Долбоор 

 

«Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана  

толуктоолор» 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы №51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө” нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө” нускоодо: 

- нускоонун аталышында «шайкештик» деген сөз «жетиштүүлүгү (шайкештиги)» деген сөздөр менен толукталсын; 

капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги)- нускоонун бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «капиталынын шайкештик» деген сөздөрдүтиешелүү жөндөмөлөрдөгү “капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;;  

- нускоонун 5-пунктунун б) пунктчасындагы «(өздүк каражаттар)» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «өздүк (регулятивдик) капиталдын (өздүк каражаттардын)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 12-пунктунда “сатып алууга жана” деген сөздөр алынып салсын; 

- 15-пунктунун б) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«“оминалдан үстөк салынган капитал” - жөнөкөй акциялардын сатуу баасы менен аларды баштапкы жайгаштыруудагы номиналдык нарк ортосундагы айырма. Банктын акцияларын эмиссия учурнда номиналдан үстөк салынган капиталдан акцияларды жайгаштыруу, каттоодон өткөрүү жана банктын акцияларынын бланктарын кагазга чыгарып басууга кеткен типографиялык чыгашалардын ордун жабуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

Номиналдан үстөк салынган капитал дивиденд түрүндө акционерлерге бөлүштүрүлүүгө тийиш эмес. 

Улуттук банктын уруксаты менен номиналдан үстөк салынган капитал уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткаруу максатында банктын уставдык капиталын чоңойтуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

Банк төмөнкү учурларда гана өздүк акцияларын сатып алууга укуктуу: 

- банк менен  ошол учурда иш алып барып жаткан акционерлер ортосунда алдына ала келишим түзүлгөн шартта, мурда сатылып алынган акцияларды акционерлерге кыйла жогорулатылган баада андан ары сатуу максатында; 

- өздүк акцияларды сатып келишимин кабыл алганга чейинки акыркы 5 (беш) жыл аралыгында банк пайда алуу менен иштеген болсо; 

- 29-пункттун «Кредиттик конверсия фактору - 100%» деп аталган бөлүгүнүн г) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер;»; 

пункт төмөнкү мазмундагы д) пунктчасы менен толукталсын: 

«д) жогоруда белгиленген категорияга кирбеген баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер.»; 

- 40-пункт төмөнкү мазмундагы е) пунктчасы менен толукталсын: 

«е) Улуттук банктын талабына ылайык, потенциалдуу жоготуулар жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүлбөсө же жетиштүү эмес өлчөмдө түзүлгөн болсо.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-декабрындагы №41/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан ачык валюта позиция лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар тарабынан ачык валюта позиция лимиттеринин сакталышы тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 1.1-пункту күчүн жоготуу катары таанылсын; - 3.1.1-пунктунун а) пунктчасындагы «Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө болуп саналган жана/же .... өлкөлөрдүн валютасы үчүн» деген сөздөр алынып салынсын; 

- «III. Ачык валюта позицияларынын лимиттери» деп аталган глава төмөнкү мазмундагы 3.6-пункт менен толукталсын: 

«3.6. Эгерде банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс чыкса же нөлгө барабар болсо, анда банк ар бир валюта боюнча таза валюта позицияларын Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлгө (жабык позиция) ылайык келтирүүгө тийиш»; 

- 4.1-пунктундагы «белгиленген тартипте» деген сөздөр «саат 09.00гө чейин» дегенге алмаштырылсын; 

- 5.1-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 6.2-пункттун алтынчы абзацындагы «контр-агенттер» деген сөз «контрагенттердин» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

 

 

 

«1-тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине  

ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча 

ачык валюта позициялары тиешелүү 

20___-жылдын “____” ___________ карата 

абал боюнча күндөлүк отчет 

______ жылдын карата абал боюнча ТСК: _______ миң сом 

 

Валюта түрү  

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом  

Анын ичинде: 

Бүткөрүлбөгөн спот- бүтүмдөр боюнча калдыктар  

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%)  

Баланс  

Баланстан тышкары  

Сатуу 

Сатып алуу 

 

 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

Суммардык ачык валюта позициясы:  

  

 

  

  

  

Аты-жөнү:_____________________ Кызмат орду ___________________ Күнү________________»; 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-тиркеме 

20_-жылдын "___" ______ карата 

абал боюнча ачык валюта позициялары (АВП) тууралуу 

жыйынтыкталган күндөлүк отчет 

______ жылдын карата абал боюнча ТСК: _______ миң сом 

 

Валюта түрү  

Улуттук банктын эсептик курсу 

АВПнын өлчөмү (миң сом  

Анын ичинде: 

Бүткөрүлбөгөн спот- бүтүмдөр боюнча калдыктар  

АВПнын өлчөмү (% ТСКга карата) 

Лимит нормасынан четтөө (%)  

Баланс  

Баланс тан тышкары  

Сатуу 

Сатып алуу 

  

  

  

  

  

 

 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

  

  

 

  

  

  

  

  

 

  

  

Суммардык ачык валюта позициясы:  

  

 

  

  

 

Аты-жөнү:_____________________ Кызмат орду ___________________ Күнү________________». 

