Долбоор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 21 пунктунда «Кыргыз Республиканын Социалдык фондусу» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республиканын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолуучу фондусу» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 31 пунктунда: 

«Кыргыз Республиканын Социалдык фондусуна» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республиканын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолуучу фондусуна» деген сөздөр менен толукталсын; 

«келишим түзгөн Институционалдык инвестор» деген сөздөрдөн кийин «(ушул Жобого 3-тиркеме» деген сөздөр менен толукталсын; 

8 бөлүмү төмөнкүдөй мазмуунда 91, 92, 93 пункттары менен толукталсын: 

“91. Аукционду АТСте өткөрүү мүмкүн болбогон жагдайда (АТСтин ишинде техникалык мүнөздөгү үзгүлтүктөр орун алып жана/же башка тоскоолдуктар келип чыкса) Улуттук банк аукционду АТС аркылуу өткөрүү мүмкүн эместиги тууралуу тике катышуучуларга маалымдайт. Ошол учурда МБКны жайгаштыруу/кошумча жайгаштыруу боюнча аукцион, тике катышуучунун жетекчилигинин кол тамгасы жана мөөрү коюлган кагаз түрүндө билдирмелердин негизинде EXCEL программасында ишке ашырылат (Жобонун 4-тиркемеси); 

92. Конвертке салынган кагаз жүзүндөгү билдирмелер аукцион өткөрүлгөн күнү саат 12:00 чейин Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Билдирмелер Улуттук банктын Бишкек шаары Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1 кабатындагы 117- бөлмөнүн жанындагы үкөккө сыртына «МБК аукциондоруна билдирме» деп белгилөө менен салынышы зарыл. Билдирме каттоо журналында чагылдырылууга тийиш. 

93. Тике катышуучуларга аукцион жыйынтыгы (Жобонун 5-тиркемеси) алдын ала факс, андан кийин Улуттук банктын экспедициясы тарабынан кагаз жүзүндө жөнөтүлөт. 

- төмөнкүдөй мазмуунда 3, 4, 5 тиркемелери менен толукталсын: 

 

 

 

"26"-июнундагы № 20/1 токтому менен бекитилген   

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн    

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу    

мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу,    

кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу,    

кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү    

жүргүзүү жөнүндө" жобого 3-тиркеме   

 

 

_________________________________________институционалдык инвестордун Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы иши тууралуу №________________ келишим 

  

Бишкек шаары 2016-ж. "____" ________   

  

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын жана 20__-жылдын "___"_______ №___ буйруктун негизинде иш алып барган Төраганын орун басары __________________________ бир тараптан, жана мындан ары "Кардар" деп аталуучу __________________________________________________________________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган ____________________________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын 26 июнундагы №20/1 токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жобого (мындан ары - Жобо) таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди түзүштү:  

 

1. Келишим предмети 

1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары - МБК) рыногунда тиешелүү Жобого ылайык, тике катышуучу катары Кардардын иш жүргүзүүсү, ушул келишим предметинен болуп саналат.  

 

2. Кардардын укуктары 

Кардар төмөнкүлөргө укуктуу:  

 

2.1. Автоматтык тоорук системасы аркылуу МБКларды жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу, кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондоруна түздөн-түз катышууга.  

2.2. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу МБКнын экинчилик рыногунда өз атынан операцияларды жүргүзүү

2.3. МБКларды жайгаштыруу, кошумча жайгаштыруу кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу аукциондорунун параметрлери жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга.  

 

3. Кардардын милдеттери 

Кардар төмөнкүлөргө милдеттүү:  

3.1. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, МБКлар рыногунда ишти жүзөгө ашырууга.  

3.2. МБКлардын аукционунда утушка ээ болгон билдирмелердин эмиссия күнү төлөөнү ишке ашыруу жана/же МБКлардын кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу үчүн Улуттук банктагы эсебинде жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга. Кардардын эсебинде каражаттар жетишсиз болуп калса, билдирме жокко чыгарылып, Кардар утушка ээ болгон билдирмеде көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын номиналдык наркынан бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөм өндүрүлөт. Айыптык төлөмдү төлөгөнгө чейин Кардар кийинки аукциондорго жана баалуу кагаздарды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга катыша албайт.  

