«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» долбооруна 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токмомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтомунун долбоору (мындан ары токтомдун долбоору) ченемдик укуктук актыларда боштуктарды жоюу жана баалуу металлдар рыногунун өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.  

Токтомдун долбоору менен төмөнкү Улуттук Банк Башкармасынын токмомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет: 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 «Кыргыз Реcпубликасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу»; 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу»; 2005-жылдын 25-августундагы № 26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө». 

Токтомдун долбоору төмөнкүнү камтыйт: 

- баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүчү банктар үчүн баалуу металлдар боюнча ачык позициялардын лимиттерин белгилөө (К4.4, К4.5, К4.6) жана банктар тарабынан ачык баалуу металл түрүндөгү ачык позиция лимиттеринин сактоосуна талаптарын белгилөө

- баалуу металлдар менен операциялар боюнча ички контролдукту уюштуруу боюнча талаптарды аныктоо; 

- жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги каражаттарды ликвиддүүлүк ченем эсептерине кошуу; 

- көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрго байланыштуу Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына техникалык өзгөртүулөрдү киргизүү

Токтомдун долбоору түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашылган жана коомдук талкуу үчүн Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылат. 

 

 

 

Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

20__-жылдын __- ______№__/_  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй тоолуктолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 1.2-пункту төмөнкү мазмундагы 1.2.12-пунктча менен толукталсын: 

«1.2.12. Номиналдык нарк бул, Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын (LBMA) фиксинги боюнча келишилген бүтүм күнүнө карата эсептелинген баалуу металлдын (трой унциясында) наркы.»; 

- төмөнкү мазмундагы 1.5-пункт менен толукталсын: 

«1.5. Баалуу металлдар түрүндөгү акчалай активдер жана милдеттенмелер күн сайын Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын (LBMA) кайрадан баалоо жүргүзүлүүчү күнгө чейинки жумуш күнү белгиленген кечки фиксингинин негизинде кайрадан бааланууга тийиш.»; 

- 2.7-3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.7-3. Кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептеринен баалуу металлдарды кайтарып алуу, баалуу металлдарды башка жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине которуу, эсептерден баалуу металлдардын өзүн сыяктуу эле, номиналдык нарк боюнча акчалай туюндурулушунда (улуттук валютада) алуу, ошондой эле металл эсептеринде катталган баалуу металлдарды сатып алуу-сатуу бүтүмүнө келишүү аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.»; 

- 2.11-пункттагы «жана банк тарабынан бузууга жол берилген ченемдерди талапка ылайык келтирүү боюнча бардык чаралар көрүлүүгө тийиш» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 3.2-пункт төмөнкү мазмундагы 3.2.6-3.2.9-пунктчалары менен толукталсын: 

«3.2.6. Банк тарабынан баалуу металлдар түрүндө ички ачык позиция лимиттерин баалуу металлдардын ар бир түрү жана бүтүндөй бардык баалуу металл түрлөрү боюнча белгилөөсү

3.2.7. Контр-агенттердин ишенимдүүлүгү жөнүндө маалыматка карата минималдуу талаптарды, жүзөгө ашырылып жаткан операциялар тобокелдигинин жана контр-агенттер категорияларынын мүнөзүнө жана деңгээлине жараша белгилөө

3.2.8. Баалуу металлдар менен ишке ашырылган операцияларды текшерүүдө ички аудитке карата талаптарды белгилөө

3.2.9. Банк жана анын филиалдары үчүн баалуу металлдар менен операцияларды эсепке алуу жана отчет түзүү талаптарын белгилөө.»; 

- төмөнкү мазмундагы 3.3-пункт менен толукталсын: 

«3.3. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдар менен ишке ашырылган операцияларга мүнөздүү банктык тобокелдиктерге баа берүү, туунду финансылык инструменттер менен ишке ашырылган операциялардан улам тобокелдиктерге баа берүү сыяктуу жүргүзүлөт жана ошол эле учурда баалуу металлдарды нак формада сунуштоо каралган өзгөчөлүктөр эске алынат.»; 

- 4.3-пункттагы «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

-  4.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.5. Коммерциялык банк белгиленген лимиттерди бузууга жол берген учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» нускоого ылайык санкцияларды колдонууга укуктуу.» 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

- бүтүндөй текст боюнча «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позициясынын жана баалуу металлдар түрүндө ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө»; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- баш сөзү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары - Улуттук банк) ачык валюта жана баалуу металлдар түрүндө ачык позицияларды (мындан ары ачык позиция) эсептөө жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан коммерциялык банктардын ачык позиция лимиттерин сактоосуна контролдукту жүргүзүү боюнча ушул тартипти колдонууга киргизүүдө. Улуттук банк алдыга коюлган максатка жетүүсү жана милдеттерди аткаруусу үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул нускоодо белгиленген ачык валюта позициясынын маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн.  