 

 

 

 

 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 25-ноябрындагы №47/3 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобо төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

1-ГЛАВА. Жалпы жоболор 

1.Бул Жободо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын (мындан ары текст боюнча - ислам банкы) жана «'ислам терезесине» ээ банктардын финансылык отчетторунун курамы, мазмуну жана аларды түзүүнүн негизги эрежелери аныкталган. 

2. Ислам банкынын финансылык отчету отчеттук мезгил ичиндеги финансылык абалды жана иш жыйынтыгын структуралык чагылдырууну түшүндүрөт. 

3. Ислам банкынын финансылык отчету анын финансылык абалын туура чагылдырууга тийиш жана Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) стандарттарына ылайык келиши зарыл, ал эми белгилүү бир стандарттар жок болсо банк, алар Шариаттын AAOIFI тарабынан бекитилген стандарттарына каршы келбеген шартта, ФОЭСтин стандарттарын колдонушу мүмкүн. 

4. Ислам банкынын финансылык отчетунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат: 

-1) ислам банкынын финансылык абалы, ишинин финансылык натыйжалары жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө мезгил-мезгили менен отчетторду берип туруу аркылуу, пайдалануучулар экономикалык чечимдерди кабыл алуусунда керектүү болгон так маалыматтарды чагылдыруу; 

2) активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептердеги каражаттар, капитал, кирешелер жана чыгашалар (пайдаларды жана чыгымдарды кошо алганда), жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматтарды берүү

3) ислам банкы тарабынан Шариат принциптеринин сакталып жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле, эгерде ага жол берилген болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялар боюнча алынган пайдаларды жана чыгымдарды тескөөгө алынышына тиешелүү маалыматтарды кошо алганда, ислам банкы тарабынан Шариат принциптерин сактоо үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды чагылдыруу. 

5. Ислам банкынын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатынын курамы Ислам банкынын финансылык отчетторду түзүү тартибин камтууга тийиш. 

6. Бул Жобонун талаптары «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык убактылуу администрация режиминде турган ислам банктарына таркатылбайт. 

2-ГЛАВА. Финансылык отчетко карата жалпы талаптар жана анын курамы 

7. Финансылык отчет пайдалануучулар үчүн бардык зарыл болгон шайкеш, жана так маалыматтарды камтууга тийиш. 

8. Ислам банкынын финансылык отчету өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

1) финансылык абалы жөнүндө отчет;   

2) чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3) өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

4) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет;   

5) Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет 

6) Шариат кеңешинин корутундусу; 

7) эсептик саясат жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр;  

8) салыштыруу үчүн алынган мезгилдин башталышына карата абал боюнча финансылык абалы тууралуу отчет. 

Финансы отчетуна карата түшүндүрмө тил каты (чечмелөөлөр) кыска жана так болууга тийиш, эгерде бул зарыл болсо, финансылык отчеттун тиешелүү статьясына шилтеме келтирүү менен чагылдырылууга тийиш.Финансылык отчетко кошо тиркелген түшүндүрмө тил каты (чечмелөөлөр) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

9. Финансылык отчеттун максаттарында, ислам банкы үчүн отчеттук мезгили болуп, календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил саналат. 

10. Жаңы түзүлгөн ислам банкы үчүн мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгил, алгачкы отчеттук жыл болуп эсептелет. 

11. Ал эми 1-октябрдан кийин түзүлгөн ислам банкы үчүн мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил алгачкы отчеттук жыл болуп эсептелет. 

12. Ислам банкынын отчеттук мезгил аралыгы өзгөрүүгө дуушар болгон өзгөчө жагдайларда, финансылык отчет бир жылдан узагыраак же ага жетпеген мезгил үчүн бериле турган болсо, ислам банкы финансылык отчетко карата кошумча чечмелөөлөрдү берүүгө тийиш: 

1) белгиленгенден айырмаланган кыйла узак же кыйла кыска мезгилде пайдалануу себебин; 

2) финансылык отчетто берилген суммаларды толугу менен салыштырууга болбойт. 

Эгерде башкы жана туундуу компаниянын отчеттук күндөрү дал келбесе, анда туунду компания консалидация максаттары үчүн кошумча финансылык отчет даярдайт. 

13. Ар бир олуттуу статья финансылык отчетто өзүнчө чагылдырылышы зарыл. Анчалык олуттуу болбогон суммалар ошондой эле мүнөздөгү же багыттагы суммаларга топтоштурулууга тийиш. Финансылык отчетту түзүү максаттарында, олуттуу статьялар ислам банкы тарабынан финансылык отчетту түзүү тартибинде Эсептик саясатта өз алдынча аныкталат жана эскертүүлөрдө чечмеленет. 

14. Финансылык отчеттун мазмуну жана формасы бир отчеттук мезгилден экинчисине ырааттуу (ырааттуулук принциби) колдонулат. 

15. Финансылык отчеттордогу статьяларды классификациялоо жана ачып көрсөтүү төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден экинчисине сакталууга тийиш: 

1) ислам банкынын операцияларынын мүнөзүнүн олуттуу өзгөргөндүгүнөн улам же финансылык отчетто алардын чагылдырылышына анализдөөлөрдү жүргүзүү учурунда өзгөртүүлөр орун алган жагдайлардын же операциялардын кыйла так берилишине алып келе тургандыгын далилдесе; 

2) өзгөртүүлөрдү чагылдырууну AAOIFI стандарттары талап кылса. 

