу же лицензиада каралган төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөрдү белгилөө

4) лицензияны кайтарып алуу.» 

 

6) Саясат төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-июлундагы №38/4  

токтому менен бекитилген, 

«Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасына көзөмөлдүк 

(оверсайт) боюнча саясатты  

бекитүү жөнүндө»  

токтомуна 3 тиркеме.  

 

«Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырууда пайдалануучу төлөм системалары жагында эл аралык стандарттар» 

 

Орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлерине баа берүү үчүн 

суроолор тизмеги 

 

1-сунуш-көрсөтмө.  

Тобокелдиктерди аныктоо жана тескөө.  Маалыматтык технологиялар жана билдирүүлөр менен алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр провайдери (мындан ары кызмат көрсөтүүлөр провайдери) аларга сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө таандык олуттуу операциялык жана финансылык тобокелдиктерди аныктоого жана тескөөнү жүзгөн ашырууга жана ушул тобокелдиктерди тескөө процессинин натыйжалуулугун камсыз кылуу сунуш кылынат.  

 

2-сунуш-көрсөтмө.  

Маалыматтык коопсуздук. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери талаптагыдай принциптерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу жана аны колдонуу, маалыматтардын купуялуулугун жана бүтүндүгүн, ошондой эле анын финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзүлгөн келишим шарттарынын аткаруу максатында, аларга сунушталуучу орчундуу кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгү үчүн жетиштүү ресурстарды бөлүп берүү сунуш кылынат.  

 

3-сунуш-көрсөтмө.  

Ишенимдүүлүк жана туруктуулук. Кызмат көрсөтүүлөр провайдери талаптагыдай принциптерди жана жол-жоболорду колдонуу, аларга сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү ресурстарды бөлүп берүү сунушу кылынат. Андыктан ал тарабынан иштелип чыккан иш үзгүлтүксүздүгү жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу пландары иштен чыккан учурда маанилүү кызмат көрсөтүү өз убагында кайра сунушталышын камсыз кылууга тийиш. Мында, сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр анын финансы рыногунун инфраструктурасы менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүсү зарыл.  

 

4-сунуш-көрсөтмө.  

Технологиялык пландаштыруу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдерине колдонулуучу технологиялардын бүтүндөй иш ыргагында пландаштыруунун, ошондой эле технологиялык стандарттарды тандоонун ишенимдүү ыкмаларын колдонуу сунуш кылынат.  

 

5-сунуш көрсөтмө.  

Пайдалануучулар менен билдирүү алмашуу. Кызмат көрсөтүүлөр провайдерине өз пайдалануучулары үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана алар тарабынан кызмат көрсөтүү провайдерин пайдаланууга байланыштуу орун алышы ыктымал тобокелдиктерди тескөө жагында өз милдеттерин так түшүнүүгө мүмкүн кылган жетиштүү маалыматты берүү сунуш кылынат.».