Ушул ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби баалуу металлдар менен жана чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашыруу лицензиясына ээ бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат. 

Ички саясатты жана валюта тобокелдиктерин контролдоо жол-жоболорун иштеп чыгууда банк ушул нускоонун талаптарына таянууга тийиш.»; 

бүтүндөй текст боюнча «КРУБ» деген аббреватура тиешелүү жөндөмөдө «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын. 

- 1.3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Таза позиция бул, ар бир чет өлкө валютасы жана баалуу металл боюнча өз-өзүнчө (монета түрүндөгү баалуу металлдан тышкары, алтын, күмүш, платина), банктын баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы талаптары (активдери) жана милдеттенмелери ортосундагы айырма.»; 

- 1.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.4. Ачык позиция бул, банктын өзүнчө бир чет өлкө мамлекетинин (чет өлкө мамлекеттер тобунун) валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү жана банктын милдеттенмелеринин ошол эле чет өлкө валютасындагы/баалуу металл түрүндөгү талаптарынын дал келбей калышы, ал эми алар барабар болгон учурда позиция жабык катары саналат.  

Ар бир чет өлкө валютасы жана ар бир баалуу металл боюнча ачык позиция өз-өзүнчө эсептелинет. »; 

- 1.5-пункттагы: 

«тиешелүү валютада» деген сөздөр «/тиешелүү баалуу металл түрүндө» деген сөздөрдөн менен толукталсын; 

«ошол эле валютадагы» деген сөздөр «/ошол эле баалуу металл түрүндөгү» деген сөздөрдөн менен толукталсын; 

- 1.6-төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.6. Суммардык позиция бул, ушул нускоонун 2.5-пунктунда аныкталган «short hand» ыкмасын пайдалануу менен эсептелинген, банктын бардык чет өлкө валюталары же баардык баалуу металл түрлөрү боюнча жалпы таза позицияларынын суммасы.» 

- 1.7-төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.7. Ачык позиция лимиттери бул, ачык валюта позицияларынын (ар бир чет өлкө валютасы/ар бир баалуу металл түрү боюнча жана суммардык) банктын таза суммардык капиталына карата пайыздык катышта туюндурулган, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөр. Ачык валюта позицияларынын лимиттери, үтүр белгисинен кийин эки ондук белгиге чейин тегеректөө менен пайыздарда эсептелинет.»; 

- 1.8-пункттагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 1.9-пункттагы «валютага айландыруу күнү» деген сөздөр «, баалуу металлдын түрү, салмагы» деген сөздөр менен толукталсын; 

- II бөлүмдүн аталышындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 2.1-пункт төмөнку мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- ар бир баалуу металл түрү боюнча таза позицияларын;  

- баалу металл түрүндөгү суммардык позицияларын.»; 

- 2.2-пункттагы биринчи төртүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Таза позициялар төмөнкү көрсөткүчтөр суммасы катары ар бир чет өлкө валютасы жана ар бир баалуу металл түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет:  

- чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө таза спот-позиция. Бул өлчөм баланстык активдер менен баланстык милдеттенмелер ортосундагы айырма катары эсептелинет (анын ичинде 2 күнгө чейин валюталоо күнү менен аягына чыгарылбаган «спот» контракттар жана «СВОП» контракттардын бөлүгү болуп саналган «спот» контракттар). Мында активдер жана милдеттенмелер, таза баланстык нарк боюнча эсептерге кошулат.  

Эскертүү: Бул нускоонун максаттарында “СВОП” контракты дегенден улам, төмөнкүдөй эки бүтүмдүн: «спот» жана «форвард» контракттарынын бир эле суммага/баалуу металлдын салмагына («СВОП» контрактынын негизги суммасы) белгилүү бир мезгил ичинде бир эле контр-агент менен келишилген бүтүмдөрдүн айкалышын (комбинациясын) чагылдырган операцияны түшүнүү зарыл. 