3.3. Улуттук банктын жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талабы боюнча Улуттук банкка жана/же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кардар тике катышуучу катары жалпы ишине байланыштуу кайсы болбосун маалыматтарды жана/же башка документтерди талапта белгиленген форматта өз учурунда берип турууга.   

3.4. Ушул келишимге кол коюлгандан кийинки эки жумуш күнү ичинде МБКлар аукционуна жана/же МБКларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууга билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу болгон адамдардын тизмесин жана ишеним каттарды Улуттук банкка берүүгө. Эгерде, ушул пунктта көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлө турган болсо, ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурдан тартып эки жумуш күнү ичинде Улуттук банкка жаңы тизмени жана ишеним катты берүүгө.  

3.5. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, анын ичинде жогоруда белгиленген Жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/18 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө" жобого ылайык, МБКлар менен жарандык-укуктук бүтүмдөргө келишүүгө.  

 

4. Улуттук банктын укуктары 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:  

4.1. Кардардын МБК рыногундагы ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөр аркылуу көзөмөлдөө 

4.2. МБКлардын Башкы депозитарийи катары иш алып барууга.  

4.3. Каражаттарды МБКнын аукциондорунда канааттандырылган (толук же жарым-жартылай көлөмдө) билдирмелердин негизинде жана/же МБКларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууда Кардардын эсебинен Борбордук казыналыктын Улуттук банктагы күндөлүк эсебине которууга.   

4.4. Белгиленген формадагы отчеттордун, ошондой эле Улуттук банкка жана/же Финансы министрлигине зарыл болгон, Кардардын ишине байланыштуу башка маалыматтардын өз учурунда берилишин талап кылууга.  

4.5. Кардарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чараларды колдонууга.   

 

5. Улуттук банктын милдеттери 

Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттүү:  

5.1. Жүгүртүүдөгү МБКлардын так жана толук эсепке алынышын камсыз кылууга.  

5.2. МБКлар аукциондорунун параметрлерин жана кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруулар боюнча маалыматтарды жарыялап, Улуттук банктын сайтында жайгаштырууга.  

5.3. МБКлардын аукциондору өткөрүлүп жана/же аларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруудан кийин аукциондордун же кошумча жайгаштыруулардын жыйынтыгы тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипке ылайык, Кардарга берүүгө.   

5.4. МБКлар төлөнгөн күнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан МБКлардын эмиссиясына төлөөлөрдүн, Кардардын депо-эсебинде эсепке алынуучу номиналдык наркын Кардардын Улуттук банктагы эсебине чегерүүгө.  

5.5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан МБКлар боюнча купондук төлөмдөр төлөнгөн күнү, Жобонун 87 пунктуна ылайык Кардардын депо-эсебинде эсепке алынган, МБКлардын санына туура келген купон боюнча төлөө суммасын Кардардын Улуттук банктагы эсебине чегерүүгө.  

5.6. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, маалыматтарды чечмеленип берилиши жагдайын эске албаганда, Кардардын МБКлар менен операциялары боюнча маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга.  

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги жана талаш маселелерди чечүү тартиби 

6.1. Кардардын эсебинен каражаттардын туура эмес эсептен алынып салынышы, ошондой эле тиешелүү суммалардын Улуттук банк тарабынан кечиктирилип же туура эмес чегерилиши учурунда, Улуттук банк Кардардын пайдасына ар бир кечиктирилген күн үчүн чегерилбей калган суммадан (же ашыкча алынып коюлган суммадан) 0,1% өлчөмүндө туум төлөйт.  

6.2. Кардар жаңылыш чегерилген суммалар тууралуу маалымдап, аларды Улуттук банкка кайтарып берүүгө милдеттүү. Эгерде, жаңылыш чегерилген суммалар кайтарылып берилбесе, Кардар жаңылыш чегерилген суммадан 0,1% өлчөмүндө ар бир күн үчүн туум төлөйт.  

6.3. Тараптар өз милдеттерин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.   

6.4. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында, тараптардын сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салынууга тийиш.  

6.5. Жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилиши зарыл.  

6.6. Улуттук банк, эгерде бул Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ал эмитирлеген МБКлар боюнча милдеттенмелерин же Жобонун 85 жана 88 пунктарын аткарбай коюсунан келип чыкса, милдеттенмелердин аткарылбай калышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

 

7. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби 

7.1. Келишим ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир календардык жыл ичинде колдонууда болот.  