16. Бухгалтердик отчеттун ар бир сандык көрсөткүчү, эгерде AAOIFI стандарттарында башкасына уруксат берилбесе же талап кылынбаса, өткөн отчеттук жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырылып чагылдырууга тийиш. Салыштыруу үчүн алынган маалыматтар өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетун түшүнүү үчүн ыңгайлуу болгон болсо, баяндоо жана түшүндүрмө бөлүгүндө камтылышы зарыл. 

17. Финансылык отчетто статьялардын классификациясы өзгөргөн болсо, салыштырма суммалар өтүп жаткан мезгилге салыштырып көрүүнүн камсыз кылуу үчүн кайрадан классификацияланууга тийиш. Мындан тышкары, кандай болбосун кайра классификациялоонун мүнөзү, сумма жана себептери ачып көрсөтүүнү талап кылат. Эгерде, салыштырма суммаларын кайра классификациялоо иш жүзүндө максатка ылайыксыз болсо, ислам банкы суммаларды кайра классификациялоо учурунда келип чыккан өзгөрүүлөрдүн себептерин жана мүнөзүн ачып көрсөтүүсү зарыл. 

18. Финансылык отчетто ислам банкынын Башкармасынын Төрагасынын жана башкы бухгалтеринин колу коюлууга, ошондой эле, ислам банкынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

19. Финансылык отчеттун формаларында жана аны түзүү күнүнө карата алар боюнча операциялар жүргүзүлбөгөн статьяларда «нөл» деген сандык маани көрсөтүлөт. 

20. Ислам банкынын финансылык отчету, эгерде белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимде башкасы көрсөтүлбөсө, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш. 

21. Финансылык отчеттогу каталарды оңдоо ислам банкынын Башкармасынын Төрагасы жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары жана оңдоолор киргизилген күндү көрсөтүү менен тастыкталууга тийиш. 

22. Ислам банкынын жетекчилиги финансылык отчеттордун даярдалышы жана берилиши үчүн жоопкерчиликтүү

23. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету анын бардык туунду, көз карандысыз жана байланыштуу компанияларынын финансылык отчетун камтууга тийиш. Мында банктык топтун катышуучулары башкы компания тарабынан сунуштала турган маалыматтын аныктыгына жана толуктугуна жооп берет. 

24. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүүдө башкы компания активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, кирешелердин жана чыгашалардын тиешелүү статьяларын бириктирүү аркылуу башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетторун ар бир сабы боюнча консолидациялайт.  

25. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматтар чечмеленүүгө тийиш:  

1) башкы компанияга тике же кыйыр түрүндө, туунду компания аркылуу 50% ашыгыраак добуш берүү укугу таандык болбогон учурда, башкы жана туунду компаниялардын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү;  

2) туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө үлүшкө ээ болуусу объекттин добуш берүүгө укугунун же потенциалдуу укугунун 50% жогору болушу себеби, алардын үстүнөн контролдукту өзүнө алууга алып келбейт.  

3) эгерде туунду компаниянын консолидацияланган финансылык отчетту даярдоодо пайдаланган отчеттук күнү же финансылык отчеттук мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттук мезгилинен айырмаланса:  

- туунду компаниянын финансылык отчеттук күнү;  

- башка отчеттук күн же мезгил аралыгы пайдаланылышы себеби;  

- туунду компаниянын башкы компаниянын каражаттарын акчалай түрүндө төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү же болбосо карыздарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгү жагындагы олуттуу чектөөлөрдүн мазмунун жана масштабын;  

- башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн анын үстүнөн контролдукту жоготууга алып келбеген өзгөрүүсүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капиталдын өлчөмүнө таасирин көрсөткөн таблицаны;  

- башкы компания туунду компанияга контролдук кыла албай калган учурда AAOIFI стандарттарына ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар (эгер болгон болсо) жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда банк AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген, ФОЭС стандарттарын пайдалана алат, анын ичинде:  

- мурдагы туунду компанияда сакталган, инвестицияга контролдук кыла албай калган күнгө карата адилет нарк боюнча таанылган кирешелердин же чыгашалардын бөлүгүн;  

- курамында киреше же чыгаша камтылган, чогуу алгандагы киреше жөнүндө консолидацияланган отчеттун статьясын (статьяларын) (эгерде ал чогуу алгандагы киреше жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө сунушталган болсо )  

26. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчетунда бирдиктүү экономикалык уюм катары банктык топ тууралуу финансылык маалымат сунушталышы үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл:  

- башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы үлүшүн алып салуу;  

- консолидацияланган туунду компаниялардын отчеттук мезгил ичинде пайдага же чыгымга катышуунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) аныктоо;  

- консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдердеги контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын алардагы үлүшүнөн өзүнчө аныктоо. Таза активдерде катышуунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат:  

- бизнести бириктирүүнүн баштапкы күнүнө карата катышуунун контролдукка алынбаган үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү;  

- бизнес бириктирилген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө катышуунун контролдукка алынбаган үлүшү.  

27. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топ ичиндеги эсептешүүлөр, бүтүмдөр, кирешелер жана чыгашалар боюнча калдыктар толугу менен алынып салынууга тийиш.  

28. Туунду компаниянын финансылык отчетун консолидацияланган финансылык отчеттон алып салууга болбойт, анткени анын иши банктык топтун башка катышуучуларынан айырмаланып турат.  

29. Инвесторлор катары тобокелдиктүү капитал, өз ара фондулар, траст же тиешелүү түзүмдөр менен иш алып барышкан уюмдар катышкандыктан, туунду компаниянын финансылык отчетун консолидацияланган финансылык отчеттон алып салууга болбойт. 

30. Башкы компания менен туунду компаниянын өз ара мамилелери алардын ортосунда операциялар ишке ашырылгандыгына же ишке ашырылбагандыгына көз карандысыз, милдеттүү түрдө финансылык отчетто чагылдырылууга тийиш. 

31. Эгерде бул башкы компаниянын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду компаниясы консолидацияланган финансылык отчетту Улуттук банктын талаптарына жана AAOIFI стандарттарына, ал эми белгилүү бир стандарттар жок болсо, ФОЭСке ылайык түзүп, сунуштаган болсо, жана бул AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, анда башкы компания консолидацияланган финансылык отчет берүүдөн бошотулат.  

32. Туунду, биргеликте контролдонуучу жана ассоциациаланган уюмдарга инвестициялар AAOIFI стандарттарына ылайык, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген шартта, ФОЭСке ылайык консолидацияланган финансылык отчетто көрсөтүлөт. 

3-ГЛАВА. Финансылык абалы жөнүндө отчет 

33. Финансылык абал жөнүндө отчетто бухгалтердик баланс боюнча активдер жана милдеттенмелер алардын салыштырмалуу ликвиддүүлүгү чагылдырылган тартипте, алардын мүнөзү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн басаңдоо деңгээлине же төлөө мөөнөттөрүнө жараша). 

34. Финансылык абалы жөнүндө отчет ислам банкынын активдерин, анын милдеттенмелерин, инвестициялык эсептердеги каражаттарын жана капиталын камтууга тийиш. 

35. Активдер статьясы, эгерде AAOIFI стандарттары аны талап кылган же уруксат берген учурларды эске албаганда жана эскертүүлөрдө бул фактыларды ачыктоо менен, Финансылык абалы жөнүндө отчеттогу милдеттенмелер статьясы менен жана тескерисинче өз ара чегерилишүүгө жатпайт. Ал эми белгилүү бир AAOIFI стандарттар жок болсо банк, алар Шариаттын AAOIFI тарабынан бекитилген стандарттарына каршы келбеген шартта, ФОЭСтин стандарттарын колдонушу мүмкүн. 

36. Финансылык абалы жөнүндө отчетто Улуттук банк башка банктар менен акча рыногу боюнча башка өнөктөштөр жана кредиторлор, кардар/өнөк менен өз ара мамилелер, алардын өз ара байланыштуулугун туура чагылдыруу максатында, өзүнчө чагылдырылышы зарыл. 

37. Банк, финансылык абал жөнүндө отчетто же өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто же болбосо Эскертүүлөрдө төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүүгө тийиш:  

1) акционердик капиталдын ар бир классы үчүн:  

- чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны;  

- чыгарылган жана толук төлөнгөн, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны;  

- акциялардын номиналдык наркы же номиналдык наркка ээ эмес акцияларды көрсөтүү;  

- мезгилдин башына жана акырына карата жүгүртүүдөгү акциялардын санын тууралоо;  

- тиешелүү класс менен байланыштуу болгон укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө жана капиталды төлөөгө карата чектөөлөр;  

- банктын, банк же анын туундуу же ассоциацияланган компаниялары тарабынан кармап калуучу акциялары;   

2) өздүк капитал чегинде ар бир камдын мүнөзүн жана максаттарын көрсөтүү.  

38. Банк, финансылык абал жөнүндө отчетто же ага карата Эскертүүлөрдө ушул банктын операцияларына ылайык классификацияланган ар бир берилген статьялардын андан аркы классчаларын ачып көрсөтүүгө тийиш. 

39. Финансылык абал жөнүндө отчетто банктарга жана кардарларга кредиттик тобокелдикти  камтыган  активдерден жана финансылык ижарадан тышкары бардык активдер нетто-негизинде чагылдырылууга тийиш (алар боюнча тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен). Кредиттик тобокелдикти  камтыган  активдер жана финансылык ижара номиналда активдердин бул топтору боюнча түзүлгөн РППУну көрсөтүү менен чагылдырылат.  

40. «Финансылык абалы жөнүндө отчет» формасынын аталышы «20__-жылдын «__» ___________ (аны кошо алганда) карата Финансылык абалы жөнүндө отчет» деп баяндалышы зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акырына карата дата көрсөтүлөт. 

41. Финансылык абалы жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептер жана капитал боюнча аралык жыйынтыктар чагылдырылышы зарыл. 