- Чет өлкө валютасында/баалуу металл түрүндө таза форвард-позиция. Бул өлчөм «форвард» контрактылары боюнча талаптар жана милдеттенмелердин (фьючерстерди кошо алганда), ошондой эле «СВОП» контрактыларынын бөлүгү болуп саналган «форвард» контрактылары («СВОП» контрактынын негизги суммасы) ортосундагы айырма катары эсептелинет.»; 

- 2.3-пункттагы: 

«валюталык операциялар» деген сөздөр «жана баалуу металлдар менен операциялар» деген сөздөр менен толукталсын; 

«валюталык» деген сөз «таза» дегенге алмаштырылсын; 

- 2.4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Баалуу металлдар түрүндөгү таза позицияларды эсептөөдө баалуу металлдар сандык туюндурууда Лондон баалуу металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан эсептешүүгө чейинки күн ичинде кечки фиксинг боюнча Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий белгиленген АКШ долларындагы кросс-курс аркылуу сом түрүндө эсептелинет.»; 

- 2.5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.5. Суммардык позиция «short hand» ыкмасында эсептелинет. Так айтканда, эсептөө бардык узун таза валюта/баалуу металлдар боюнча позицияларын жана ар бир валюта/баалуу металлдын түрү боюнча бардык кыска таза позицияларды өзүнчө суммалоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Андан соң келип чыккан өлчөм бири-бирине салыштырылат (абсолюттук өлчөмдө) жана алардын ичинен эң чоң өлчөмү суммардык позиция лимитин эсептөөдө колдонулат.»; 

- III бөлүмдүн аталышындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.1-пункт төмөнкү мазмундагы 3.1.3-пунктча менен толукталсын; 

«3.1.3. Баалуу металлдарды сатып алуу-сатуу операцияларын жөнгө салуу максатында Улуттук банк коммерциялык банктар үчүн баалуу металл түрүндөгү ачык позиция лимиттерин белгилейт.  

а) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча ар бир баалуу металлдын түрү боюнча ачык узун/кыска позицияларынын өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 15% ашпоого тийиш; 

б) операциялык күндүн акырына карата абал боюнча баалуу металл түрүндөгү суммардык позиция өлчөмү чогуу алганда банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпоого тийиш.” 

- 3.2-пукттагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.3-пукттагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.4. Операциялык күн ичинде ачык позиция өлчөмү банк тарабынан валюта жана баалуу металлдар менен операциялардын жол берилген тобокелдик деңгээлине жеке баа берүүсүнө жараша өз алдынча контролдукка алынат. Мында, ар бир банк тобокелдик өлчөмүн күн ичинде Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген тобокелдикти тескөө боюнча ички саясатка ылайы кармап турууга тийиш.»; 

- 3.5-пунттагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 3.6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.6. Эгерде, банктын таза суммардык капиталынын өлчөмү терс мааниде же нөлгө барабар болсо, банк ар бир валюта/баалуу металл түрү боюнча таза позицияларды Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө нөлдүк мааниге жеткирүүгө тийиш (жабык позиция).”;  

- төмөнкү мазмундагы 3.7-пункт менен толукталсын: 

«3.7. Банкта жооптуу сактоодо жана күрөө катары жайгашкан баалуу металлдар банктын милдеттенмеси болуп саналбайт жана баалуу металлдар боюнча ачык позиция эсептерине камтылбайт.»; 

- 4.1-пункттагы: 

«валюталык» деген сөз алынып салынсын; 

«1-тиркеме» деген сөздөр «жана 2» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.2-пункт томөнкү редакцияда берилсин: 

«4.2. Чет өлкө валютасында/баалуу металл менен операцияларды жүзөгө ашырышкан, филиалдарга жана туунду банктарга, ошондой эле алмашуу пункттарына ээ банктар отчетторунда бардык филиалдардын, туунду банктардын жана алмашуу пункттарынын маалыматтарын эске алуу менен ачык позициялар боюнча жыйынтык маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш.»; 

- V бөлүмдүн аталышындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- 5.1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 5.3-пункттун: 

биринчи жана төртүнчү абзацтарындагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банктын такталбаган финансылык жана утурумдук отчетту сунуштоосу. Мындай валюта операциялары жана баалуу металл менен операциялар позиция лимиттерин эсептөөдө эске алынбайт.»; 

- 5.5, 5.6 жана 5.7-пункттардагы «валюта» деген сөз алынып салынсын; 

- томөнкү мазмундагы 6.3-пункт менен толукталсын: 