7.2. Эгерде, тараптардын бири келишим мөөнөтү бүткөнгө чейинки 30 календардык күн мурда келишимди токтотуу жөнүндө ниетин кат жүзүндө билдирбесе, келишим ар бир кийинки календардык жылга дароо узартылат.  

7.3. Келишим Улуттук банктын демилгеси боюнча дагы, Кардардын демилгеси боюнча дагы токтотулушу мүмкүн.  

7.4. Кардар ушул келишим боюнча өз милдеттерин аткарбай койсо же талаптагыдай аткарбаса, Улуттук банк алдын ала маалымдоосуз эле бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. 

 

8. Башка шарттар 

8.1. Жобонун 31 пунктуна ылайык, Кардар Автоматтык тоорук системасына (АТС) туташылган болсо, бул Келишим түзүлгөндөн кийин Кардарга «тике катышуучу» статусу ыйгарылат. 

8.2. Кардардын МБКлар аукциондоруна катышуусунун жана/же МБКларды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруусунун натыйжасы боюнча Кардардын Улуттук банктагы эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен алып салууга Кардар Улуттук банкка укук ыйгарат.  

8.3. Ушул Келишим шарттары тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.  

8.4. Жогоруда аталган жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип же жобонун жаңы редакциясы кабыл алынган шартта, ушул келишим шарттары жобонун жаңы нормаларына ылайык келтирүү максатында, кайрадан каралып чыгууга тийиш.  

8.5. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар кат жүзүндө таризделинип, тараптар кол коюуга тийиш жана кабыл алынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

8.6. Бул келишим тараптардын ар бирине бирден орус жана бирден кыргыз тилинде, эки нускада орус тилинде жана эки нускада кыргыз тилинде түзүлгөн. Эки нускасы тең бирдей юридикалык күчкө ээ.   

 

Тараптардын реквизиттери: 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банкы  

 

____________________________ 

720001, Бишкек шаары,  

Чуй проспекти, 168  

 

(Кызматы) 

(Аты-жөнү

 

 

_______________________ М.О 

(Почта индекси, дареги)  

 

 

(Кызматы) 

(Аты-жөнү

 

 

_______________________ М.О 

 

 

 

 

"26" - июнундагы № 20/1 токтому менен бекитилген   

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн    

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу    

мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу,    

кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу,    

кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү    

жүргүзүү жөнүндө" жобого 4-тиркеме   

 

МБК (МКВ/МКО) боюнча аукционуна катышуу билдирмеси 

"Катышуучу" деп аталган [Аукциондун тике катышуучунун аталышы] [аукцион өткөрүлгөн күнү] катталган номери __________________ МКВ/МКОну төмөнкү шарттарда сатып алуу даярдыгын билдирет. 

өзүнүн атынан: 

Өздүк билдирме 

Атаандаштык билдирме 

Лот № 

Сатып алуу баасы 

МКВ/МКОнун саны  

Сатып алуу наркы  

4=2*3 

 

 

 

 

 

 

 

 

Атаандаштык эмес билдирме 

МКВ/МКОнун саны 

 

 

өз кардарларынын атынан: 

Өздүк билдирме 

Атаандаштык билдирме 

Лот № 

Сатып алуу баасы 

МКВ/МКОнун саны  

Сатып алуу наркы  

4=2*3 

 

 

 

 

 

 

 

 

Атаандаштык эмес билдирме 

МКВ/МКОнун саны 

 

 

Катышуучу аукционду өткөөрүүнүн эрежелери менен таанышты жана андан келип чыккан милдеттенмелерди кабыл алат. 

 

_______________ _____________ __________________ ______________ 

(кызматы) (колу) (аты-жөнү) Датасы 

 

 

 

"26" - июнундагы № 20/1 токтому менен бекитилген   

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн    

Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу    

мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштыруу,    

кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу,    

кайтара сатып алуу жана эсептешүүлөрдү    

жүргүзүү жөнүндө" жобого 5-тиркеме   

 

 

_______________________ 

(Катышуучунун аталышы) 

 

 

КАБАРЛАНДЫРУУ 

 

 

20__ж. «____» ___________ өткөрүлгөн МКВ/МКОну сатуу боюнча аукциондун жыйынтыгында сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канааттандырылганын Улуттук банк кабарлайт.  