42. Инвестициялык эсептер жана алардын эквиваленттери боюнча натыйжалар Финансылык абалы жөнүндө отчетто ислам банкынын милдеттенмелери менен капитал ортосундагы өзүнчө статья катары берилиши зарыл. 

4-ГЛАВА. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

43. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто ислам банк ишинин иш натыйжасынан алынган кирешелер жана келип чыккан чыгашалар, мүнөзүнө жараша топтоштурулуу менен кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш. 

44. Төмөнкү учурларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегеришүүгө жатпайт: 

- AAOIFIнин стандарттары буга уруксат берсе; же 

- ушундай эле же ошого окшош жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайдалар, чыгымдар жана аны коштогон чыгашалар олуттуу болбосо. Мындай суммалар чогуу алынуу менен Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто чагылдырылат. 

45. Ислам банкы Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетунда же финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тил катында (чечмелөөлөрдө) ислам банкынын кирешелеринин жана чыгашаларынын мүнөздөрүнө негизденген классификацияны пайдалануу менен кирешелерге жана чыгашаларга анализдөөлөрдү чагылдырууга тийиш. 

46. Ислам банкы Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетуна карата түшүндүрмө тил катында (чечмелөөлөрдө) финансылык отчетто камтылган мезгил үчүн жарыяланган же сунушталган акцияларга дивиденддердин суммасын чагылдырууга тийиш. 

47. «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчеттун» аталышы «200_-жылдын «__» ___________ (аны кошо алганда) карата Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчету» деп баяндалышы зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акырына карата дата көрсөтүлөт. 

48. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто капиталдан кирешелер, сарптоолор, ислам банкы жана инвестициялык эсеп ээлери тарабынан алынган пайдалар жана чыгымдар, өзүнчө чечмеленип берилген маалыматтар чагылдырылууга тийиш. 

1) сатып өткөрүүдөн жана инвестициялардан (каржылоодон) кирешелер; 

2) сарптоолор жана инвестициялардан (каржылоодон) жоготуулар; 

3) инвестициялардан (каржылоодон) таза пайда (жоготуулар); 

4) инвестициялык эсеп ээлеринин ислам банкынын мудариб катары алган пайдасындагы инвестициялардан (каржылоодон) пайдасындагы (чыгымдарындагы) үлүшү

5) ислам банкынын инвестициялардан (каржылоодон) пайдадагы (жоготуулардагы) үлүшү

6) ислам банкынын мудариб катары чектелбеген инвестициялардан кирешелердеги үлүшү

7) ислам банкынын мудариб катары чектелген инвестициялардан пайдадагы үлүшү

8) эгерде болгон болсо, инвестициялык агент катары ислам банкы үчүн төлөөлөрдүн белгиленген өлчөмү

9) эгерде алар болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялардын натыйжасында алынган кирешелер (чыгашалар); 

10) сатып өткөрүүдөн алынган башка кирешелер, сарптоолор, пайдалар жана чыгымдар; 

11) жалпы жана административдик сарптоолор; 

12) салыктарды төлөгөнгө чейинки таза пайда (жоготуу); 

13) салыктар (өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш); 

14) таза пайда (жоготуу). 

 

5-ГЛАВА. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

49. Ислам банкынын акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет отчеттук мезгил ичиндеги акча каражаттарынын жана анын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматтарды аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификациялоо менен чагылдырууга тийиш. 

50. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто нак акчанын жана бир мезгилдин баш жагына жана акырына карата акча наркына теңештирилген каражаттардын таза көбөйүүсү (кыскаруусу) чагылдырылууга тийиш. 

51. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөлөрдү талап кылбаган же акча каражаттарынын же болбосо нак акчага теңештирилген каражаттардын (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддер же ислам банкынын акцияларындагы үлүштүн ордуна активдерди сатып алуулар) түшүүсүнө алып келбеген суммалардын башка которулушу чагылдырылууга тийиш. 

52. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетко карата ислам банкынын каражаттарынын компоненттерине жана акча каражаттарына теңештирилген каражаттарга карата саясаты кошо тиркелүүгө тийиш, ал Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту даярдоо үчүн негиз катары колдонулат. 

6-ГЛАВА. Өздүк капиталдагы өзгөртүүлөр жөнүндө отчет  

53. Ислам банкы Өздүк капиталдагы өзгөртүүлөр жөнүндө отчетту берүүгө тийиш жана анда төмөнкүлөр чагылдырылуусу зарыл: 

1) төлөнгөн капитал, ислам банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана ислам банкынын ыктыяры боюнча өзүнчө түзүлгөн камдар жана отчеттук мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданы, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайданын суммасын, мүмкүн болгон жерде өзүнчө чагылдыруу менен; 

2) отчеттук мезгил ичиндеги капиталдык мүнөздөгү операциялар жана ислам банкы тарабынан ишке ашырылган бөлүштүрүүлөр; 

3) отчеттук мезгил ичиндеги таза пайда (чыгым); 

4) ислам банкы тарабынан мыйзам актыларынын талабына ылайык, отчеттук мезгил ичинде түзүлгөн камдардын жана анын ыктыяры боюнча түзүлгөн башка камдардын көбөйүүсү (кыскаруусу). 