«Баалуу металл менен операцияларга ички контролдукту уюштуруу Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы №35/3 «Коммерциялык банктардын баалуу металл менен операциялары жөнүндө» жободо белгиленген нормаларга ылайык жүргүзүлөт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 2-тиркеме менен толукталсын: 

«2-тиркеме 

 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар тууралуу  

ОТЧЕТ (ОПДМ)  

Таза суммардык капитал: ________________ миң.сом 

  

Баалуу металлдын түрү 

Эсептик наркы 

Баалуу металл түрүндөгү ачык позиция өлчөмү (миң сом) 

Анын ичинде:  

Баалуу металл түрүндөгү ачык позиция өлчөмү (миң сом):  

Лимит нормасынан четтөө (%)  

Аягына чыгарылбаган спот-бүтүмдөр боюнча калдык   

 

  

  

  

ба-ланстык  

ба-ланстык  

  

  

сатуу  

сатып алуу  

 

алтын 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

күмүш 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

платина 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Суммардык баалуу металл түрүндөгү ачык позиция: 

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пунктундагы «банк иши жана каржылоо,» деген сөздөр «ислам терезесине» ээ банктарды кошо алганда,» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 4.2-пункттагы: 

1-пунктча төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- банктын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги каражаттар; 

- банктын жооптуу сактоо металл эсептериндеги каражаттар.»; 

2-пунктча төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги каражаттары; 

- кардарлардын жооптуу сактоо металл эсептериндеги каражаттар.» 

- 4.9-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«л) банктын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги каражаттары.»; 

2-пунктча төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«д) кардарлардын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги каражаттары.»; 

- 5.1-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Баалуу металл менен операцияларды ишке ашырган коммерциялык банктарда баалуу металл түрүндөгү позиция лимиттери (K 4) төмөнкү маанилерден жогору болбоого тийиш: 

- ар бир баалуу металл боюнча ачык узун/кыска баланстык/баланстан тышкаркы позициялары үчүн (К 4.4) - банктын таза суммардык капиталынан 15% жогору эмес;    

- баалуу металл түрүндөгү узун ачык позициялардын суммардык көлөмү үчүн (К 4.5) - банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес.    

- баалуу металл түрүндөгү кыска ачык баалуу металлдар позицияларынын суммардык көлөмү үчүн (К 4.6) банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес.»; 

- 5.2-пункттагы «ачык валюта позициялары» деген сөздөр «жана баалуу металл түрүндөгү ачык позициялар» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2-тиркемедеги таблица төмөнкү мазмундагы саптар менен толукталсын: 

« 

Баалуу металл түрүндөгү узун ачык позициянын суммардык өлчөмү бузууга жол берилген күндөрдүн саны (К4.5)  

20% жогору эмес   

  

Баалуу металл түрүндөгү кыска ачык позициянын суммардык өлчөмү бузууга жол берилген күндөрдүн саны (К4.6) 

20% жогору эмес   

  

». 

5.  Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы № 16/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү» жобонун: 

- 6.5-пунктунун 6.5.1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) чет өлкө валютасында жана баалуу металл менен операцияларды жүргүзүүдө орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди басаңдатуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, ачык валюта жана баалуу металл позиция лимитинин өлчөмүн азайтуу;»; 

- 7.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.7. Ачык позиция лимиттерин бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта жана баалуу металл позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» нускоого ылайык белгиленет.». 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы №19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5.2.1-пунктчага карата 6-эскертүүдөгү «ачык валюта позициясы» деген сөздөр «жана баалуу металлдар түрүндөгү ачык позиция» деген сөздөр менен толукталсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобонун: 

1-тиркемесинин: 

- «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамы» таблицасынын 20-сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

 

20 

16-бөлүк 

Ачык валюта позициялары тууралуу отчет 

Күн сайын   

Операциялык күндүн акырына карата абал боюнча саат 9:00гө чейин   

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы №36/13 токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын аймагын коммерциялык банктардын ачык валюта жана баалуу металл позицияларынын лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө" нускоого карата тиркемелер;   

А. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялар боюнча ачык валюта позициялары тууралуу күн сайын берилүүчү отчет.    

Б. Ачык валюта позициялары тууралуу чогуу алгандагы күн сайын берилүүчү отчет   

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы №41/4 токтому менен бекитилген "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырган банктардын ачык валюта позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө" нускоо.