 

 

Катталган  

номери 

Атаандаштык билдирме 

Атаандаштык эмес билдирме 

Бардыгы болуп 

МКВ/МКОнун саны 

Суммасы  

МКВ/МКОнун саны 

Суммасы  

МКВ/МКОнун саны 

Суммасы  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20___ж. «____» ___________ МКВ/МКО боюнча АУКЦИОНДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ  

 

 

Катталган  

номери 

 

Жарыяланган көлөмү 

Суроо-талаптын көлөмү 

 

Сатуунун көлөмү 

Баалар  

Киреше-лүүлүк 

(%) 

Каты-шуучу-лардын саны 

Бардыгы 

Анын ичинде атаанд. эмес 

Бардыгы 

Анын ичинде атаанд. эмес 

макс. 

орто 

мин. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОРРЦБнын начальниги ______________ _____________ 

(колу) (аты-жөнү)» 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен 

эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүүнүн 

салыштырмалуу таблицасы 

 

Колдонуудагы редакция 

Толуктоолор киргизилгенден кийинки редакция 

2 бөлүм 21 пункт. 

Тике катышуучу - Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциалык банк (мындан ары Банк), Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу, "Борбордук депозитарий" ЖАКсы жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги. 

2 бөлүм 21 пункт. 

Тике катышуучу - Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциалык банк (мындан ары Банк), Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолуучу фондусу, "Борбордук депозитарий" ЖАКсы жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги. 

2 бөлүм 31 пункт.  

Улуттук банк менен ал аркылуу жайгаштырылуучу МБКлар рыногундагы иши тууралуу келишим түзгөн Институционалдык инвестор - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине АТСке туташуусу шартында тике катышуучу статусу ыйгарылат.   

2 бөлүм 31 пункт.  

Улуттук банк менен ал аркылуу жайгаштырылуучу МБКлар рыногундагы иши тууралуу келишим түзгөн Институционалдык инвестор (Ушул Жобого 3-тиркеме)- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу Мамлекеттик пенсиялык топтолуучу фондуна жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине АТСке туташуусу шартында тике катышуучу статусу ыйгарылат. 

8 бөлүм. Корутунду жоболор.  

90 пункт. МБКлар менен операциялар боюнча тобокелдиктерди тескөө ыкмалары, аукциондун катышуучуларынын ички ченемдик документтери аркылуу аныкталат.  

 

8 бөлүмгө төмөнкү пункттар кошулду.  

91. Аукционду АТСте өткөрүү мүмкүн болбогон жагдайда (АТСтин ишинде техникалык мүнөздөгү үзгүлтүктөр орун алып жана/же башка тоскоолдуктар келип чыкса) Улуттук банк аукционду АТС аркылуу өткөрүү мүмкүн эместиги тууралуу тике катышуучуларга маалымдайт. Ошол учурда МБКны жайгаштыруу/кошумча жайгаштыруу боюнча аукцион, тике катышуучунун жетекчилигинин кол тамгасы жана мөөрү коюлган кагаз түрүндө билдирмелердин негизинде EXCEL программасында ишке ашырылат (Жобонун 4-тиркемеси); 

92. Конвертке салынган кагаз жүзүндөгү билдирмелер аукцион өткөрүлгөн күнү саат 12:00 чейин Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Билдирмелер Улуттук банктын Бишкек шаары Чүй проспекти 168 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1 кабатындагы 117- бөлмөнүн жанындагы үкөккө сыртына «МБК аукциондоруна билдирме» деп белгилөө менен салынышы зарыл. Билдирме каттоо журналында чагылдырылууга тийиш. 

93. Тике катышуучуларга аукцион жыйынтыгы (Жобонун 5-тиркемеси) алдын ала факс, андан кийин Улуттук банктын экспедициясы тарабынан кагаз жүзүндө жөнөтүлөт. 

 

Төмөнкү тиркемелер кошулду: 

· Тиркеме 3. «Институционалдык инвестордун Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы иши тууралуу келишим»; 

· Тиркеме 4. «МБК (МКВ/МКО) аукционуна катышуу билдирмеси»; 

· Тиркеме 5. «Кабарландыруу».