54. Ислам банкынын бөлүштүрүлбөгөн пайда отчетунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) бир мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды, мүмкүн болгон жерде өзүнчө чечмелеп берүү менен; 

2) отчеттук мезгил ичиндеги алынган таза пайда (чыгым); 

3) банк тарабынан мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн камдарга жана анын ыктыяры боюнча түзүлгөн башка камдарга чегерүүлөр; 

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге тиешелүү болгон суммалар; 

5) отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды, мүмкүн болгон жерде өзүнчө чечмелеп берүү менен. 

7-ГЛАВА. Финансылык отчетко эскертүүлөр 

55. Ислам банкынын Финансылык отчетко эскертүүлөрүндө жарыяланган финансылык отчеттордо келтирилбеген төмөнкү маалыматтар ачык көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) ислам банкынын аталышын; 

2) ислам банкы каттоодон өткөн өлкө

3) ислам банкынын уюштурулган датасы жана анын уюштуруучу укуктук формасы; 

4) ислам банкынын башкы офиси жана анын ар бир өлкөдө иштеп турган туунду компанияларынын жайгашкан жер; 

5) ислам банкынын иш мүнөзү жана уставда каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрү

6) финансылык отчеттору алар каттоодон өткөн өлкөдөгү ислам банкынын отчеттору менен ылайык келбеген, ислам банкынын туунду компанияларынын аталышы, ислам банкынын ар бир туунду уюмунун ишине катышуу үлүшү, алардын иш мүнөзү жана финансылык отчетторун ислам банкынын жыйынтыкталган финансылык отчетторунан алып салуу себептери; 

7) ислам банкынын башкаруучу компанияларынын, ошондой эле эгерде болгон болсо, алардын филиалдарынын аталыштары; 

8) Шариат кеңешинин ислам банкынын ишиндеги ролу жана анын ыйгарым укуктары; 

9) каттоодон өткөн өлкөдөгү жана ислам банкынын филиалдары болгон башка өлкөлөрдөгү салык салуу эрежелери. Эгерде ислам банкы каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө салык жеңилдиктеринен пайдаланган болсо, салык жеңилдиктери каралган мезгил аралыгын жана салык жеңилдиги колдонулуучу мезгилдин калган бөлүгүн көрсөтүү зарыл. 

56. Банктын Финансылык отчетко эскертүүлөр системага салынган түрдө чагылдырууга тийиш. Финансылык абалы жөнүндө отчеттун, Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчеттун жана Акча-каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттун ар бир статьясы боюнча, аларга тиешелүү кандай болбосун маалыматтарга шилтемелер келтирилүүгө тийиш. 

57. Ислам банкынын финансылык отчетко эскертүүлөрүндө эсепке алуу саясатынын бөлүгүндө төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) ислам банкы тарабынан финансылык отчетторду даярдоо жана кабыл алуу принциптери, негиздемелер, эрежелер жана ыкмаларды камтыган эсепке алуу саясатынын аныктамасы; 

2) финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо колдонулган, так жана кыскача баяндалган эсепке алуу саясаты; 

3) финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин чагылдыруу ыкмалары; 

4) белгилүү бир транзакциялар менен окуялардын өткөндөгү жөнөкөй транзакциялар менен окуяларды салыштырып көрүүдө айкын айырмачылыктын келип чыгышынан улам, жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

5) алгач ирет келип чыккан же өткөндө болуп өтүп, бирок олуттуу мааниге ээ болбогон транзакциялардан же окуялардан улам, жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

6) өткөн мезгилдеги финансылык отчетунун статьяларын классификациялоого салыштырганда, өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун пункттарын классификациялоодогу өзгөрүүлөр; 

7) инвестициялык эсеп ээлери менен мудариб же өз акча каражаттары менен инвестицияларга катышкан же катышпаган инвестициялык менеджер катары ислам банкынын ортосунда инвестициялардан (каржылоодон) түшкөн пайданы (чыгымды) бөлүштүрүү үчүн ислам банкы тарабынан колдонулган ыкмалардын чагылдырылышы. 

58. Эсепке алуу саясатында өзгөрүүлөр, анын ичинде өтүп жаткан же мурдагы мезгилдер үчүн финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген бирок, келечекте таасир этиши мүмкүн болгон өзгөрүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

59. Эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, жаңы саясат ретроспективдүү, башкача айтканда ислам банкы алардын канчалык деңгээлде жүзөгө ашырылышына жараша акыркы мезгил үчүн финансылык отчетторду түзүү аркылуу, өткөн мезгилдер үчүн салыштырма маалыматтарга карата колдонууга тийиш. 

60. Эгерде ага жол берилген болсо, өткөн мезгил үчүн финансылык отчеттордон табылган каталар, ката табылган бардык мезгил үчүн финансылык отчетторду жаңыдан түзүү аркылуу оңдолууга тийиш. 

Алгачкы мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, чагылдырылбаган бирок алардан каталар табылган мезгилдеги каталардын оңдолушунун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

61. Кошумча маалыматтарды ачып көрсөтүү диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана өткөндөгү жана отчеттук мезгилдеги маалыматтардын көчүрмөлөрүнүн жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн. 

62. Ислам банкынын финансылык отчетуна карата түшүндүрмөлөрдө төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) ислам банкынын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамында аныкталган кызмат адамдары жөнүндө

2) ислам банкынын кызмат адамдарынын тууган-туушкандары жөнүндө

3) ислам банкына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же анын ишин тескөөнү жүзөгө ашырган кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жактар жөнүндө

4) ислам банкынын туунду жана/же караштуу компаниялары жана башка филиалдары жөнүндө маалыматтар; 

5) отчеттук мезгил ичинде зекет фондусунун жана кард, албетте болгон болсо, каражаттарынын AAOIFI стандарттарына ылайык түптөлүү булактары жана алардын пайдаланылышы тууралуу маалыматтар. 

63. Финансылык отчеттуулукка карата эскертүүлөрдө өзүнө  кредиттик тобокелдикти  камтыган  активдер, банктарга жана кардарларга/өнөктөштөргө номиналдык суммасын көрсөтүү менен финансылык ижара,   банк тарабынан сунушталган, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер,  алар боюнча түзүлгөн РППУ өлчөмү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин наркына тиешелүү маалыматтар милдеттүү түрдө чечмеленип көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, түзүлгөн РППУ өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык чагылдырылууга тийиш. 

Мындан тышкары, банк AAOIFI (жөнгө салынбаган AAOIFI боюнча ФОЭС боюнча) стандарттарынын алкагында пайда жана регулятивдик отчет боюнча пайда жөнүндө маалыматты да милдеттүү түрдө ачык көрсөтүүгө тийиш. 

 

8-ГЛАВА. «Ислам терезесине» ээ банктын отчеттору 

64. «Ислам терезесине» ээ болгон банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту банктын консолидацияланган финансылык отчетуна карата тиркеме түрүндө түзүүгө жана сунуштоого тийиш. 

65. «Ислам терезесине» ээ банктын анын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатында «ислам терезесине» ээ банктын финансылык отчетун түзүү тартибинин өзүнчө курамы камтылууга тийиш. 

66. «Ислам терезесине» ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталуучу  кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкү финансылык отчеттордон турат: 

1) финансылык абалы тууралуу отчет;   

2) чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет;  

4) Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

5) Шариат кеңешинин корутундусу;  

6) эсептик саясат жана финансылык отчетко эскертүү

9-ГЛАВА. Финансылык отчетту берүү жана жарыялоо тартиби, мөөнөттөрү 

67. Күнүмдүк, айлык жана чейректик отчетту сунуштоо тартиби, мөөнөтү, ошондой эле финансылык отчетту жарыялоо банктар тарабынан Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жободо белгиленген мөөнөттө жана тартипте ишке ашырылат. 

 

 

10-ГЛАВА. Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет 

68. Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында берилет. 

11-ГЛАВА. Шариат кеңешинин корутундусу 

69. Шариат кеңешинин корутундусунда операциялардын отчеттук мезгил ичинде шариат принциптерине ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган маалыматтар камтылууга тийиш. 

70. Шариат кеңешинин корутундусу ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында берилет. 

 

12-ГЛАВА. Эң баштапкы салыштырма мезгилдин башталышына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет 

71. Эң баштапкы салыштырма мезгилдин башталышына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет банк эсептик саясатты ретроспективдүү негизде кабыл алган же AAOIFI стандарттарына, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген шартта, ФОЭСке ылайык, өз финансылык отчетунда ретроспективдүү кайра эсептөөлөрдү жүргүзүп, статьяларды кайра квалификациялаган учурда түзүлөт. 

13-ГЛАВА. Корутунду жоболор 

72. Финансылык отчетто сунушталган маалыматтардын аныктыгына банк Башкармасынын төрагасы жоопкерчиликтү болот. Банктын башкы бухгалтери бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын отчетто туура чагылдырылышына жана бухгалтердик эсепке алуу регистрлеринин жана финансылык отчеттун талапка ылайык сакталышына жооп берет.  

73. AAOIFIге өзгөртүүлөр жана толуктоолор жарыяланганда жана колдонууга киргизилгенде алар банк тарабынан ушул Жобого карата толуктоо катары пайдаланылууга тийиш.  

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө 20_____-жылдын __________карата отчет 

________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы жана анын жайгашкан орду) 

 

 

Аталышы 

Отчеттук мезгил 20XX-ж. 

Өткөн мезгил 20YY-ж. 

 

Баштапкы сальдо  

 

 

Кард хасан 

 

 

Кард хасанды сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Кард каражаттарынын булактары 

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шариат стандарттарына ылайык келбеген, кирешелерди бөлүштүрүү 

 

 

Банктын ишинен тышкары алынган, каражаттар 

 

 

Жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн, бардыгы болуп сумма 

 

 

 

Кард каражаттарын пайдалануу 

 

 

Билим берүү максаттарына кард хасан  

 

 

Чакан бизнес үчүн кард хасан  

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептешүүлөр  

 

 

10 

Бардыгы болуп, жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын суммасы 

 

 

 

Жылдын акырына карата сальдо  

 

 

11 

Кард хасан 

 

 

12 

Кард хасанды берүү үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Башкарманын Төрагасы (Жетекчи) 

___________________________________________ 

(Аты-жөнү, колтамгасы) 

  

 

Башкы бухгалтер  

___________________________________________ 

  

(Аты-жөнү, колтамгасы) 

 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

Шариат Кеңешинин корутундусу (үлгү

Биз, (аты-жөнү) .... (аты-жөнү) банкка (банктын/»ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктын аты көрсөтүлөт) келишимге ылайык, Шариат кеңешинин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мүчөлөрү болуу менен, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан  банктын (банктын/»ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктын аты көрсөтүлөт) операциялары _____ жыл ичинде Шариат стандарттарына ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктайбыз.   

  

Шариат кеңешинин атынан:  

  

(аты-жөнү) _________________________  

  

(аты-жөнү) _________________________   

…………………………………………. 

Бишкек ш.  

үнү)» 

 

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы №25/5 «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын жыйынтыгы боюнча «Экобанк» ААКсынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын жыйынтыгы боюнча «Экобанк» ААКсынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобо төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКсынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

1-ГЛАВА. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде иштелип чыккан. 

2. Пайдалануучулардын кеңири чөйрөсү үчүн экономикалык чечимдерди кабыл алууда зарыл болгон, ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялар боюнча банктын финансылык абалы жана финансылык натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүү, финансылык отчеттун максаты болуп саналат. 

3. Банк, ислам каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту консолидацияланган финансылык отчетко карата түшүндүрмө тилкатка тиркеме катары түзүүгө жана сунуштоого тийиш. 

4. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчет Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) ылайык келүүгө тийиш. 

5. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатынын курамында Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетун түзүү тартиби камтылууга тийиш. 

2 -ГЛАВА. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетуна карата жалпы талаптар 

6. «Ислам терезесине» ээ банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталуучу  кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкү финансылык отчеттордон турат: 

1) финансылык абалы тууралуу отчет;   

2) чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет;  

4) кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

5) Шариат кеңешинин корутундусу;  

6) эсептик саясат жана финансылык отчетко эскертүү

3-ГЛАВА. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчету берүү жана жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү 

7. Ислам каржылоо принциптерине ылайык, консолидацияланган финансылык отчеттун курамында банктын финансылык отчетун жарыялоо жана сунуштоо Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

8. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчетту берүү жана жарыялоодон тышкары, банк төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: 

- ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча ар айлык баланстык отчетту, ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту (ар айлык финансылык отчет); 

- ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча чейректик баланстык отчетту, ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту (чейректик финансылык отчет). 

Ислам каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчетту ар айлык жана чейректик негизде берүү жана жарыялоо, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

4-ГЛАВА. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык абалы тууралуу отчет  

9. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгына ылайык бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 6-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 

5-ГЛАВА. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

10. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 7-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 

6-ГЛАВА. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

11. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 8-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт.  

7-ГЛАВА. Кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет  

12. Кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат. 

8-ГЛАВА. Шариат Кеңешинин корутундусу 

13. Шариат Кеңешинин корутундусу ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында берилет. 

9-ГЛАВА. Ислам каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыктары боюнча финансылык отчетко эскертүүлөр 

14. Ислам каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыктары боюнча финансылык отчетко эскертүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 10-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 

 

 

«Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКсынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

Кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө 20_____-жылдын __________карата отчет 

________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы жана анын жайгашкан орду) 

 

 

Аталышы 

Отчеттук мезгил 20XX-ж. 

Өткөн мезгил 20YY-ж. 

 

Баштапкы сальдо  

 

 

Кард хасан 

 

 

Кард хасанды сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Кард фондунун каражаттарынын булактары 

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шариат стандарттарына ылайык келбеген, кирешелерди бөлүштүрүү 

 

 

Банктын ишинен тышкары алынган, каражаттар 

 

 

Жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн, бардыгы болуп сумма 

 

 

 

Кард фондунун каражаттарын пайдалануу 

 

 

Билим берүү максаттарына кард хасан  

 

 

Чакан бизнес үчүн кард хасан  

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептешүүлөр  

 

 

10 

Бардыгы болуп, жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын суммасы 

 

 

 

Жылдын акырына карата сальдо  

 

 

11 

Кард хасан 

 

 

12 

Кард хасанды берүү үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Башкарманын Төрагасы (Жетекчи) 

___________________________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

  

 

Башкы бухгалтер  

___________________________________________ 

  

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

«Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун чегинде жүргүзүлүп жаткан операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКсынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

Шариат Кеңешинин корутундусу (үлгү

 

Биз, (аты-жөнү) .... (аты-жөнү) банкка (банктын/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктын аты көрсөтүлөт) келишимге ылайык, Шариат кеңешинин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мүчөлөрү болуу менен, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан  банктын (банктын/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктын аты көрсөтүлөт) операциялары _____ жыл ичинде Шариат стандарттарына ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктайбыз.   

  

Шариат кеңешинин атынан:  

  

(аты-жөнү) _________________________  

  

(аты-жөнү) _________________________   

…………………………………………. 

Бишкек ш.  

үнү)»